PISAДАН КИЙИН: ТЕСТКЕ ЭМЕС, ЖАШООГО ДАЯРДАГАН САБАК КЕРЕК
- 14.09.2026
- 0
PISA-2025тин жыйынтыгы бизге эмнени көрсөттү?
PISA-2025тин жыйынтыгы жарыялангандан кийин коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып, билим берүүбүздүн абалы кеңири талкууга алынды. Мен бул талкууну жыйынтык эмес, тескерисинче, өзүбүзгө сын көз менен карап, мындан ары кандай кадам жасашыбыз керектигин ойлонууга берилген мүмкүнчүлүк катары кабыл алдым.
Буга чейин көбүбүз PISAны жөн гана эл аралык тест катары көрүп келген болушубуз мүмкүн. Бирок бул процесске тренер катары катышып, айыл жериндеги мугалимдер менен иштешкенден кийин мен үчүн PISAнын мааниси бир топ өзгөрдү. Мен үчүн PISA — бул биз окуучуга эмнени жана кантип үйрөтүп жатканыбыз жөнүндө өзүбүзгө суроо берүүчү натыйжа боло алды. 
Айыл мугалимдери менен иштешүүдөн топтогон тажрыйба
Кыргызстан PISA изилдөөсүнө 2006 жана 2009-жылдары катышкандан кийин, узак тыныгуудан соң 2025-жылы кайрадан катышты. Бул жолку изилдөөнүн негизги багыты табигый илимдер болду.
Мен ушул чоң процесстин бир бөлүгү катары Ош облусундагы айыл мектептеринин мугалимдерин окуткан тренерлердин катарында болдум. Алгачкы максатым — мугалимдерге PISAнын талаптарын жана жаңыча окутуу ыкмаларын түшүндүрүү эле.
Тренингдерде мугалимдерден: «Муну биздин мектепте кантип колдонсок болот?», «Окуучуларга муну кантип жөнөкөй түшүндүрөбүз?», «Лабораториялык жабдык жок болсо эмне кылабыз?» деген сыяктуу жүрөктөн чыккан суроолорду көп уктум.
Көпчүлүк мугалимдер жылдап колдонулбай чаң басып жаткан лабораториялык жабдыктарын алып чыгып, практикалык сабактарды өтө башташты. Бул окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун дароо арттырды.
Менимче, дал ушул изденүү — мугалимдин кесипкөйлүгүнүн белгиси. Анткени чыныгы педагог даяр жоопту күтпөйт, өз шартында иштей турган жолду табат. 
Мугалим өзгөрбөсө, окуучу өзгөрбөйт
Тренинг учурунда мен бир нерсеге бекем ынандым: PISAга даярдыкты бир гана окуучуга багыттоо — туура эмес мамиле. Эгер мугалимдин сабак өтүү ыкмасы өзгөрбөсө, окуучунун өзгөрүүсүн күтүү кыйын.
Ошол себептүү реформаны ЖОЖдордон баштап, болочок педагогдорду PISAнын багыттарына жана заманбап методикаларга даярдап чыгуу зарыл.
Окуучуну бир күндө өзгөртүү мүмкүн эмес. Бирок күн сайын берилген туура суроо, туура уюштурулган талкуу жана изилдөөгө багытталган тапшырма акырындап баланын ой жүгүртүүсүн өзгөртөт.
Кыргызстандын эң чоң байлыгы — алтын да, кен да эмес, алган билимин өз жашоосун жана кесибин жакшы жакка өзгөртө алган окуучу.
15 жаштагы бүгүнкү окуучу — 2040-жылдагы Кыргызстандын адиси, мугалими, инженери, дарыгери, технологу жана мамлекеттик кызматкери. 
Жыйынтык — акыркы чек эмес, кайтарым байланыш
2026-жылдын 8-сентябрында жарыяланган PISA-2025тин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда окуучулардын табигый илимдер боюнча орточо көрсөткүчү 363 баллды түздү (OECD орточо көрсөткүчү — 482 балл).
Өкүнүчтүүсү, окуучуларыбыздын 23%ы гана базалык 2-деңгээлге жете алган.
Бул көрсөткүчтөрдү рейтинг же айыптоо катары эмес, билим берүү системасына берилген кайтарым байланыш катары кабыл алышыбыз керек. Ар бир сандын артында реалдуу окуучу, реалдуу мугалим жана реалдуу мектеп турат.
PISAдан кийинки сабак кандай болушу керек?
PISAдан кийинки сабакта окуучу жөн гана пассивдүү угарман болбошу керек. Ал — изилдөөчү, суроо берүүчү, талдоочу жана өз оюн далилдей алган инсан болушу зарыл.
Мугалим жалгыз өзгөрө албайт, мектеп да жалгыз системаны өзгөртө албайт. Ата-эне, мектеп жана коомчулук биригип, баланын келечегине биргеликте салым кошуусу керек.
Жаңы окуу жылын бири-бирибизден кемчилик издөөдөн эмес, колдоо көрсөтүүдөн, жаңы методикаларды ачык кабыл алуудан баштасак — PISAнын жыйынтыгы биз үчүн жөн гана сан эмес, өнүгүүгө түрткү берген чоң сабак болот.
Айгуль Насирдинова — STEAM жана PISA боюнча тренер