САНАРИП ПЛАТФОРМАЛАР: РЕФОРМАГА – КАНАТ, КОРРУПЦИЯГА – БӨГӨТ

  • 26.08.2026
  • 0

Окуу процессине жана мектепти башкарууга санариптик технологиялар кеңири киргизилүүдө.

Мугалимдерге жана окуучуларга жеткиликтүү, сапаттуу жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде сунуштаган Санарип-кампа платформасы иштеп жатат. САНАРИП ПЛАТФОРМАЛАР: РЕФОРМАГА – КАНАТ, КОРРУПЦИЯГА – БӨГӨТ

Мамлекеттик мектептердин баары улуттук форматтагы электрондук күндөлүккө өтүштү. 100 миңге жакын мугалим, жарым миллиондон ашык ата-эне жана бир жарым миллион окуучу күн сайын колдонууда.

Мугалимдерди сыйлыкка көрсөтүү, керектүү документтерди алуу “Мугалим” системасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Автоматташтыруунун негизинде кагаз, басма чыгымдары кыскарды жана көп убакыт үнөмдөлдү.

Санариптешүү коррупцияга, өң-тааныштыкка бекем бөгөт коюуда. Жеке менчик мектептерге лицензия берүү толугу менен электрондук форматка көчтү. Балдарды мамлекеттик бала бакчаларга, 1-класска электрондук каттоо, кесиптик лицейлерге кабыл алуу дагы оңой жана жеңил болуп калды. САНАРИП ПЛАТФОРМАЛАР: РЕФОРМАГА – КАНАТ, КОРРУПЦИЯГА – БӨГӨТ

Мындай жеңилдиктер мектепте окуган баласы бар ар бир үй-бүлөнүн күнүмдүк турмушунда көрүнүп жатканы кубандырат. Мындан беш жыл мурун баламды бала бакчага электрондук кезек аркылуу каттадым. Ал кезде эл арасында «электрондук кезекке турсаң деле кабыл алышпайт экен», «баары бир тааныш-билиш керек» деген сыяктуу сөздөр көп айтылчу. Ошондуктан мен да анчалык ишене бербей, «катталып коёюн, көрө жатарбыз» деген ой менен гана кезекке тургузгам.

Арадан алты айдай убакыт өткөндөн кийин күтүлбөгөн жерден бала бакчадан телефон чалышты. «Кезегиңиз келди, керектүү документтерди алып келиңиз», — дешти.

Ошондогу таң калганымды айтпаңыз! Шаша-буша документтерди колума көтөрүп алып, жарым саатка жетпей бала бакчага жетип бардым. Керектүү маалыматтарды, документтерди кабыл алышып, «эртеңден баштап балаңызды алып келе бериңиз» деген сөздү укканда кандай кубандым!

Билим берүүдөгү санарип доор биздин үй-бүлөнүн жашоосуна дал ушундай — күтүүсүз, бирок жагымдуу кубаныч менен кирип келди. САНАРИП ПЛАТФОРМАЛАР: РЕФОРМАГА – КАНАТ, КОРРУПЦИЯГА – БӨГӨТ

Арадан жылдар өтүп, ошол эле баламды мектепке да электрондук кезек аркылуу каттадык. Бул жолу мурдагыдай күмөн санаган жокмун. Анткени электрондук системанын иштегенин өз тажрыйбамдан көрдүм да.

Бүгүн артка кылчайып карасам, беш жыл мурдагы ошол чакан окуя мен үчүн санариптешүүнүн эң жөнөкөй, бирок эң таасирдүү мисалы болуптур. Анткени чоң реформалардын чыныгы мааниси дал ушундай күнүмдүк жашоодогу кичинекей, бирок маанилүү өзгөрүүлөрдөн билинет.

Санариптешүү — бул келечек тууралуу гана сөз эмес. Ал биздин бүгүнкү жашообузга кирип, убактыбызды үнөмдөп, ишибизди жеңилдетип, мүмкүнчүлүктөрдү баарына бирдей жакындаткан жаңы маданият.

САНАРИП ПЛАТФОРМАЛАР: РЕФОРМАГА – КАНАТ, КОРРУПЦИЯГА – БӨГӨТ Бүгүн ошол эле балам мектепте окуйт. Эми анын жетишкендиктерин, алган бааларын, үй тапшырмаларын электрондук күндөлүк аркылуу көзөмөлдөп турабыз. Бул ата-эне үчүн чоң ыңгайлуулук.

Мурда баланын кайсы сабактан кыйналып, жетишпей жатканын айрым учурларда чейректин аягында гана билип кала турган болсок, азыр анын окуусуна күн сайын көз салып турууга шарт бар. Эгер бала мектепте тапшырмасын күндөлүккө жазып алууга жетишпей калса, аны үйдөн электрондук күндөлүктөн карап, аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Менин бул оюмду башка ата-энелер да толукташты. Алардын бири, Туйтеева Анара, 3 баланын энеси: “Өткөн окуу жылында үч балама тең электрондук күндөлүктү колдонуп, анын негизги артыкчылыктарын байкадым. Ата-эне катары өз телефонуңдан эле баланын бааларын, берилген тапшырмаларды жана алардын бааланышын көзөмөлдөп туруу абдан ыңгайлуу экен. Бул балдарга дагы тапшырмаларды эскертип, аткарылышын сурап турууга шарт түзөт, ошондой эле балдар “жазбай калдым” дебей Э-Күндөлүктөн карап алышат. Анткени менен кээ учурларда сайт иштебей же кирбей калган маалдар болуп, бир аз кыйынчылыктарды жаратат. Дагы бир сунуш айта кетет элем, тапшырма жазган учурда китептин тиешелүү беттери кошо жүктөлсө же электрондук версиясы болсо, китеби жок же беттери айрылып калган балдарга дагы абдан жакшы болмок” – дейт.

Бул жерде да санариптештирүүнүн дагы бир маанилүү артыкчылыгы көрүнөт — маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана ачыктыгы. Ата-эне менен мектептин ортосундагы байланыш кагазга же оозеки маалыматка гана көз каранды болбой, санариптик системага өтүп жатат.

Эми буюрса, балабыз мектепти аяктаган күн да келет. Ошондо да санарип мүмкүнчүлүктөр биздин жолубузду жеңилдетет деген ишеним чоң. ЖРТдан алган баллыбыздын негизинде «Абитуриент» системасы аркылуу каалаган жогорку окуу жайга, каалаган кесипке ашыкча түйшүксүз документ тапшыруу   билим алууга болгон жолду дагы бир кадам жеңилдетет.

Мындан тышкары, күбөлүк, аттестат, диплом сыяктуу документтердин электрондук вариантын керектүү учурда алуу мүмкүнчүлүгү да жарандар үчүн чоң жеңилдик. Мурда бир документ үчүн мекеме кыдырып, убакыт коротууга туура келсе, эми санариптик формат бул түйшүктүн бир бөлүгүн жоюп жатат.

Мунун баары сыртынан караганда жөн гана ыңгайлуулук сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок анын артында чоң өзгөрүү жатат.

Санариптештирүү — билим берүү системасында адам факторун азайтып, процесстерди ачык-айкын кылган маанилүү реформалык инструмент болуп калды.

Кезекке туруу, бааны көрүү, тапшырманы көзөмөлдөө, окуу жайга документ тапшыруу, билим тууралуу документти алуу — бул процесстер канчалык санариптешсе, ошончолук ашыкча бюрократияга, көмүскө мамилелерге жана коррупциялык тобокелдиктерге орун азаят.

Билим берүүдөгү санариптештирүү окуучулар менен ата-энелердин гана эмес, мугалимдердин да ишин жеңилдетип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Санариптик чечимдер билим берүү процессин ыңгайлуу жана ачык кылуу менен бирге, мугалимдин кесиптик өсүшүнө да жол ачып жатат.

Мисалы, «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тажрыйбалуу, жөндөмдүү жана кесипкөй мугалимдер билим берүү уюмдарынын жетекчилик кызматтарына конкурстук негизде катыша алышат.

Бул — жетекчилик кызматка тандоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылган маанилүү кадам. Анткени санариптик платформа талапкерлерди бирдей критерийлердин негизинде баалап, адам факторун азайтууга, тааныш-билиштикке жана «бармак басты, көз кысты» мамилеге жол бербөөгө өбөлгө түзөт.

Коррупцияны азайтуу үчүн дайыма эле катуу чаралар жетиштүү боло бербейт. Кээде коррупциялык тобокелдикти жараткан мүмкүнчүлүктүн өзүн жоюу керек. Санариптештирүү дал ушундай мүмкүнчүлүктөрдү азайтуунун бир жолу болуп жатат.

САНАРИП ПЛАТФОРМАЛАР: РЕФОРМАГА – КАНАТ, КОРРУПЦИЯГА – БӨГӨТ Санариптештирүүнүн жакшы саамалыктарын Панфилов районундагы О.Текеев атындагы мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Рыскүл Канболот кызынан сурадык. “Санарип платформаларсыз жашоо жок”,  — деп тамашалаган ал төмөнкүлөргө токтолду: “Бүгүн мугалимдердин ишин жеңилдеткен санариптик платформалардын көбөйүп жатканы кубандырат. Алардын ичинде «Санарип кампа», «Билим булагы», «Ай билим» сыяктуу платформалар мугалимдерге чоң жардам берип жатат.

Мисалы, «Билим булагынан» ар бир предмет боюнча сабактарды, даяр презентацияларды жана керектүү материалдарды оңой эле табууга болот. «Ай билим» болсо башталгыч класстардын мугалимдери үчүн ыңгайлуу. Анда окуучулардын жашына ылайык сабактар, видеолор, тесттер жана тапшырмалар бар.

Жогорку класстын окуучуларын ЖРТга даярдоодо да онлайн тесттерди жана ар кандай ресурстарды колдонуп жатабыз.

Эң негизгиси, бул платформалар мугалимдин убактысын үнөмдөп эле тим болбостон, сабакты чыгармачылык менен өтүүгө да мүмкүнчүлүк түзүп жатат.

Ошондуктан санариптик платформаларды бүгүнкү күндө мугалимдин ишиндеги чоң жардамчылардын бири деп айтууга болот.

Ал эми Э-Күндөлүккө өткөндөн кийин кадимки кагаз журналдары толугу менен колдонбой калдык. Мурда мугалимдер чейрек сайын тапшырчу бардык отчёттор: балдардын тизмелери, анын ичинде мигранттар жана көп балалуу үй-бүлөлөр тууралуу маалыматтар электрондук күндөлүктөн алынып калды. Мунун аркасында мугалимдер мурдагыдай завучка өзүнчө отчёт тапшырбай жана делолорду толтурбай калышты, бул болсо алардын күнүмдүк иштерин абдан жеңилдетти. Эми бизде өз алдынча окууга, кызыктуу сабак даярдоого убактыбыз кенен болуп калды”, — деп кубануу менен айтып берди.

Мына ушинтип беш жыл мурда бала бакчага электрондук кезекке катталуудан башталган биздин үй-бүлөнүн санарип жолу бүгүн электрондук күндөлүккө жана билим алууга ыңгайлуу болгон платформаларга чейин жетти. Эртең ал жол балабыздын жогорку окуу жайга тапшыруусуна, андан ары кесиптик жолуна чейин уланып, бүткүл жашоосунда коштоп жүрөт деген ишеним чоң.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер