САПАТТЫ КӨЗДӨГӨН РЕФОРМА: ЧҮЙ ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУНУН ЖАҢЫ БАГЫТТАРЫ
- 11.11.2026
- 0
Жаңы уюштурулган облустук билим берүү институттары жана билим берүүнү өнүктүрүү борборлору усулдук иштердин деңгээлин жаңы бийиктикке көтөрүүгө, мугалимдерге көрсөтүлүүчү илимий-педагогикалык колдоону күчөтүүгө жол ачты.
Региондордогу оптимизация: Билим берүүнү өнүктүрүү борборлору
Билим берүү тармагын башкарууну оптималдаштыруу жана райондук деңгээлдеги усулдук кызматтардын натыйжалуулугун арттыруу максатында Чүй облусунда бир катар түзүмдүк өзгөрүүлөр жүргүзүлдү. Атап айтканда: Жайыл жана Панфилов райондору биригип, борбору Кара-Балта шаарында жайгашкан билим берүүнү өнүктүрүү борбору уюштурулду. Москва жана Сокулук райондору бириктирилип, Сокулук районунда борбор түзүлдү. Аламүдүн району Ысык-Ата району менен биргеликте иш алып барууга өтсө, Кемин району менен Чүй-Токмок район-шаары бирикти.
Бул райондор аралык интеграциялоо процесстери кадрдык жана методикалык ресурстардын туура бөлүштүрүлүшүнө, аймактардагы мектептердин ортосундагы кызматташтыктын бекемделишине шарт түздү. Ошондой эле райондук билим берүү бөлүмдөрүндө эмгектенген методисттер бириктирилип, өз алдынча усулдук багытта иш алып баруусуна толук шарт түзүлдү.
Чүй облусундагы мугалимдердин жалпы санын, мектептердин окуу жүктөмдөрүн жана заманбап талаптарды эске алуу менен типтүү штаттык бирдиктин негизинде институттун аппаратына кошумча тажрыйбалуу адистер кабыл алынды. Муну менен катар сабак берүүчү мугалимдер дагы тартылып, толукталган курам менен окуулар үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрынан тартып атайын бекитилген график боюнча жүргүзүлө баштады.
Бул окуулар мугалимдердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө, жаңыдан кабыл алынган ченемдерди жайылтууга жана педагогикалык жамааттардын жаңы окуу методикаларына көнүүсүнө тез өбөлгө түзүүдө.
Методист-ментор: мугалимдин кесиптик жолундагы башкы багыттоочу
Кайра түзүлгөн Чүй облустук билим берүү институтунун алкагында методист-ментордун ролу түп-тамырынан бери өзгөрдү. Эми билим берүү институтундагы методист-ментор — бул жөн гана отчет сураган же кемчилик издеген көзөмөлчү эмес, тескерисинче, мугалимдерге жана билим берүү уюмдарынын адистерине усулдук жардам көрсөтүп, алардын кесиптик өнүгүүсүнө багыт берүүчү чыныгы кесиптеш-адис.
Анын ишмердүүлүгүнүн башкы максаты — мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин тынымсыз жогорулатуу жана жалпы билим берүүнүн сапатын сапаттуу жакшыртууга көмөктөшүү.
Методист-ментордун негизги кызматтык милдеттери:
Сабактарды пландаштыруу жана усулдук кеп-кеңеш берүү: Мугалимдерге күнүмдүк жана темалык сабактарды туура пландаштыруу, окуу программаларын, календардык-тематикалык пландарды сапаттуу иштеп чыгууга көмөктөшүү.
Заманбап усулдарды жайылтуу: Окутуунун инновациялык, интерактивдүү ыкмаларын жана заманбап педагогикалык технологияларды күнүмдүк практикага колдонууга үйрөтүү.
Реалдуу талдоо жана колдоо: Мурдагыдай формалдуу текшерүү жүргүзүү эмес, мугалимдин түздөн-түз сабагына катышып, конструктивдүү усулдук талдоо жүргүзүү, сабактардын сапатын арттыруу боюнча конкреттүү сунуштарды берүү.
Насаатчылык жана ментордук колдоо: Жаш жана жаңыдан иш баштап жаткан мугалимдерге кесиптик багыт берип, алардын жеке кесиптик өнүгүү пландарын түзүүгө жана ишке ашырууга колдоо көрсөтүү.
Кесиптик өнүгүүнү уюштуруу: Мукалимдер арасында семинарларды, тренингдерди, мастер-класстарды өткөрүп, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү жана жайылтуу, өз ара тажрыйба алмашуу чөйрөсүн түзүү.
Санариптик жана инклюзивдик билим берүү: Санариптик билим берүү ресурстарын натыйжалуу колдонууга үйрөтүү, инклюзивдик билим берүү багытында мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү.
Күтүлүүчү жыйынтыктар жана келечектеги милдеттер
Ар бир реформа өзүнүн конкреттүү натыйжасын берүүсү тийиш. Чүй облустук билим берүү институтунун жана анын алдындагы билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун ишин жөнгө салуу төмөнкүдөй оң натыйжаларды берери күтүлүүдө:
Мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгү жана квалификациясы жогорулайт;
Мектептердеги сабактардын сапаты жана билим берүү процессинин натыйжалуулугу жакшырат;
Жаш мугалимдердин кесипке адаптацияланышы жеңилдеп, мектептерде кадрлардын туруктуулугу камсыздалат;
Заманбап жана инновациялык окутуу ыкмалары бардык региондордо кеңири колдонууга киргизилет;
Кыскача айтканда, Чүй облусундагы усулдук кызматтардын жаңы форматта кайра түзүлүшү мугалимдердин эмгегин баалоого, алардын кесиптик өсүүсүнө жана жалпы эле өлкөбүздүн билим берүү системасынын туруктуу өнүгүшүнө бекем пайдубал түптөдү.
Методисттин так кызматтык милдеттери институттун, билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун уставдарына ылайык аныкталарын айткан институттун жетектөөчү адиси Бороева Перизада: “Негизги максатым — мугалимдерге теориялык билим эле бербестен, аны күнүмдүк педагогикалык ишмердүүлүгүндө натыйжалуу колдоно алган, жанычыл ой жүгүрткөн жана заманбап билим берүү талаптарына жооп берген кесипкөй адистин калыптанышына көмөк көрсөтүү” – деп белгилейт.
Усулдук иштердин сапаты жаңы деңгээлге көтөрүлөт

Билим берүү институтунун директору Райымбек Султанов институттун методисттери мугалимдерге жана билим берүү уюмдарынын адистерине усулдук жардам көрсөтүп, алардын кесиптик өнүгүүсүнө багыт берүүчү адис катары иш алып барышарын, алардын негизги максаты — мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтүү экенин белгиледи.
— Биздин адистердин эң негизги милдети — мугалимдерге сабактарды пландаштырып жана өткөрүү боюнча кеңеш берүү, окуу программаларын, календардык-тематикалык пландарды иштеп чыгууга көмөктөшүү болуп эсептелет. Алар окутуунун заманбап усулдарын жана технологияларын колдонууга үйрөтүп, мугалимдин сабагына катышып, усулдук талдоо жүргүзүп, сабактарды жакшыртуу боюнча сунуштарды берет жана жаш мугалимдердин жеке өнүгүүсүнө, алардын өнүгүү планын түзүүго жардам берет. Жаш жана жаңыдан иш баштаган мугалимдерге насаатчы болуп, мугалимдердин кесиптик кыйынчылыктарын аныктап, аларды чечүүгө жол көрсөтөт жана алардын өнүгүү пландарын ишке ашырууга жардамдашат. Методист-менторлор мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн уюштуруу боюнча семинарларды, тренингдерди, мастер-класстарды өткөрүү боюнча иш алып барат.
Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү жана жайылтуу — бул жаш мугалимдердин эн негизги милдеттердин бири, ошондой эле мугалимдердин өз ара тажрыйба алмашуусу үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү маанилүү, алардын сабактарына катышып, усулдук талдоо жүргүзүп кенеш берүү маанилүү деп эсептейм. Жеке эле мугалимдерге эмес, окуучулардын билиминин жетишкендигине дагы талдоо жүргүзүп анализ чыгаруу, аны педкенеште талкуулап жыйынтык чыгарып баа берүүнүн да мааниси чоң.
Санариптик билим берүү ресурстарын колдонуу боюнча айтсак, аны үйрөнүү заман талабы, ошондуктан ар бир метод борбор жана биздин институт заманбап техналогиялар менен камсыздалышы керек деп ойлойм, — дейт.
Директордун ынанымында, интерактивдүү окутуу ыкмаларын жайылтуу, аларды ар бир сабакта колдонуу — окуучулардын сабакка кызыгуусун жаратып, ой пикирин өстүрөт, жыйынтыгында, мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгү жогорулайт, сабактардын сапаты жана натыйжалуулугу жакшырат. Бул өз кезегинде жаш мугалимдердин кесипке адаптацияланышын жеңилдетет жана ал сабагында заманбап инновациялык окутуу ыкмалары кеңири колдонула баштайт. Натыйжада билим берүү уюмдарынын усулдук иштеринин сапаты жогорулайт.
Мындан сырткары Билим берүү институтунда педагогикалык кеңеши уюштурулду. Педагогикалык кенеш жыйын өткөрүү же протоколго кол коюу менен гана чектелбейт. Бул кызматтын негизги максаты — педагогикалык жамаатты бирдиктүү максатка багыттоо, негиздүү чечимдерди кабыл алуу жана ошол чечимдердин иш жүзүндө аткарылышына жетишүү болуп эсептелет.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”