ПРОФЕССОР Ж.ЧЫМАНОВ ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • 14.01.2025
  • 0

Бүгүнкү күндө кыргыз тилин заман талабына ылайык окутуу көңүл чордонунда турган маселе. Анткени көп тилдүү, көп маданияттуу коомдо кыргыз тилин жана тилдик маданий баалуулуктарын кыргыз жаштарына коммуникативдик багытта үйрөтүү – башкы талап. Аталган маселе өзүнүн илимий-теориялык жана илимий-практикалык табият-белгилери боюнча өтө татаал, көп багыттуу, ар тараптуу илим-билимди талап кылган маселе болгондуктан, кыргыз педагог-окумуштууларынын арасынан баары эле коммуникативдик багытта кыргыз тилин окутуу маселесине даап, ага илимий изилдөө иштерин жүргүзө албайт. Мына ушул кенемтени толуктоодо таланттуу окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор Жеңишбек Чымановдун орду чоң.

ПРОФЕССОР Ж.ЧЫМАНОВ  ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛИН  ОКУТУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

Кыргыз тилин окутуунун маани-маңызы коммуникативдик багытта мамиле кылган учурда гана артып, элге чыныгы пайдасы тиймек. Тилекке каршы, көп жылдар бою, майнапсыз болсо да, кыргыз тилин грамматиканын алкагында эле окутуу иши улантылууда. Профессор Ж.Чыманов бул маселеге тээ бир канча жыл мурун эле кайрылып, илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Ал 1997-жылы жазган «Байланыштуу кепти окутуунун негиздери» деген эмгегинде кыргыз тилин коммуникативдик багытта окутууга байланыштуу олуттуу ой-пикирин айтып, окуучулардын байланыштуу кебин өстүрүүгө басым жасоо керек экендигин баса көргөзгөн. Анда сөз ошол китепте айтылган, бүгүнкү күнү да абдан маанилүү илимий-теориялык сунуштар тууралуу болсун.

Жеңишбек Арыповичтин бул китеби кыргыз тилин коммуникативдик багытта окутуу багытында жазылган. Анда окуучуларды сүйлөөгө көнүктүрүүгө басым жасалган. Негизги илимий-педагогикалык маселе катары 5-класстын окуучуларына байланыштуу кепти окутуу багыты ачык көрсөтүлгөн да, бул маселеге байланыштуу теориялык жана практикалык маселелер айкындалып берилген. Маселен, ал: «Методика илими байланыштуу кепти: сүйлөө жана жазуу процесси, ал процесстин жыйынтыгы жана ушул негизги эки маселени окутуп үйрөтүүчү кеп өстүрүүнүн ажырагыс бөлүгү катары эсептейт. Эгерде сүйлөө, айтуу же жазуу процесси болбосо, анын жыйынтыгы да болбойт. Ал эми сүйлөө, жазуу үчүн өбөлгө же зарылдык түзүлүшү керек. Анын корутундусу жыйынтыкта билинет. Кыскасы, жыйынтыкташ үчүн сүйлөш керек, сүйлөш үчүн белгилүү бир жыйынтыкты чыгаруу максаты болуусу зарыл» деген концепциясын 1997-жылы эле айткан.

ПРОФЕССОР Ж.ЧЫМАНОВ  ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛИН  ОКУТУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

Албетте, кыргыз тилин коммуникативдик багытта окутуу бүгүнкү күндө да актуалдуу маселелердин бири болуп саналууда. Анткени азыр кыргыз тилин окутууда окуучулардын угуу, окуу, сүйлөө жана жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн грамматиканы курулай жаттатуу эмес, коммуникативдик багытта иш жүргүзүү, окуучуларды функционалдык сабаттуулукка тарбиялоо маселеси окутуудагы бирден-бир негизги талаптардын бири катары каралууда.

Бул маселелерди ийине жеткирип, талапка ылайык окуучуларга үйрөтүү үчүн мугалимдердин аталган маселе боюнча билими, түшүнүк-туюму жетишээрлик деңгээлде болушу айтпаса да белгилүү. Профессор Жеңишбек Арыпович ушул багытта да өзүнүн алгылыктуу ойлорун ортого салган. Маселен, ал байланыштуу кепти мектептерде окутууда мугалимдердин лингвометодикалык түшүнүк-маалыматын, билимин арттыруу максатында мугалимдер үчүн төмөнкүдөй методикалык ой-сунуштарды билдирген:

  1. Окуучулар окуган чыгармасына, андагы каармандарга өз алдынча баа берүүсү;
  2. Өзүнүн башынан өткөргөн окуяларынан эсине калгандарынан алып, аңгеме жазуусу;
  3. Жаратылыштын кооздугун сүрөттөөсү;
  4. Досуна, жакындарына кат жазуу сыяктуу тапшырмалар чындыгында эле окуучулардын байланыштуу кебин өстүрүүгө өбөлгө болору шексиз.

Мында көрүнүп тургандай, Жеңишбек Арыпович окуучулардын сүйлөө, өз алдынча ойлонуу жана оюн кагазга түшүрүп жаза билүү көндүмдөрүн калыптандырууга басым жасоо зарылдыгын белгилеп отурат.

Иликтөөгө алынып жаткан «Байланыштуу кепти окутуунун негиздери» деген анын эмгегинде кыргыз тилин коммуникативдик багытта окутуунун илимий-теориялык, илимий-практикалык негиздерин түзгөн, урунттуу маселелер боюнча Жеңишбек Арыповичтин айткан сунуш пикирлери арбын. Анын баарын бул чакан макалага сыйдыруу да мүмкүн эмес. Ошондуктан бул жолу аталган эмгек тууралуу ой-пикирибизди кыскача туюндуруу менен чектелебиз. Бирок Жеңишбек Чымановдун жазган жогорку сыяктуу жаңы, оригиналдуу эмгектери, илимий-педагогикалык бай мурасы тууралуу илимий изилдөө иштери келечекте кеңири жүргүзүлөрүнө ишенебиз.

ПРОФЕССОР Ж.ЧЫМАНОВ  ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛИН  ОКУТУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

Кыргыз тилин окутуунун методикасынын тарыхында профессор Жеңишбек Чымановдун орду өтө чоң. Ал бүтүндөй өмүрүн илимге арнап, кыргыз тилин окутуунун максат-милдеттерин, жол-жоболорун, принциптерин иштеп чыгып, эне тилибизди окутуунун илимий-теориялык негиздерин ар тараптан байыта алды. Республикага кеңири таанымал, таланттуу, мээнеткеч агайыбыз бараандуу илимий эмгектерди жазып, басмадан чыгарды. Анын 200дөн ашуун илимий, илимий-методикалык эмгектери, макалалары, үч монографиясы, жети окуу куралы жана үч сөздүгү жарык көргөн.

Профессор Жеңишбек Арыповичтин илимий кеңешчилиги жана илимий жетекчилиги астында илимдин эки доктору, 17 кандидаты ишин ийгиликтүү коргогон.

Улуу окумуштуулар жөнүндө ойлогондо дайыма бир зор даракты көз алдыга элестетебиз. Анткени анын тамыры канчалык тереңге тараса, өзөгү ошончолук көк-жашыл тартып, өнүгөт. Берген жемиши да берекелүү болот. Дал ошол сыңары, салыштырмалуу айтканда, агайыбыз Жеңишбек Арипович бүгүн жетимиш жашка чыгып, илимде жараткан эмгектеринин жемишин көрүп олтурган чагы.

Устатыбызды кутман курагы менен куттуктайбыз! Жемиши көп жетимиштен кийин, сереси бийик сексенди багындырып, токсонду тоготпой, кылым карытып, жаркылдаган Тажыкан эжебиз менен ээрчишип, аман жүрүңүздөр демекчибиз. Бактыңыздар тоодой, өмүрүңүздөр суудай узун болсун.

Гулнар Иманакунова, И.Арабаев атындагы
КМУнун доценти, п.и.к.

ЧЫМАНОВ ЖЕҢИШБЕК АГАЙЫМА!

70 жашыңыз кут болуп,

Жакшылыктар жуп болсун.

Эл алдында эмгегиңиз,

Сандыкчага жык толсун.

Атыңызга затыңыз жарашып,

Суктантып элди караткан.

Акырын жүрүп, жай басып,

Акылын айтып таңгалткан.

Насаат айтып, багыт берип,

Көптөгөн уул-кыздарга.

Сыйлайбыз агай сизди биз,

Сый-урмат деген жакшы баа.

Илимден бакыт таптыңыз,

Билим деп элге жактыңыз.

Бакыт таап эмгектен,

Илимде сиздин тактыңыз.

Илим жолундагы атабыз,

Тажикан эже апабыз.

Сый-урмат көрүп жашоодон,

100 жашка карай жашаңыз.

Изденүүчүңүз
Г
үлмира Черикчиева

Бөлүшүү

Комментарийлер