ОШ ОБЛУСУНУН ЭКИ МЕКТЕБИНДЕ КУРУЛУШ ИШТЕРИ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

  • 27.08.2024
  • 0

Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылаган “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун  алкагында 2024-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылындагы №125-Боболашкар мектебинин жана Өзгөн районунун Ана-Кызыл №57-А.Өмүрзаков атындагы мектептин  жаңы имараттарынын курулушу башталды.

ОШ ОБЛУСУНУН ЭКИ МЕКТЕБИНДЕ КУРУЛУШ ИШТЕРИ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

Жаңы курулган мектептер жер титирөөлөргө  туруштук берет, электр энергиясын сарптайт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт жана санитардык-гигиеналык шарттарын камтыйт. Мектеп гана эмес имараттын короосу да көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлат жана тышкы мектеп инфраструктуралары орнотулат.

Мектептер заманбап илимий методология боюнча тандалып алынган. Тандоо критерийлерин  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Дүйнөлүк банк биргелишип иштеп чыккан. Тандоонун негизги талаптарынын ичинен участоктун сейсмикалык тобокелдиги, имараттын аялуу даражасы жана мектептеги окуучулардын саны эске алынган.

Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат. Тандалып алынган мектептерде санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу иш-аракети жүрүп, ички дааратканалар орнотулат.

ОШ ОБЛУСУНУН ЭКИ МЕКТЕБИНДЕ КУРУЛУШ ИШТЕРИ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

№ 125 Боболашкар мектеби Ош облусунун, Кара-Суу районунун Шарк айылында жайгашкан. Мектептин эски имараты 1970-жылдары курулган жана айыл чарба муктаждыктарына арналган. 2001-жылы имарат башталгыч мектеп катары өзгөртүлүп, 2012-жылы мектеп толук орто мектеп статусуна ээ болгон. Мектеп 220 окуучуга ылайыкталып, бүгүнкү күндө үч нөөмөттө 460 тан ашуун окуучу билим алууда.

Ал эми № 57 А.Өмүрзаков атындагы мектеп Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында жайгашкан. Мектептин имараты 1970-жылдары курулган жана пахта иштетүүчү талаа жайы катары  колдонулуп келген.  2001-жылы окуу жайга айланган. Алгач кенже мектеп болуп, 2012-жылы толук орто мектеп статусун алган. Мектептин имараты 200 окуучуга ылайыкталган,  учурда  500 бала окуйт.

Мектеп жылуулук, суу камсыздоо жана агындыларды кетирүү тармактары камсыздалат. Имарат мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандустар жана лифт орнотулат.

Тынчтыкбек Досмуратов, Ош

Бөлүшүү

Комментарийлер