ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ЖМКЛАР ҮЧҮН МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ

  • 25.10.2021
  • 0

Президент Садыр Жапаров кыргызстандык жана чет элдик ЖМКлар үчүн ири маалымат жыйынын өткөрдү

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ЖМКЛАР ҮЧҮН МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, кыргызстандык жана чет элдик ЖМКлар үчүн ири  маалымат жыйынын өткөрдү. Иш-чарага 150дөн ашуун ЖМК аккредитациядан өткөн.

Мамлекет башчысы маалымат жыйындын башында 2020-жылдын октябрынан тартып 2021-жылдын октябрына чейин аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолду.

Садыр Жапаров 56 редакциянын журналистеринин региондордун көйгөйлөрүнө, экономика, тышкы саясат, чек ара, этникалык кыргыздар,  парламенттик шайлоолор, коррупция менен күрөш, жолдордун курулушу, дин, ишкерлерди колдоо, жерлерди трансформациялоо, сөз эркиндигине байланыштуу жана көптөгөн башка суроолоруна жооп берди.

Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны дээрлик төрт саатка созулду. Иш чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылды.

(Өз кабарчы)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер