САНТАШТЫН ЖАРЫК ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНА АЛТЫН УЯ
- 23.09.2026
- 0
Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында Түп районунун Байзак айылында эл агартуунун залкар ишмери, белгилүү педагог-математик Аалы Мукановдун 100 жылдык мааракесине жана анын ысымын сыймык менен алып жүргөн №15 орто мектептин 90 жылдык мааракесине арналган салтанат болот.
«Ааламдашуу доорундагы билим берүүнүн өнүгүү тенденциялары» деген аталыштагы илимий-практикалык конференция өтөт.
Аалы Муканов 1925–1927-жылдары Ысык-Көл кылаасынын Түп районундагы Токтоян айылында туулган. Жашынан билимге дилгир, өзгөчө зээндүү өспүрүм башталгыч класстарды өзүнүн айылынан бүтүргөн. Ал кездеги сабатсыздыкты жоюу мезгилинде мугалимдердин жетишсиздигинен улам, айрым учурларда айылдык мугалимдер кичинекей Аалыны өз ордуна отургузуп: «…сен сабак өтө бер, мен бир-эки саатта келем» деп таштап кетишчү. Билимге болгон куштарлыгы аны Кең-Суу, андан ары Талды-Суудагы мектептерге окууга жетелеген. Ар бир мектепте анын билими текшерилип, жашы улуу балдар менен дароо жогорку класстарга кабыл алынып турган.
12 жашында атасы Мукан дүйнөдөн өтүп, үй-бүлөнүн оор түйшүгү өспүрүм Аалынын моюнуна жүктөлөт. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында билимдүү, так эсептеген жаш жигит катары айылдык кеңештин катчысы болуп иштеп, согуштук заемдорду жыйнап, айыл чарба иштерине активдүү катышкан. Согуштан кийин өзү сүйгөн педагогдук кесиптин артынан түшүп, Пржевальск шаарындагы Мугалимдер институтун, кийинчерээк Педагогикалык институтту Лениндик стипендиат катары кызыл диплом менен аяктаган.
Аалы Муканов Тасма, Сары-Тологой, Токтоян, Талды-Суу мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор катары талыкпай эмгектенип, агартуу тармагында терең из калтырган.

А. Муканов атындагы №15 Санташ орто мектеби 1930-жылдардын экинчи жарымында түптөлгөн. Алгач Кара-Чункур поселогунда ар улуттун өкүлдөрү отурукташып, Санташ башталгыч мектеби уюшулуп, анын туңгуч директору Роза Григорьевна Демидова болгон. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн. Мектеп 1948-жылы 7 жылдык, андан соң орто мектеп болуп кайра түзүлгөн.
1960-жылдары Санташ мектебине Аалы Муканов директор болуп дайындалып келет. Ал кезде мектептин имараты өтө начар абалда, пайдубалы жок, дубалдары кыйшайып кулаганы калган топурак кирпичтен салынган курулуш эле. Мектептин кейиштүү абалына күйгөн директор жаңы имарат куруу демилгесин көтөрүп, райондук, областтык билим берүү бөлүмдөрүнө жана Кыргыз ССР Агартуу министрлигине кайрылат. Бирок ошол кездеги бюрократиялык тоскоолдуктардан улам өтүнүчү четке кагылып турганына карабастан, Аалы агай 6-7 жыл бою тынбай аракет кылып, акыры Москвага — СССР Агартуу министрлигине өзү барат.
СССР билим берүү министри Елютиндин кабыл алуусунда болуп, Москвадан эки кабаттуу типтүү жаңы мектептин долбоорун жана керектүү каражатын бекиттирип келген. Бул тынымсыз мээнеттин натыйжасында Санташ айылында заманбап эки кабаттуу мектеп бой көтөрүп, окуу кабинеттери (математика, физика, химия, тил кабинеттери) Фрунзеден алынып келинген эң акыркы үлгүдөгү окуу куралдары жана жабдуулар менен толук камсыздалган.
Аалы Мукановдун тарбиясы менен Санташ орто мектебинин билим сапаты болуп көрбөгөндөй жогорулап, окуучулары жогорку окуу жайларына өз билими менен өтүп, республика боюнча үлгүлүү окуу жайга айланган.
Ошондуктан бул мектеп өзүнүн атактуу бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат. Эң оболу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду ушул мектептин бүтүрүүчүсү экенин айталы. Биринчи айым Айгүл Жапарова он жыл бою ушул мектепте окуп билим алган. Аалы Мукановдун кызы, КР Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова убагында ушул мектептен окуп кеткен.
Президент өзү жана үй-бүлөсү мектепке ар дайым камкордук көрүп келет. 2023-жылы Айгүл Жапарованын жардамы менен Санташ мектеби толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.
1995–1997-жылдары Санташ орто мектебине расмий түрдө Аалы Мукановдун ысымы ыйгарылган. Анын үй-бүлөсү чейрек кылым убакыттан бери жыл сайын окуу жылынын аягында мыкты окуучуларга жана алдыңкы мугалимдерге «Аалы Муканов атындагы стипендияны» тапшырып келишет.
Ошондой эле, 2023-жылдын 25-майында Аалы Мукановдун балдары жана неберелери тарабынан толугу менен жаңыланган заманбап музей ачылган. «Санташтын жарык жылдызы» аттуу эскерүү китеби жарык көрүп, окурман журтчулугуна тартууланган.
90 жылдык тарыхы бар Аалы Муканов атындагы №15 Санташ мектеби — улуттук демди, мекенчилдикти жана бийик билим-тарбияны айкалыштырган тарыхый казына. Залкар педагог Аалы Муканов, ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова баштаган бүтүрүүчүлөр бул алтын уянын сыймыгы болуп кала берет.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”