Салтанат БЕЙШЕНОВА, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси: “МУГАЛИМДЕР МЕКТЕПТИ ОҢДОО ИШТЕРИНЕ ТАРТЫЛГАН ЖОК”
- 13.08.2026
- 0
Талас облусундагы билим берүү мекемелеринин жаңы 2026–2027-окуу жылына карата даярдыктары кызуу жүрүп, акыркы этапка келип калды. Аймактагы мектептер менен бала бакчаларды оңдоп-түзөөгө Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден миллиондогон каражаттар бөлүнгөнү менен, эскилиги жеткен жана авариялык абалдагы мектептердин маселеси, ошондой эле көмүр ташып келүү жана китеп менен камсыз кылуу иштери дагы деле көңүл борборун талап кылат. Жаңы окуу жылына кандай даярдык көрүлүүдө жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу багытында кандай кадамдар жасалып жатат? Бул тууралуу Талас облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Салтанат БЕЙШЕНОВА бизге кеп салып берет.
-Салтанат Бейшеновна, Билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы ар дайым коомчулуктун көңүл борборунда турат. Андыктан, Талас облусу боюнча мектептер менен бала бакчалардын жаӊы окуу жылына карата даярдыгы, аткарылып жаткан иштер тууралуу толук маалымат берип кетсеңиз. Жалпы абалды кандай баалайсыз? Мектептердеги ремонт иштери кандай өтүп жатат, каражаттар кайдан бөлүндү жана аны кимдер жасады?
-Талас облусу боюнча жаңы окуу жылына карата даярдык иштери жалпысынан жакшы. Мектептерди оңдоп-түзөөгө зарыл болгон каражаттар Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден толугу менен бөлүнүп берилди. 2026–2027-жаңы окуу жылына даярдык көрүүнүн алкагында облустагы жалпы билим берүү уюмундарында утурумдук оңдоо жана оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы Талас облусу боюнча утурумдук оңдоо иштерине Республикалык бюджеттен 19 621 600 сом бөлүнгөн. Аймактар боюнча төмөнкүдөй каражаттар каралган: Талас шаарына: 3 525 962 сом; Талас районуна: 4 411 638 сом; Бакай-Ата районуна: 3 854 800 сом; Айтматов районуна: 4 967 200 сом; Манас районуна: 2 862 000 сом.
Бөлүнгөн каражаттар мектептерде сырдоо, актоо жана башка утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүгө багытталган. Мисалы, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерге эле оңдоп-түзөө иштерине 7 937 600 сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күнгө карата мектептерде утурумдук оңдоо иштери аягына чыгып калды, ал эми бала бакчаларда оңдоо иштери уланууда.

-Ремонт иштерин кимдер жүргуздү? Мугалимдер тартылган жокпу?
-Ремонт иштерин негизинен мектептин кенже (техникалык) кызматкерлери аткарышты. Муну менен катар, оңдоо иштерин жүргүзүүдө окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол берилбестиги жана мугалимдерди оңдоо иштерине тартууга тыюу салынары боюнча билим берүү уюмдарынын жетекчилерине тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, катуу эскертүүлөр берилген.
-Жергиликтүү бийликтер тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлдү?
-Жергиликтүү бийликтер дагы колдоо көрсөтүүдө. Айта кетсек, Талас шаарынын мэриясы тарабынан мектептердин утурумдук оңдоо иштерине 900.0 сом, ал эми бала бакчаларга 1515.0 сом акча каражаты берилген. Ошондой эле райондордо дагы жергиликтүү бюджеттерден кошумча каражаттар каралды. Мисалы, Айтматов районунда бала бакчалардын ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттен 4 844 535 сом, мектептерге 1 476 135 сом бөлүнгөн. Бакай-Ата районунда Көчөрбаев атындагы орто мектептин капиталдык ремонтуна жергиликтүү бюджеттен 2 700 000 сом каралган.

—Жаңы окуу жылына карата жаңы мектептер курулуп жатабы жана авариялык абалдагы мектептердин маселеси кандай чечилүүдө?
-Ооба, азыркы учурда облус боюнча 15 эскилиги жеткен билим берүү мекемесинде капиталдык курулуш жана реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Алардын жаңы корпустарын окуу жылынын башында колдонууга берүү пландалууда. Райондор боюнча токтолсок: Манас районунда: Май айылына 150 орундуу, Көк-Дөбө айылына 150 орундуу мектептердин курулуштары жүрүүдө. Кара-Арча айылында Ж.Абдрахманов атындагы орто мектеби, Бала-Саруу айылында Бала-Саруу орто мектеби, Манас айылында Манас орто мектеби, Кеңеш айылындагы И.Отунбаев атындагы орто мектеби жана Семетей айылындагы Покровка орто мектеби авариялык абалда же жаңы мектепке муктаж. 2026-жылдын 1-сентябрына карата Бала-Саруу жана Кара-Арча айылдарында 50 орундуу эки бала бакча ачылганы жатат.
Айтматов районунда: Учурда беш мектепте капиталдык ремонт жүргүзүлүп жатат (М.Чалданбаев ат. о.м. республикалык бюджеттен 49 млн сом, Токтогожоев ат. Көк-Сай о.м. 65 млн сом, М.Орозбеков ат. о.м. 192 млн сом, Ж.Субанбеков ат. о.м. 48 267 948 сом, Жеңижок о.м. дем берүүчү фонддун эсебинен). Авариялык мектептер катары Жеңижок жана С.Садыкова мектептери аталууда (бирок расмий авариялык деген корутундулары жок). Бакай-Ата районунда: 1-Май айылына 275 орундуу, Чоң-Алыш айылына 275 орундуу, Маданият айылына 275 орундуу, Таш-Кудук айылына 275 орундуу жаңы мектептердин курулуштары жүрүүдө.
Авариялык абалдагы мектептердин тизмесине Т.Чолушев атындагы орто мектеби, Бердике уулу Нарикбай атындагы орто мектеби жана Мамыт уулу Абдырахман атындагы Таш-Кудук орто мектеби кирет. Алардын учурда жаңы имараттарынын курулушу жүрүүдө. Ал эми И.Жанчаров атындагы орто мектеби да авариялык абал болуп, жаңы мектепке муктаж. Ошондой эле бул тизмеде Молдогазы атындагы Урмарал орто мектеби да бар. Жалпысынан аймакта дагы 9 авариялык абалдагы мектеп бар экени аныкталган.

-Кышкы жылытуу мезгилине даярдыктар кандай жүрүп жатат? Көмүр маселеси чечилдиби?
-Кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн облус боюнча жалпы 3687 тонна көмүр талап кылынса, анын ичинен бүгүнкү күнгө карата 282 тоннасы кабыл алынды. Көмүр сатып алууга каражаттар жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Мисалы, Манас районунда 316 тонна көмүр керектелсе, бүгүнкү күнгө 2 мектепке 131 тонна көмүр түштү, бала бакчага 20 тонна түштү. Бакай-Ата районунда 674 тонна көмүр керектелсе, 2 мектепке 130 тонна көмүр түштү. Айтматов районунда көмүр али түшө элек. Көмүр жеткирүү иштери график боюнча улантылат.
-Окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү багытындагы иштер тууралуу да айта кетсеңиз?
-Облус боюнча окуучуларды китеп менен камсыздоо деңгээли учурда 79,3%ды түзөт (анын ичинен Манас районунда 81,19%, Айтматов районунда 77,07%, Бакай-Ата районунда 72%). Жаңы окуу китептерин жеткирүү иштери улантылууда. Бардык мектептер “Окуу китеби” автоматташтырылган системасына киргизилип, “Электрондук китепкана” программасы менен иш алып барып жатышат. 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 2025-2026-окуу жылына карата кыргыз жана орус тилдүү мектептер үчүн 1, 2, 3, 5, 6, 7-класстарга Алиппе, математика, “Мен жана дүйнө”, табигый илим, орус тили жана англис тили китептери келип, толугу менен таратылды.

—Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана жаңы программаларга окутуу иштери кандай жүрүп жатат?
-Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында педагогдор Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан (РИПК) өз билимдерин өнүктүрүп, квалификациясын жогорулатышууда. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мугалимдерди окутуу үчүн 9 мугалимден турган топ 10-августтан 13-августка чейин окутуудан өтүп жатышат. Аталган топ кайрадан графиктин негизинде 12 жылдык программасы менен окуган 1-2-3-класстын мугалимдерин, 5-, 7-8-класстарга математикадан жана табигый илим предметтеринен сабак берген мугалимдерди кыска мөөнөттүү окутуудан өткөрүшөт. Окутуу кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлөт.
Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”
Комментарийлер