PISA – 2025:  БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР АНЫКТАЛАТ

  • 01.04.2025
  • 0

2025-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA-2025) негизги изилдөөсү башталды. Бул иш-чара өлкөнүн билим сапатынын эл аралык стандарттарга жооп берүүгө умтулуусун чагылдырган улуттук билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болот. Тестирлөөгө өлкөдөгү 197 жалпы билим берүү уюмунан 6900дөн ашуун окуучу катышууда. 

PISA – 2025:  БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР АНЫКТАЛАТ

PISA изилдөөсү мониторинг жүргүзүүчү

Маалыматка таянсак,  изилдөөнү өткөрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 14 мобилдик топ түздү, алардын ар биринде координатор, IT адиси, тестирлөөнүн администратору жана айдоочу бар. Керектүү жабдыктар менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп,  процессти жөнгө салуу жана башкаруу үчүн 308 ноутбук даярдалган. Ар бир окуучу үчүн уникалдуу логин жана сыр сөздөрдү түзүүчү Maple системасы иштелип чыгып, Кыргызстанга берилди. Бул тестирлөөнүн купуялуулугун жана тактыгын камсыздайт.

Масштабдуу эл аралык иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин координациялоосу жана Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун финансылык колдоосу менен жүргүзүлүп жатат.

Тестирлөө ушул жылдын 30-апрелинде аяктайт. Изилдөөнүн жыйынтыктоочу отчёту 2026-жылдын аягында жарыяланып, ал Кыргызстандагы билим берүү системасынын абалы боюнча кеңири талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

PISA-2025ке катышуу Кыргызстандын билим берүүнүн сапатын жогорулатууга умтулуусун гана көрсөтпөстөн, эл аралык кызматташуу жана тажрыйба алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да ачат. Материалдарды которуу, адаптациялоо, тандоо жана даярдоо жол-жоболору, ошондой эле дүйнөлүк эксперттер менен иштөө Кыргызстанга глобалдык билим берүү коомчулугуна интеграцияланууга жана эл аралык деңгээлде өз позициясын баалоого шарт түздү.

Буга чейин жазгандай, PISA (Programme for International Student Assessment, PISA) – окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулар катышат. PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо, өз ордун табууга керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону көздөйт.

PISA изилдөөсү мониторинг жүргүзүүчү болуп эсептелет. Ал ар бир мамлекеттин билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү аныктап, билим берүү жетишкендиктерин же кемчиликтерин салыштырып, тиешелүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Билим берүү системасындагы стратегиялык чечимдердин натыйжалуулугун баалап, билим берүү саясатынын максаттарын аныктоого жардам берет.

Изилдөөгө 6900дөн ашык кыргызстандык окуучу катышат

PISA – 2025 долбоорунун администрациялоо боюнча адиси Рыскүл Маданбекованын берген маалыматына таянсак,  Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 2025-жылдын негизги изилдөөсүн даярдоо жана өткөрүү боюнча бир топ иш-чараларды жүргүздү.

PISA – 2025:  БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР АНЫКТАЛАТ

PISA – 2025 эл аралык изилдөөгө тандалып алынган 197 жалпы билим берүү уюмдарынан  15 жаштагы өспүрүмдөр катышат. Белгилей кетсек, 6911 кыргызстандык окуучулар өздөрүнүн билимдерин эл аралык деңгээлде сынай башташты. Алардын ичинен изилдөөгө 4096 окуучу кыргыз тилинде, 2470 окуучу орус тилинде жана 345 окуучу өзбек тилинде катышууда.

– Изилдөөгө катышууга тандалып алынган билим берүү уюмдары сынакка класстарды даярдашты. Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти ар бир окуучуга тест жана анкета тапшыруу үчүн ноутбуктарды жер-жерлерге алып барышты. Изилдөөнү сапаттуу жана жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн тест администраторлор, IT жана мониторинг жүргүзүүчү адистер тартылган. 2025-жылдын 17-мартынан 20-мартына чейин тест администраторлор жана IT адистер үчүн окутуу-тренингдери уюштурулду. Ар бир мектепке тандалган окуучулардын тизмеси жиберилген, окуучулардын окутуу тили кайрадан такталды, айрым өзгөртүүлөр киргизилди, мектеп координаторлоруна жана мектеп анкетасын толтурууга даярдануу үчүн колдонмолор дагы жөнөтүлгөн, — дейт Р.Маданбекова.

Катышуучулардын саны бирден онго чейин окуучуларды түзгөн аз комплектелген мектептерди жакын жайгашкан мектеп менен бириктирүү уюштурулду. Негизги изилдөөнүн катышуучуларынын (тизме боюнча окуучулар,  уюмдун администрациясы,  координаторлору, информатика  мугалимдери) катышуусу жана билим берүү уюмунун материалдык-техникалык жабдуулары изилдөөнүн талабына жооп берет жана ага ылайык камсыз кылынды.

Изилдөө учурунда санитардык-гигиеналык ченемдердин талаптары, окуучулардын өмүрү, ден соолугу жана ишмердүүлүгү үчүн коопсуздук эрежелери, жол кыймылынын коопсуздугу, анын ичинде окуучуларды негизги изилдөө өтүүчү билим берүү уюмуна чейин жана кайра артка жеткирүү талаптары катуу сакталышын камсыз кылуу министрликтин буйругунда баса белгиленген.

Тест кандай тапшырылат?

Тандалган мектептен  келген 42ге чейин  туш келди окуучулар илим, окуу, математика жана Санариптик дүйнөдө окуу (LDW) боюнча эки саатка созулган компьютердик тест тапшырышууда. Андан соң окуучулар 1-бөлүктү аяктагандан кийин анкетаны компьютерде тапшырышты. Окуучунун анкетасы үчүн 45 мүнөт талап кылынды.

Мектеп жетекчилери үчүн анкета

Мектеп жетекчилери үчүн анкета мектеп контексти жана ресурстары, мектеп климаты, мугалимдин квалификациясы жана кесиптик өнүгүүсү, окутуу практикасы, окуу убактысы жана окуу планы, ошондой эле баалоо жана баалоо практикасы жөнүндө маалыматтарды чогултат.

Мектеп жетекчилери үчүн анкета – бул мектеп директору же директордун орун басары тарабынан толтурулуучу онлайн анкета жана толтурууга болжол менен 45 мүнөт талап кылынат. Улуттук борбор ага  маалыматтык материалдарды, анын ичинде логинди  берет. Координатор анкетанын туура жана толук толтурулганына жооптуу.

— PISA сессиялары бардык катышуучу өлкөлөрдө/экономикада бирдей башкарылышын камсыз кылуу үчүн биз тараткан колдонмодо талап кылынган жол-жоболорду кылдаттык менен аткаруу маанилүү. Эгерде ал аткарылбай калса, изилдөөнүн жыйынтыгы жокко чыгышы мүмкүн. Улуттук борбор координаторлорго негизги иш-чараларды өткөрүү боюнча керектүү документтерди жана формаларды жөнөттү. Алар кайсылар?  Мектептин даярдык куралы колдонмосу.  Ал PISAны онлайн башкаруу үчүн мектептердин IT потенциалын баалоо үчүн колдонулат. Окуучу тууралуу маалыматтар жана анкетадагы жооптору окуучунун даярдыгы менен туура жана ишенимдүү түрдө байланыштырылышы үчүн бул формаларды так жана толук толтуруусу да  маанилүү, — дейт Р.Маданбекова.  — Баалоо убактысын жана ордун пландаштырууда, мектеп координатору  баалоо үчүн жерди саат 6-30дан 18-00гө чейин ээлеп коюушу керек (толук бир күнгө). Техникалык көйгөйлөр болгон учурда бир нече запастык компьютерлер даяр болуш керек. Эгерде бир жерде бул убакытка компьютерлер жетишсиз болсо, анда бир нече жерди колдонуу же башка күнү башка сессияны өткөрүү керек болот.

Эң башкысы, мектеп координаторунун эң жогорку сапатта чогулткан маалыматтары Кыргыз Республикасынын ийгилиги үчүн абдан маанилүү. Андыктан, мектеп координаторлору колдоруна алган колдонмону жадыбалдай жаттап, андагы көрсөтмөлөрдү так жана сапаттуу аткаруусу зарыл.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер