PISAНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН ЖАЛПЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ СУНУШ КАТАРЫ КАРОО КЕРЕК
- 10.09.2026
- 0
Биринчиден, Кыргызстандын узак тыныгуудан кийин PISA изилдөөсүнө кайра катыша баштаганы оң көрүнүш экенин белгилегим келет. Баарыбыз түшүнүшүбүз керек: бул изилдөө окуучунун мектеп программасын канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн гана эмес, 15 жаштагы балдардын алган билимдерин реалдуу турмуштагы маселелерди чечүүдө колдоно алуу жөндөмүн баалайт.
Кыргызстан табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363, математика боюнча 364, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча 344 балл алды. Ал эми Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна (OECD) мүчө өлкөлөрдүн орточо көрсөткүчтөрү тиешелүүлүгүнө жараша 482, 463 жана 461 баллды түздү. Демек, Кыргызстан буга чейинки PISA жыйынтыктарына салыштырмалуу белгилүү бир жакшырууну көрсөттү деп айтууга болот. Ошол эле учурда эл аралык орточо көрсөткүчтөр менен айырмачылык дагы эле олуттуу бойдон калууда.
Ошондой эле PISAдагы рейтинг эң негизги көрсөткүч эмес экенин эске алуу зарыл. Рейтинг башка өлкөлөрдүн жыйынтыктарына, изилдөөгө катышкан мамлекеттердин санына жана башка факторлорго жараша өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан биринчи кезекте алынган баллдарга, окуучулардын компетенттүүлүк деңгээлине жана базалык деңгээлге жеткен окуучулардын үлүшүнө көңүл буруу маанилүү.
Кесиптешим Улан Рыскулов өзүнүн Facebook баракчасында белгилегендей, азыр коомдо бири-бирибизге «Кайсы жерде ката кетти?», «Эмнени өзгөртүү керек?», «Биз эмне кылышыбыз керек?» деген суроолорду коюу зарыл. Бул жерде ар бир тараптын өз жоопкерчилиги бар: министрлик багыт берет, мугалим билим берет, директор окуу процессин уюштурат, ата-эне баланы тарбиялайт, ал эми коом билим алууга тийиштүү шарттарды түзөт. Демек, баланын келечеги – баарыбыздын жалпы жоопкерчилигибиз.
Ошондуктан PISAнын жыйынтыктарын биринчи кезекте билим берүү системасын өнүктүрүүгө сунуш катары кароо керек. Бул көрсөткүчтөр кимдир бирөөнү күнөөлөө үчүн эмес, системадагы көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүүнүн жолдорун издөө үчүн маанилүү.
Кандай гана жыйынтык болбосун, эң негизгиси – билим берүүдөгү көрсөткүчтөрдү туура кабыл алуу жана аларды өзгөрүүгө түрткү берген инструмент катары пайдалануу маданиятын калыптандырылыш керек.
Албетте, PISA жыйынтыктарынын негизинде кеңири жана кылдат талдоо жүргүзүлүшү керек. Анын жыйынтыгында билим берүү системасынын ар бир катышуучусу өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүп, сапатты жогорулатууга багытталган өзгөрүүлөргө салым кошууга тийиш.
Уланбек Мамбетакунов,
Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору,
педагогика илимдеринин доктору