ПСИХОЛОГИЯ ЖАНА БАЛА: ИШЕНИМ, КООПСУЗДУК ЖАНА ЭТИКА
- 21.10.2026
- 0
Биздин маектешибиз И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун психология факультетинин магистр-окутуучусу, илимий изденүүчүсү — Дарыгүл АБДЫКЕРИМОВА. Анын кесиптик ишмердүүлүгүнө баам салсак, жалпы психология, социалдык психология жана ишкердик баарлашуу психологиясын окутуу, балдарды жана үй-бүлөлөрдү психологиялык жактан консультациялоо, кеңеш берүү, билим берүү, инклюзивдүү окутуу жана позитивдүү тарбиялоо багытында семинар-тренингдерге катышып, мектепте, колледжде, психолог, волонтер, консультант болуп иштеген. Андан тышкары, НЛП-Практик, НЛП-Мастер, андрогогика, билим берүүдөгү заманбап тенденциялар, билим берүү жана жасалма интеллект боюнча квалификациясын жогорулатуу багытында тынбай изилдөө жүргүзүп келген адис экендигин да окурмандарыбызга маалымдай кетели.

— Дарыгүл Бакыевна, азыр эмне үчүн психолог керек? Бул суроо акыркы учурда коомчулукта актуалдуу маселенин бири катары кызуу талкуу жаратып жатпайбы.
— Себеби, акыркы мезгилде өспүрүм балдардын өмүрүнө коркунуч туулган, өлүм менен аяктаган кайгылуу окуялар көбөйүүдө. Спорт менен машыгууда да коркунучтуу жагдайлар түзүлүп жатат. Азыр бир муштап өлтүрүп алып жатышканы эмнеден кабар берет? Ата-эненин да, машыктыруучунун жоопкерчилигин күчөтүү керек. Балдарды спортко бергенде аярлаш керек. Мурда спорт секцияларындагы машыктыруучулар кээ бир ыкмаларды өзүң үчүн пайдаланба деп үйрөтчү.
— Азыр ата-энелер өтө эле болушчаак, балдарыбыз өтө эле таарынчаак болуп калгандай. Мурда бизди кандай тарбиялашчу эле, чоң ата, чоң апаларыбыз бир көз караш менен ордубузга коюп, тарбиялап коюшчу эмес беле… Менимче, элеттик балдар менен шаардык балдардын жүрүм-турумдарындагы айырмасы байкалбай койбойт. Мындай дегеним, айылдагы балдар сырын ачып психологго барабы?
— Ооба, алар ырасында эле көп ачыла бербейт. Мен муну Сокулук районундагы мектепте иштеп жүргөндөгү тажрыйбамдан улам айта алам. Айыл жеринде бизге жакшы белгилүү, бирок ачыкталбаган көз караштар, тартип-эрежелер үстөмдүк кылат. Тилекке каршы, жашырып жүрүп, окуя күчөп калганда гана барууга мажбур болушат. Психолог өрт өчүргүч катары келет. Андыктан элетте болобу, шаарда болобу, мектепте бала, ата-эне, класс жетекчи-психолог, соцпсихолог бирге иштеши керек. Баланын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму өзгөрүлсө, сабагынан мурдагыдай болбой жетишпей калса, биринчи кезекте коңгуроону класс жетекчи кагышы керек.
— Ата-эне демекчи, азыр дээрлик ар бир үйдө бирден мигрант бар. Демек, ал үйдөгү балага ата-эне мээрими жетишпейт…
— Ооба, классында канча мигранттын баласы бар экендигин эң оболу класс жетекчиси, соцпедагог каттоого алып, алардын эмоционалдык абалы, башка балдар менен мамилеси кандай экендигин байкап жүрүшү керек. Анткени андай балдар аярлуу катмарга кирет. Үй-бүлө багам деп эмгек миграциясында жүргөн ата-эне өзүн баласынын алдында күнөөлүү сезип, көбүрөөк акча салууга, кымбат телефон сатып берүүгө далалаттанары жашыруун эмес. Бала ата-энеси берген акчаны туура эмес пайдаланышы мүмкүн. Мүнөзү өктөм балдар алардан акча талап кылып, үстөмдүк жасашы ыктымал. Мындай мамиле башталгыч класстан эле башталат. Бул буллингдин биринчи баскычы. Өзгөчө жоош,, түнт балдар мугалимдин көңүл борборунда болушу керек. Балдар класс жетекчисинин сөзүн сөзсүз угат.
Баары байкоо методу менен аныкталат. Психологиядагы биринчи метод – бул байкоо. Ал узакка созулушу мүмкүн. Байкоонун ачык жана жабык методу бар. Мугалим тымызын байкоо жүргүзүп, баарына көңүл буруп турушу керек.
— Азыр мектептерге психолог адистер кабыл алына баштады. Бул жаңы башталыш болгондуктан, өзгөчө айылдардагы мектептерге практик психологдор дароо барары арсар…
— Ооба, азыр ал штатты толтуруу үчүн гуманитардык кесипте иштегендердин баары психолог боло баштады. Агартуу министрлиги психологдордун функционалдык милдеттери жөнүндө Жобо жарыялабадыбы, анда “психолог билим алуучулардын жаш курагын, жеке өзгөчөлүктөрүн, тилин жана маданий чөйрөсүн эске алуу менен психологиялык диагностика жана баалоо жүргүзөт” деп жазылган. Менин жеке көз карашымда, эгерде практик психолог болбосо, диагностика коюу, тест жүргүзүү, анализдөө сыяктуу ыкмаларга келгенде алсызсык кылат. Алар “ата-энеңе айтам, милицияга берем” деген сыяктуу административдик чаралар менен чектелип калышат. Психология жан дүйнө жөнүндө илим. Психолог бала менен анын деңгээлинде сүйлөшүп, анын психологиялык коопсуздугун коргоп, психологиялык этиканы сактай билиши керек.
Кесипкөй адис катары айтаарым, мугалим классындагы кандайдыр бир көйгөйү бар баланы психологго алып баратканын жашыруун сыр катары сактоого тийиш. Ал баланын каякка барганын эч ким билбеши керек. Мугалимдердин баары тренингдерге катышуусу ошол үчүн зарыл. Психологиялык кеңеш берүүдө бала менен ишеним жаратуу керек.
— Азыркы шартта балага эле эмес, ата-энеге да, мугалимге да психолог керек болуп калгандай?
— Сөзсүз керек. Ата-энелер балдарына кыйкырбай, сабырдуу сүйлөшкөндү, диалог түзгөндү үйрөнүшү керек. Көпчүлүк ата-энелер балдарына кам көрүүнү гипер опекага оодарып алып, окуганын тургай, баскан-турганын көзөмөлдөйт. Ал эми мээрим төгүп сүйлөшүү деген таптакыр башка.
— Кандай бала рэкет болот? Бала акча талап кылгандарга акча бериши керекпи? Бул конфликтти чечүү жолуна киреби?
— Эмне үчүн ошол баладан акча сурап жатат? Себебин изилдеши керек. Бала эң жок дегенде эле жанындагы досу менен бөлүшүп, андан кеңеш сурайт. Акырында сөзсүз ачыкталат.
— Бир окуя. Айылдагы мектептин биринде 8-класста окуган бала көптөн бери бир баладан таяк жеп жүргөн. Акыры анын абалы начарлап, талма сыяктуу эс учун жогото баштаган. Окуянын чоо-жайы белгилүү болгон күндө да, бала тиги баладан корксо, ата-энеси айылдашы менен конфликтке баргысы келбейт, ал эми мугалимдер, мектеп администрациясы ызы-чуудан, текшерүүлөрдөн качат…
— Ушундай окуяны кейс деп коет. Ата-эне эмне үчүн убагында байкабай калган? Баланын үстү-башынан, кийиминен, маанайынан байкаса болмок. Эркек балдар арасында “коркоксуң, ачык оозсуң” деген тымызын шылдыңдоо кеңири тараган. Адатта балдар ошондой сөздөн коркушат. Бала күнөөлүү сезбеши үчүн ал окуя тууралуу ата-эне баласынан эмес, теңтуштарынан укканын, урган баланын ата-энесине барып, ошол окуянын чоо-жайын иликтеши керек. Андай чоң чырды көмүскө калтырбай, сөзсүз түрдө мектептин тарбия завучуна, Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына билдирүү, жабыркаган баланы психологго алып баруу керек. Адатта үйүндө көйгөйлөр бар балдарда жаман адаттар көп болот.
— Мугалимдердин, мектеп администрациясынын терс окуяларды жаап-жашырганы туурабы?
— Чынында мындай окуялар эки күндүн биринде болуп турат. Аны тыкыр көзөмөлдөө психологдун, класс жетекчинин иши. Албетте, жашыруу туура эмес. Класс жетекчи өзү эле байкагыч, психолог болушу керек. Окуяны алдын-алууга болот. Алдын-алуунун алгачкы аракетинин бири – анонимдүү анкета түзүү. Баланын кайсы предметке кызыгуусу, кайсы мугалимди жакшы көрөрү сыяктуу суроолордун арасында мектеп рэкети ж.б. суроолор кирет. Балдар адатта баарын ачык жазат. Класс жетекчи да өзү үчүн байкоо анкетасын жүргүзүп турганы жакшы. Класстын класскому, андан тышкары мектептин парламенти бар эмеспи, алар сөзсүз мугалимге жардам берет. Мектептеги тартип жана тарбия иштерине балдардын өздөрүн активдүү катыштыруу жакшы натыйжа берет. Мен мектепте иштеп жүргөндө 8-класстын окуучусу жөнүндө окуяны айтып берейин. Класс жетекчи анын жүрүм-туруму өзгөрүлүп калганын айтты. Байкасам, мүнөзү түнт, аябай жабык кыз экен. Мен психологиялык тесттердин жардамын колдонуп, көйгөй үй-бүлөдө экенин, апасы экөөнүн мамилесинде ажырым бар экенин билдим. Үй-бүлөдөгү төрт кыздын улуусу катары үй жумушунун баары ага жүктөлгөн, апасы өзү жалаң кыз төрөгөнү үчүн жабыркап жүргөн. Апасын мектепке чакырып келип, аңгемелешкенимде ал аябай таң калды. Психологиялык ыкмалардын натыйжасында апасы кызын эркелетип, экөө кучакташып ыйлап, көөдөндөгү ыза-бугун чыгарып алышты. Көрсө, тигүүчү болуп күнү-түнү иш менен алектенип жүрүп кызы анын мээримине суусап жүргөнүн байкабаптыр.
Мына ушуга окшогон окуялар баарыбызды сөзсүз ойлондурат. “Психолог – билим алуучулардын психологиялык саламаттыгын жана психологиялык коопсуздугун камсыз кылуучу кызматкер” деп министрликтин документинде ачык, так жазылып турат. Анын сыңарындай, психологиялык саламаттыкты жана коопсуздукту сактоо үчүн мектепке практик психолог керек. Анын ролун көтөрүү үчүн мектептеги психологдордун билим деңгээлин жогорулатуу зарыл. Психологдор илимий негизде диагностика коюуну, аны менен иштөөнү жана аны чечмелөөнү билүүгө тийиш. Жогорку окуу жайлардагы психологдорду дагы практикага мектептерге жиберүү максатка ылайыктуу, анткени ал теориялык билимин практика жүзүндө бекемдеши керек.
Мен эмгектенген психология факультетинде учурда азыркы талапка ылайык практик психологдорду даярдоодо жаңы стандарттарга, жаңы ыкмаларга өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде гибриддик окутууну практикалай баштадык. Мектеп психологдорун даярдоого да жакшы көңүл бурулуп жатат. Айрыкча диагностика коюуда кандай тесттерди, кандай ыкмаларды колдонсо болот деген сыяктуу мектеп психологуна жардам берүүчү окуу китептерин даярдоого аракеттенип жатабыз.
Жыйынтыктап айтканда, жогорку окуу жайлардын башкы милдети — диплом алган психологду эмес, мектеп шартында баланын психологиялык саламаттыгын коргоого, көйгөйлөрдү алдын алууга жана кесиптик жоопкерчилик менен иштөөгө даяр адисти чыгаруу болуусу зарыл.
— Ошондо мектеп психологунун ишин ким жана кантип баалашы керек?
— Анын иши төмөнкү көрсөткүчтөр менен бааланышы керек: Баалоо багыты: эмнеге көңүл бурулат; Профилактикасы: буллингдин жана психологиялык көйгөйлөрдүн алдын алуу иштери; Диагностикасы: методикалардын туура тандалышы жана жыйынтыктардын илимий негиздүүлүгү; Кеңеш берүү: окуучу, ата-эне жана мугалим менен иштөөнүн сапаты; Этикалык жоопкерчилиги: купуялуулук, баланын укуктарын жана коопсуздугун сактоо жана кесиптик өнүгүүсү: супервизия, квалификацияны жогорулатуу жана өз ишин талдоо. Бул көрсөткүчтөр окуучулардын купуя маалыматтарын ачыкка чыгарбай, иштин сапатын баалоого мүмкүндүк берет. Психологдун ийгилиги көйгөйлөрдүн таптакыр жок болушу менен эмес, алардын канчалык эрте аныкталып, туура чечилип жатканы менен да өлчөнөт деп ойлойм.
Маектешкен Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”