Сапаргул АБДИНАБИЕВА, «Эл үмүтү»нүн стипендианты:   “ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙ —  НЕГИЗГИ МАСЕЛЕЛЕРДИН БИРИ”

  • 10.08.2023
  • 0

«Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана шыктануусун арттыруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундун адистерин даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылууга жана колдоого багытталган. Президенттин 2023-2024-окуу жылына карата «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына өткөндөрдүн арасында Сапаргул АБДИНАБИЕВА да бар. Ал Сассекс университетинин “Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат” программасында гуманитардык илимдер боюнча магистратурага өттү.

Сапаргул АБДИНАБИЕВА, "Эл үмүтү"нүн стипендианты:   “ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙ -  НЕГИЗГИ МАСЕЛЕЛЕРДИН БИРИ”

— Сапаргүл, айтсаңыз, Сиз буга чейин кайсы окуу жайда окудуңуз?

— Мен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Коммуникация факультетинде бакалаврдык билим алгам. Бул окуу жайдан акыркы билимге негизделген теориялык маалыматтарды, ага катарлаш заманбап технологияларга бай радио жана гезитинен практикалык сапаттуу билим алдым. Окуу жайды аяктагандан кийин дароо эле магистрдик билим алуу үчүн Бишкек гуманитардык университетине тапшырып, ал жерден саясат таануу тармагында билимимди терендеттим.

— «Эл үмүтү» эл аралык стипендияга кандайча тапшырып калдыңыз?

— Дүйнөлүк алдыңкы окуу жайларга тапшыруу кыялы пайда болгондон баштап эле кыргызстандык жарандар үчүн берилчү, ыңгайлуу стипендияларды изилдей баштагам. Үйдө да ата-энем, бир туугандарым менен сүйлөшүп калчубуз. Бир күнү жумуштан келсем атам кыргызстандык студенттер үчүн Президенттин сунушу менен стипендия берилет экен деп калды. Дароо интернеттен издеп, талаптарын окуп чыктым. Ошол убактан баштап эле максаттуу даярдана баштадым, туура бир жылдан кийин стипендиянын ээси болдум. Үй-бүлөм менен абдан кубанычтабыз.

— Комиссиянын талаптары кандай экен?

— Стипендиянын башкы талабы — биз өткөн окуу жай же анын программасы дүйнөлүк окуу жайлардын рейтингинде биринчи орунда турушу керек экен. Андан сырткары, стипендиант буга чейин илимий изилдөө жасап, ар кандай коомдук иштерге активдүү катышып, кайсы бир актуалдуу темаларда доклад, презентация жасап жүргөн, өз багытында ийгилик жараткан жаран болуусу шарт болчу. Булардын баарын кагаз-документ аркылуу тастыктап көрсөтүү жана мотивациялык катта бул билимди алуу аркылуу биз келечекте өз өлкөбүзгө кандайча салым кошо алабыз деген суроого да жооп жазуу маанилүү экен. Жогоруда саналган критерийлерге жооп бергенден кийин бул конкурстан ийгиликтүү өттүм. “Эл үмүтү” стипендиясы окуу жайымдын контрагын толук төлөп бермей болду.

— Канча жыл окуйсуз?

— Британиянын билим берүү системасында көпчүлүк магистрдик билим бир жылга уланат. Анын ичинде мен тапшырган Сассекс университетиндеги “Өнүктүрүү институту” да бир жылдык магистратура сунуш кылат. Албетте, студенттердин шартына да карашат, эгер ал эки семестрди эки башка жылга бөлүп окуйм десе буга да мүмкүнчүлүк болот. Мен бир жылда окуп бүтүүнү пландап жатам.

— Сиз кайсы адистикке тапшырдыңыз?

— Мен тапшырган адистик бул “Айлана-чөйрө, өнүктүрүү жана саясат” деп аталат. Бул магистратурада мен кандай сабактарды аларымды бир жыл мурун тапшырып жатып карап чыккам, бардык сабактар учурдагы актуалдуу темаларга багытталгандыктан мени абдан кызыктырды. Мисалы, дүйнөдө азыр экологиялык көйгөйлөр негизги маселелердин бири болуп турат, анын ичинде глобалдык жылуулук, климаттын өзгөрүүсү, океан же абанын булганышы, таза суу тартыштыгы сыяктуу жакынкы 50 жылдыкта адамзат жашоосун чечүүчү көйгөйлөрдү жашап атабыз. Алардын алдын-алуу бир өлкөнүн аракети эмес, биргелешип кызматташууда гана жакшы натыйжа берет. Анткени биз 8 миллиард болсок, планетабыз жалгыз, ал бөлүнбөйт, андагы кыбыр эткен экологиялык көйгөй башкаларына да сөзсүз залакасын тийгизе берет. Ошондуктан бул багытта терең билим алып, Кыргызстандын да ушундай актуалдуу маселелерди чечүүдө башкалар менен кызматташуусун жакшыртууга, ички табигый ресурстарыбызды туура багытта колдонууга, ар кандай диалогдорго активдүү катышып, өзүбүздүн флора жана фаунабызды бакубат сактоого салымымды кошкум келет. Учурда биздин өлкөгө ушул багыттагы кыргыз жана англис тилдүү адистер аба-суудай керек болуп турат. Бул кесиптин биздин өлкө үчүн дагы, дүйнө үчүн дагы муктаждыгын түшүнүп, мага стипендия ыйгарууну туура көргөн комиссия мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирем!

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер