ОРОЗАЛИ САЙДИЛКАНОВ: “МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫ БИЙИК БОЛУШУ КЕРЕК” (УЛАНДЫСЫ)

  • 05.11.2020
  • 0

Кара-Кулжадагы автордук мектептин негиздөөчүсү Орозали Сайдилканов менен кездешип, билим берүүнүн орчундуу маселелери жөнүндө сүйлөштүк.

Бийлик жана Мугалим

–Тоталитардык доордо тарбия-таалим системасы кошоматчылар менен жогору жактын айтканын кың дебей аткарып туруучуларды даярдоого ылайыкталган эле депсиз бир маегиңизде. Азыр ошол кездегиге салыштырмалуу өзгөрүүлөр барбы?

– Тилекке каршы, аз. Дагы эле мурункудай, кайсы мектепте тил алчаак мугалимдер, деректирлер болсо, ошолорду райББде, акимиятта макташат. Бул өнөкөттөн арылуу үчүн, намыстуу атуулдарды өстүрүү үчүн мектепте окуучулардын өзүн-өзү башкаруусун өнүктүрүшүбүз керек. Менин мугалимдерим биринчи келгенде окуучулар шоктонсо, урушпагыла, силер да бала болгонсуңар, түшүнгүлө дейсиз, бирок окуучулар бизге тең ата болуп алышкан, бизди тоготпойт деп даттанышчу. Мен аларга: “Силерге кездешкенде калп эле саламдашкан болуп, бирок артыңардан сөккөнү жакшыбы же чын дилинен жакшы көрүп сыйлаганы жакшыбы?”, — дейм.

РайББден текшерүүгө келгендер да сиздин окуучулар коржоңдоп эле турушат, унчукпай тартынып калганда билбейт дешчү. Бир жолу мындай кызык болду. Облустун ошол кездеги губернатору Темирбек Акматалиев автордук мектепти көрүүгө барат деп калышты. РайББ башчысы мени чакырып: “Ороз, бир да окуучуң алдынан чыкпасын, ар кандай суроолорду берип бизди уят кылбасын, өзүң тур, завучуң турсун, мугалимдерди да даярдап кой”, — деди. “Макул”, — дедим. Бирок толугу менен өзүбүз билгендей кылдык.

Губернатор келгенде, мектептин президенти деп лидер окуучу кызыбызды тааныштырдым. Ал тыкылдап баардык суроолорго шар жооп берип, мектепти көрсөтө баштады. Анан бир класска, 7-класска киргенде, Т.Акматалиев: “Мен дагы окуучу кезимде котормочу болууну эңсеп, англис тилин жакшы көрүп окучумун”, — деп калды. Ал класстан Алтынай деген кызыбыз англис тилинде (азыр англис тилчи мугалим) суроо берсе, губернатор жооп бере албай кыйналды. Дагы жакшы, жанында коштогон социалдык маселелер боюнча бир кызматкери англисче анча-мынча билет экен, сөздү буруп, жагдайды жымсалдап кетти. Ошондо губернатор балдардын мыкты окуганына ыраазы болуп, ар бир балага элүү сомдон стипендия берем деди.

Мектептен чыккандан кийин Облустук мугалимдердин камылгасын арттыруу институтунун деректири Гүлайым Машраповадан ушундай башкача окуткан, балдары өзүн-өзү башкара билген мектепти билчү белеңиз деп сурады. “Кандай сыйлыктарды алгансыз?” — деп менден сурады. “Ала элекмин”, — дедим. Ошол жерден эле губернатор мени сыйлыкка көрсөтүңүз деп, Г. Машраповга тапшырма берди.

Эгер өзүнүн көз карашы бар, эркин ойлонуп, жоопкерчиликтүү иштеген балдарды тарбиялап өстүрсөк, азыркыдай митингдерге чыгып алып, күпүлдөп сүйлөп койгондорду эле ээрчип кыйкыра бергендер аз болмок. Өзүнүн ишин, турмуштук жолун пландоону мектептен баштап үйрөтүшүбүз керек. Биздин окуучулар тазалык, тартип маселелерин толугу менен өздөрү чечишет. Көптөгөн марафондорду өткөрүшөт.

Мектепте “Сыр сандык” бар, ага жума сайын кайсы сабак эң кызыктуу болгонун да, кайсы сабак начар өтүлгөнүн да жазып салып турушат.

Мугалимге чыныгы сый-урмат биздин мектепте дайым сезилип турат. Биринчи класстын балдары мени менен кол алышып саламдашат. Мектепте деректирби, башкабы, баары баланын дүйнөсү менен жашашы керек.

– Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусу дегенде илгерки эле октябрят, пионер, комсомол дегендерди атын өзгөртүп, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” деп ачышты эле. Бирок көпчүлүгү формалдуу иштеди окшойт.

– Ооба. Андай болбошу үчүн уюмдарды балдар өздөрү түзүшү керек. Уюмду түзүүгө балдар канчалык жакшы катышкан болсо, ошончолук кызыгып иштейт. Бир эле көрсөткүчтү алалы. Жыл сайын “Манас” жаштар уюмунун облустук кароосу болот, ага биздин мектептин балдары кирбей калат. Анткени жети топко бөлүнүү, ураан чакыруу сыяктуу нерселерге балдар кызыкпайт. Эң негизгиси тышкарыдан таңууланган нерселерди аткарууда эмес, мектептеги реалдуу көйгөйлөрдү көрүп, себептерин таап, иштиктүү чече билиште. Жасалмалуулуктан, формалдуулуктан качып, чыныгы жагдайды жакшыртууга кичинекейинен катыштырсак, балдар турмуштук мектептен өтө баштайт.

Мен Россияда, Самарада пединститутта окуп жүргөндө пассивдүү практикада шаардык мектепте бир класс жетекчиге жардамчы болуп бекитилген элем. Ошол класста ар жумадабы же он-он беш күндөбү, звено башчыларын алмаштырып турушчу. Сабагынан орто же начарыраак болсо да, эч кимиси басынтылбай, звено башчылык милдетин аткаруусуна теңтуштары жардам берип, бул учурда минтишиң керек эле, тигил учурда тигиндей дешиң керек эле деп жуманын аягындагы чогулушта бири-бирине айтышат. Ар бир бала кез-кезде лидердин позициясында болуп турушу, ошону үйрөнүшү керек деди эле ошол класс жетекчи. Дээринен жетекчиликке шыгы болбосо, тим эле коюш керек – кетменчи кетменин билиши, жетекчи башкарышты билиши керек дешет эмеспи көбүнчө. Жетекчинин ишин сындагыдай силер ким болуп калыпсыңар дегендер да бар. Негизи, “генерал болгусу келбеген солдат жоокер болуп жарытпайт” дегендей, балдардын лидерлик сапатын өнүктүрүү зарыл го? Жок дегенде ар бир бала жетекчинин ордунда болсом бул маселени мындай чечмекмин деп ойлоно алгыдай болушу керек эмеспи?

– Албетте. Гумандуу педагогиканын эң өзөктүү принциптеринин бири – бул “шык-жөндөмсүз бала болбойт” деген жобо. Биологиялык көз караштан эле алсак, миллиондогон уруктардын ичинен “утуп” чыккан бирөө гана түйүлдүк болуп жатпайбы? (күлкү). Демек, ар бир наристе – төрөлгөнгө чейин эле супер чемпион! Чемпион болуп келгенден кийин ал жок дегенде бир багыт боюнча алдыга суурула алат.

Бирөө математикадан кыйын, дагы бири химия же биологиядан, башка бир бала тилден, адабияттан мыкты же сүрөттү жакшы тартат, сонун ырдайт ж.б.у.с. Ушуну ар бирибиз эске алышыбыз керек. Музыкага шыктуу бала физиканы жакшы өздөштүрө албашы ыктымал. Математикага жакын бала сүрөттү жакшы тарта албашы мүмкүн.

Эски педагогика боюнча химияны мыкты билген бала тарыхтан же тилден начар баа алып калган болсо, линейкада көпчүлүктүн алдына чыгарылып, уяткарылчу, кемсинтилчү. Баланын өзүнө болгон ишенимин өчүрө турган адат бул.

Математикалык кечеде музыкант бала лидерлик кыла албайт. Адабий талкууну физикага шыктуу бала алып бара албайт. Сабагын жакшы билбеген балдардын да лидерлик шыгын байкап, колдосо, окуусу, тартиби жакшырат.

Устат-шакирт өрнөгү

– Устат-шакирт маселесине келели. Мектепте насаатчылык иши да көбүнчө формалдуу эле “жүргүзүлүп” жаткандай…

– Менин устат катары сыйлаган М.Байымбетов, М.Айылчиев, Калыбеков деген агайларым бар эле. Талапты катуу койгон, ошол эле учурда жакшы ишти калыс баалай билген устаттын купулуна толгусу келет ким болсо да. Педагогикада таңуулоого эч качан, эч бир иште жол берилбеши керек. Жаш мугалимдердин кимиси кайсы маселе боюнча жардамга муктаж экенин билүүгө тийишпиз. Туура уюштурулса, майнаптуу иштен устат да, шакирти да зор канагат алышат.

Эң башкысы, жаш мугалимдин кандай адамдан үйрөнгүсү келерин эске алуу зарыл. Мугалим канчалык тажрыйбалуу болсо да, анын турмушка болгон көз карашын же мүнөзүн шакирти жактырбаса, экөө иштешип кете албайт. Мисалы, бир жаш мугалимди мурдатан иштеп келген педагог өзүнө шакирт кылып алайын деп суранды эле. Макул дедим. Бирок кийин алар иштешпей калды. Эмне үчүн десем, мага сунуштаган ыкмаларын өзү сабагында колдонбойт экен дейт жаш мугалим. Сөзү менен иши дал келбеген кишини ким жактырсын?

– “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” дегендей болуптур да (күлкү). Дайыма эле улгайган курактагы эмес, кээде жаш мугалим деле өзүнөн улууларга устат болушу мүмкүнбү?

– Албетте. Андай учурлар болот. Билбегенибизди сураштан, мыкты тажрыйбаны үйрөнүүдөн эч качан тартынбашыбыз керек.

– Бүгүнкү мектептердин, айрыкча кыргыз тилдүү мектептердин абалын жакшыртуу үчүн реалдуу кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

– Көп жылдардан бери мектепти реформалайбыз деген менен, реформа болбой келет. Эң башкы төрт эле суроого туура жооп бериш керек. Биринчиси – ар предметтен эмнени, канчалык көлөмдө окутабыз деген суроо. Мисалы, кыргыз тилинен грамматикалык аныктамаларды эле жаттата бербей, сынчыл ойломго, эркин ой жүгүртүүгө, талдоого негизделген жазуу иштерине, окуй билүүгө, окуганын түшүнүүгө, оозеки практикага басым жасаш керек. Өнүккөн өлкөлөрдө, ошол эле Финляндияда ушундай окутушат экен.

Бизде адабияттан жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө текстти жаттатышат. Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүр баянына караганда, “Көк асаба” романындагы атасынын күмбөзүнөн топурак алып, баласынын оозуна салган эпизод алда канча маанилүү, таасирдүү болмок окуучу үчүн. Улуттук таалимдин башаты ушул жакта эмеспи.

Дагы бир мисал. Математикада тригонометриялык функция дегендей темалар бар. Финляндиянын мектептеринде окутулбайт экен. Алар салмак, көлөм, узундук ж.б. чендерин туура эсептешти үйрөтөт экен. Эмнени окутуу керек деген суроонун жообу ушул – турмушта керектүү, жашоону жеңилдете турган нерселерди үйрөтүү керек.

Экинчи суроо – ошол нерселерди кайдан окутабыз? Бул окуу китептер, кошумча окуу куралдары, тесттерге өтө чоң маани бериш керек. Окуу китептер илгеркидей маалымат берүүчү жана көнүктүрүүчү эле мазмунда эмес, эң негизгиси, ой жүгүртүүгө, турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүүгө түрткү бергидей, өбөлгө түзгүдөй болушу керек. Эң башкысы, дүйнөлүк билим берүү стандарттарына шайкеш келтирилиши зарыл. Мына, жалпы республикалык тестте дүйнөлүк билим берүү стандарттарынын талаптары эске алынган. Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө ылайыкталган. Окуу китептер да ошол талаптарга ылайык жазылышы керек.

Үчүнчүсү – ким окутат? Университетте мугалимдерди кандай даярдоо керек? Азыр ЖОЖду бүтүргөн жаш педагогдор балдарды өз алдынча, сынчыл ойлонууга, өз алдынча иштегенге үйрөтүүчү усулдарды билбей эле мектепке барышат. Мунун бир себеби кайра эле эмгек акыга байланышкан. Финляндияда мугалимдер менен догдурлар абдан жакшы маяна алышат экен. Ошондуктан бул кесиптерге кызыккандар көп болуп, педагогикалык окуу жайларга мыкты абитуриенттер тандалат. А бизде, тескерисинче, негизинен башка адистиктерге упайы жетпей калгандар мугалимдик кесипти тандап жатат. В.А.Сухомлинский: “Үчкө окуган мугалим “үчкө” гана ылайык окута алат”, — деген. Биз мугалимдик кесиптин баркын иш жүзүндө көтөрүп, педагогикалык адистиктерге баланы жакшы көргөн, анын жан дүйнөсүн түшүнө билген жаштардын келишине шарт түзүү зарыл.

