РЕФОРМАНЫН ИЙГИЛИГИ АР БИРИБИЗДИН АРАКЕТИБИЗГЕ ЖАРАША
- 17.06.2025
- 0
Көл жээгинде 800дөн ашуун мугалимдердин катышуусунда «Жаңылыктын жарчысы» аттуу форум-семинар өтүүдө. Беш күндүк маанилүү жыйынды ачып жатып, Догдуркүл Кендирбаева ар бир мугалим мектеп реформасынын жарчысы болмоюн, бул иштин ийгилиги тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес деп айтты. Реформанын жарчысы болуш албетте, оңой эмес. Ал үчүн азыркы «Алтын казык» программасынын алкагында билим берүүнү заман талабына шайкеш трансформациялоонун түпкү максатын, 12 жылдык билим берүүдөгү мазмундук өзгөрүүлөрдүн багытын, ошол эле учурда ар кандай жаңылануунун артыкчылыктарын жана тоскоолдуктарын аңдап билүү зарыл.
«Бизге он бир жылдык мектеп эле жетишет» дегендерге…
Андайлар ар бир айылда, ар бир мектепте, мугалимдер жамаатында, ата -энелердин, жада калса эл өкүлдөрүнүн арасында болушу мүмкүн. Бул пикирди карманган адамдар баарынан мурун азыркы билим берүүнү заман талабына шайкеш трансформациялоо аракети бул дүйнөлүк тенденция экенин, ал бир адамдын же бир топтун каалоосу боюнча жүрбөгөнүн билишпейт же атайылап эле билгиси келишпейт. Аларга өлкө башчыбыз менен агартуу министринин он эки жылдык билим берүүгө өтүү тууралуу жүйөлүү пикирлерин келтирип, түшүндүрүп коюу албетте, ашыктык кылбас.
Өлкө президенти Садыр Жапаров “Азыр дүйнө тынымсыз, күн сайын өзгөрүү жолунда болууда. Дүйнө жүзүндө 150дөн ашуун өнүккөн өлкөдө заман талабына ылайык 12 жылдык билим берүү системасы аркылуу окутуунун мазмуну, билим берүүнүн ыкмалары өзгөртүлдү. Буга байланыштуу, бизде да билим берүүнүн түзүмү гана эмес, мазмуну да өзгөрөт. Заман талабына жооп берген жаңы окуу китептери киргизилет. Окутуунун методикасы дагы өзгөрөт: билимди жаттап алуунун ордуна, окуучулар аны практикалык колдонууга өтүшөт», — деп билим берүү тармагында реформанын зарылдыгын белгилейт. (Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президенти, «Дүйнө баскан жолго багыт алалы»).
Ал эми Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева «Биздин мамлекет билим берүү системасын трансформациялоого 25,8 миллиард сом жумшоо тууралуу маанилүү жана батыл чечим кабыл алды. Бул алдыга жасалган чоң кадам. Бул каражаттар чындап маанилүү иштерге: мектептерди жаңыртууга жана заманбап инфраструктураны курууга, жаңы окуу программаларына жана окуу китептерине, мугалимдерибиздин квалификациясын жогорулатууга, мектептерди лабораториялар жана санариптик технологиялар менен жабдууга жумшалат», деп өзү башкарган тармактагы олуттуу өзгөрүүлөрдүн башталганын, бул иште артка кайтуу жок экенин жалпы коомчулукка жарыя кылды. (Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри).
Ошентип, эгемендүү өлкөбүздүн билим берүү тармагында жаңылануу жараяны башталды. Жаңы окуу жылынан тартып 1-2-класстар жана 5- жана 7-класстар 12 жылдык билим берүү программасы боюнча окуй башташат.
STEM-билим берүүгө (илим, технология, инженерия, математика) өзгөчө көңүл бурулат, PISA жана TIMSS изилдөөлөрүндө лидер өлкөлөрдүн STEM-окуу китептери адаптацияланып жана басылып чыгарылат.
Математика, табият таануу, физика, химия, биология жана англис тили боюнча бардык класстар үчүн окуу китептери толугу менен жаңыланат.
Англис тили, мурдагыдай эле, 3-класстан 12-класска чейин окутулат.
10-12-класстарда профилдик окутуу киргизилип, окуучуларга келечектеги кесиби үчүн керектүү предметтерди тереңдетип окууга мүмкүндүк берет (мисалы, инженерия, медицина, гуманитардык илимдер).
Жогорку класстарда профилдик окууну аяктагандан кийин окуучуларга тиешелүү кесиптик квалификация ыйгарылып, мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет.
Кыргыз Билим берүү академиясынын жетектөөчү адиси, профессор, педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рысбаев көл жээгиндеги форумда 1-сентябрда мектепке келүүчү алты жаштагылар кайсыл окуу китеби менен окушат деген маселе кабыргасынан коюлганын айтат.
— Мугалимдерге алты жаштагылар экинчи чейрекке чейин «Алиппеге даярдык» деген жумушчу дептер менен иштешерин, андан кийин «Алиппени» окуй башташарын кабарладык. Мындан тышкары, үч агым менен семинарга келип жаткан 600дөй мугалимдерге, окуу бөлүмүнүн башчыларына, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчуларына Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары «Алтын казык» программасы боюнча түзүлгөн предметтик стандарттардын өзгөчөлүгү, окууучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр, баалуулуктар, жаңы предметтер, жаңы окуу китептери, алар менен иштөөнүн талаптары жөнүндө маалымат берип жатабыз. Түштөн кийин катышуучулар 6 топко бөлүнүп, окуу-тарбия процессиндеги пайда болгон көйгөйлөрдү талкуулашууда, — дейт Сулайман Казыбаевич.
Форумдун биринчи күнүндө катышуучулар мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, предметтик стандарттар боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери тарабынан жасалган баяндамасы менен таанышып, суроолоруна жоопторду алышса, экинчи күнүндө Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун башкы директорунун академиялык иштер боюнча орун басары Н.К.Жоошбаев «Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу» темасында, институттун башкы адиси Ж.Укеева «Институттун санариптик платформалары» боюнча баяндама жасап, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана анын өзгөчөлүктөрү, алдыга коюлган пландар менен тааныштырышты.
Ыкчам жолугушуулар форматындагы табияттагы талкуу уюштурулуп, билим берүүнүн 12 жылдык түзүмүнө өтүүдө жаралчу көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору каралып, Жол картасы иштелип чыкты.
Күндүн экинчи жарымында билим берүүнүн сапатын баалоого арналган «Баалоо» улуттук программасы, билим берүү системасындагы санариптик платформалар тууралуу кеңири маалымат алышты.
Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева катышуучуларга окуучулар жана мугалимдер үчүн даярдалган «Санарип кампa», «Э-күндөлүк», «Мектепке электрондук каттоо” жана башка санариптик платформалар боюнча презентация жасап, мугалимдердин суроолоруна жооп берди.
Форумдун алкагында Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту «Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу» темасында баяндама жасап, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана анын өзгөчөлүктөрү, алдыга коюлган пландар менен тааныштырды.
Институттун кызматкеринин айтуусунда, 12 жылдык билим берүү түзүмүнө өтүүдө республика боюнча 1, 2, 5, 7-класстардын математика, табият таануу мугалимдери жана англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн 270 мастер-тренер иш алып барат.
Мастер-тренерлерди 2025-жылдын 14-июлунан 18-июлунан чейин сингапурдук тренерлер атайын окутуудан өткөрөт. Ал эми мектеп мугалимдерин окуудан өткөрүү ушул жылдын 28-июлунан тарта башталат.
1, 2-класстардын мугалимдери менен 110 мастер-тренер, 5, 7-класстардын мугалимдери менен 110 мастер-тренер, англис тили мугалимдери менен 50 мастер-тренер иш алып барат.
Маалымат үчүн
12 жылдык бизге кандай артыкчылыктарды берет?
12 жылдык мектеп окуучуларга көптөгөн маанилүү артыкчылыктарды берет:
Терең түшүнүү: 12 жыл окууда балдар ар бир предметти терең түшүнүү үчүн жетиштүү убакытка ээ болушат. Бул материалды жакшыраак өздөштүрүүгө жардам берет, ошондой эле өз алдынча (сынчыл) ой жүгүртүүгө жана билимди иш жүзүндө колдонууга үйрөтөт.
Келечек жолду аң-сезимдүү тандоо: Мектепте көбүрөөк убакыт балдарга ар кандай илимдер менен жакшыраак таанышууга, аларды чындап эмне кызыктырганын түшүнүүгө жана келечектеги кесибин туура тандоого мүмкүндүк берет.
Жеке өнүгүү жана баарлашуу: Мектептеги 12 жыл башкалар менен баарлашууга, ар кандай мектеп иш-чараларына катышууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. Бул лидерлик сапаттарды жана чыгармачылык жөндөмдөрдү өнүктүрөт. Бул гармониялуу инсан болуу жана чоңдордун жашоосуна даярдануу үчүн абдан маанилүү.
Заманбап эмгек рыногуна даярдык: Жогорку класстарда окуучулар өздөрү кызыккан багытта — гуманитардык илимдерди, техниканы же табигый илимдерди тандай алышат. Заманбап эмгек рыногу бүтүрүүчүлөрдөн билимди гана эмес, командада иштөө, сынчыл ой жүгүртүү, жакшы баарлашуу жана чыгармачыл болуу жөндөмүн талап кылат.
ЖОЖдордо кайталап окутуу жоюлат: Негизги предметтер мектепте эле окутулгандыктан, студенттер университеттерде дароо эле келечектеги кесибин окуй баштайт. Бул жогорку окуу жайларында окуунун жалпы убактысын кыскартат жана бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушат.
Стресс жана чарчоо азаят: Окутуу бирдей темпте ырааттуу жүргөндүктөн окуучуларда стресс азаят жана өзгөчө жогорку класстарда чарчабай демдүү болушат.
Жогорку окуу жайына тапшыруу жеңилдейт: 12 жылдык билим берүү бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлин дүйнөлүк стандарттарга жакындатат. Бул жогорку окуу жайларына, өзгөчө чет өлкөлүк ЖОЖдорго тапшырууну жеңилдетиши мүмкүн.
Ар бир окуучуга жардам: Кошумча убакыт окуудан жетишпегендерге жардам берүүгө жумшалат же, тескерисинче, ар бир окуучунун жөндөмү жана муктаждыктарына карап жеке түрдө колдонсо болот.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер