ПЕДАГОГИКАНЫН УСТАТЫ
- 25.11.2024
- 0
Профессор, окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору Назаркул Ишекеевдин жазуу өнөрүнө, илимий изилдөөгө шыгы эрте ойгонуп, публицистикалык ишмердүүлүгү мектепте окуп жүргөндө башталганы белгилүү. Айылдагы окуучунун “Кыргызстан пионери” гезитине макалалары, кыска баяндары, очерктери байма-бай жарыяланып турган. Студенттик кездеги “Ленинчил жаш” гезитине публицистикалык эмгектери жарыяланды, басылмада туруктуу иштегендиктен, журналисттик жана редакторлук кесипти да өздөштүрдү. Республикалык “Ленинчил жаш” гезитинин адабий кызматкери болуп иштеген мезгил текст түзүүгө такшалтканын, турмуштук тажрыйбасын байытканын жана ошол кездеги кыргыз интеллигенциясынын дөө-шааларынан сабак алуу бактысына туш болгонун агай бизге, студенттерине бир курдай айтып берген эле.
Баяндоонун жөнөкөй стили, сүйлөмдөрдүн куюлушкан ыргагы, сөздөрдүн орундуу колдонулушу, нерсени же кубулушту сыпаттоонун жеткиликтүүлүгү, лексиканын байлыгы нагыз илимий проблема же татаал теориялык маселелер болсун, кыргыз тилинде эркин сүйлөп, ошол тармак боюнча адиске да, карапайым студентке да түшүнүктүү, жугумдуу болушун шарттап турат. Агай студенттерге лекция окуганда да баяндалып жаткан окуя, мүнөздөлүп жаткан кубулуш, талданып жаткан проблема абстрактуу, чоочун эмес, калдайып маңдайда турган, кемели тааныш нерседей туюлат. Сөз болуп жаткан объектинин келбети даана көзгө тартылат. Көркөм адабиятты окутуунун методикасы боюнча лекцияларында тигил же бул жазуучунун чыгармасы баланча саат түкүнчө класстарда окутулган, дидактикалык мааниси мындай деген кургак маалыматтар менен чектелбестен, ошол чыгармалардын табиятын ачып берип, анын эстетикалык жүгү, тарбиялык наркы, каармандардын образы келиштире сүрөттөлөт. Тескерисинче, накта методикалык көрүнүштү же педагогикалык маселени жалпыга маалым, коомдук дискурстагы термин менен сүрөттөө да агайдын оратордук чеберчилигинен, баяндоо искусствосунан кабар берип турат. Мисалы, “Кыргыз адабиятынын окуу китептери: өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги” аттуу монографиясында
Н.Ишекеев кыргыз адабияты боюнча окуу китептерин түзүүнүн “этногенезиси” (бул да тарыхчылардын, антропологдордун термини – Ш.К.) кийинчерээк башталышынын себебин талдап келип, автор негизги себептердин бири катары “мектептердин окуу планында кыргыз адабияты предмет катары “декларацияга”, “суверенитетке” ээ эмес болчу” деп укуктук-саясий процесске таандык, бирок коомчулукка жакшы маалым категория менен, салыштырмалуу, бирок абдан таасын белгилеген.
Н.Ишекеевдин адабиятты окутуунун тарыхы боюнча изилдөөлөрү тарыхчылар үчүн да пайдалуу эмгек. Анткени агайдын табылгалары Кыргызстанда билим берүүнүн эволюциясын түшүнүүгө өбөлгө болуучу фактологиялык маалыматтарга, айрыкча XX кылымдын башындагы алгачкы окумуштуулар, окуу китептери, окутуунун куралдары, ыкмалары, каражаттары тууралуу жаңы документалдык маалыматтарга бай.
Профессор Назаркул Ишекеев кыргыз билим берүү тарыхын жалпылаштырып, доорлорго бөлүп, 4 революцияны башынан кечиргенин, бардык революцияларга залкар инсан, даңазалуу түрколог жана лексикограф, кыргыз филология адистеринин улуу устаты чаалыкпас тарбиячы-педагог катары активдүү катышкандыгын даңазалуу окумуштуу Хусейин Карасаев тууралуу баяндамасында эң сонун сыпаттаган.
Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Н.Ишекеевдин аныктамасына ылайык, биринчи революция ата-энелердин өзүнүн балдарын кесипкөй тарбиячылардын колуна өткөрүп берүүсү менен мүнөздөлөт.
II революция билим берүүнүн мазмуну оозеки формадан жазуу формасына өтүү менен айкындалат. Бул мезгилде гүлдөгөн фольклордук маданияттан жазуу маданиятына өтүү процесси, кыргыз элинин салттуу билиминен классикалык билимге өтүү агымы жүрөт.
III революция биринчи окуу китеби катары алгач газеталар колдонулуп, андан кийин окуу куралдарынын негизинде окутулат.
IV революция окуу китептеринен маалыматтын жаңы технологиялык булактарына интенсивдүү өтүү процесси аркылуу сыпатталат.
Профессор Назаркул Ишекеевдин бул таасын илимий аныктамалары Кыргызстанда билим берүүнүн этаптарын аныктоого, доорлорго жана тарыхый реалдуулукка жараша формаларына мүнөздөмө берүүгө жана негизги окшоштуктары боюнча жалпылаштырууга методологиялык негиздердин бири боло алат. Көркөм адабиятты окутуунун тарыхый жолун чагылдыруу, ар бир этаптагы өзгөчөлүктөрүн, жагдайларын, шарттарын жана мазмунун таасын мүнөздөө дал ушул төрт революциянын контекстинде ишке ашкандыктан, процессти кабылдоо, түшүнүү жана баалоо кыйла ыңгайлуу. Билим берүүнүн технологиялык доору демекчи, Назар агай тээ 2010-жылдагы монографиясында эле электрондук, инклюзивдүү окутуу китептерин түзүү билим берүүнүн зарыл шарты деп белгилеген.
Билим берүүнүн жана тарбиянын эң негизги институттарынын бири – адабият. Элдик оозеки адабият да, жазма көркөм адабият да билим менен тарбиянын соолубас булагы. Адамдын дүйнө таанымында жана инсандын, коомдун баалуулуктар системасында эң маанилүү роль ойногон көркөм адабият предмет катары окуучуларга поэтикалык-эстетикалык илимий билимдерди, нарк сабагын берүүнүн жана алуунун булагы – көркөм адабият предмети. Ошол адабияттарды окутуунун концептуалдык, педагогикалык, тарбиялык, эң башкысы методикалык жагдайлары окумуштуу жана педагог, Ч.Айтматов атындагы эл аралык коомдук академиянын академиги Н.Ишекеевдин илимий ишмердүүлүгүнүн башкы объектиси. Көркөм чыгармаларды орто мектептерде адабиятты окутуунун тарыхы, эволюциясы жана азыркы учурдагы актуалдуу проблемалары, адабиятты окутуунун мазмуну жана формалары; окуу пландарынын, окуу программаларынын жана окуу китептеринин мазмундук, структуралык табияты; окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен инновациялык технологиялары – мына ушул орчундуу маселелер Н.Ишекеевдин илимий изилдөөлөрүнүн предмети. 1984-жылы «Кыргызстандагы жалпы орто мектептерде кыргыз жазуучуларынын прозалык чыгармаларын окутуунун методикасы» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Агайдын педагогика илимдеринин доктору илимий даражасын коргоо үчүн докторлук диссертациясы (1994-жыл) “Кыргызстандын мектептеринде кыргыз адабиятын окутуунун тарыхы жана анын азыркы этаптагы актуалдуу маселелери” деп аталат. Көрүнүп тургандай окумуштуу Ишекеевдин илимий изденүүсү жалпысынан педагогикалык багытта болгону менен, адабиятты окутуунун методикасына, көркөм адабиятты окутуу процессинде жаштарга билим берүүнүн жана тарбиялоонун педагогикалык маселелерине басым жасалат.
2010-жылы жарыяланган “Кыргыз адабиятынын окуу программаларынын мазмуну жана проблемалары” аттуу монографиясында Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин ардактуу профессору Н.Ишекеев Кыргызстандын аймагында соңку доордогу билим берүү процессинин табиятын эң мыкты сүрөттөп, Орто Азиядагы ислам мектептери жана колониалдык доордогу орус-тузем, европалык типтеги билим берүү системаларынын ролун жана таасирин объективдүү процесс катары мүнөздөгөн. Аталган изилдөөдө бул процесс – “эки агартуу маданияттарынын Ала-Тоодогу синтези, тогошуусу сайга кетпеген, принципиалдуу, өзөктүк мааниге ээ экендигин бүгүнкү азаттык жана эркиндик жылдары даана айкындалды” деп таамай аныктама берген. Окумуштуу өз изилдөөсүнүн негизинде мектептердеги окуу предмети жана көркөм өнөрдүн эн байыркы, универсалдуу түрү болгон адабият боюнча билим берүүнүн проблемаларын көйгөйлөр тизмеги эмес, ары актуалдуу, ары багыттама сунуштар катары берген.
Профессордун окуу китептерин түзүү жана окутуунун методикасы боюнча сунуштары эстетикалык табитти өстүрүүдө, тарыхый аң-сезимди байытууда жана улуттук иденттүүлүктү калыптандырууда таасири талашсыз актуал маселелерди камтыйт. Алсак, окумуштуунун байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз адабиятын окутуу, өткөн доордо идеологиялык негизде куугунтукталып келген акындар поэзиясынын үлгүлөрүн, бир кезде “улутчул, контрреволюциячыл, улутчул маанайдагы зыяндуу чыгармалар” деп айыпталган авторлордун көркөм мурастарын терең окутуу, түрк элдеринин орток мурастарын, дүйнөлүк адабияттын эски доордогу жана заманбап мыкты үлгүлөрүн окутуу тууралуу пикирлери актуалдуу. Баалуулуктар алмашып, көр оокаттын айынан жан дүйнөсү тукулжурап, сезими мокой түшкөн карапайым көпчүлүктүн көркөм маданиятка, адабиятка, искусствого чолоосу азайып калган кезде адабиятты окутуунун методикалык жана педагогикалык талылуу маселелерине арналган агайдын илимий изилдөөлөрү мектептер үчүн гана эмес, ата-энелер, дегеле коомчулук үчүн да пайдалуу эмгек.
Н.Ишекеевдин адабиятты окутуунун тарыхы боюнча изилдөөлөрү тарыхчылар үчүн да пайдалуу эмгек. Анткени агайдын табылгалары Кыргызстанда билим берүүнүн эволюциясын түшүнүүгө өбөлгө болуучу фактологиялык маалыматтарга, айрыкча XX кылымдын башындагы алгачкы окумуштуулар, окуу китептери, окутуунун куралдары, ыкмалары, каражаттары тууралуу жаңы документалдык маалыматтарга бай.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Назаркул Ишекеев педагогикада өзүнчө илимий мектепти түзгөн жемиштүү устат. Илимдин алты докторун, он бештен ашык кандидатын даярдаган. Окумуштуунун 200дөн ашык илимий эмгектери жарык көрүп, алар элдин интеллектуалдык кызматына жароодо. Профессор илимий иштер менен гана алектенбестен, жогорку окуу жайлары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык куралдарын иштеп чыккан. Кыргыз адабияты боюнча окуу китептерин түзгөн, орто мектептер үчүн адабият предмети боюнча окуу китептеринин авторлорунун бири. Тажрыйбалуу педагог жана көрүнүктүү окумуштуунун эмгектери келечекте окуу китептерин, окуу программаларын иштеп чыгууга, аларды жакшыртууга, ошондой эле окутуунун методикалык, тарбиянын педагогикалык негиздерин жакшыртууга илимий өбөлгө, концептуалдык негиз жана практикалык көмөк болмогу анык.
Шаткүл Кулматова,
педагогика илимдеринин кандидаты, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын окутуучусу
Комментарийлер