ӨРНӨКТҮҮ ПЕДАГОГ, ЧЕБЕР ЖУРНАЛИСТ ЭЛЕ

  • 13.12.2024
  • 0

Курч калемгер Дүйшөмбек КЕРИМОВДУН элесине арналат

РЕДАКЦИЯДАН:
Белгилүү журналист, публицист, “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору  Дүйшөмбек КЕРИМОВ бир чети агабыз, бир чети жандай көргөн кесиптешибиз эле. Ал 90-жылдары “Мугалимдер газетасында” үзүрлүү эмгек өтөп да кеткен. Гезитте иштеп турганда хандан, бектен кайра тартпаган көк жал мүнөзү менен фельетондорду, чыркыраган чындыкты ачкан макалаларды жазчу. Поэзияны сүйгөн жан дүйнөсүнөн ар дайым ыр төгүлүп турчу. Не бир залкар акындардын ырларын жатка айтаар эле.  Кийин агай “Айкөл Манас оюндары”, “Ажайып күндүн алдында”, “Наал эже” аттуу китептерди жазып чыгарды. Аталган эмгектер өз окурманын таап, бийик баага арзыды.  Биз төмөндө кесиптешибиз туурасында эскерүүгө орун бердик. Дүйшөмбек агай, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун.

ӨРНӨКТҮҮ ПЕДАГОГ, ЧЕБЕР ЖУРНАЛИСТ ЭЛЕ

Бул макала өзүнүн өмүр жолун “айылдык агай” деген өтө уникалдуу, ары ардактуу мугалимдик  кесиптен баштап элдик урмат-сыйга өзүнүн талыкпаган эмгеги, элине,  жерине болгон  мекенчилдиги, хандарга жана  бектерге тиешелүү болгон кайраттуу   мүнөзү, атуулдук өзгөчө көз карашы  менен жазуучулук,  журналисттик кесипти аркалап, анан да китеп жазып, өзүнүн калеминен жаралган  эсселери  аркылуу  окурмандардын эсин оодарып,  ютуб  каналындагы ой-пикири менен желдей тарап турган учурда ажайып жарык чачкан күндүн алдында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан  классташым, досум Керимов Дүйшөмбек Касиевичтин өрнөктүү өмүрүнө  арналат.

Классташым Дүйшөмбек  1956-жылы 4-октябрда Ат-Башы районунун Ак-Муз айлында туулган. Атасы Касий мектептин  мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон. Ошол учурда менин көп эле классташтарым чоң атасы же чоң энеси менен бирге тургандыктанбы, атабызды “байке” деп, энебизди “эжеке” деп чоңойбодукпу… Мына  ошолордун ана башы Дүйшөкем эле…

ӨРНӨКТҮҮ ПЕДАГОГ, ЧЕБЕР ЖУРНАЛИСТ ЭЛЕ

Ошол учурдагы Ак-Муз айылынын аксакалы Керим чоң ата Дүйшөмбекти «сарыбайым» деп, эс тарткандан баштап дайыма кошо ала жүрчү.  Дүйшөмбекти  башка неберелеринен өзгөчө жакшы көрүп, дайыма ат мингенде алдына өңөрүп алчу.  Кийин чоңоюп калганда атка минип, анан артына учкаштырып, эли-журтунун башынан өткөргөн ар түрдүү окуяларын, жерлердин аталыштарын,  кыргыздын кырк уруусу баштаган санжыра-санатын жадабай айтып берчү… Дүйшөмбек  1-класска кирип окуй баштаганда  “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун,  соңунда “Эр Төштүк”, “Эр Табылды”, “Курманбек” ж.б.у.с. эпостор тууралуу айтып берип, “уулум, ушул эпосторду кубулжутуп оку” деп айтып, анан да эмгекке тарбиялап эртели-кеч короодогу малдарды каратып, отун жардырып, суу алдырып, чөп чаптырып, азыркы тил менен айтканда этнопедагогикалык мыкты таалим-тарбия берген.

Дүйшөмбек  “Чындык жашайт тоолордун арасында…” демекчи чоң атасы менен балалыктын баёо күндөрүн деңиз деңээлинен үч миң метр бийиктиктеги атактуу Ала-Тоонун Ак-Сай  өрөөнүндө, Жаңы-Жер  аймагынын жайлоолорунда  эрте жаздан кеч күзгө чейин жайлап жүрүп чоңойгон. Ал он эки жашка чейинки балалыгын бейкапар, жомоктогудай өткөндүгүн,  он  эки жашында 39 жаштагы апасы Батыштан  айрылып, жан дүйнөсүнө кайгы-муңдун өчпөгөн карааны жашаарын айтып, энекесинин элеси    керт башына гана тиешелүү купуя, сырдуу, табышмак, өксүк өмүр  экенин жазып,  эскерүүсүн  калтырды.

Ошентип, күндөр айга, айлар жылга айланып, каарманыбыз 1974-жылы он жыл окуган мектебин аяктап, Ош пединститутунун филология факультетине өтүп, аны 1979-жылы  ийгиликтүү бүтүрүп,  кайрадан айылга келип, бизге билим берген агай-эжейлер менен кесиптеш болуп, эмгек жолун кыргыз тили жана  адабияты сабагынан  мугалим, жана дагы башталгыч класстарга тарбиячы болуп баштаган.

Билимдин, тарбиянын пайдубалын ата-энеден, мектептен, кийин Ош  педагогикалык институтунан мыкты өздөштүрүп, кесиптик пайдубалын өтө бекем түптөгөн классташыбыз Дүйшөмбекке Муратбек досум “классташтардын ичинен чыккан биздин биринчи мугалим Дүйшөн” деген ат койгон. Ошондон баштап классташыбыз “Дүйшөн”  аталып калган эле.

Залкар агабыз, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөндүн образы аркылуу, бир кичинекей айылдагы окуяны баяндоо менен ошол учурдагы кыргыз элинин жашоо турмушун, социалдык-экономикалык абалын, билимге болгон умтулуусун, жаңы заман келип, элдин жашоо нугу башка жакка өзгөрүлө баштагандыгын таамай, таасын, так көрсөткөндүгү,  тактап айтканда, 1924-жылкы чыгармадагы окуяга 100 жыл өтсө да турмуш шарты, адамдар, алардын акылы, түшүнүгү өзгөрсө да,  мугалимдин макамы дээрлик өзгөргөн жок. Дүйшөн болгону отуз алты тамганы билген мугалим, сабаты жагынан мыкты болбосо да, адамгерчилик сапаты жана  алысты көрө билгендиги жагынан өтө эле жогору болгон тура… Ошондогу Дүйшөн азыркы  замандын “Эл мугалими” деген улуу наамга татыктуу болгон экен.

ӨРНӨКТҮҮ ПЕДАГОГ, ЧЕБЕР ЖУРНАЛИСТ ЭЛЕ

Повесттеги окуучу менен мугалимдин ортосундагы  мамилени өтө чеберчиликте бере алгандыгын, илим-билим качан да болсо ар бир элдин, мамлекеттин өнүгүү деңгээлинин көрсөткүчү болуп келгенин, өзгөчө сезимталдык  менен баалаган Муратбек классташым-досум Дүйшөмбек классташымды биринчи мугалим Дүйшөн деп бекеринен атабаса керек, акыл парасатына, мугалимдин эмгегин баалагандыгыңа Баракелде Муратбек!

Биринчи мугалим Дүйшөн менимче повесттин башкы каарманы гана болбостон, илим-билим дүйнөсүнө алгачкы жол чапкан баба дыйкан катары “агай”  деген ыйык ысымды алып жүргөн мугалимдин  символу болуп кала бермекчи.

Мугалим деген улуу көчтү улап, ата жолун жолдоп классташым Дүйшөмбек 1979-1984-жылдары   Ак-Муз  айылындагы Кызыл-Аскер мектебинде бул жашоодогу эң бир ыйык жана ардактуу кесиптердин ана башы болгон, педагог-мугалимдик кесибин ардактап, ыйык тумардай туу тутуп,  ар бир күнүн билим берүүгө арнап, жаш балдардын билимин, адептүүлүгүн арттырып, ыймандын үрөнүн сээп, келечегине билим бактысын ыроологон чыныгы мугалим деген ыйык атка арзыды.

ӨРНӨКТҮҮ ПЕДАГОГ, ЧЕБЕР ЖУРНАЛИСТ ЭЛЕ

Өзүн сыйлаган, бир келген өмүрдө адам деген атын барктап, бийик тутуп, “…мектепте окуучу мугалимди урматтап-сыйласа, ал эми мугалим аны менен кошо кайгырып, кошо сүйүнүп, ар бир  баланын көңүлүн тапса — бул мугалимдин биринчи куралы, мугалим убакытка, географиялык жайгашууга көз карандысыз уникалдуу ары ардактуу кесип деген таяным (принцип) менен кездешкен кыйынчылыктарга басылып калбай, чыдап иштедим…” деп эскерээр эле Дүйшөмбек классташым.

Ар дайым  ата-энелерибиз тууралуу сөз болуп калганда өзүнчө муңканып, “Шымаланып  мектепте катуу иштей баштаган бойдок жигит кезимде чоң атам Керим 85 жашында, андан бир жыл өтпөй  элүү үч жаштагы атам Касийдин көз жумгандагы үнүм чыкпай калганча ботодой боздоп ыйлап, кайгы-муңга баткамын, атасыз жашоону кантип, кандай улайм деген сары санаа каптаган мени… Адамзат  эмне, шорго жаралган жанбы?..  Антейин десең,  төрөлмөгүң бар да, өлмөгүң да бар, демек, төрөлүү — өлүү…” деп көп нерсени ойго салып, оор үшкүрүп койчу.

Ошентип, өз айылында мугалимдик кесипти аркалап, өмүрлүк  жар күтүп, атадан калган үйдө очоктун отун өчүрбөй  айылдагы жашоосун улап,  агай деген сый-урматка ээ болуп беш жыл иштеген соң 1984-жылы Нарын облустук “Нарын правдасы”, “Ала-Тоо таңы” гезиттеринде кабарчы, соңунда бөлүм башчылык кызматка чакырылып, Нарын шаарында 1991-жылга чейин  жашап турган. Гезитке да жөн жеринен чакырылбаган, анткени  мугалимдик  менен кошо ар кандай  айыл турмушуна, мектеп окуучуларга, мугалимдин, дегеле элеттик элдин жашоо турмушуна  байланышкан  макалаларын байма-бай редакцияга жарыялоо үчүн жиберип турган.

ӨРНӨКТҮҮ ПЕДАГОГ, ЧЕБЕР ЖУРНАЛИСТ ЭЛЕ

Өлкөбүз эгемендикке ээ болгон 1991-жылы ал үй-бүлөсү менен Бишкек шаарына биротоло көчүп келип, 2001-жылга чейин  республикалык “Мугалимдер газетасы”, (Азыркы “Кут Билим”), “Кыргыз Руху” гезиттеринде бөлүм башчы, баяндамачы болуп эмгектенген.

Элибизде байыртан айтылып келген “Адам эки гана жол менен пайдалуу нерсе үйрөнө алат, биринчиси – окуу, экинчиси – акылдуу адамдар менен бирге жүрүү” деген учкул сөз бар эмеспи. Дүйшөмбек классташым минтип айтты эле: “Бир күнү Кыргыз Республикасынын Президентине  караштуу “Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын” төрагасы  Каныбек Осмоналиев менен жолугуп калдым. Экөөбүз тең бир мезгилде Ош педагогикалык  институтунда окуганыбызды эстеп, андан соң кыргыз тилинин учурдагы көйгөйлөрү, анын коомдогу ордун математик-физик  мугалим катары кандай экендиги ж.б.у.с.  бир топ баарлашуудан  кийин мага “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору кызматын сунуштады. Мен макул болдум. Чынында эле Какем мырза жигит экен, акыл десең акыл, адамдык мыкты касиеттерге ээ. Ошентип,  ар күнү бардык күчүбүздү жумшап, бирге иштеп калдык…”

Тактап айтканда,  классташым Дүйшөмбек  2022-жылдан баштап өмүрүнүн соңуна чейин “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору болуп эмгектенди. Гезит мамлекеттик тил гезити болгон менен бюджеттен каржыланбаган соң  зор күч-аракет жумшоону талап кылаарын, учурда көпчүлүк окурмандар гезит окубай  калганын  терең түшүнгөн башкы редактор тарых, археология, этнография, санжыра, таалим-тарбия, илим-билим  жана адабият, маданият темаларын канчалык татыктуу чагылдырса  кыргыз тилинин баалуулугун арттыра тургандыгын, аны менен гезиттин маңызы, наркы, баркы көтөрүлө тургандыгын, аны менен гезит коомдо өз ордун таба тургандыгына көзү жетип, күн сайын  изденген калемгер эле.

Дүйнөлүк рухий океан болгон “Манас”  эпосун ал мыкты билчү.  Улуу эпос кыргыз элине дем кошуп,  рухий азык, тарыхый-философиялык таяныч болуп келгендигин, улуттук руханий мурас катары кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткандыгын  даңазалап, сыймыктануу менен  ар дайым жогору баалап, гезитке да бир нече макалаларды жарыя кылгандыгы көпчүлүк окурмандарга маалым.

Дүйшөкем “Айкөл Манас оюндары”, “Ажайып күндүн алдында”, “Наал эже” аттуу китептердин автору, “Муратбек тууралуу элегия”, “Жолугушуу” деген китептердин редактор-түзүүчүсү, “Сагыныч” аталган гезиттин уюштуруучусу болгон. Анын кесипкөй мугалимдиги  менен калыптанган ишмердүүлүгү,  ар бир ишке жоопкерчиликтүү мамилеси, ачык-айкын көз карашы, улуттук журналистикада калыптанып келе жаткан терең иликтөөсү, өзгөчө мамлекеттик тилде жөнөкөй, бирок өтө таамай жана так жазуу жөндөмү коомчулукта чоң таасирге ээ болду.

Классташым Дүйшөндүн  чыгармалары,  макалалары  мамлекеттик тилдин, маданиятыбыздын, элдик наркты, салтты, намысты, укукту, милдетти, мартабаны ж.б. дөөлөттөрдү өнүктүрүүгө багытталып, ошол чыгармаларында  чындыкты, калыстыкты, тактыкты ыйык тутуп келген журналист катары  коомго жеткирээр эле.

“Өлгөндөр даңкталмайын – тирүүлөр баркталбайт!” деген  кыргызда сөз бар эмеспи… Акча, дүнүйө, атак-даңк, сасык ой, ушак, арамза мамиле курусун, береги көз ирмем, а бирок түбү өлүм (!) кайталангыс, бир келген жашоонун жаркын жолунда алтын башыбыздан садага — жолугалы, бар бололу курдаштар  деп Дүйшөмбек классташым Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Кызыл-Аскер (азыркы Боогачы) атындагы орто мектебин 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн 40 жылдык жолугушуу мааракесине  арналып чыгарылган китептин баш  сөзүндө өзү ушундай жазган экен.

Убакыт учкан куш демекчи 40 жылдык жолугушуудан  бери дагы он жыл өттү… Ушул жылдар аралыгында балапан кезде бирге өскөн өзүң сыяктуу бир топ классташ достор бул дүйнөдөн эрте өтүп кетишти.

ӨРНӨКТҮҮ ПЕДАГОГ, ЧЕБЕР ЖУРНАЛИСТ ЭЛЕ

Аттиң, дүйнө деген ушундай турбайбы. Ошол классташтарды, өзүңдү  эстеп Улуу Жараткан Кудайдын  бир пендеси экенибизге баш ийүү менен үч уулуң сенин жолуңду улантып, теңирим  берген түндүгүңдү көтөрүп, очоктун отун өчүрбөй,  өмүр кемесин чөктүрбөй  жашоосун улап кетээрине терең ишенем!

Бул дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кеткен классташтарыма жана дагы сага, аркы дүйнө бейиш болсун! Жаратканым баарыңарга Жаннаттан жай берип, кабырыңар кенен, жарык,  нурлуу болсун!

Маркум Дүйшөмбек классташ досумдун өмүрлүк жары Калбүбү аяшыма,  уулдарына, бир туугандарына, Накен агама терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Дүйшөмбек,   классташ досум, элесиң эч качан эстен кетпейт, классташтар ар дайым эскерип турабыз!

Классташ-достордун атынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул АРАБАЕВ

Бөлүшүү

Комментарийлер