ОЮН — АКЫЛ-ЭСТИН ЖАНА ТИЛДИН АЧКЫЧЫ
- 01.07.2026
- 0
Бишкек шаарындагы №93 “Баластан” ясли-бакчасынын тарбиячылары балдарды окутуп-үйрөтүүдө, дүйнө таанымдарын кеңейтүүдө ар түрдүү оюндарды көбүрөөк колдонууга басым жасашат. Алар өз тажрыйбасынан улам ушул ыкманын сиңимдүү, кайтарымдуу болорун байкашып, ар бир сабакта жана күнүмдүк иш-чараларда балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык кызыктуу оюндарды колдонушат.
Бала бакчанын директору Айгүл Жолдошева балдар оюн аркылуу жаңы билимди жеңил кабыл алып, бири-бири менен баарлашууга, ойлонууга жана өз оюн эркин билдирүүгө үйрөнүшөрүн белгиледи. Баса, Билим берүүнүн мыктысы Айгүл Майрамбековна “Мыкты тарбиячы-2025” республикалык конкурсунда байгелүү биринчи орунга ээ болгонун кыстара кетпесек болбос. Анткени жетекчинин мыкты көрсөткүчтөрү ал жетектеген мекеменин жамаатынын бирдиктүү аткарып келаткан иштеринин үзүрлүү жемиши экени талашсыз.

— Биз балдардын таанып-билүү жөндөмүн өнүктүрүү үчүн дидактикалык оюндарды, логикалык тапшырмаларды, пазлдарды, кубиктерди жана конструкторлорду колдонобуз. Ошондой эле табигый материалдар (кум, суу, таш, жалбырак) менен оюндарды уюштурабыз. Балдар байкап көрүп, салыштырып, билбеген суроолоруна жооп издеп таап, өз алдынча жыйынтык чыгарууга аракет кылышат. Балдар көбүнчө ролдук жана кыймылдуу оюндарды жакшы көрүшөт. Алар “Дүкөн”, “Оорукана”, “Үй-бүлө”, “Ашкана”, “Куруучу” сыяктуу оюндарга өзгөчө ынтызарлык менен катышып, ойногонду жакшы көрүшөт. Андан тышкары, улуттук жана кыймылдуу оюндарды да көп колдонобуз. Бул оюндар балдардын кызыгуусун арттырып, бирге иштөөгө үйрөтөт, — дейт Айгүл Майрамбековна.
Бала бакчанын тарбиячылары балдарды топ менен иштөөгө, бири-бирин угууга, жардам берүүгө жана оюн эрежелерин сактоого багыттап, үйрөтүп турушат. Биргелешкен оюндар, майрамдык иш-чаралар жана чыгармачылык иштер аркылуу балдар достошуп, коомдо өзүн туура алып жүрүүгө, демек, социалдашууга көнүгүшөт.

— Балдардын маанайынан алардын эмоционалдык абалына байкоо жүргүзүүгө болот. Биз күн сайын балдарды кабыл алып жатканда, алардын маанайына көңүл бурабыз. Кээ бир балдар эртең менен уйкусу ачылбай, чыргоолонуп, маанайы пас келет. Бирок балдар менен аралашып ойной баштаганда көңүлү ачылат. Сүрөт тартуу, жомок угуу, баарлашуу жана оюндар аркылуу баланын өзүн кандай сезип жатканын байкоого аракет кылабыз. Бирок кээ бирде балдар балким үйдөгү кырдаалдардан уламбы, маанайы чөгүп, күнү бою эч нерсеге көңүлдөнбөй жүргөн учурлар да кездешпей койбойт. Мындай кырдаалдарда биз сөзсүз баланын ата-энеси менен байланышып сүйлөшөбүз. Баласынын кандай оюнчуктарды, кандай оюндарды жакшы көрөрүн ата-энеден артык эч ким билбейт эмеспи. Андыктан биз колдон келишинче ар бир ата-эне менен сүйлөшүп, биргеликте иш алып барганга аракеттенебиз, — дейт директор.
Бала бакчада STEM элементтерин колдонууга да өзгөчө көңүл бурулат. Балдар конструкторлор менен ар кандай курулуштарды куруп, жөнөкөй эксперименттерди жүргүзүшөт. Суу жана кум менен тажрыйба жасоо, магниттерди колдонуп байкоо жүргүзүү балдардын ой жүгүртүүсүн, кызыгуусун, изилдөө жөндөмүн жана чыгармачылыгын өнүктүрөрүн жакшы билишет. Айгүл Жолдошева биз менен баарлашуу учурунда алар колдонуп жаткан оюндар жана окутуу ыкмалары жакшы натыйжа берип жатканын, балдар сабактарга кызыгуу менен катышып, өз ойлорун эркин айтып, жаңы нерселерди үйрөнүүгө аракеттенип жатышканын белгиледи. Тарбиячылар оюн аркылуу окутуу — балдарды мектепке даярдоого жана ар тараптуу өнүктүрүүгө чоң жардам берип, алардын ишин кыйла жеңилдетип жатканына ыраазы болушууда.
Оюн балалыктын тили
Чынында эле оюн аркылуу окутуунун мааниси кандай? Эмне үчүн оюндар аркылуу үйрөтүүнү тандоо керек? Себеби, баланын мээси оюн учурунда эң активдүү өнүгөт. Адистер бала коркунучсуз, кысымсыз чөйрөдө бала маалыматты бат сиңирерин белгилешет. Атайын изилдөөлөрдүн жыйынтыгы оюн аркылуу окуган балдардын логикалык ой жүгүртүүсү, тили жана социалдык көндүмдөрү т.а. башкалар менен тил табышуусу тезирээк калыптанарын көрсөткөн.

