ПРЕЗИДЕНТТИН ФОНДУ КИМДЕРГЕ КОЛДОО КӨРСӨТӨТ?

  • 06.12.2021
  • 0

Таланттуу жана зээндүү балдарды жана жаштарды окутууда финансылык, консультациялык жана юридикалык жактан колдоо көрсөтүү максатында Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду түзүлдү.

ПРЕЗИДЕНТТИН ФОНДУ КИМДЕРГЕ КОЛДОО КӨРСӨТӨТ?

КР Президентине караштуу түзүлгөн фонд мурдагы Билим берүү фондунун ордуна кайра түзүлгөн фонд болуп эсептелет. Ага көзөмөл жүргүзүү милдети КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнө жүктөлдү.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, ошондой эле КР Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо маселелери боюнча комиссия түзүлүп, анын курамы бекитилди. Комиссиянын төрагасы —  КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары; Комиссиянын төрагасынын орун басары — КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; Комиссиянын мүчөлөрүнө киргендер: КР Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; КР Билим берүү жана илим министринин орун басары; КР Финансы министринин орун басары кирген. Ал эми комиссиянын жооптуу катчысынын милдетин КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти аткармакчы.

Жогоруда аталган фонд жөнүндө жобого ылайык, анын максаты — өлкөнүн кадрдык потенциалын, балдардын жана жаштардын жеке сапаттарын өнүктүрүүгө, интеллектуалдык жана кесипкөй башкаруу элитасын калыптандырууга өбөлгө болуучу гуманитардык илимдер жаатындагы илимий изилдөөлөрдү финансылык жана уюштуруучулук колдоо болуп эсептелет.

Фонддун негизги милдеттери кандай?

Фонд таланттуу жана зээндүү балдардын жана жаштарга заманбап билим берүүгө, анын ичинде чет өлкөдө окутууда финансылык, консультациялык жана юридикалык жактан колдоо көрсөтүү аркылуу, өлкөбүз үчүн заманбап кадрларды даярдоого, анын ичинде чет өлкөдө даярдоого жана кайра даярдоого көмөк көрсөтүүнү колго алмакчы.

Таланттуу балдарга жана жаштарга, ошондой эле жаш изилдөөчүлөрдүн топторуна алардын чыгармачылык эмгектерин жана демилгелерин илгерилетүүгө, анын ичинде эл аралык олимпиадаларга, сынак-таймаштарга катышууга колдоо көрсөтүүдө, айрыкча, оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдарга жана жаштарга даректүү колдоолор көрсөтүлөт. Ушул эле максатты ишке ашырууда, т.а. таланттуу жаштарды аныктоого, алардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана таланттарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү улуттук жана эл аралык илимий конференцияларды, конкурстарды, семинарларды, олимпиадаларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшүп турат. Андан тышкары, сооциалдык маанилүү билим берүү долбоорлорун колдоо жана ишке ашыруу да көңүлдөн сырткары калбайт.

Фондду ким каржылайт?

Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду негизинен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Ага ошондой эле өлкөбүздүн мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар да колдоо көрсөтө алышат.

Фонддун пайдасына келип түшкөн каражаттарды жана андан чыгымдарды эсепке алууну Президенттин Иш башкармасы жүргүзөт.

Ал эми колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган жарандарыбыздын арызын канааттандыруу, тагыраак айтканда, фонддун каражаттарынан каржылоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо маселелери  боюнча комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алат.

Фондду уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо иштери КР Президентинин администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.

Комиссиянын милдеттери жана укуктары: 

КР Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо маселелери боюнча комиссия фонддун негизги милдеттерин ишке ашыруу жана Фонддун милдеттери жөнүндө  маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында түзүлгөндүгү маалым. КР Президенти тарабынан курамы бекитилген комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

– Фонддун ишинин багыттары боюнча КР Президентине сунуштарды киргизүүгө;

– мамлекеттик органдардан, жарандык коомдун уюмдарынан өзүнүн иши үчүн зарыл болгон материалдарды мыйзамдарда белгиленген тартипте суратууга жана алууга;

– билим берүү, илим, маданият жана жаштар жаатында долбоорлорду иштеп чыгуу, талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзүүгө;

– адистерди даярдоонун жана билим берүүнү, илимди, маданиятты өнүктүрүүнүн жана жаштар саясатынын актуалдуу маселелерин талкуулоо максатында кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды уюштурууга;

– зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, окумуштууларды, адистерди, коомчулуктун өкүлдөрүн, ошондой эле өз ара макулдашуу боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк фонддорду биргелешкен иш үчүн тартууга;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стипендияларды жана гранттарды изденип алууга талапкерлерди тандоону жүргүзүүгө.

Комиссия  Комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары, жооптуу катчысы жана өз ишин коомдук башталышта жүргүзгөн Комиссиянын мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.

Комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштары, эгерде аларга анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, ыйгарым укуктуу болот. Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү ага добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.

Комиссиянын жыйналыштарынын натыйжалары протокол менен таризделет жана Фонддун иш-чараларын жүзөгө ашырууга  катышкан мамлекеттик органдарга, жарандык коомдун уюмдарына маалымдалат.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер