ПАРИЖ-2024: АКЖОЛ МЕНЕН ҮЗҮР КОЛО МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

  • 08.08.2024
  • 0

ПАРИЖ-2024: АКЖОЛ МЕНЕН ҮЗҮР КОЛО МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫАКЖОЛДУН ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНДАГЫ ЭКИНЧИ МЕДАЛЫ

Кадырман кыргыз калкы сүйүнчү!

Бишкек убактысы боюнча 8-августка караган түнү Париждеги олимпиадалык байгелер үчүн таймашуулары уланып, грек-рим күрөшү боюнча Токио олимпиадасынын күмүш медаль ээси, дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудов  коло медаль үчүн күрөштө атаандашы дүйнөнүн эки жолку вице-чемпиону, азербайжандык Санан Сулейманов утуп алып, үчүнчү орунду ээледи.

ПАРИЖ-2024: АКЖОЛ МЕНЕН ҮЗҮР КОЛО МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

Азербайжандык Сулейманов 2023-жылы Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында  дагы Акжол Махмудовдон жеңилүү ызасын тартып калган. Ошондой эле спортчулар 2022-жылы Түркияда өтө турган Ислам тилектештик оюндарынын финалында да беттешкен. Анда дагы  Акжол артыкчылык менен утуп алган. Ошентип Акжол Париж олимпиадасында дагы Санан Сулеймановду жеңип, коло медаль тагынды. Акжол Мээримден кийинки эки олимпадалык оюндарда күмүш жана коло медаль уткан экинчи кыргыз  спортчусу аталып, тарых жаратты.

6-августта Акжол  чейрек финалда  казакстандык атаандашына алдырып коюп, жарым финалга чыга албай калганда күйөрмандар күйүнсө, бүгүн сүйүнүп турган учуру.

Акжол Махмудов  77 кг салмакта 1/8 финалдагы алгачкы атаандашы америкалык  Камал Амир Бэй болуп, аны 4:1 эсебинде утуп алып, чейрек финалга чыккан эле.  Акжол кийинки атаандашы  колумбиялык Алексис Муньосту жеңген дүйнө жана Азия чемпионаттарынын күмүш байге ээси, казакстандык Демеу Жадраев болду. Акжолдон мурда утулуп жүргөн казакстандык балбан эч кандай ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей, 3:1 эсебинде  жеңип алып,  Акжол жарым финалга чыкпай калган. Эми  34 жаштагы казакстандык Демеу Жадраев финалга чыгып, баш байгеге талапкер болгондуктан Акжолдун коло байге үчүн күрөшүүгө жолу ачылган.  Балбандарды соорттуучу мелдеште Акжол колумбиялык атаандашын утуп, коло байге үчүн күрөшүүгө укук алган. Коло медаль үчүн беттешүүдө азербайжандык Санан Сулеймановду утуп алды.

                                                   Үзүр үмүттү актады

ПАРИЖ-2024: АКЖОЛ МЕНЕН ҮЗҮР КОЛО МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

Ушундай коло байге үчүн таймашууда  грек-рим күрөшүндө 97 кг салмактагы Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков египеттик Мохамед Али Элсайед Габрды утуп, үчүнчү орунду камсыз кылып,  күйөрмандардын, кыргыз элинин үмүтүн актады.

Эскерте кетсек, Үзүр   1/8 финалдагы атаандашы, 2008-жылкы Олимпиадада күмүш байге ээси,  литвалык Миндаугас Венскайтисти 4:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан.

ПАРИЖ-2024: АКЖОЛ МЕНЕН ҮЗҮР КОЛО МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫҮзүрдүн жарым финалга чыгуу жолун Токио Олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпиону жана Азиянын эки жолку чемпиону, ирандык Мохаммадхади Сарави тосуп, 8:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарттырып койгон эле. Оңдой берди болуп, ирандык балбан финалдыктан Үзүр коло байге үчүн күрөшүүгө талапкердин бири болгон.

Коло медаль үчүн күрөштө Үзүр каармандыгын көрсөтүп, 2023-жылкы Африка чемпиону жана 2024-жылкы Африка оюндарынын жеңүүчүсү, египеттик Габрды утуп алды. Үзүр сооткотуучу беттешүүдө америкалык атаандашын артыкчылык менен утуп, коло медаль үчүн күрөшүүгө жолун ачкан.

Кыргызстандан Париж Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Учурда бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкканы эле колунда коло байгеси бар экенин билдирип турат.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону олимпиада оюндарында учурда  4 күмүш, 7 коло байгелүү болуп, алтын медалга жете элек.

8-августта Париж олимпиадасынын эркин күрөш таймашуулары башталат. Грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта Амантур Исмаилов дагы коло байгеге талапкерлер менен күч сынашат.

Бул күнү эркин күрөштөн Кыргызстандын намысын 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу коргойт. Анын 8/1 финалдагы атаандашы казак балбаны Мейрамбек Картбай болмокчу.  Кийинки күндөрү Айсулуу Тыныбекова, Айаал Лазарев, Эрназар Акматалиев жана Айпери Медет кызы дагы өлкөбүздүн намысын коргойт.

Ошондуктан Парижде намыс талашып, кыргызды дүйнөгө тааныткан балбандарды сүрөөнгө алып, колдоп туралы!

Кабыл Макешов,  

Кыргыз Републикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер