БИШКЕК ШААРЫ – БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ФЛАГМАНЫ
- 21.06.2024
- 0
Бишкек шаардык Билим берүү департаменти 2023-2024-окуу жылын жыйынтыктап жатып, республика деңгээлинде өткөрүлгөн сынактарда, олимпиадаларда ж.б.у.с. билим атаандаштыкта борбор калаадагы билим берүү мекемелери сөзгө аларлык ийгиликтери менен алдыда келатканын белгиледи. Санариптештирүү доорунда борбор калаа башка аймактарга өрнөк болууда кандай өзгөчөлүктөрү, жаңылануулары менен бөлүшө алат, окуу жылы ичинде эмнеге жетишти, дегеле департаменттин милдетине эмнелер кирет деген суроо менен Бишкек шаардык Билим берүү департаментинин директору Рахат МУСАЕВАга кайрылдык.
— Рахат Ишенбековна, ааламдашуу шартында билим берүү тармагы трансформациялоого багыт алды. Бул жаатта Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде кандай жаңылануулар бар?
— Билим берүү – Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүн шарттаган артыкчылыктуу тармактарынын бири. Өлкө адам ресурстарына жараша өнүгөт, ал эми аны камсыз кылуу үчүн заманбап билим берүү системасын түзүүгө өзгөчө талап кылынат. 2015-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясында 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн максаттары белгиленип, анын ичинде сапаттуу билим берүүнү жана бүткүл жашоодо бардыгына билим алууга жеткиликтүү мүмкүнчүлүк түзүү максаты негизги документ катары кабыл алынган. Билим берүүнү заманбап талаптарга жараша өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасында акыркы жылдары бир нече маанилүү укуктук-ченемдик документтер кабыл алынды, алар: «Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021–2030-жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы», «Жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты», «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» ж.б. Бул документтерде билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары белгиленип, окутууну натыйжага багыттоо, окуучулардын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу, инсанга багытталган билим берүүнү ишке ашыруу, маалыматтык технологияларды колдонуу менен билим берүү системасын куруу, башкаруу деңгээлинде маалымат менен алмашуу, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү аркылуу билим берүү сапатын жогорулатуу негизги милдеттер катары каралган. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү санариптештирүү заманбап реалдуулукка айланып, билим берүү ишмердүүлүгүнө инновацияларды киргизүү зарылдыгын жаратууда. Заманбап стандарттарды жана алдыңкы технологияларды эске алуу менен санариптик технологияларды колдонуу билим берүү процессинин санариптик трансформациясына алып келди. Бул бардык окуу процессине бирдей мүмкүнчүлүк түзүүгө, мугалимдерди заманбап маалыматтык коомдо кесиптик социалдашуу үчүн зарыл болгон компетенцияларын калыптандырууга мүмкүндүк берет.
— STEM багытында бир топ иштер аткарылып жатат окшойт?
— Ооба. STEM4ALL x Mentoring Her долбоору Япония өкмөтү тарабынан каржыланган Digital x Scale Accelerator программасынын бир бөлүгү. Бүгүнкү күнү 10 мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (№ 35, 51, 162, 22, 64, 18, 71, 182, 4, 61) STEAM багыты боюнча ийгиликтүү иш жүргүзүлүүдө. Бул долбоор жаңы окуу жылында бала бакча менен мектеп арасында улантуучулук уюштуруу пландаштырылып, 10 мектепке киргизүү пландалууда. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан колдоо көрсөтүлүп, каржылоо маселеси чечилди.
Глобалдашуу шартында билим берүү системасы эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болуучу адистерди даярдоого багытталууга тийиш. Ушуга байланыштуу билим берүү системасынын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн билим берүүнүн сапатына карата талаптар жогорулап жатат. Билим берүүнүн мазмунуна глобалдык жарандуулук, толеранттуулук, маданияттар аралык коммуникациялар, көп тилдүү билим берүү ж.б.у.с. окутуунун натыйжалары киргизилүүдө. Жаңы технологияларды өнүктүрүү, аны өздөштүрүүнү, санариптик көндүмдөргө окутууну талап кылууда. Ушуга байланыштуу билим берүү системасынын алдында мугалимдердин жана окуучулардын арасында компьютердик сабаттуулукту жогорулатуу, санариптик технологияларды эске алуу менен билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүү, өзгөрүп туруучу технологиялык чөйрө аркылуу аралыктан жана башка формада билим берүүнү күчөтүү жолунда баратабыз. Департаменттин ишинин максаты — билим берүү жаатында бирдиктүү саясатты жүзөгө ашыруу. Бишкек шаарынын муниципалдык билим берүү уюмдарында билим алуусу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын камсыз кылуу жана коргоо, билим берүү чөйрөсүндө аткаруу жана башкаруу иш-милдеттеринин аткарылышы, мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүүдө мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруу биздин максат. Департаментин негизги милдеттерине муниципалдык билим берүү уюмдарынын тармагын жана билим алуу үчүн жарандардын укуктарын камсыз кылуу; жаштарды кесиптик даярдоо маселелерин координациялоо; окуу-тарбия процессин өнүктүрүүгө багытталган программаларды ишке ашыруу, коомдун билим берүүчүлүк жана интеллектуалдык дараметин түзүү жана жогорулатуу; мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүүнүн деңгээлдерин камтыган үзгүлтүксүз билим берүүнүн тутумунун тармагын рационализациялоо жана өнүктүрүү; муниципалдык билим берүү уюмдарынын ишинин мониторингин жүргүзүп туруу кирет.
— Шаардык мектептерге, бала бакчаларга электрондук тизме кирсе деле негедир микроучастоктогу жарандардын Сиз жогоруда белгилеген укуктары бузулуп, 1-класска, бала бакчага кире албай жаткан учурлар бар экен. Маселе кандай нукта чечилет?
— Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык тутум аркылуу Кыргыз Республикасынын ар бир жараны мектепке чейинки (6 айдан 7 жашка чейин) жана мектепте билим алуу үчүн баланы бирдиктүү электрондук реестрге каттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бала бакчаларда микроучасток жок, кезеги келгенде арыз берген жарандын электрондук почтасына билдирме келет. Ошонун негизинде бала бакчага тиешелүү документтерин тапшырып, баласы бала бакчага бара баштайт. Кезектерин көп күтүп калганынын себеби, жеңилдиги бар жарандардын кезегинин алдыга жылышы.
Ал эми мектептерде Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 388 «Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө» токтомунун алкагында, ар бир билим берүү мекемелеринин микроучасткаларынын чектери муниципалдык администрацияларынын токтомунун негизинде бекитилет. Мектепке электрондук каттоо автоматташтырылган маалыматтык системасы, мамлекеттик каттоо системасынын маалыматтык базасы менен интеграциялангандыгына байланыштуу, бекитилген чектер аталган системага киргизилет.
Өзүңүз билгендей эле, мектепке катталуу эки этаптан турат. Биринчи этабы – мектептин микручастогунда катталып, туруктуу жашагандар үчүн, ал эми экинчи этабы -микроучасткадан тышкары жашап, каалаган мектебине катталса болот. Микроучасткада жашап, өз убагында каттала албаган жарандар, жанында жайгашкан мектептерге катталууга мүмкүнчүлүгү бар.
— Окуу жылы жыйынтыкталып жатат. Кандай ийгиликтерди атап кете аласыз?
— 2023-2024-окуу жылында шаардык билим берүү тармагы көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Эң негизгисин атап кетейин. Алсак, 2024-жылдын 26-27-февралында жалпы билим берүүчү 11 предмет боюнча мектеп окуучуларынын республикалык (шаардык) олимпиадасынын III этабы өткөрүлдү. Шаардык олимпиадага райондук этаптын 163 жеңүүчүлөрү катышып, 62 окуучу 1-, 2-, 3-орундарга ээ болушту.
Ал эми, 2024-жылдын 26-27-мартында республикалык олимпиада болуп, Бишкек шаарынан 43 окуучу катышып, 18 байгелүү орунга ээ болуп, командалык эсепте Республика боюнча 1-орунду ээлешти.
2024-жылдын 15-январында «Оку, жарат, изилде!» жалпы билим берүү уюмдарынын 1-6-класстарынын окуучуларынын арасында Республикалык долбоорлоо жана изилдөө сынагынын шаардык этабы болуп өтүп, 10 курама команда жеңүүчү болуп аныкталды. Ушул эле сынактын республикалык туруна № 65, 86, 88 мектептин окуучулары катышып, №86 жана 88 мектептер 1- жана 2-орундун ээлери болушту.
2024-жылдын 5-7-апрелинде Красноярск шаарында (Россия Федерациясы) өткөн «РОБОТОТЕХНИКА 5.0» робототехникасы боюнча чемпионатта №24 мектеп-гимназиясынын командасы катышып, 570 команда катышкан иш-чарада берилген беш байгенин ичинен бир байгеге ээ болушту.
Үч мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (№ 1, 19, 25) балдарды мектепке чейинки билим берүү менен көбүрөөк камтуу жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бөлмөлөрүн натыйжалуу пайдалануунун алкагында жылма керебеттер орнотулуп, алар кошумча бош аянтты түзүп, ошону менен балдардын санын дагы 694кө көбөйдү.
Быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынан 43 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болуп, республика боюнча 1-орунду ээледик.
Бишкек шаарынын билим берүү системасындагы процесстерди автоматташтыруунун алкагында, санариптик трансформациялоо максатында Бишкек шаарынын мэриясынын 103 жалпы билим берүү чөйрөсүндө башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана абалга оперативдүү мониторинг жүргүзүү үчүн жана билим берүү мекемелеринде көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты боюнча “Санариптик мектеп” долбоору ишке кирип, ийгиликтүү иш алып барууда.
— Сиз белгилегендей, Бишкек шаары адаттагыдай эле республикалык олимпиадада, Алтын тамга, ЖРТда алдына эч кимди чыгарбай келет. Сыры эмнеде?
— Окуучулардын инсандыгын калыптандырууда мугалимдер чоң роль ойнойт. Мектептин баланын өнүгүүсүнө тийгизген таасири көбүнчө педагогдордун билим берүү процессине болгон мамилеси менен аныкталат. Окуучулардын сабактарга болгон кызыгуусу окутуунун сапаты менен түздөн-түз байланыштуу, ошондуктан мугалимдин негизги милдеттеринин катарына компетенттүү жана кызыктуу материалдар менен сабак өтүү, окууга түрткү берүү жана окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү болуп эсептелинет.
Базалык билим алуу процессинде ар бир окуучулардын өзүнүн артыкчылыктары жана атайын кызыкчылыктары калыптанат. Чоңойгон сайын окуучулар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана жашоо перспективаларын, ошондой эле келечектеги кесиптик ишмердүүлүк чөйрөлөрүн түшүнө башташат. Мугалимдин маанилүү милдети, ушул учурда, өспүрүмдү колдоо, алардын максатын аныктоого жардам берүү жана туура идеалдарды жана баалуулуктарды эске алуу менен иш-аракеттердин алгоритмин түзүү. Окууга болгон мотивация адам белгилүү бир билимдин практикалык маанисин түшүнгөндө олуттуу жогорулай турганы белгилүү. Ошондуктан, мугалимдин биринчи милдети болуп, окуучунун окууга болгон жалпы кызыгуунусун ойготуу, алынган билимдин маанисин жана максатын жеткиликтүү жеткирүү болуп эсептелинет. Албетте, ата-энелердин дагы кошкон зор салымы чоң. Алар дагы баласынын келечегин ойлоп, кошумча курстарга окутууга аракет кылат. Ошол себептен балдардын жогорку көрсөткүчтөрү түздөн-түз мектеп менен ата-энелердин кызматташуусунун жыйынтыгы. Ошондой эле материалдык-техникалык базанын учурунда камсыздалып турушу, заманбап технологиялар менен жабдылышы дагы маанилүү.
— Келечектеги планыңыз?
— Келечекте пландар көп. Эң негиздерин атап кетейин. Биринчиси — белгилүү болгондой эле, 2023-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясы, Министрлер кабинети жана аймактарды өнүктүрүү фонду менен биргеликте Биринчи май районунун 1-МЧББУда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылды.
Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Аймактарды өнүктүрүү фонду менен биргеликте өлкө башчыбыз С.Н.Жапаровдун тапшырмасынын жана долбоордун негизинде имараттын бөлмөлөрү, сырткы абалына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүлүп, эмерек, ашкана жабдуулары, компьютердик техника менен камсыз кылынып, заманбап балдар аянтчасы менен жабдылды.
Бүгүнкү күнү, жогорудагы долбоордун алкагында үч мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (№ 1, 19, 25) балдарды мектепке чейинки билим берүү менен көбүрөөк камтуу жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бөлмөлөрүн натыйжалуу пайдалануунун алкагында жылма керебеттер орнотулуп, алар кошумча бош аянтты түзүп, ошону менен балдардын санын дагы 694кө көбөйдү.
Балдардын билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү: балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу үчүн жаңы ыкманы колдонуу 10 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын уктоочу бөлмөлөрүн кайра түзүү боюнча иштер башталды, балдардын санын 2 420 балага көбөйтүү пландалууда.
Ошондой эле, 2024-жылы 8 мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу пландаштырылган, долбоордук кубаттуулугу 1 840 орун, кайра түзүүнүн алкагында балдарды саны 3 820 балага көбөйтүү күтүлүүдө.
Жалпысынан 2024-жылы муниципалдык МЧББУга келген балдардын санын 6 240 балага көбөйтүү пландаштырылган. Экинчиси — “ЭтноSTEAM” долбоорунун алкагында бардык бала бакчаларды тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу. Негизги максаты — өсүп келе жаткан муунду руханий-адеп-ахлактык тарбия берүү сапатын жакшыртуу болуп эсептелинет. Экологиялык материалдардан (жыгачтан) жасалган оюнчуктарды сатып алуу менен жергиликтүү өндүрүүчүлөргө шарттарды түзүү. Жаңы окуу жылынын башталышына чейин бардык бала бакчалар тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылынат.
Үчүнчүсү — бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү жана ашыкча жүктөлгөн мектептердин жүктөмүн азайтуу максатына “Мектеп — мектеп” долбоорун киргизүү.
Төртүнчүсү — окуучулардын мектепке келип кетүүсүн, тартибин эки тараптан көзөмөлдөө, ата-энелерге маалыматты тез жеткирүү, мектептин иш кагаздарын санариптештирүү жана баардык маалыматтарды борборлоштуруу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борбору муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Акылдуу мектеп” долбоору ишке киргизилди. Бул долбоор азыркы учурда Ленин жана Октябрь райондорунда 100 пайызга аткарылды. Свердлов жана Биринчи май райондорунда 95 пайыз аткарылып, окуу жылынын башына чейин 100 пайыз аткарылат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер