СҮЙГӨН КЕСИБИНЕН БААР ТАПКАН ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ
- 10.10.2024
- 0
Ысык-Көл районундагы О.Жумаев атындагы мектепте КРнын Эмгек сиңирген мугалими Бурул Истамова 48 жылдан бери математика мугалими болуп иштеп келатат. 70тен ашса дагы Бурул эжей бүгүн дагы күүлүү-күчтүү үчүн мектепте өзүнүн сүйгөн кесибин аркалап, жаштарга насаатчы, жол көрсөтүүчү болуп жүрөт.
Эңсеген мугалимдик кесип
Бурул Истамова 1954-жылдын 1-январында Ысык-Көл облусуну, Түп районуна караштуу Сары-Булак (азыркы Балбай) айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мектеп жашына чейин ата-энесинин татыктуу тарбиясын алган. Темир айылындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктаган соң, ал 1972-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып, 1976-жылы математика мугалими кесибине ээ болот. Ошол эле жылы эмгек жолун Ысык-Көл районунун Кожояр орто мектебинде баштаган. Бир жылдан кийин, т.а. 1977-жылдын 24-апрелинде Чоң-Сары-Ой орто мектебине которулган. “Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, Бурул эжей аталган мектепте ушул күнгө чейин математика мугалими болуп эмгектенип келе жатат.
Бала күнүнөн эле Бурул Истамова мугалим болууну эңсечү экен. Кичинекей кезинде идиректүү Бурул эжей кошуналардын балдарын чогултуп алып, мугалим болуп, аларды окутканды жакшы көргөнүн окуучуларына, неберелерине айтып түгөтө албайт. Жаштын тилегин берет демекчи, эжей өзү эңсеген мугалимдик кесипке ээ болуп, сүйгөн ишинен баар тапты.
— Мен үчүн мугалим жоопкерчүлүктүү адам. Азыркы учурда заман талабына ылайык ойлонуу жөндөмдүүлүгүн өстүрүү үчүн бардык ыкманы колдонууга аракет кылам. Мурдагылардан азыркы мугалимдин, окуучунун айырмасы асман менен жердей. Мурунку мугалим, окуучу жалаң китеп окуп, ой жүгүртсө, азыркылар даяр маалыматты пайдаланган үчүн ой жүгүртүүсү төмөндөп калды. Изденүү азыраак. Китепти көп пайдаланбайт, — дейт биздин каарман.
Устат — шакирт
48 жыл ичинде Бурул Истамова бир топ шакирттерди даярдай алды. Алардын ар бир сабагына анализ жасап, заманбап технологияларды пайдалануу менен сабак берүүсүнө көп көңүл бөлөт. Кошумча материалдарды, методикалык пособиелерди, интерактивдүү тактаны пайдалануусуна кеңеш бергенден тажабайт.
— Азыркы жүрүп жаткан реформаны кыргыздын каада-салтына, жашоо деңгээлине, мүмкүнчүлүгүнө, менталитетине карап, андан кийин туура билим сапатты көтөрүүчү чечимдерди чыгарса деген ойдомун. Эмгек тажрыйбамда көптөгөн окуучуларды кароо-сынактарга, олимпиадаларга даярдап, ийгиликтерге жетиштим, — дейт элеттик мугалим.
Кесиптеши эжей тууралуу
Мектеп директору Гульзада Дегембаеванын айтымында, Бурул эжей, биринчиден, өз кесибин сүйгөн адам.
— Ал мугалимдик кесипти 48 жылдан бери аркалап, көптөгөн чыгаан окуучуларды чыгарып келет. Жаштардан калбай заман талабы менен жаңы ыкманы да өзүнүн сабактарына колдонуп, окуучулардын кызыгуусун арттырууга аракет кылат. Мага эжейдин мүнөзү, окуучуларына кылган мамилеси, берген билими, таалим-тарбиясы абдан жагат. Мугалимдин ар бир сабагы кызыктуу жана жаңы нерселерди ойлоп табуусу, изденүүсүнүн аркасында көптөгөн сыйлыктардын ээси болуу менен бирге “КР Эмгек сиңирген мугалим” наамын алып олтурат, — дейт жетекчи.
Б.Истматова 2020-2021-окуу жылдары математика сабагы боюнча 11-классынын окуучусу Ибраева Ширинди даярдап, ал райондук, облустук, республикалык олимпиадада 1-орунду жеңип алган.
— Эжей мектептин коомдук иштерине активдүү катышып, жаш мугалимдерге насаатчылык көрсөтүп, жакындан усулдук жардам берет. Бурул Кубалдаевнанын негизги максаты — көп кырдуу, турмуштун көзүн билген аттуулдарды даярдоо. Жаш мугалимдер Бурул эжейге окшоп, өз милдетин түшүнүп, жоопкерчилигин сезсе, албетте, мамлекеттин келечеги кең болот, — дейт жетекчи.
Мугалим кең пейил адам болуу менен окуучуларын сүйө билсе, орой мамиле жасабаса, беделин түшүрбөсө, коркутуп, үркүтпөсө, алардын ар бир кайгы-капасын бөлүшсө, кесиптик чоң байлыкка ээ болот. Ушул сапаттардын баары Бурул эжейде бар.
Сыйлык — сыймык
Үзүрлүү эмгектин артында бир топ сыйлыктар турат. Алсак, ал Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жана билим берүү бөлүмүнүн, Чоң-Сары-ой айыл аймагынын, О.Джумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүү мектебинин Ардак грамоталары менен сыйланган. “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын “Ардактуу айымы” орденине татыктуу болгон.
Шам чырак
Б.Истматова үй-бүлөсүндө да мыкты эне, кыздарынын сырдашы, уулунун шам чырагы. Ал алты бир тууган. 1983-жылы өмүрлүк жолдошу каза болгондон кийин анын артында калган үч баласын жалгыз тарбиялап, чоңойтту. Балдарынын бардыгы жогорку билимдүү. Учурда алар мамлекеттик кызматтарда иштешет. Төрт неберенин бактылуу таенеси, камкор чоң апасы.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер