ӨРНӨКТҮҮ ТАРЫХ — ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

  • 26.10.2022
  • 0

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун    биология жана химия факультетине 70 жыл толду. Ушунча  убакыттан бери факультеттин  профессордук-окутуучулар курамы замандын талабына жооп берген, компетенттүү студенттерди даярдоо жаатында үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

ӨРНӨКТҮҮ ТАРЫХ - ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

Алыскы 1952-жылы В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институту түзүлгөндө, алгач табигый-илимий факультеттин курамында химия жана биология кафедрасы биринчилерден болуп уюшулган.

Кафедрага 4 жылдык окуу мѳѳнѳтү менен 25 студент кабыл алынган. Ошол учурда биология кафедрасын биология илимдеринин кандидаты, доцент Г. П. Земляная, ал эми химия кафедрасын химия илимдеринин кандидаты, доцент З.В. Хакимов жетектеген.  Алар кафедраларды уюштурууда, материалдык-техникалык базаны түзүүдѳ чоң салым кошушкан. 1951-1954-жж. окутуучулар курамы жогорку квалификациялуу адистер: б.и.д. А.А. Бакин, б.и.д. А.А. Броун жана х.и.д. А.Я. Берлин сыяктуу профессорлор менен толукталып, алгачкы жолу, 1956-жылы, 18 бүтүрүүчү «биология жана химия мугалими» адистигин алышкан. 1957-1958-окуу жылынан баштап студенттерди кабыл алуу 50 студентке чейин жеткен, ал эми окуу мѳѳнѳтү 5 жылдык болуп бекитилген.

Республикадагы мугалимдерге болгон талаптын ѳсүшүнѳ жана студенттердин санынын кѳбѳйүшүнѳ байланыштуу 1968-1969-окуу жылында табигый-илимий факультеттин базасында биология факультети түзүлөт. Факультетти кесипкөй физиолог, биология илимдеринин кандидаты, доцент М.У. Мамбетов жетектеген.  Ал биринчи күндѳн баштап эле факультеттин ѳнүгүшүнѳ жана окутуунун деңгээлин жогорулатууга чоң кѳңүл бурган. Анын жетекчилиги астында студенттер эксперименттик ыкмаларды ѳздѳштүрүп, илимий-изилдѳѳ иштери менен алектенип,  студенттик конференцияларга жана ар кандай диспуттарга активдүү катышкан. М.У. Мамбетов жакшы уюштуруучу, ошондой эле акылман педагог жана ойчул окумуштуу болгон.

ӨРНӨКТҮҮ ТАРЫХ - ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

1972-жылдан баштап факультетте химия жана биология мугалими адистиги боюнча адистер даярдала баштайт. Ушуга байланыштуу факультет химия жана биология факультети болуп кайра түзүлгѳн. 1981-жылдан тартып биология кошумча химия адистиктерин даярдоо менен толукталган.

1975-1984-жж. факультетти Москвадагы Д.И. Менделеев атындагы химия технология институтунун бүтүрүүчүсү, химия илимдеринин кандидаты, доцент Т.Р. Рыскулов жетектей баштаган. Ал М.У. Мамбетов баштаган ишти улантып, факультеттин студенттерин кафедралардагы  илимий-изилдѳѳ иштерине жигердүүлүк менен катыштырып, студенттер республикалык конкурстарда байгелүү орундарга ээ болушкан.

ӨРНӨКТҮҮ ТАРЫХ - ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

1984-1995-жылдары химия жана биология факультетинин декандык кызматында Кыргыз мамлекеттик университетинин биология адистигинин бүтүрүүчүсү б.и.к, доцент С.Ш. Шамбетов үзүрлүү эмгектенген. С.Ш. Шамбетов окуу процессин факультеттин профессордук-окутуучулар курамы тарабынан иштелип чыккан окуу-методикалык куралдар менен камсыздоого өз салымын кошкон. С.Ш. Шамбетов студенттер үчүн алгачкылардан болуп кыргыз тилиндеги «Ботаника» «Гистология» «Цитология» дисциплиналары боюнча окуу-методикалык куралдарын жарыкка чыгарган.

1995-1998-жылдары факультетти химия илимдеринин кандидаты, доцент Ж.А. Асаналиев жетектеген.  Ушул мезгилден тартып химия кошумча «экология» адистигин даярдоо башталган.
1998-2004-жж. факультеттин деканы болуп Ленинграддагы мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү, биология илимдеринин кандидаты, доцент Ч.С. Давлетова иштеген. Чынара Самаковна окуу процессинде окутуунун жаңы технологияларын жана инновациялык ыкмаларды колдонуу боюнча иштерди демилгелеп, анын жетекчилиги астында  окуу пландарын жаңылоо жана билим берүүнүн Мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча кѳптөгөн ийгиликтүү иштер аткарылган.

1998-жылы факультетте Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо максатында «Экобилим» уюму негизделип, аны профессор М.М. Ботбаева жетектейт. Бул экологиялык уюмундун алкагында факультеттин окутуучулар курамы жана студенттери жергиликтүү калкка экологиялык билим берүү жана тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкен.

ӨРНӨКТҮҮ ТАРЫХ - ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

Факультет өзүнүн тарыхында бир нече жолу административдик ѳзгѳрүүлѳргѳ дуушар болду:

2002-жылга чейин университеттеги ѳз алдынча факультет;
2002-2003-окуу жылы экология жана жаратылышты пайдалануу институтунун курамында болуп, 2006-окуу жылынан тарта  университеттин курамындагы өз алдынча  факультет болуп, биология жана химия факультетин Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген  кызматкер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Чоров Маматкан Жетимишевич жетектеп, бүгүнкү күнгө чейин өз ишин  аркалап келет.

Университетте эң алгачкы уюшулган 70 жылдык тарыхы бар биология жана химия факультети  өзүнүн өрнөктүү тарыхында 5000ден ашуун биолог жана химик адистерди даярдап, республикабыздын бардык региондорун жогорку квалификациялуу адистер менен камсыздап келүүдө.

ӨРНӨКТҮҮ ТАРЫХ - ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

Профессор М.Ж. Чоровдун жетекчилиги астында  азыркы учурда факультетибиз  көп деңгээлдүү билим берүү программаларын ишке ашырууда жана атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоого жана материалдык базаны чыңдоого зор салымын кошууда.

Химия жана биология факультетинде билим алган, мугалимдик адистиктер боюнча даярдалуучу болочок кесип ээлери замандын талабына жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү, ар тараптуу өнүккөн, компетенттүү адистер болуп саналат.

2004-жылдан тартып «Биология», ал эми 2009-жылдан “Табигый-илимий билим берүү” багыты боюнча бакалаврлар кабыл алына баштаган.

2012-2013-окуу жылынан баштап  факультетте билим берүү процессин реформалоонун алкагында, 550100 «Табигый-илимий билим берүү» багыты боюнча “Биология” жана “Химия” магистрлери даярдала баштады.
Замандын талабына ылайык 2018-окуу жылында 520200  Биология жана 520100 Химия багыттары боюнча жаңы адистиктер ачылган.

ӨРНӨКТҮҮ ТАРЫХ - ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

Бүгүнкү күндө факультет алдыңкы инновациялык технологияларды, илимий талдоо менен бирге, илимий-практикалык иш-аракетти айкалыштырган,  универсалдык жана табигый предметтер боюнча компетенцияларга ээ, квалификациялуу жана атаандаштыкка жѳндѳмдүү адистерди даярдоо менен, өлкөбүздү сапаттуу билим алган компетенттүү кесип ээлери менен камсыз кылып келет.

Учурда факультетте жогоруда аталган билим берүү программаларынын негизинде  кѳп баскычтуу бакалаврларды, магистранттарды, аспиранттарды, докторанттарды даярдоо жүрүп жатат.
Факультеттин курамындагы жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы (кафедра башчысы, б.и.к., проф.м.а. Шаршеналиева Г.А.), химия жана аны окутуунун технологиясы (кафедра башчысы, х.и.д., проф. мүчө-корр. Сатывалдиев А.), проф. М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк (кафедра башчысы, б.и.к., доц. Кендирбаева С.К.) кафедраларынын профессордук-окуутучулар курамы бакалавр жана магистранттар үчүн билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгууда жана коомдук турмуштун бардык тармагындагы ѳнүгүүлѳрдү эске алуу менен билим берүү программаларын жыл сайын жаңыртуунун үстүндѳ жигердүүлүк менен иш алып барууда.

Бүгүнкү күндѳ факультеттин профессордук-окутуучулар курамын 34 окутуучу түзөт. Алардын ичинде: 5 – илимдин докторлору, илимдин кандидаттары – 20, сапаттык көрсөткүч жалпысынан 73,5% га барабар.
Азыркы учурда факультетте 850дөн ашуун студент билим алууда. Факультет мектептер менен тыгыз иштейт.

Мектеп мугалимдерине квалификациясын жогорулатуу максатында байма-бай семинар-тренингдерди өткөрүп турат.

Факультеттин окутуучулар жамаатынын илимий эмгектери И.Арабаев атындагы КМУнун, ошондой эле жалпы республикалык жогорку, орто кесиптик орто окуу жайлардын химия жана биология багыттарында окутулуп, жогорку квалификациялуу кесип ээлерин, сапаттуу билимге ээ мектеп бүтүрүүчүлөрүн даярдоодо өз салымын кошууда.

Белгилей кетчү нерсе, элет жергесинен келген студенттердин билимдерди өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзүү максатында факультеттин окутуучулар жамааты тарабынан химия жана биология дисциплиналары боюнча окуу куралдары, окуу-колдонмолору кыргызчаланып басылып чыгууда.

Улуттун кызыкчылыктарын эске алган, эл аралык талаптарга жооп берген, өз алдынча ой жүгүртүүгө, жана чечим кабыл алууга, жамаат менен иш алып барууга, билим берүү жаатында көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жөндөмдүү, илимий-маалыматтык технологиялар менен иштей алган, жаӊы муундагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо – биздин факультеттин эӊ негизги максаты.

Г.С. УСЕНГАЗИЕВА, И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин деканынын орун басары, п.и.к., доцент 

Бөлүшүү

Комментарийлер