РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: БИРИНЧИЛИКТЕ КИМДЕР?

  • 03.04.2024
  • 0

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабы жыйынтыкталды. Бул жылы таймашка республика боюнча 323 окуучу ат салышып, 52 окуучу алдыңкы орунга чыкты.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: БИРИНЧИЛИКТЕ КИМДЕР?

Олимпиаданын жыйынтыгында Бишкек такай алдыда. Мыкты жетишкендиктерин көрсөткөн 324 окуучу 12 предмет боюнча күч сынашты. Биринчи орунду сегиз окуучу, экинчи орунду алты окуучу жана үчүнчү орунду төрт окуучу ээледи.

Орус тили жана адабияты боюнча биринчи орунду алган №68 мектеп-гимназиясынын окуучусу Надырбекова Айдананын мугалими Жунусова Гулизанын сүйүнүчүндө чек жок. Ал республикалык олимпиада эки күн эки тур менен өткөнүн, катышуучулардын жөндөмүнө, инсандык өзгөчөлүктөрүнө карата сый-урмат мамиледе, жайдары атмосферада болгонун белгиледи. Айтымында, олимпиаданын тапшырмалары мурунку жылдарга салыштырмалуу татаалыраак болгон.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: БИРИНЧИЛИКТЕ КИМДЕР?

“Айдана сынакта тексттеги окуяларга, каармандарга, кубулуштарга өз мамилесин толук туюндуруп, негизги проблемаларды так көрсөттү. Окуучум үчүн бул ийгиликтеринин акыркысы эмес деп ойлойм, дагы көп жетишкендиктери алдыда”, – деп, Кыргызстандын келечеги өсүп келе жаткан муундун колунда экенин, мамлекет тарабынан мындай таланттуу окуучуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп шыктандырып турса дем болорун кошумчалады.

Баланын ийгиликке жетишине ата-эненин колдоосу аябай чоң таасирин тийгизет. Баратали Атабаев жети баланын атасы. Быйыл эң кичүү уулу Бектур биринчини алып сүйүнүп турган чагы. Уулу бала бакчадан тартып даярданып келгенин, өзүнүн аракети менен мындан да башка сынактарда мыкты жетишкендиктери бар экенине токтолду.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: БИРИНЧИЛИКТЕ КИМДЕР?

“Биз үйдө шартты гана түзүп бердик. Эч нерсеге алаксытпай, үй жумуштарына жумшаган жокпуз. Биз мугалимдерди өз чөнтөгүбүздөн акча чыгарып жалдайбыз, жол киренин бардыгын өзүбүз төлөйбүз. Ушуларга мамлекет көңүл бөлсө, мыкты жаштарга жол көрсөтсө өлкөнүн келечеги үчүн жакшы болмок”, – дейт жеңүүчүнүн атасы.

Баратали уулу Бектур Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу. Физика сабагына кызыгат, келечекте инженер болууну каалайт.

Ош шаары да билим сапатынын жетишкендиги боюнча алдыңкы орундарды бербей келет. Мында сегиз окуучу шаардан жана облустан эки окуучу алдыңкы орундарга ээ болду.

Шаардагы №32 Жолон Мамытов атындагы 10-класстын окуучусу Шамшиев Баэл окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили жана адабияты сабагынан биринчи орунду алды. Ал жеңишин эң биринчи мугалимдеримдин эмгеги деп айтып, аларга ыраазычылыгын билдирди.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: БИРИНЧИЛИКТЕ КИМДЕР?

“Олимпиадага катышуу оңой иш эмес, канчалаган эмгекти талап кылат. Күнүнө алты-сегиз сааттан даярданып жатып ушул жыйынтыкка жеттик. Мен үчүн жашоомдун бир бөлүгү болуп калды. Олимпиада жогорку деңгээлде, эң негизгиси, таза өттү деп ойлойм. Мени менен бирге болгон мугалимдерим Нургүл Тайирова менен Муратова Сажида эжеге ыраазымын”, – деди жеңүүчү.

Ал эми Нарын облусу 3-орунга чыкты. Сынакка катышкан 32 окуучунун үчөө 1-орунга, экөө  2-орунга жана эки окуучу 3-орунга татыктуу болду. Бул облус үчүн жакшы жыйынтык. Былтыр Нарын шаары, Ак-Талаа жана Ат-Башы райондору алдыда болсо, быйыл ага Кочкор району да кошулду.

Кочкор районунун Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын орус тили мугалими Касымалиева Жылдыз мектепте иштегенине 30 жылдын жүзү болду. Бул мезгил аралыгында көптөгөн окуучуларды республикалык олимпиадага даярдап, бирок байгелүү орундарга жетише элек болчу.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: БИРИНЧИЛИКТЕ КИМДЕР?

“9-класстын окуучусу Шайырбекова Рабия быйыл 2-орунду ээледи. Кийинки жылы бардык аракетибизди жумшап биринчиликти алабыз деген ниетибиз бар. Олимпиадага даярдануунун артында чоң түйшүк, эмгек болду. Ата-энелер, жалпы кесиптештер, окуучулар баары колдоду. Башка кошумча курстарга барбай, мектептен гана даярдандык. Өзүбүздүн болгон күчүбүз, билимибиз менен аракет кылып ушул даражага жеттик. Эң негизгиси, эмненин үстүндө иштөө керектигин билип алдык. Эмдиги жылы быйылкыдан да күчтүү даярдык көрөбүз”, – деген мугалим мектеп, окуучусу, өзү үчүн мыкты жетишкендик экенин айтып кубанды.

Быйыл Жалал-Абад облусу 4-орунда. Былтыр жалпы 37 окуучу катышып, 6 окуучу мыкты аталган.

Жылда алдыңкы орундарга татыган Ысык-Көл облусу быйыл эмнегедир артта калды. Облуста акыркы үч жылда билим сапатынын төмөндөп кетүү себебин Билим берүү институтунун лаборатория башчысы Тамара Мамырова төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: БИРИНЧИЛИКТЕ КИМДЕР?

“Бизде мурун көзөмөл жана мониторинг өткөрө турган уюм (ОБЛОНО) баарына анализ жүргүзүп турчу. Кийин ал уюм жоюлуп кеткен. Бул бир себеп. Экинчиден, мугалимдерибиз Ысык-Көл облустук билим берүү институтунан билимин жогорулатуу курсунан өтүп кеткенден кийин жеринен барып усулдук кайтарым байланыштын жоктугун дагы айта кетели. Үчүнчүдөн, табигый-илимий  предметтеринин лабораториялык, практикалык иштери талапка ылайык өтүлбөйт. Себеби лабораториялык каражаттар, химиялык реактивдер жетишсиз. Мындан сырткары, заманбап окуу китептеринин жоктугу. Мына ушул себептердин бардыгы биригип келип окуу сапатына таасирин тийгизүүдө”.

Тамара Мамыровна шаардык мектептерде бир класста окуучулардын сыйымдуулугунун көптүгү, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, кээ бир мугалимдердин кайдыгерлиги, басымдуу ата-энелердин баланын билим алуусуна кош көңүл мамиле жасаганы да артка тартып жатат деп эсептейт.

Ал ошондой эле конкурс жана предметтик олимпиада өткөрүү учурунда жеке менчик лицейлердин окуучуларынан  жалпы билим берүү мектеп, лицей, гимназияларынын окуучуларын бөлүп баалоо керектигине токтолду.

Баткен облусунда да ушул эле көрүнүш. Былтыр 3-орунда болсо быйыл бешинчи орунга жылып кеткен. Бул жолу олимпиадага 34 окуучу катышкан. Жыйынтыгында 2 окуучу 2-орун, 2 окуучу 3-орунду камсыз кылып, облус жалпы алты упайга ээ болду.

Кийинки сапта Чүй облусу, 4 алдыңкы орунду ээледи. Былтыркы олимпиаданын жыйынтыгында булар алдыда эле. 35 окуучунун тогузу 1-2-3-орундарды алышкан. Ал эми Талас облусу эки жыл катары менен артта калды.

Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы менен математика, физика, химия, биология, информатика предметтеринен жобонун негизинде 15тен алдыңкы окуучу тандалып, улуттук олимпиаданын акыркы туруна катышат. Учурда Улуттук олимпиаданын 4-этабы өтүүдө. Анын акыркы этабынын жыйынтыгы менен мыкты окуучулар эл аралык олимпиадага жолдомо алат.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер