ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕР МАСЕЛЕСИ КАНДАЙ ЧЕЧИЛЕТ?

  • 26.10.2026

Пенсия курагына жеткен мугалимдерди жумуштан кетирүү же алардын ордун жаш адистерге бошотуп берүү маселеси — билим берүү тармагындагы эң көп талкууланган жана карама-каршылыктуу актуалдуу темалардын бири. Жакында Президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен жолукканда, кезекте турган жаш мугалимдерди жумуш менен камсыз кылуу маселесин чечүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕР МАСЕЛЕСИ КАНДАЙ ЧЕЧИЛЕТ?

Атаандаштык күчөгөн мезгил
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, мугалимдердин айлык акысы жогорулагандан кийин мектептерде бош орундар үчүн атаандаштык күчөдү. Бирок пенсия курагындагы мугалимдерди Эмгек кодексинин талаптарына ылайык, өз ыктыяры менен жумуштан кетмейинче кызматтан бошотуу кыйын болууда.

ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕР МАСЕЛЕСИ КАНДАЙ ЧЕЧИЛЕТ?
“Айлык акы жогорулагандан кийин эч кимдин кеткиси келбей калды. Тескерисинче, орун берүүнү талап кылып жатышат. Пенсия курагындагы мугалимдердин арасында 68–70 жашка чыккандар да бар. Ал эми Нарын сыяктуу бийик тоолуу аймактарда пенсия курагы 45–50 жаштан башталат”, — деди министр.
Министр белгилегендей, пенсия курагындагы мугалимдерди жумуштан бошотуу боюнча чечимдер сот аркылуу жокко чыгарылып, алар кызматтарына кайра калыбына келтирилген учурлар да бар. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл.
Буга жооп кылып, Президент кезекте турган жаш мугалимдер көп болсо, маселени мыйзамдык негизде чечүү керектигин белгиледи: “Анда Эмгек кодексин өзгөртөлү. Жогорку Кеңеш менен биргеликте иштеп чыгып, карагыла. Бул маселени мыйзам менен чечели”, — деди Садыр Жапаров.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, жарандын пенсия курагына жетиши (аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш) аны жумуштан бошотууга негиз боло албайт. Себеби мыйзам боюнча курагына карап жумуштан бошотуу — бул дискриминация (кемсинтүү). Мугалимдин ден соолугу чың, кесиптик деңгээли жогору жана иштөөгө каалоосу болсо, ал пенсияга чыккандан кийин да эмгек ишмердүүлүгүн чектөөсүз улантууга толук укуктуу.

Баланс жана тажрыйба
Медалдын эки бети болгондой, бир жагынан жаш адистерге жол ачуу жана билим берүү системасын жаңыртуу талабы турса, экинчи тараптан көп жылдык тажрыйбаны сактап калуу жана адам укуктарын сыйлоо маселеси турат.
Билим берүү тармагына жаңы санариптик технологияларды, инновациялык методикаларды тез өздөштүргөн жаштар керек экени талашсыз. Эгер мектептеги орундар бошобосо, педагогикалык жогорку окуу жайларын бүтүргөн жаштар өз адистиги боюнча жумуш таппай калууда.
Ал эми улуу муундагы мугалимдер — мектептин тиреги. Алардын жылдар бою топтогон тажрыйбасы, окуучулар менен тил табышуу чеберчилиги жана методикалык базасы жаш адистерге караганда алда канча жогору турарын баарыбыз жакшы билебиз. Андыктан, пенсия жашындагы мугалимди жөн гана жумуштан бошотуу билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕР МАСЕЛЕСИ КАНДАЙ ЧЕЧИЛЕТ?

Чет мамлекеттердин тажрыйбасы
Мектептердеги мугалимдердин курагы — кайсы гана өлкөдө болбосун, билим берүүнүн сапатына түз таасир этүүчү фактор. Дүйнөлүк тажрыйбага кайрылып көрөлү. Мисалы, Япония жана Түштүк Кореяны алалы. Азия өлкөлөрүндө пенсия жашы (көбүнчө 60–65 жаш) сакталат. Пенсия курагына жеткен мугалим автоматтык түрдө негизги штатка кирбей калат. Бирок мектептер алар менен коштошпой, келишимдик негизде кыскартылган айлык жана убакыт менен кайра жумушка алат. Муну менен алар жаштарга толук ставкаларды бошотуп, өздөрү кеңешчи же ментор болуп калышат.

Европа Биримдигиндечи?
Бул мамлекеттерде жашына карап жумуштан бошотуу мыйзамга каршы келип, дискриминация катары бааланат. Ал эми ардактуу эс алууга акырындык менен чыгуу системасы иштейт: 60 жаштан ашкан мугалим жумуш убактысын 50%га азайтып, жарым ставкада иштейт. Айлыктын калган бөлүгүн мамлекеттик компенсация жабат. Бул убакта ал өзүнө бөлүнгөн жаш мугалимди машыктырып, тажрыйбасын өткөрүп берет.

Сингапур
Бул мамлекетте жаш курагы боюнча жумуштан бошотуу жок, бирок функциялар алмашат. Пенсия курагына жакындаган педагог сабак берүү сааттарын азайтып, «Үйрөтүүчү-мугалим» статусун алат. Анын негизги милдети — жаш мугалимдердин сабактарына катышып, методикалык жардам көрсөтүү.

Россия жана Казакстан
Коңшу өлкөлөрдө пенсия курагына жеткен мугалимдер менен белгилүү бир мөөнөткө (көбүнчө 1 жылга) эмгек келишими түзүлөт. Эгер мектепте кадр тартыштыгы болсо же мугалимдин көрсөткүчтөрү жогору болсо, келишим узартылат. Жаш адис келген учурда келишим бүтөрү менен орун бошотулат.

Маселени чечүүнүн оптималдуу жолдору
Пенсия жашындагы мугалимдерди жөн гана жумуштан кетирүү билим берүү сапатынын төмөндөшүнө жана социалдык нааразычылыкка алып келиши мүмкүн. Андыктан ардагер мугалимдердин укугун бузбай, маселени цивилдүү жол менен чечсе болорун педагогдор айтышууда. Маселен,
чет мамлекеттердин тажрыйбасын эске алып, пенсиядагы тажрыйбалуу мугалимдерди жаш адистердин насаатчысы катары жарым ставкага калтыруу;
Тажрыйбалуу педагогдорду ийримдерге, кошумча сабактарга же методикалык бирикмелерди башкарууга тартуу;
Мугалимдерди кетирүүгө шашылбай, алардын билимине, заманбап технологияларды өздөштүрүүсүнө жана аттестациянын жыйынтыгына таянуу;
Ардактуу эс алууга чыгып жаткан мугалимдерге бир жолку ири көлөмдөгү компенсация берүү аркылуу алардын кадыр-баркын көтөрүү.

ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕР МАСЕЛЕСИ КАНДАЙ ЧЕЧИЛЕТ?

Сөз соңу
Пенсия курагындагы мугалимдерге байланыштуу чечим ар бир адиске жекече мамиле жасоо жана ийкемдүү реформаларды колдонуу аркылуу ишке ашышы керек. Себеби тажрыйба менен жаштыктын айкалышы гана сапаттуу билим берүүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү