PISA-2025: БИЛИМ БЕРҮҮНҮ АЛГА ЖЫЛДЫРАТ ЖАНА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ АЧАТ

  • 24.01.2025
  • 0

PISA эл аралык билим баалоо программасына катышууга аз эле убакыт калды. 1-апрелден 10-майга чейин PISA-2025 сынагынын негизги изилдөөсү өтөт. Изилдөөгө катышуучу мектептер дайын болду. Тандоо боюнча 195тен ашуун билим берүү уюмдары, анда окуган 15 жаштагы 7000дей окуучу катышат. Быйыл изилдөөгө эки кесиптик-техникалык окуу жайы менен эки колледж, жеке менчик  мектептер дагы катышмак болду. PISA изилдөөсүнүн дүйнө жүзү боюнча уюштуруучусу болуп Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ) саналат (https://www.oecd.org/pisa/).

Даярдык кандай?

PISA-2025 изилдөөсүнө даярдык биздин өлкөдө ыкчам түрдө жүргүзүлүп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги бул иш-чарага катышуу үчүн бир катар чараларды көрүүдө. Изилдөөгө катышуу үчүн мугалимдер жана билим берүү адистери үчүн атайын тренингдер уюштурулуп, анда мугалимдерге PISA тесттерин жүргүзүү, анын критерийлерин түшүндүрүү жана билим берүү методологиясын жакшыртуу боюнча мастер-класстар көрсөтүлүүдө. Мугалимдер үчүн атайын курстар жана семинарлар өткөрүлүп, аларга билим деңгээлин жогорулатуу боюнча кеңештер да берилип жатат.

PISA мектептеринин тандалышы жана тандап алынган мектептердеги PISAны өткөрүү пландары боюнча улуттук долбоордук менеджери О.Уманкулованын маалыматы боюнча, Билим берүү жана илим министрлиги  негизги изилдөөгө катыша турган 199 мектеп менен жыйналыш өткөрдү.

PISA-2025: БИЛИМ БЕРҮҮНҮ АЛГА ЖЫЛДЫРАТ ЖАНА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ АЧАТPISA-2025: БИЛИМ БЕРҮҮНҮ АЛГА ЖЫЛДЫРАТ ЖАНА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ АЧАТ

— Изилдөө 2025-жылдын 1-апрелинен 15-майына чейин өтөт. Бул 199 мектептин тандоосу Америкадагы Westat компаниясы тарабынан жүргүзүлдү, ал статистикалык анализ жана мектептерди тандоо үчүн жооптуу болгон. Кыргыз Республикасы тарабынан региондор, мектеп түрлөрү, окутуу тили жана башка параметрлер боюнча статистикалык маалыматтар берилип, анын негизинде мектептер тандалды. Райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/департаменттеринин жетекчилери менен өткөн онлайн жыйналышта мектептерге негизги изилдөөдөгү бардык этаптар тууралуу маалымат берилди. Анын ичинде тестирлөө графиги кандай түзүлөрү, ар бир мектептен канча окуучу катышары, тестирлөө өткөрүлүүчү бөлмөлөрдү техникалык стандарттарга ылайык кантип уюштуруу керек экени  айтылды. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы РПККЖ жана КДИ институту тарабынан мектептерге окшош тесттерди чечүү боюнча методикалык жардам көрсөтүлөрү белгиленди, — дейт менеджер.

Ошондой эле окуучулардын PISA изилдөөсүнө катышууга алардын психологиялык жана эмоционалдык даярдыгы да талкууланды. Ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы  баса белгиленди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, мектептерде изилдөөгө карата тестирлөө өткөрүүгө болгон шарттар түзүлүп, техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу жана интернет байланыштарын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер жүрүүдө.

— 2025-жылы изилдөө окуу, математикалык, табигый илимдер, каржылык жана маалыматтык-техникалык сабаттуулук боюнча бааланат. Тестирлөө компьютерде атайын орнотулган программа аркылуу жүргүзүлөт. Изилдөөгө ар бир мектептен 42ден кем эмес окуучу катышышы керек. Мектеп окуучуларынан тышкары, кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучулары да катышат. Алардын арасында Бишкек шаарынын № 20 кесиптик лицейи, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы № 99 маалыматтык-технологиялар боюнча кесиптик лицейи, И. Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Бишкек техникалык колледжи жана Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин окуучулары да бар. Изилдөөгө керектүү негизги маалыматтар жана тесттер бүгүнкү күндө www.ncokoit.kg жана www.pisa.kg сайтында жайгаштырылган. Райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, адистери изилдөөгө тандалып алынган мектептердин мугалимдерин, окуучуларын  коркутуп-үркүтпөй, тескерисинче, өзгөчө мотивация берүүлөрү шарт. Мисалы, “Биз силерге ишенебиз, биз силерди колдойбуз”  деп психологиялык жактан колдоо көрсөтүү зарыл. Мындан сырткары, жетекчилер өздөрү мектептерге барып, катышчу окуучулардын тизмелерин тактап, Microsoft Excel программасын толтуруу керек.  Окуучунун жашы, кайсы тилде окуганы такталып, жазылат. Мындан кийин дагы окуучулар тандалып, акыркы тизме түзүлөт, — дейт Надира Сынташевна.

Мындан сырткары райондук деңгээлдеги жетекчилерге министрдин орун басары бир топ тапшырмаларды берди. Маселен, изилдөөгө катышкан мектептер компьютер менен камсыз болушу, окуучулар даярданып жана изилдөөгө катышып жаткан күндөрү электр жарыгы дегеле өчүрүлбөшү керек.

— 2025-жылы баалоонун фокусу — табигый илимдер боюнча болот. Ар бир катышкан окуучу компьютерге отурганда мониторго чыккан тапшырмаларга жооп бере баштайт. Ал үчүн ар күнү окуучу спортко машыккандай машыгуусу зарыл. Райондун жетекчиси өзү мектепке келип мугалим, балдар менен жолугуп, компьютер менен камсыздалганбы, тренажерлор менен окуучу иштей алабы? — деп өз көздөрү менен көрүп, бизге маалымат бериши керек. Бул изилдөөгө “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” иштесек жыйынтык чыгат. Ошон үчүн мугалимдер, окуучулар эмнеден кыйналып жатса жетекчилер бизге тартынбай эле маалымат бергенде, биз ар бир мектепке бекитилген эксперттерди, тренерлерди коюлган маселени жеринде чечүүнү талап кылабыз. Анткени  РПККЖ  ЮНИСЕФтин жардамы менен Сингапур усулу боюнча 88 мастер-тренерлерди даярдап жатат, булар мугалимдерге түздөн-түз жардам беришет, — дейт министрдин орун басары.

Лейлек районундагы Жаш-Тилек мектеби санитардык-техникалык нормага туура келбегени айтылды. Ошондуктан  жергиликтүү жетекчилер изилдөөгө даярдануу үчүн атайын ылайыктуу имарат таап, тезинен компьютерлер менен камсыздоо тапшырмасы берилди. Мындан тышкары ата-энелер менен тыгыз иштөө дагы жакшы жыйынтык берилери белгиленди. Окуучуларга мектептен дагы, үйдөн дагы колдоо көрсөтүлсө, изилдөөнүн жыйынтыгы жаман болбосу анык.

Эмне үчүн Кыргызстан PISA изилдөөсүнө катышууну чечти?

Анткени бул изилдөө өлкөнүн мектептик билим берүү системасынын өнүгүшүнүн кайсы баскычта экенин өлчөө мүмкүнчүлүгүн берет. Изилдөөнүн жыйынтыктары өлкөнүн билим берүү реформаларынын соңку 15 жылда окуучуларга заманбап коомдо өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон билимдерди жана жөндөмдөрдү берүүгө канчалык таасир эткенин көрсөтүүгө жардам берет. Ошондой эле 94 өлкөнүн катышуучуларынын катарына кирип, изилдөөнүн жыйынтыктары анализдеп, натыйжаларды алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Мектептерден  тестирлөөнү өткөрүүдө эмнелер керек?

Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин  директорунун орун басары З.Жамакееванын маалыматы боюнча, мектеп координаторлорун 3-февралга чейин бекитип, департаментке жөнөтүү керек,  ал үчүн гугл дискке формасы менен ссылка салынат.

— Кайсы мектеп качан өтө турган мөөнөтү белгиленет. Координаторлор окуучулардын аты-жөнү жөнүндөгү маалыматты департамент гугл диск аркылуу алат. Форманы толтуруу боюнча атайын Телеграмм каналда чат иштеп жатат.

Такталган мөөнөттө изилдөөнү өткөрүү үчүн адистер (IT — адис, 1 тест админ.) мектепке келип, 23  ноутбук, локалдуу интернет байланышты алып барат.  Пилоттук изилдөөдө компьютердик класс жараксыз экенин көрдүк, ал компьютерлерди изилдөөдө пайдаланууга болбойт. Кабинет, САНПИН нормаларына туура келип, жарык, шамалдатканга ылайыктуу жана тест администратор кенен басып жүргөндөй болуш керек. Эгер мектептен 35 окуучу тандоого түшкөн болсо, тест (анкетасы менен) эки сменада өтөт. Биринчи сменге 21 окуучу катышат. Мектеп эртең мененки 6:00 кечки 18:00 саатка чейин бош болуп, 23 стол, 24 отургуч, 23 көзөнөкчө (точка), 21 чычкан, 21 калькулятор даяр болуш керек. Окуучуларды даярдоо үчүн эки гана ай убакыт калды. Алар pisa.kg. https://www.pisa.kg/course/index.php?categoryid=2. сайтынан PISAга багытталган тесттер менен иштесе болот компьютердик форматта, үч тилде: кыргыз, орус, өзбек. 3-февралдан баштап биздин жаңы сайт ишке кирет, ал жерге PISAга багытталган тесттер бардык мүнөздөмөлөрү жана баалоо системасы менен берилет. Мугалим тесттик тапшырмаларды окуучулар менен талкуулап, талдап, балдардын билим-билгичтигин, алган билимдерин тажрыйбада кандай колдоно алыша тургандыгын көрсөтөт, — дейт З.Жамакеева.

Пилоттук мектептерде абал кандай?

Талас облустук усулдук борбордун жетекчиси Салтанат Бейшенованын берген маалыматына таянсак, Талас облусу боюнча тогуз мектеп изилдөөгө катышат. Мисалы, Манас районундагы И.Отунбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде заманбап билим берүүнүн эң мыкты үлгүсү көрсөтүлүүдө. Мектепте жалпы 188 окуучу билим алууда, алардын ичинен 93ү кыздар жана 95и балдар. 15 жаштагы окуучулардын саны 20ны түзөт.

PISA-2025: БИЛИМ БЕРҮҮНҮ АЛГА ЖЫЛДЫРАТ ЖАНА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ АЧАТ

— Мугалимдер заманбап технологияларды активдүү колдонууну жолго коюп, Google формасы аркылуу тесттерди түзүп, окутуу процессин эффективдүү уюштурууда. Ар бир сабакта эл аралык деңгээлдеги билим берүү стандарттарына, анын ичинде PISA программасына ылайык, даярдыктар көрүлүүдө. Окуучулар компьютерди ишенимдүү колдонуп, клавиатурадан ылдам жана так терүү көндүмдөрүнө ээ болушкан. Бул алардын заманбап технологияларды өздөштүрүүгө болгон даярдыгынын жогорку деңгээлде экендигин көрсөтөт. Учурдагы ийгиликтер мектеп жамаатынын жана окуучулардын тынымсыз эмгегинин, алдыңкы билим берүү ыкмаларынын, ошондой эле заманбап технологияларды интеграциялоонун натыйжасы, — дейт Салтанат Бейшенова.

PISA-2025: БИЛИМ БЕРҮҮНҮ АЛГА ЖЫЛДЫРАТ ЖАНА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ АЧАТ

Ал эми Нарын облусунун Жумгал районундагы Садыбакасов мектебинин окуучулары дагы даярданып жаткан кези. Нарын облустук усулдук борбордун адиси Сүйүнбек Эмилбековдун маалыматына таянсак, химия жана математика предметтеринен түзүлгөн тесттер абдан оор экенин, балдар үчүн кыйынчылык жаралып жатканын белгилейт.

— PISAбоюнча быйылкы окуу жылында алынган тесттердин жыйынтыгында кыргыз тили, математика, физика, география, биология предметтери боюнча өсүш болуп жатат, тесттерди https://ncokoit.kg сайтынан жана башка сайттардан алып, мугалимдер болгон күч-аракетин жумшап жаткан кез. Алсак, химия предметинен кыйынчылыктар бар, өтүлбөгөн темалар көп кездешип жатат. Химия мугалими Рысалиева Гүлайымдын айтуусунда,  8-класстарга химия предмети боюнча тесттер оор, бирок жума сайын тесттер алынып, аракет кылып жатканы көрүнүп турат. Физика мугалими Нааматова Эльмиранын айтымында, 1-чейректен бери даярдап жатат, берилген  татаал тапшырмаларды түшүндүрүүгө аракет кылууда. Орус тили жана адабияты мугалими Кубатбек кызы Тумаркүл тест боюнча балдарда маалымат бар экенин, окуучулардын 60% тапшырмаларды жакшы аткарып жатканын белгилейт. Ошондой эле география мугалими Үсөнова Сезим,  кыргыз тили жана адабияты мугалими Орозобеков Талант  тестти иштөөдө көрсөткүчү улам көтөрүлүп жатканын, эң негизгиси тест менен иштөөгө машыктырып жатышканын, жыйынтыгында каталар менен иштеп, кемчиликтерди аныктоого ар бир бала менен аракет бар экенин айтышат. Мектептин математика мугалими Абдыкеримова Эсенгүл эжейдин маалыматы боюнча, жыл башынан бери жумасына эки жолудан окуучулардан тест алынып турат. Негизи тесттин тапшырмалары окуучулар үчүн көп учурда кыйынчылык жаратып, айрым тапшырмалар оор экенин белгиледи. Бирок ага карабастан, тапшырмалардын көбү логикалык болгондуктан, окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүлөрүн калыптандырып, өстүрүү зарыл,  талбай аракет кылуу керек экенине токтолду, — дейт С.Эмилбек уулу.

Ошентип, тандалган мектептердин айрымдарын сурамжылоого алганда тапшырмалар окуучулар үчүн татаал болуп жатканын мугалимдер жашырбай эле айтышты. Демек, “ооруну жашырсаң, өлүм ашкере” дегендей, убакыт бар, мугалимдер  бардык аракеттерди көрүп, өздөрү дагы изденип окуп, машыгып жана окуучуларды жумасына бир-эки жолу эмес, керек болсо күнүгө машыктырып туруулары зарыл.

Бул изилдөөдөн алынган жыйынтыктар өлкөнүн билим берүү системасын жакшыртууга жана глобалдык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого салым кошо алат. PISA-2025 Кыргызстан үчүн билим берүү тармагындагы алга жылууну жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жол ачары бышык.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер