ПРОФЕССОРДУН ИЛИМ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИЙГИ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

  • 26.06.2025
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору, г.и.д., профессор А.Г.Низамиевди жогорку билим берүү жана илим чөйрөсүндө эл аралык масштабда белсемдүү иш-аракет жүргүзгөн окумуштуу катары тааныйбыз. Ал эл аралык байланыштар, эл аралык долбоорлор менен иштөө, эл аралык илимий иш-чараларга катышуу, чет элдик студенттерге сабак өтүү ж.б. багыттар боюнча алгылыктуу ийгиликтерге жетишти, баалуу тажрыйба топтой алды, өзгөгө өрнөк болду. Бүгүн ал ОшМУнун эл аралык бай тажрыйбасы, бар алдыңкы адиси десек жаңылышпайбыз.

ПРОФЕССОРДУН ИЛИМ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ  ИЙГИ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Эгер анын илимий-педагогикалык жана административдик ишмердүүлүгүнө саресеп салсак, эл аралык багытка башынан эле бурулган экен. 1997-жылы Ош технологиялык университетинде экономика адистигинин студенттерине “Дүйнөлүк экономика”, “Тышкы экономикалык байланыштардын негиздери” өңдүү курстарды окуу менен баштаган. 1999-жылы Тажикстан Республикасынын илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунда диссертациясын ийгиликтүү коргоп, илимий иши Россиянын Жогорку аттестациялык комиссиясында бекитилген.

2007-жылы Евросоюздун ТЕМПУС-ТАСИС программасынын долбоорунун алкагында Бельгиянын Брюссель эркин университетине барышы эл аралык иш-аракетинин башаты болду. 2008-жылы Түркиянын Анадолу университетинде постдокторлук программа боюнча 10 айлык мөөнөттө билимин жогорулатат.

2009-2011-жылдары Ош шаарынын мэриясынын эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетинин төрагасы кызматын аткарып, эл аралык алакалар жана дипломатиялык кызматташтык жаатында иш-тажрыйбаларын өркүндөткөн. Бул жылдары VIII Красноярск экономикалык форумуна жана VII Кашгар Борбордук жана Түштүк Азия товарларынын жарманкесине катышкан.

2011-2016-жылдары ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетин жетектейт. Беш жыл ичинде факультетте япон жана корей таануу борборлору ачылган, жети чет элдик ЖОЖ менен келишим түзүлүп, 70тен ашык студент Корея, Кытай, Япония ж.б. чет өлкөлөрдө билим алып келишкен. Кийин жаңы багыттагы кыргыз-европа факультетин түптөөгө катышып, 2017-2019-жылдары эл аралык укук, бизнес жана туризм кафедрасын жетектеди.

Кийинки жылдары Евросоюздун Ерасмус программасынын алкагында 3 долбоор менен иштеп, Европанын Греция, Испания, Литва, Португалия, Словения, Швеция, КМШнын Армения, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрүнүн ЖОЖдорунда тажрыйбасын өркүндөттү. Мындай эл аралык долбоордун каржылоосунун негизинде ОшМУга техникалык жабдуулар түрүндө 5 млн сомдук инвестиция тартылып, атайын эл аралык борбор ачылды.

Илимпоз катары активдүү иш-аракети чет өлкөлөрдө өткөн көптөгөн илимий конференцияларга катышуусу менен да аныкталат: Өзбекстанда – Ташкент (2013, 2023), Чирчик (2019), Самарканд (2021, 2022, 2023), Фергана (2023), Карши (2024), Кытайда — Синин (2015), Казакстанда – Алматы (2018, 2024) ж.б. Тажрыйба алмашуу жана квалификациясын жогорулатуу максатында Синьцзян педагогикалык университети (Кытай, 2012), Калинга өнөр жай технологиялары институту (Индия, 2016), Зальцбург университети (Австрия, 2019, 2024), РИА Сибирь бөлүмүнүн География институту (Россия, 2023) ж.б. болуп келген.

2021-жылдан бери чет элдик ЖОЖдордо сабак өтүү практикасын колго алды. 2021-2022 жана 2022-2023-окуу жылдарында Самарканд мамлекеттик университетинде, 2023-2024-окуу жылында Андижан мамлекеттик университетинде айкалыштырып иштеди. Ургенч (2022), Карши (2023), Андижан (2023), Каракалпак мамлекеттик (2024) университеттеринде сааттык төлөм негизинде курс окуду. 2023- жана 2024-жылдары Польшанын Слупскдеги Помор университетинде чакырылган профессор программасынын негизинде сабак өтүп келди. Өзбек кесиптештери менен теңавторлукта “Чет өлкөлөрдүн экономикалык жана социалдык географиясы” аттуу окуу куралы Өзбекстан Республикасынын жогорку билим берүү жаатындагы министрлигинин грифи менен басылып чыкты.

ПРОФЕССОРДУН ИЛИМ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ  ИЙГИ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Бүгүнкү күнгө А.Г.Низамиев 178 илимий эмгектин автору. Алардын басымдуу бөлүгү (60%ы) чет өлкөлөрдө жарык көргөн: Казакстан, Өзбекстан, Россия (“География и природные ресурсы”, “География в школе”, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин жарчысы ж.б.), Тажикстан өңдүү жакынкы өлкөлөрдөн тышкары, Болгария, Германия, Испания, Корея, Кытай, Маврикий, Польша, Словения, Түркия, Францияда англис, француз, орус, түрк, өзбек ж.б. тилдерде жарык көргөн.

А.Г.Низамиевдин чет элдик илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого кошкон салымын белгилей кетсек, Андижан жана Каракалпак мамлекеттик университеттеринин алдындагы диссертациялык кеңештердин мүчөсү, Казак улуттук университетинин алдындагы диссертациялык кеңештин расмий рецензенти катары Өзбекстан жана Кытайдын 4 изденүүчүсүнө расмий оппонент болду. Андижан мамлекеттик университетинде 1 илимдин докторун (Исаев А.А.) даярдап чыгарды. Самарканд мамлекеттик университетинде PhD докторлук боюнча 2 изденүүчүгө илимий кеңешчи. Мында ОшМУнун бүтүрүүчүсү болгон окуучусу (Умаралиев Р.А.) 2013-жылы Порто университетинде (Португалия) PhD докторлугун жактаганын белгилеп өтүү зарыл.

Эл аралык масштабдагы дагы бир чоң жетишкендиги ушул жылдын 1-9-июнь күндөрү ОшМУ, Баласагын атындагы КУУ, Карасаев атындагы БМУнун базасында Эконом-географтардын евразиялык конгрессин ийгиликтүү уюштурганы болду. Ал илимий иш-чара чындап евразиялык масштабда өтүп, Кыргызстандын ЖОЖдорунан тышкары Германия, Казакстан, Кытай, Польша, Россия, Сербия, Өзбекстан өңдүү өлкөлөрдөн 48 өкүл келип катышты жана Борбордук Азиядагы географиялык багыттагы ири иш болуп
калды.

Профессордун илим-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгү чет өлкөлөрдө таанылып, Синин шаарынын Шаардык дипломатиялык академиясынын ардактуу изилдөөчүсү (Кытай, 2015), Россия табият таануу академиясынын корреспондент-мүчөсү (Россия, 2016), Өзбекстандын География коомунун ардактуу чет өлкөлүк мүчөсү (Өзбекстан, 2019), Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинин ардактуу профессору (Өзбекстан, 2024), Россия географ-коом таануучулар ассоциациясынын ардактуу чет өлкөлүк мүчөсү (Москва, 2025) наамдарына ээ болгон.

М.М.Дылдаев,
Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, г.и.д., профессор
А.У.Чымыров,
Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору, т.и.к., доцент

Бөлүшүү

Комментарийлер