САНАРИП ТЕХНОЛОГИЯНЫ ТУУ ТУТКАН ЗАМАНБАП МУГАЛИМ
- 16.06.2026
- 0
Билим уясында ар бир окуучусуна мээримин төгүп, өз ишине өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылган тажрыйбалуу педагог Абдирайимова Каныкей Анарбаевнанын ар бир күнү чоң жоопкерчиликтен турат. Ал өмүрүнүн туптуура 23 жылын билим берүү тармагына арнаган улуу кесиптин ээси.

Каныкей Абдирайимованын ар бир сабагы — өзүнчө бир кызыктуу дүйнө. Ал формулалар менен чектелбей сабактарында заманбап интерактивдүү платформаларды ,математикалык атайын программаларды колдонот. “Оюн аркылуу өтүлгөн сабак окуучунун эсинде дайыма сакталат” деген принцип менен ал сабактарын дайыма көрсөтмөлүү, жандуу оюндар менен коштоп өтөт. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, Каныкей Анарбаевна заман агымынан артта калбай жасалма интеллектинин көмөгү менен математикалык онлайн оюндарды өзү түзөт. Бул усул улуу ойчул Конфуцийдин “Мага айтып берсең-унутуп калам, көрсөтүп берсең-эсимде сакталат, ал эми өзүм аткарсам -түшүнөм “ деген акылман сөзүн түздөн-түз далилдеп турат. Анын профессионалдык кредосу: «Мугалимдик ишмердүүлүктө математиканын классикалык тактыгын заманбап технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу».
Ар бир ийгиликтин артында үй-бүлөнүн чоң колдоосу жана терең тарбиясы турары бышык. Каныкей Анарбаевна тактыкты сүйгөн инженер атасы Абдирайимов Анарбайдын жана үйдүн кутун сактаган акылман апасы Буурапиянын үлгүлүү үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келип , татыктуу тарбия алган. Бул үйдө билимге болгон сый-урмат өзгөчө бийик болгон . Үй-бүлөдө жети бир туугандын алтоо агартуучулук улуу кесипти тандап, мугалим болуп эмгектенишсе , ал эми бирөөсү банк кызматкери болуп эмгектенет. Мына ушундай чөйрө анын ушул жолду тандашына чоң пайдубал болгон. Бүгүнкү күндө Каныкей Анарбаевна кесиптик ийгиликтерди багындыруу менен бирге, үй-бүлөдө да үлгүлүү жар жана үч баланын мээримдүү энеси. Ал жумуш менен үй-бүлөлүк очокту тең салмакта алып жүрүп, балдарына татыктуу тарбия, келечекке туура багыт берип келет.
Дайыма изденүүнүн акыбети кайтып, Каныкей Абдирайимова «Жылдын мыкты математика мугалими» конкурсунда райондук жана шаардык деңгээлде биринчи орунду багындырууга жетишти. Муну менен катар, Бишкек шаарынын №50 мектебинде так жана табигый усулдук бирикмесинин жетекчиси катары да кесиптештерине жол көрсөтүп келет.
-Менин башкы максатым-окуучуларыма математиканын ар бир темасын турмуш менен байланыштырып түшүндүрүү. Ошондо гана балдар бул илимди терең түшүнүп, алган билимдерин күнүмдүк жашоодо өз алдынча натыйжалуу колдоно алышат,- дейт Каныкей Анарбаева.
Ал — кесипкөйлүктү, адамгерчиликти жана креативдүүлүктү айкалыштырган жаңы замандын мугалими. Быйылкы окуу жылында улуу турмуш жолуна узатып жаткан 11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн да ал эң жакын насаатчысы боло алды.
Мухабат БАБАЕВА,
Бишкек шаарынын Ленин районундагы №50 жалпы
билим берүү мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы
Комментарийлер