Бала бакчаларда колдонулган эң мыкты жана натыйжалуу ыкмалар кайсылар? Бала бакчанын тарбиячысы Мээрим Аскарова заманбап окутуу ыкмаларын, оюн аркылуу окутууну, инновациялык технологияларды жана интерактивдүү усулдарды колдонууга аракеттенерин белгиледи.
— Мен бул мектепке чейинки билим берүү мекемесинде иштеп келатканыма үч жылдан ашты. Тарбиячы катары ар бир баланын жеке өзгөчөлүгүн эске алып, алардын акыл-эсин, чыгармачылыгын, социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам. Ишмердүүлүгүмдө заманбап окутуу ыкмаларын, оюн аркылуу окутууну, инновациялык технологияларды жана интерактивдүү усулдарды колдонууга аракеттенем. Биз балдар менен “Дүкөн”, “Оорукана”, “Үй-бүлө”, “Ашкана” ж.б. ар кандай оюндарды ойнойбуз. Бул оюндар аркылуу бала башкалардын сезимин түшүнүүнү жана маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүнү үйрөнөт. Тил байлыгы абдан тез өсөт, анткени бала өз ролуна жараша жаңы сөздөрдү колдонууга аргасыз болот. Үйдөн ата-энелер баласы менен бирге “Кафе” же “Китепкана” болуп ойносо болот. Мында кымбат оюнчуктардын кереги жок, кадимки кутучалар, кагаздар жана үйдөгү буюмдар баланын фантазиясын андан бетер өөрчүтөт. Ошондой эле пазлдар, сортерлор, түстөр жана формалар менен ойногондо балдардын алгачкы түшүнүктөрү жана логикасы өсөт. “Ак терек, көк терек”, жашынмак жана топ менен оюндар бир жагынан баланы физикалык жактан дени сак өстүрсө, экинчи жагынан командада иштөөгө үйрөтөт. Ал эми Монтессори ыкмасынын элементтери камтылган кум, суу, дан өсүмдүктөрү менен ойноо сыяктуу сенсордук оюндар майда моториканы өстүрүп, мээнин сүйлөө борборун активдештирет, — дейт жаш тарбиячы.
Унутулгус улуттук оюндар
Биздин улуттук кыймылдуу оюндар – бала бакчаларда жайылтыла турган эң сонун үлгү болору анык. Алсак, “Ак терек, көк терек”, “Жоолук таштамай”, “Чын куран” сыяктуу оюндар заманбап педагогиканын талаптарына толук жооп берет. Адистер бул оюндар баланы шамдагайлыкка, командада бир максатка умтулууга жана жеңишке же жеңилүүгө туура мамиле кылууга үйрөтүшөрүн айтышат. Ошону менен катар эле бала өз элинин маданиятын кичинесинен сүйүп, үйрөнүп өсөт.
Ар бир бала дүйнөнү изилдөөчү катары төрөлөт эмеспи. Ал эми анын эң башкы лабораториясы – бул оюн. Мектепке чейинки курактагы бала үчүн оюн жөн гана убакыт өткөрүү эмес, ал – акыл-эсти өстүрүүнүн, тилди байытуунун жана заманбап көндүмдөрдү калыптандыруунун эң табигый жолу.
Оюн жөнөкөй башаламандыкка айланып кетпеши үчүн тарбиячы өзүнүн ролун жакшылап белгилеп алышы керек. Мисалы, ал оюнду башкаруучу эмес, багыттоочу болуу менен бирге балага тандоо мүмкүнчүлүгүн берип, багыттап турушу зарыл. Дагы маанилүү эскертүү: балдардын оюн аянтчалары коопсуз жана жетишрелик бай чөйрөдө болушу шарт. Бакчадагы оюн бурчтары баланын фантазиясын ойгото тургандай ар кандай оюнчуктар, табигый материалдар менен жасалгаланышы керек.

Тарбиячы менен ата-эненин кызматташтыгы
Таалайбек кызы Касиет – бала бакчанын кичинекей мүчөсү Айчырайдын апасы. Ал кызы бала бакчага келгенден тарта тез эле чоңое түшкөнүн байкаган.
— Айчырай өз алдынча чечинип-кийинип, колдонгон буюмдарын ирээттүү колдонгонду, тазалыкты үйрөнүп, ырларды жаттап, бийге, сүрөт тартууга кызыга баштады. Оюндар аркылуу айлана-чөйрөнү, сандарды таанып билди. Айрыкча кол өнөрчүлүгүнө катышканды жакшы көрөт. Эң негизгиси, кызым өзү менен тең курбулары менен ынтымактуу ойноп, бири-бирин сыйлоону, жардам берүүнү жана оюн эрежелерин сактап ойноону өздөштүрө баштаганы бизди кубандырат. Тарбиячылардын жоопкерчиликтүү, мээримдүү мамилеси, кесипкөйлүгү аркылуу кызыбыз күн сайын жаңы билимдерди алып, ар тараптан өнүгүп жатканына күбө болуп жатабыз. Андыктан бардык эмгек жамаатына ыраазычылыгыбызды билдиребиз, — дейт Касиет айым.
Эң мыкты бала бакчалардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, эгер бакчада башталган оюн ыкмалары үйдө улантылбаса, анын натыйжасы аз болот. Ошондуктан, тарбиячылар ата-энелер үчүн атайын оюн кечелерин уюштуруп, аларды бала менен туура ойноого үйрөтсө жакшы натыйжа берет. Бала көп убактысын үйдө өткөрөрүн эске алсак, ата-эне баланын телефон же планшет менен жалгыз калтырбай, биргеликте лего куруп, жомок окуп берип, оюндарды чогуу ойносо, дени сак, акылы зирек бала тарбиялап өстүрө аларында шек жок.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер