РЕГИОНАЛДЫК ФОРУМ: АЙМАКТАРДАГЫ МУГАЛИМДЕР УСУЛДУК ЖАРДАМ АЛУУДА

  • 04.09.2026
  • 0

Агартуу министрлиги жаңы окуу жылын утурлап, аймактарга усулдук жардам берүү жана мугалимдерди колдоо үчүн  атайын билим берүү тармагындагы адистердин жоон тобун жөнөттү. Алар: Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин, «Окуу китеби» басма үйүнүн, Республикалык илимий-усулдук борбордун жана башка түзүмдөрдүн адистери жер-жерлерде усулдук иш-чараларды өткөрүп, мугалимдерди окутууга тийиш. Ошентип, 2026-жылдын 2–10-сентябрында өлкөнүн облустук борборлорунда жаңы окуу жылына даярдык көрүү боюнча усулдук иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Нарын облусу форумду өткөрүп жаткан алгачкы аймак болду.

РЕГИОНАЛДЫК ФОРУМ: АЙМАКТАРДАГЫ МУГАЛИМДЕР УСУЛДУК ЖАРДАМ АЛУУДА

Нарын

Форумга жалпы 545 адам катышып, алардын катарында райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, бала бакчалардын, мектептердин, кошумча билим берүү уюмдарынын жана кесиптик лицейлердин жетекчилери, алардын орун басарлары жана социалдык педагогдор болду.

Форумдун жүрүшүндө билим берүү тармагындагы негизги өзгөрүүлөр жана жаңы окуу жылындагы актуалдуу багыттар талкууланды.

Мектепке чейинки билим берүү багыты боюнча адистер тармактагы жаңылануулар, балдарды өнүктүрүүнүн жаңы программасы, ваучердик каржылоо системасы жана «Балалык» маалыматтык системасы тууралуу маалымат беришти.

РЕГИОНАЛДЫК ФОРУМ: АЙМАКТАРДАГЫ МУГАЛИМДЕР УСУЛДУК ЖАРДАМ АЛУУДА

Ал эми Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери педагогдорду жаңы окуу жылындагы негизги мазмундук жана методикалык өзгөрүүлөр, ошондой эле иштелип чыккан окуу-методикалык материалдар менен тааныштырышты. Жаңыланган предметтик стандарттар, окуу программалары, календардык-тематикалык пландар, тарбия иштеринин программасы жана методикалык сунуштамаларга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, 8-класстын окуучулары үчүн профилге чейинки даярдыктын программаларын ишке ашыруунун максаттары, мазмуну жана аны уюштуруунун өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү.

Нарын районунун «Чоң эне» МЧББУ мекемесинин директору Венера Токтакунованын айтымында, Агартуу министрлигинин өкүлдөрү тарабынан Нарын облусунун  билим берүү тармагынын жетекчилерине, анын ичинен МЧББУнун жетекчилери үчүн  «2026-2027-окуу жылында билим берүү процессин уюштуруу маселелери боюнча» өткөрүлгөн усулдук иш-чаралары абдан жемиштүү болду.

— Иш-чаралардын 1-бөлүгүндө Агартуу министрлигинин адистери тарабынан 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча жүрүп жаткан иштер, окуу китептеринин чыгарылышы жана билим берүү уюмдарына берилүү жолдору, жетекчилердин ваканттык орундары үчүн сынактарга катышуу тартиби, АИС мугалимге катталуу тартиби жана дагы башка билим берүүгө тиешелүү маселелер, билим берүүдөгү жетишкендиктер боюнча презентациялар болду. 2-бөлүгүндө ар бир тармакта өзүнчө секциялык иштер өткөрүлдү. МЧББУ директорлору үчүн өткөрүлгөн секциялык иште, мектепке чейинки билим берүүдө болуп келген көптөгөн көйгөйлүү суроолорго жооп ала алдык. Кыскача атай кетсем: мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын тамактануусун уюштуруудагы тендер маселеси, тамак-аш үчүн төлөмдөр, имарат көйгөйү, медайымдардын ставкасы, усулчулардын жетишсиздиги, усулдук материалдардын аздыгы, жаңы программа боюнча керектүү колдонмолор жана башка көптөгөн маселелер боюнча суроо-жооптор болду, — дейт жетекчи.

Акырында ар бир  тармакка тиешелүү 10 суроо-сунуштардан турган резолюция кабыл алынды.

Ат-Башы районундагы “Казыбек-Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Элмира Эсеналиеванын пикиринде, секциялык иштерде алгылыктуу окууларды өткөрүшкөн.

— Абдан маанилүү, керектүү маселелер секцияларда каралды. Бизди кубандырганы айтылган көйгөйлөр жогорку жетекчилерге жеткирилет дешти. Биздин бала бакчада жаңыча пландар түзүлүп, үч деңгээлде жүргүзө баштадык: репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү боюнча. Үч деңгээлдин негизинде КТП, план конспектилер түзүлүп баштады. Жаңы программа боюнча 11 чөйрө менен иш жүргүзө баштадык. Ал ар бир тайпага бөлүштүрүлүп, ага карата иштер жүргүзүлүүдө, — дейт жетекчи.

Көкүрөктө сакталып жүргөн суроолорго мугалимдер, жетекчилер жоопторду алып, жемиштүү жолугушууга канааттана кубанып тарашканын белгилешти. Ошондой эле Агартуу министрлигинин командасына жемиштүү жолугушуу уюштургандарына терең ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар тез-тез болсо, дем-күч, усулдук жардамдарды көп алып, билим берүү тармагыбызда ийгиликтер дагы бийиктей берет деген ишенимин билдиришти.

Ысык-Көл

Бул аймакта деле иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар, жаңы окуу жылындагы негизги өзгөрүүлөр жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

РЕГИОНАЛДЫК ФОРУМ: АЙМАКТАРДАГЫ МУГАЛИМДЕР УСУЛДУК ЖАРДАМ АЛУУДА

Катышуучулар мектепке чейинки, жалпы, кошумча жана кесиптик билим берүү багыттарындагы жаңылануулар, окуу программалары менен стандарттар, педагогдордун кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын баалоонун жаңы ыкмалары тууралуу маалымат алышты.

РЕГИОНАЛДЫК ФОРУМ: АЙМАКТАРДАГЫ МУГАЛИМДЕР УСУЛДУК ЖАРДАМ АЛУУДА

Ошондой эле окуу китептери менен камсыздоо, санариптик билим берүү ресурстарын өнүктүрүү, дуалдык жана профилдик окутууну жайылтуу, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

РЕГИОНАЛДЫК ФОРУМ: АЙМАКТАРДАГЫ МУГАЛИМДЕР УСУЛДУК ЖАРДАМ АЛУУДА

Форумдун алкагында секциялык жыйындар уюштурулуп, анда катышуучулар адистер менен билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулап, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Кезек эми башка региондорго келди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер