ӨРНӨКТҮН ДҮЙШӨНҮ ЭЛЕ

  • 23.09.2024
  • 0

Жумгал районунун Өрнөк айылындагы мектепке 2008-жылы ошол айылдын алгачкы агартуучуларынын бири, Исакбек Орозалиевдин ысымы ыйгарылган. Ал ошол мектептин пайдубалын түптөп, устунун коюп, демилге көтөрүп ашар жолу менен кургандыгы үчүн айылдаштары сүймөнчүк менен “Биздин айылдын Дүйшөнү” деп аташар эле.

ӨРНӨКТҮН ДҮЙШӨНҮ ЭЛЕ

Исакбек Орозалиев 1931-жылы 8-мартта Жумгал районундагы Жаңы-Арык айылында туулуп-өскөн. 1946-жылы айылындагы мектепти аяктап, билимге суусап турган курбалдаштарынын катарында Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумга окууга кирет. 1949-жылы колуна дипломун алган жаш улан алгачкы эмгек жолун Чаек орто мектебинде мугалим болуп иштеп баштаган. Кийинки жылы жаш адисти Сары-Камыш айылындагы Кызыл-Октябрь мектебине жиберген. 1952-1953-окуу жылдарынан баштап Өрнөк мектебине которулуп, ал жерде мугалим, завуч, уюштуруучу, профсоюздун төрагасы болуп иштеп, идиректүү, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш мугалимдин жыл өткөн сайын тажрыйбасы артып, улам жооптуу кызматтарга ишеним менен дайындалып, урмат-сыйга ээ боло баштаган. Ал билимин улантуу максатында 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп аяктаган.

Анын бир тууган карындашы Сабира Орозалиева мындайча эскерет

— Исакбек агам биздин үй-бүлөбүздүн улуусу эле. Бардык бир туугандарына камкор эле. Өзү мугалим болгон соң, кичүүлөргө түз, таза, чынчыл жүрүүбүзду айтып, бир туугандарына, ал тургай, бүтүндөй айылдаштарына акыл-насааттарын айтып, билген билимин үйрөткөндөн тажачу эмес. Агам үчүн мектептеги иштери ар дайым биринчи орунда эле. Мектеп үчүн жанын дагы аябастан, чарчап-чаалыкканына карабай, адегенде мектептеги иштерин бүтүрүп, кайра эле эртеңки пландарын ойлончу. Байкем иштеген 1950-жылдары Өрнөк кат сабатсыз, билим алууга анча кызыкпаган айыл эле. Айылдагы төрт жылдык мектепке саналуу гана окуучулар бара турган. Исакбек агам айылдагы кээ бир окугусу келген чоң эле адамдарды да окуп билим алгыла деп үгүттөп мектепке тарткан үчүн анын кээ бир окуучулары өзү менен тең же өзүнөн улуу эле. Алардын баары байкемди ар дайым “агай” деп сыйлап турчу. Жеке эле окуучулары эмес, улуу-кичүү айылдаштарынын баары аны ушул кезге чейин “агай” дешет.

2018-жылы Исакбек агам түптөгөн эски мектепти бузуп, жаңы мектеп салуу демилгеси көтөрүлгөн. Бирок ар кандай себептер менен курулушу токтоп турган. 2023-жылы гана колго алынып, эки кабаттуу 150 орунга ылайык мектептин курулушу толук аяктады. Анын курулушуна келечек муун үчүн кам көрүп, көптөгөн жаңы мектептерди куруп жаткан президентибиз Садыр Жапаровдун салымы чоң болгонун билебиз жана ал үчүн айылдаштарымдын атынан ага терең ыраазычылык билдиремин. Агамдын ысымын алып жүргөн мектептен билимдүү, акыл-эстүү жаңы муундун татыктуу уул-кыздары билим алсын деген тилегимди билдиремин, — дейт бир тууган карындашы, билим берүүнүн ардагери Сабира Орозалиева. Айтмакчы, Сабира эже өзү Агрардык университетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасында дан өсүмдүктөрү жана техникалык өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча студенттерге кыйла жыл сабак өтүп, ардактуу эс алууга чыккан.

Айылдаштары, туугандары баса белгилегендей эле, Орозалиев Исакбек өзүнүн 44 жыл иштеген агартуучулук жолунда өзү эмгектенген мектеби, жашаган айылы үчүн зор эмгектерди жасаган. 1958-жылы колхоз мектеп жана мугалимдер үчүн үй салууга атайын жер бөлүп берип, курулуш материалдары менен камсыздаганда, үй куруу иштерин өзүнүн колуна алган жигердүү мугалим, өзү демилге көтөрүп, ашар жолу менен курулушун аяктаган. Айылдаштарынын айтымында, курулуштун устундарын өзү көтөрүп, ылай ташып, эртерээк аяктоонун камында тыным албай күнү-түнү иштеп жүргөн кезинде кырсык болуп, башынан жаракат алып калат. Алган жаракаттын кесепетинен көзүнүн көрүүсү начарлап, ден соолугуна бир топ эле доо кеткенине карабастан, баштаган ишин таштабай, кайраттуулук менен айылдаштарынын алдыңкы сап башында турганы дагы айыл тарыхынын барагында өлбөс-өчпөс болуп жазылып калды. Ошол кезде ал жогоруда айтылгандай “Биздин айылдын Дүйшөнү” деген сыймыктуу атка конгон.

ӨРНӨКТҮН ДҮЙШӨНҮ ЭЛЕ

1963-1964-жылдары ашар жолу менен аяктаган мектептин айланасында биологиялык участок түзүп, ага алма бак, карагат жана башка өсүмдүктөрдү өз колу менен олтургузганын айылдаштары алигүнчө сыймыктануу менен айтып келишет.

Жылдар өтүп айыл тургундарынын саны көбөйүп, аны менен кошо айыл кеңейе баштаганда, мектепке батпай бараткан балдарды көрүп, кошумча класстарды куруу муктаждыгын дароо сезген көсөм жетекчи жогорку органдарга кайрылып, нечен эшикти каккылап жүрүп, акыры 1968-жылы бир корпустун, 1978-жылы дагы бир корпустун курулушуна жетишкен.

Исакбек Орозалиев жеке эле мектептеги иштери менен чектелбей, мектептен тышкары коомдук иштерге активдүү катышып, колхоз башкармалыгынын активдүү мүчөсү катары, айылда, райондо кандай иш, тапшырма болсо да билек түрүп киришип, бардык маселелерди жеринде чече билген чечкиндүү жетекчи болгон. Колхоздун ар кандай коомдук жана чарбалык иштери боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына сөзсүз Исакбек агайды кошуп алышар эле. Ал ардактуу эс алууга чыккандан кийин өмүрүнүн аягына чейин айылда Аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштегени да, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы кызматына кайра-кайра шайланганы да, эки жолу айылдык кеңештин депутаты болгону да, бул адам жогоруда саналган сапаттардын анык болгонунун айкын далили.

Исакбек Орозалиевдин бир чети замандашы, бир чети кесиптеши, көп жыл ошол мектептин директору болуп иштеген ардагер мугалим Шайыр Маанаева кесиптешин Өрнөк айылынын өрнөктүү адамы эле деп эскерет.

— Өрнөктүү өмүрүндө агартуу тармагына сиңирген эмгеги, иштин көзүн таба билген көсөмдүгү, эмгекчилдиги, балдарга берген билим-тарбиясы бир өзгөчө эле. Муну айылдаштарынын баары жакшы билет. Бир эле учурда окуучуларына, кесиптештерине сүйүктүү агай жана кесиптеш болууга жетишип, ошол эле учурда талапты кое билген жана аны аткарта алган адам эле. Мектепке жакын жашаган үчүнбү, таң аткандан күн батканча мектептен чыкпай, тартип эле эмес, тазалыкты сактоого чейин көңүл бөлүп, мектеп дегенде жанын берип иштегени минтип татыктуу бааланып, ысымы ыйгарылганына биз да кубанабыз, —  дейт.

ӨРНӨКТҮН ДҮЙШӨНҮ ЭЛЕ

Анын өмүрлүк жолдошу Алый Тыныбекова дагы 40 жылдан ашык мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими, 11 жыл мектеп директору болуп иштеген. Ал дагы бир нече жолу райондук, айылдык кеңештин депутаты, мугалимдер сьездинин делегаты болгон. Алый эжейдин көп жылдык ак эмгеги татыктуу бааланып, Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы, Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Исакбек агай жубайы экөө бир туугандарынын тогуз баласын багып тарбиялап өстүргөн. Агайдын улуу жолун жолдоп анын келини Элмира Сейитканова ошол мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип, татыктуу улантып келатат.

— Өрнөк айылындагы мектепте 1989-жылы 1-сентябрда башталгыч класстын мугалими болуп иштеп баштаганмын. Ошол жылы ал айылга жогорку окуу жайын аяктаган төрт жаш адис барган элек. Биздин жашаган жерибиз жок болгондуктан, мугалимдердин үйлөрүнө бөлүштүрүлүп, иштеп жүрдүк. Мен болочок кайнатамдын үйүндө жашап жүрүп, буйрук экен, ошол үй-бүлөгө келин болуп калдым. Кайненем да көп жыл мектепте мугалим, директор болуп иштеген адам эле, мурда кесиптеш болсок, кийин бир үй-бүлө болуп калдык. Өзүм карапайым үй-бүлөнүн кызы элем, бир чети жаштыгымбы, көп нерселерди мен бүлө болуп түшкөн үйдөн үйрөндүм десем болот. Апам жибектей созулган келбеттүү, сулуу аялзаты эле, мен барганда ден соолугуна байланыштуу ардактуу эс алууда экен, ошого байланыштуубу, таалим-тарбияны көбүрөөк атамдан алдым, ал кишинин көп акыл-кеңешин уктум. Атам мага окуучуларга кандай мамиле жасоо керектигин, айрыкча, жакшы окуган, орто окуган жана начар окуган балдар менен кантип мамиле түзүп, канткенде балдардын ишенимине кирип, урмат-сыйга жетишүүгө болорун айтып, көптөгөн мисалдарды келтирип айтып берер эле. Ошол үйдүн тарбиясын көрүп, жолдошум экөөбүз очор-бачар бүлө күтүп үч балалуу болдук. Кызыбыз Майрамкүл чоң ата-чоң энесинин жолун жолдоп мугалимдик кесипти тандап алган, азыр Бишкек шаарындагы мектептердин биринде мугалим болуп иштейт, — дейт келини Элмира Сейитканова.

Жумурай журт Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө белсенип турган чакта өрнөктүктөр да келечек муунга билим үрөнүн сепкен агартуучу жердеши Исакбек Орозалиев атындагы мектептин жаңы имаратында жаңы окуу жылын баштап кубанып турган чактары.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер