ОШ БЫЙЫЛ ДА АЛДЫГА ОЗДУ
- 05.10.2022
- 0
“Жылдын мыкты тарбиячысы 2022” сынагынын жыйынтыгында Ош шаарындагы №39 “Күн нуру” бала бакчасынын тарбиячысы Гүлназа Туленбаева биринчи орунду ээлеп, баш байгени багындырды.
5-октябрь – мугалимдердин күнү кош майрам менен коштолуп, борбор калаабыз Бишкектеги салтанаттуу жыйында “Жылдын мыкты тарбиячысы-2022” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Биринчи орун быйыл Ош шаарынан келген Гүлназа Туленбаеванын энчисине, экинчи байгелүү орун Талас облусунун Манас районундагы “Байчечекей” бала бакчасынын тарбиячысы Эркинбек кызы Мунарага, үчүнчү орун Ош облусунун Алай районундагы №1 бала бакчанын тарбиячысы Арапаткан Туменовага тийди.
3-4-октябрь күнү “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык кароо-сынагынын IV этабына сегиз дубандан мыктынын мыктысы тандалып келип, билим таймашында күч сынашканына күбө болдук.
Тарбиячылардын таймашы Көк-Жар жаңы конушундагы №182 бала бакчанын имаратында өттү. Бул бала бакчанын (директору Эльмира Сырдыбаева) майрамдагыдаый жасанышкан тарбиячылары, айрыкча, кичинекей бөбөктөрү сегиз дубандан келген кесиптештерине жана калыстар тобуна камкордук менен бөлмөлөрдү ылайыкташтырып жасалгалап, жаңы эле таанышкан эжейлеринин тилегине тилектеш болуп, жардам берип жатышты. Талапкерлер жолдун алыс-жакынына карабай ала келген көргөзмө куралдардын жардамы менен балдарга күз мезгилинин өзгөчөлүгү, кооздугу тууралуу айтып берип, жаратылыш сырларын чогуу изилдешти.
Үчүнчү орунду ээлеген Арапатхан Туменова алыскы Алай районунун Күлчө айылындагы №1 бала бакчасында 2014-жылдан бери тарбиячы болуп иштейт. Ал эмгектенген типтүү бала бакча 1979-жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келаткан саналуу бакчанын бири. Бала бакчанын башчысы Гүлбара Рахманбердиеванын айтымында, алар эки жылдан бери облуста алдыңкы орундарды ээлеп келатат. Быйыл да минтип байгелүү үчүнчү орунга ээ болду. Бул бала бакчанын өзгөчөлүгү — меморис программасынын негизинде, бардык буюмдарды таза, нукура продукциядан даярдашат. Байкоочулардын баамында, Арапатхан Кантемировна кенже тайпанын балдарына өткөн “Күз менен таанышуу” сабагында балдар менен байланыш түзүүгө жетишип, жаш курагына жараша али толук сүйлөй элек бөбөктөрдү өзүнө тартып, бир багытта башкара алды.
Экинчи орунга татыктуу болгон Манас районундагы “Байчечекей” бала бакчасынын тарбиячысы Эркинбек кызы Мунара иштегенине аз эле болсо да (эмгек стажы алты жыл) райондун эле эмес, облустун намысын талашкан, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш тарбиячылардын бири. Анын өткөн сабагы, айрыкча кол менен жасалган колдонмо куралдары калыстар тобунун көз кырына илинди.
Калыстар тобу үчүн талапкерлердин арасынан эң мыктысын аныктоо кыйынга турганын белгилеп койгонубуз оң. Муну катышуучулар жана алардын күйөрмандары калыстардын чечим чыгаруу убактысы узакка созулганынан улам баамдап турушту.
Калыстар тобунун төрайымы, Бишкектеги И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Токтобүбү Орусбаева калыс баамдагандай, республикалык деңгээлдеги таймашка ар бир катышуучу өзүнүн облусунун намысын коргоп келгени эле чоң жеңиш, чоң эрдик.
— Биз үчүн татыктуулардын татыктуусун тандоо эң кыйын болду. Анткени ушул жерге келгендердин баары — жеңүүчүлөр экени талашсыз. Бирок таймаш деген таймаш экен, мыктылардын ичинен мыктысын тандоо вазийпасын акыйкат, так аткарганга аракеттендик. Талапкерлер өткөн сабактары аркылуу өздөрү кандай педагог экенин көргөзө алды. Ар биринин белгилей кетчү өзгөчөлүктөрү бар, бирок кээ бири балким толкунданганданбы, сабактын башталышында Гимн ырдатканды эстен чыгарып коюп жатты. Кайсы жерде болсо да, ушул кичинекей, бирок өтө маанилүү кырдаалды башкалар да унутпоого тийиш.
Ош шаарынан келген талапкер аудиторияны, балдарды өзүнө тарта билгендиги, дикциясы, мимикалары, мээримдүү мамилеси менен башкалардан айырмалана алды. Ал өзүнүн сабагына өтө кылдат даярданып келгендиги тайпадагы балдарга бирдей форма кийгизгендигинен да байкалды. Кыйын педагог кандай чөйрө болбосун, өзүнүн чеберчилиги менен баарын өзүнө тартып алат жана кандайдыр бир өзгөчөлүктү таба билет. Биз Гульназадан ошол чеберчиликти көрдүк, — дейт Токтобүбү Орусбаева.
Жыйынтыктоо сөзүндө Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова талапкерлерди таптоодо жергиликтүү жетекчилердин олуттуу мамилеси чоң роль ойной турганын белгиледи.
— Талапкерлер үчүн да, алар сабак өткөн балдар үчүн да жаңыдан таанышкан чөйрөдө өзүн көргөзүү оңой эмес иш. Бирок ошол кыйын кырдаалдан кылдат чеберчилик менен чыгып кетүү аркылуу, өзүнүн мыктылыгын көрсөтүүгө тийиш. Биздин баамыбызда, ушул сынакта да облустук турлардан алдыга озуп келгендер өздөрүнүн кесиптик чыныгы чеберчилигин көргөзө алды. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, кыргызда “Жандоочу кийик аттырат” деген жакшы сөз бар эмеспи, анын сыңарындай, Оштун жетекчилери педагогдорго мотивация берүүнү мыкты өздөштүргөнүн белгилеп коюшубуз абзел. Алардын сүрөөнү, колдоосу аркылуу облустук турларда жеңген жеңүүчүлөр батирлүү, машиналуу болуп жатканына күбөбүз. Бул албетте, ар бирин алдыга сүрөп, жеңишке жетелейт жана өз жемишин берет. Анын жемиши ушул — быйыл Оштон келген мугалим да, тарбиячы да байгелүү биринчи орунду ээлеп отурат. Былтыр да Оштон келген педагогдор баш байгеге ээ болгону эсибизде, — дейт Нурзида Касымова.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер