РАКАТ БАЯЛИЕВАНЫН ИЙГИЛИК ЖОЛУ
- 02.11.2026
- 0
Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы Калкан Керималиев атындагы жалпы билим берүү мектеби — аймактагы сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүнүн очогу. Бул мектептин ийгиликтеринин, билим сапатынын жогорулашынын артында өз кесибине берилген, эмгекчил жана изденгич педагогдордун талыкпас эмгеги турат. Ошондой сыймыктуу мугалимдердин бири — окуу бөлүмүнүн башчысы, диндердин өнүгүү тарыхы сабагынын мугалими Ракат Баялиева.

Лаборанттыктан окуу бөлүмүнүн башчылыгына чейинки жол
Ракат Аскербаевна эмгек жолун 2009-жылы аталган мектепте жөнөкөй лаборант болуп баштаган. Өзүнүн жоопкерчиликтүүлүгү, эмгекчилдиги жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууга болгон умтулуусу менен ал кийин эмгек, технология, турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери мугалими, социалдык педагог, класстан жана мектептен тышкары иштердин уюштуруучусу кызматтарын аркалаган. Ал эми азыркы тапта окуу бөлүмүнүн башчысы жана диндердин өнүгүү тарыхы сабагынын мугалими катары үзүрлүү эмгектенип келет.
Ракат Баялиева — педагогикалык чеберчилиги жогору, заманбап усулдарды кеңири колдонгон чыгармачыл мугалим. Сабак өтүүдө интерактивдүү ыкмаларды, окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү технологияларды натыйжалуу пайдаланат. Ошондой эле окуучуларды адилеттүүлүккө, толеранттуулукка, түрдүү диндер менен маданияттардын өкүлдөрүн урматтоого тарбиялоого өзгөчө маани берет.
Кесиптик сынактардагы ийгиликтери жана сыйлыктары
Мугалимдин ар бир жетишкендиги — анын талыкпас эмгегинин натыйжасы. Ракат Аскербаевна кесиптик чеберчилигин жогорулатууда ар дайым алдыда. Маселен, ал «Санарип мугалим Дубай — 2023» конкурсуна катышып, Алматы шаарына акысыз жолдомо ээси болгон.
«Жылдын мыкты мугалими – 2024» республикалык сынагынын райондук жана облустук этаптарында I орунду камсыз кылган. Ошондой эле республикалык этапта тестирлөөдөн жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, сынакка активдүү катышкандыгы үчүн Дубай шаарына жолдомо алган.
Анын эмгектери жогору бааланып, КР Агартуу министрлигинин диплому, «Мыкты мугалим» жана «Эл агартуунун мыктысы» төш белгилери менен сыйланган.
Мектептин билим сапаты жана туруктуу ийгиликтери
Окуу бөлүмүнүн башчысы катары Ракат Аскербаевна мектептеги окуу процессин туура уюштурууга, билим сапатына системалуу мониторинг жүргүзүүгө жана мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүн арттырууга чоң салым кошууда. Анын жетекчилиги астында мектептин окуу-тарбия көрсөткүчтөрү жылдан-жылга жогорулап келет.

«Алтын тамга» жана «Алтын сертификат»
Мектеп өзгөчө үлгүдөгү «Алтын тамга» аттестатына ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо туруктуу көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келет. Ошондой эле ЖРТдан эң жогорку балл алган «Алтын сертификат» ээлеринин чыгышы да мектептеги билим сапатынын айкын далили.

Алсак, 2025-2026-окуу жылындагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча мектеп район боюнча I орунду ээледи. Ал эми окуучулар предметтик республикалык олимпиадада аймактын намысын коргоп, республикалык деңгээлде активдүү катышып келишет.
Бул жетишкендиктер — педагогикалык жамааттын, окуучулардын жана ата-энелердин биргелешкен ынтымактуу эмгегинин, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү максаттуу даярдоо иштеринин үзүрү.
Сөз соңу
Кадыр-барктуу педагог, тажрыйбалуу уюштуруучу Ракат Аскербаевна жаш мугалимдерге методикалык жактан көмөктөшүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. Өзүнүн көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана агартуу тармагына кошкон баалуу салымы менен Ракат Баялиева — эл сыйлаган, кадырлуу алдыңкы педагогдордун бири.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)