САНАРИПТИК ДООРДОГУ “УШАК КУРАЛЫНЫН” КЕСЕПЕТТЕРИ

  • 30.07.2026
  • 0

Азыркы маалыматтык агым өтө күчөгөн жана жасалма интеллект мурда болуп көрбөгөндөй өнүккөн мезгилде коом эң чоң сыноолордун бирине туш болду. Ал — “фейк” тагыраак айтканда, жалган маалымат, ушак, негизсиз айыптоо. Мурда ушак-айың оозеки түрдө, чектелүү чөйрөдө гана тараса, бүгүнкү күнү социалдык тармактар аркылуу бир көз ирмем ичинде миллиондогон адамдардын мээсин жана эмоциясын уулоочу куралга айланды.

Фейк деген эмне, ал эмнеси менен коркунучтуу жана андан кантип коргонуу керек? Биз төмөндө аны үч аспектиден карап, талдап көрөлү.

  1. Фейк маалыматтын психологиялык механизми

Фейк жөн гана жаңылыш айтылган сөз эмес. Ал — атайын окурмандын эмоциясына (коркунуч, каардануу, суктануу, кызганыч жаратуу) басым жасоо үчүн долбоорлонгон манипуляция. Адистер фейк жаңылык уккан адам жагымсыз эки кырдаалга кабыларын байкашкан. Биринчисинде адам эмоционалдык тузакка түшүү коркунучунда калышы мүмкүн. Анткени сенсациялуу же терс кабарды укканда адамдын аналитикалык ой жүгүртүүсү (критикалык ой жүгүртүү) убактылуу өчүп, эмоциясы биринчи орунга чыгат. Жыйынтыгында адам маалыматтын чын-төгүнүн текшербей туруп, башкалар менен бөлүшүүгө шашылат. Экинчиси — негизсиз айыптоо жана беделге сокку уруу. Социалдык тармактардагы калп же далилденбеген маалымат жеке инсандардын, уюмдардын же бүтүндөй мамлекеттердин беделине калыбына келгис зыян келтирет.

  1. Фейк коркунучу

Фейк маалыматтар коомго үч негизги багыт боюнча терс таасирин тийгизет. Биринчиси, психологиялык чарчоо жана тынчсыздануу (тревожность). Мындай учурда терс, жалган кабарларды тынымсыз сиңирүү адамды өнөкөт стресске жана кооптонууга алып келет. Экинчиси, ишенимдин жоголушу (социалдык кризис). Мында адамдар кимге жана кайсы булакка ишенээрин билбей калышат.

Натыйжада чыныгы, маанилүү маалыматтар да ашыкча күмөн саноонун курмандыгына айланат. Ал эми үчүнчүсү, коомду жикке бөлүү. Фейктер ар дайым эл арасында карама-каршылыкты, калыс эмес пикирлерди жана жек көрүүнү тутандыруу үчүн эң маанилүү курал катары колдонулат. Бул элдин бейпил турмушуна кооптуу кырдаалдарды жараткан эң коркунучтуу жана жугуштуу көрүнүш деп ойлойм.

  1. Фейкке каршы туруу: Маалыматтык гигиена жана ички бекемдик

Маалыматтык чабуулдардан жана ушактардан коргонуу үчүн ар бир адамда эки негизги калкан болушу керек:

Аналитикалык чыпка же сынчыл ой жүгүртүү

Ар бир көргөн же окуган маалыматка төмөнкү суроолорду берүү адатка айланышы зарыл:

  • Бул маалыматтын булагы ким? (Расмийби же аты-жөнү жок аккаунтпу?)
  • Бул кабарда конкреттүү фактылар, шилтемелер барбы же эмоцияга гана таянабы?
  • Бул маалыматты таратуудан кимге пайда бар?

Ички бекемдик же эмоционалдык туруктуулук деген эмне?

Эгер адамдын ички баалуулуктары, акыл-эси жана эмоционалдык интеллекти бекем болсо, ал сырттан келген аранжировкаларга, чагымчыл кабарларга оңой менен алданбайт. Деңгээли төмөн ушак-айыңды “кулактын сыртынан өткөрө билүү” — адамдын психикалык саламаттыгын сактоонун башкы сыры.

Фейк — бул азыркы доордун психологиялык вирусу. Вируска каршы иммунитет кандай керек болсо, жалган маалыматка каршы медиасабаттуулук жана ички туруктуулук ошондой зарыл. Ар бир уккан сөздү чыпкалап, такталбаган маалыматты таратпоо — бул жеке өзүбүздүн гана эмес, бүтүндөй коомдун психикалык саламаттыгына кошкон чоң салымыбыз.

Эмне үчүн фейкке көңүл бурбоо маанилүү?

  • Психологиялык тынчтыкты сактайт. Жалган маалымат же ушак жөнүндө улам ойлой берүү стрессти жана тынчсызданууну күчөтөт.
  • Өзүн-өзү баалоону коргойт. Башкалардын ар бир пикирин жүрөккө жакын кабыл алуу өзүнө болгон ишенимди азайтышы мүмкүн.
  • Эмоцияны башкарууга жардам берет. Дароо ачууланып жооп берүүнүн ордуна, кырдаалды сабырдуу баалоо пайдалуураак.
  • Убакыт менен энергияны үнөмдөйт. Ар бир жалган сөздү далилдөөгө аракет кылуу көп күч талап кылат. Ал энергияны өзүңүздүн өнүгүүңүзгө жумшоо көбүрөөк пайда алып келет.

Кантип көңүл бурбай жашоого болот?

  • Ар бир маалыматка дароо ишене бербеңиз. “Бул чын эле далилденгенби?” деген суроону өзүңүзгө бериңиз.
  • Өзүңүздүн баалуулуктарыңызга жана максаттарыңызга көңүл буруңуз.
  • Социалдык тармактарда терс маалыматтарды ашыкча окуудан алыс болуңуз.
  • Сизди колдогон жакын адамдар менен көбүрөөк баарлашыңыз.
  • Эгер жалган сөз сиздин аброюңузга же укугуңузга олуттуу зыян келтирип жатса, анда аны жөн гана көз жаздымда калтырбай, тиешелүү жолдор менен коргонуу туура болот.

Бермет НАРАЛИЕВА,

Ж.Баласагын атындагы КУУнун психология кафедрасынын доценти

Бөлүшүү

Комментарийлер