СҮЙҮҮ МЕНЕН ТАРБИЯЛАНГАН БАЛА — КООМДУН НУРЛУУ КЕЛЕЧЕГИ
- 28.04.2025
- 0
Бүгүнкү күндө балдарды тарбиялоо — коомдун ар бир мүчөсүн түйшөлткөн чоң маселе. Азыркы тез өзгөрүп жаткан маалымат доорунда бул процесс дагы да татаалдашып калды.Ар бир ата-эне, ар бир мугалим, ар бир чоң киши балдардын көзүн караганда алардан үмүт, ишеним, келечекти көрөт. Бирок бүгүнкү күндө балдарды тарбиялоо мурункудан кыйла кыйын. Дүйнө өзгөрдү, балдардын дүйнөсү да өзгөрдү. Биз да ошол өзгөрүүлөр менен туура жол көрсөтүүгө милдеттүүбүз.
Бала тарбиялоодогу бул кыйынчылык, көйгөйлөр кайдан келип чыкты? Албетте, технология тездик менен өнүгүп, балдарыбыздын виртуалдык дүйнөгө сүңгүп кетип жатышы. Китеп барактап, табият койнунда жүгүргөн балдар азайып, телефондун экранына тигилген көздөр көбөйдү. Смартфондун жарыгы күндүн нурунан басымдуураак болуп баратканы кейитет. Китеп окуу, жаратылышта эс алуу сыяктуу ишмердүүлүктөр азайып, анын ордун смартфон, компьютер, интернет ээлеп калды Кээде өзүнчө ой жүгүртүү эмес, даяр маалыматтарды гана кабыл алган муун өсүп жаткандай сезилет. Мунун натыйжасында балдардын чыдамкайлыгы, жекече пикир жаратуу жөндөмү жана эмгекке болгон мамилеси өзгөрүп жатат. Ошондой эле заманбап дүйнө көп учурда акчаны, ийгиликти биринчи орунга коюп, жүрөктүн таза сезимдерин артка сүрүп койгонсуп турат. Материалдык жетишкендик көбүнчө руханий баалуулуктардын ордуна коюлуп, ак ниеттик, эмгекчилдик, урматтоо сыяктуу сапаттар көмүскөдө калып жатат. Кээ бир ата-эне: «Балам жакшы кийиниши керек», «Балам жаңы телефон алсын» деп аракет кылат, бирок анын жан дүйнөсүнө канча жылуулук бергенин ойлобой калат. Ал эми жашоодо материалдык эмес — руханий байлык адамды чыныгы бакытка жеткирет эмеспи.
Бир жолу сабактан кийин бир окуучум мага кайрылып:
— Эжеке, мен чындап эле китеп окугум келет, бирок интернеттин оюндарынан, кыскача кызыктырган жанылыктардан өзүмдү ажырата албайм да, убакыттын учуп кеткенин байкабай калам, — деди.
Бул жөн гана баланын айтып койгон сөзү эмес, кашкайган чындык. Бул — биз чоңдор кайдыгер болуп, баланын дүйнөсү кантип өзгөрүп жатканын көрсөтүп турган белги. Бүгүнкү күндө технологияны тыюу салуу мүмкүн эмес. Аны туура колдонууга үйрөтүү керек. Мисалы: баланы керектүү билим берүүчү видеолорго багыттап, интернетте коопсуз жүрүү эрежелерин үйрөтүү зарыл. Чогуу отуруп, кызыктуу онлайн китептерди, билим берүүчү оюндарды тандаса болот. Ар бир бала дүйнөгө таза барак сыяктуу келет. Ал баракка эмне жазылары чоңдордун жүрүм-турумунда, мамилесинде, үлгүсүндө. Бирок биз көп учурда өз колубуз менен ошол ак баракты бүлдүрүп, анан баланын «эмнеге мындай болуп калды?» деп кейигенибизди кеч түшүнөбүз.
Бала тарбиялоодо негизги катачылыктарды биз, чоӊдор, кетиребиз. Бүгүнкү күнү көпчүлүк ата-энелер жана чоңдор материалдык кам көрүү менен алек: “Балага жакшы кийим алып бердим, оюнчук алып бердим, керектүүсү менен камсыздап койдум, дагы эмне керек?” деп ойлошот. Ошол эле учурда жаш энелер, аталар баланы телефон менен “неси болсо да тынч отура турсунчу” деген болор-болбос сезилген алаксытуулар, бара-бара кеӊейип, көнүмүш адатка, ал адат зор көйгөйгө айланарын убагында аӊдап түшүнбөгөнүбүз, бала үчүн убакыт бөлбөгөнүбүз, тарбиялык графикти түзүп албаганыбыздын бирден-бир чон кесепети өсүп келе жаткан муундун чыныгы инсандык тарбиядан алысташы менен жооп берет. Эртең менен шашылыш иштер менен коштошуп, кечинде чарчап келип, телефонго үӊүлүп отуруп калган чоңдорду көргөн баланын жан дүйнөсүндө боштук жаралат. Ал өзүн керексиз сезе баштайт. Ошол учурда баланы интернет тарбиялайт. Бала эмне жакшы, эмне жаман ылгап көрө албайт. Ар түрдүү сайттардагы кыргыз менталитетине туура келбеген видео, фильм ж.б. көрүп, баланын жан дүйнөсү ошол көргөндөрү боюнча калыптанып баштайт. Анан албетте, өзүмчүл, улууну сыйлабаган, кичүүнү ызааттабаган, кежир мүнөз, айтканын бербеген, өз каалоосун алдынкы орунга койгон балдар кайдан келип чыкты деп баш катырабыз.
Улуу педагог А.Макаренко: «Балдарды тарбиялоодо чоңдор эң оболу өздөрүн тарбиялашы керек», — дегендей, алгач тарбияны өзүбүздөн баштап, балдарга үлгү көрсөтүшүбүз керек. Тарбияны өзүбүздөн баштайлы деп кеп баштаган себебим мындай: Бир күнү шаардын мээ кайнаткан ысыгында, автобуста тыгылышып бараттык. Автобус токтоп, 10-12 жаштагы балдарын ээрчиткен эне баш бакты. Автобуска түшөрү менен балдарына кайрылып: “Арттагы бош орунга өткүлө да, бекем отуруп алгыла”, — деди. Балдар апасынын айтканын “лам” дебестен аткарышты. Отурган соӊ, улуу келдиби, кош бойлуу келдиби, аларга баары бир орун бошотушкан жок. Бул не деген тарбиясыздык деп таӊ калайын десем, апасы ошондой кылууну буюрган да. Тарбия башаты эӊ алгач үй-бүлөдөн, ата-энеден башталат, анан барып коом, мектеп, мугалим ж.б. Ушу сыяктуу чондор тарабынан кетирилген катачылыктар майда көрүнгөнү менен эртенки күнү бакыйган эле ката экени башыбызга таш болуп тийгенде сезилип жатпайбы. Бала сөзгө караганда чоңдордун иш-аракетине көбүрөөк көңүл бурат. Мугалим катары ата-энелерге кенешим: өзүнүз идеалдуу үлгү болууга аракеттениниз, баланызды угууну үйрөнүӊүз, сынга эмес, колдоого басым жасаныз, мээримди мүнөт сайын, күн сайын көрсөтүүнү четте калтырбаныз, баланызга ар дайым ишеним көрсөтүнүз, түрдүү гаджеттерди алып берүү менен бирге анын зыяны пайдасы тууралуу маалыматты да бергенди эстен чыгарбаӊыз.
Алдыда өсүп келе жаткан зет, альфа муунду тарбиялоодо ата-эне – бир канат, мугалим, мектеп – экинчи канат болуп, тарбиялуу инсандарды өстүрүү – биздин башкы милдетибиз. Азыркы күндө ата-эне бир жээк, мугалим бир жээкте туруп, ача пикирде болуп, балдарды сууга чөктүрүп жаткандайбыз. Муну менен эмне айткым келет, мугалимдин баркын балдардын астында тебелебей, устат кадырын бийик тутуп, сый көрсөтүү да чоӊ роль ойнорун эскертким келет.
Бүгүнкү бала — эртеңки эне, эртеңки ата, эртеңки мугалим, эртеңки лидер. Анын дүйнөсүн кандай түстө боёй алсак, келечек да ошондой түстө болот. Балага болгон сүйүүбүз, сабырдуулугубуз жана ишенимибиз эртең коомду жарыктандырат.
Айпери КЕРИМОВА,
Токтосун Атаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Чолпон-Ата шаары, Ысык-Көл району
Комментарийлер