Төртүнчүсү, эң негизгиси – кантип окутуу керек? Мында окутуунун жаңы технологияларына, усулдарына өзгөчө көңүл буруп, дүйнөлүк билим берүүнүн мыкты табылгаларын студенттер жетик өздөштүрүшү керек. Айрыкча азыркы мугалимдер маалымат технологияларын мыкты өздөштүрүп, интернет мейкиндигине эч кыйналбай чыга билиши зарыл. Мектепте балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, өз алдынчалыгын өнүктүрүүчү усулдарга артыкчылык берүү зарыл.

Ушул төрт суроого эле жетиштүү маани берип, ишти туура багыттаса, реформа жүзөгө ашырылат.

Мугалимдик кесипти барктайлы

– Мугалимдер шайлоодо, жогору жактан “чоңдорду” тосуп алганда ж.б. иш-чараларда кол баладай жумшалат, жандуу жасалга катары да пайдаланылат. Ушул көнүмүштөн арылуу үчүн педагогдор өздөрү эмне кылышы керек?

– Чыгармачыл, өз кесибин сүйгөн, абийирин бийик жана таза сактаган мугалимдер эч качан мыйзамсыз иштерге аралашпайт. Тилекке каршы, өзүнүн туу туткан принциби жок, кошоматчы мугалимдер да кездешет. Экинчи бир маселе – айлыктын аздыгы. Мыкты мугалимдер эмгек акынын аздыгынан кетип, мектепте илең-салаң иштегендер калса, анан алар өйдө жакты карап элеңдей берет да. Анан адамдын кадыр-баркын бийликке тебелетип койгон тоталитардык системанын саркындылары дагы эле сакталып келатканы чын.

Деректирден да көп нерсе көз каранды. Терек айылында иштеп турганымда, бир жолу эркек мугалимдерди жыгач отун камдаганга чакырып жатышат деп бригадир келди. Ал мугалимдердин иши эмес десем, анда өзүң барып жооп бер дейт. Совхоздун деректирине барып, мугалимдерди жибербейм десем, катуу нааразы болуп, дароо эле акимге чалды. Телефонду бер деген экен, мен алып: “Аман Жунусович, буга жол бербеш керек, — дедим. – Биринчиден, сабактар токтоп калат. Экинчиден, бригадир айдап барып иштетип жатканын көргөн эл эмне дейт? Мугалимдердин кадыр-баркы тебеленип калбайбы?”. Аким телефонду кайра деректирге алдырып: “Мугалимдерге отун алдыр деп сага ким көрсөтмө берди эле?!” — деп зекиди. Ал мукактанып калды.

Кээде өзүбүздүн чечкинсиздигибиз, жалтактыгыбыз ушундай жосундарга мүмкүнчүлүк берип коёт. Формалдуу отчётторду, кагаз толтурмай убарачылыктарды азайтыш керек деп азыркы министр да туура айтыптыр. Бирок мурда деле бизге келип текшербейсиңерби десем, нан жебестерге да барчу беле деп калышчу (күлкү). Ырас, райондогу деректирлер катышкан чогулуштарда ар кандай сын ж.б. кептерди угуп коём, кайым айтышпай, бирок мугалимдеримдин кадыр-баркы үчүн колдон келишинче бекем турам. Негизгиси, система өзгөрүшү керек. Ө.Текебаев да окуучуларын пахтага алып баруудан баш тартып коюп, аты чыккан эле го.

– Кайра куруу жылдары “Учительская газета” абдан кызыктуу чыкчу эле го. Мугалим эместер деле күркөлөрдөн атайын сатып алып окучу. Бир санында сталиндик педагогика, хрущёвдук педагогика, брежневдик педагогика болду эле, ар бир мезгилде башкаруу стилине жараша тарбия-таалим нугу да өзгөрүп келди, мына эми горбачевдук доордун педагогикасы кандай болот деп жазган эле бир автор.

– Горбачевдун тушунда көп өзгөрүүлөр болгон. 1978-жылы партияга өткөнүмдө абалы начар Теректеги мектепти жакшыртасың деп жиберишкен. Коммунисттерге ушундай тапшырмаларды беришчү. Ошол кезде мен биздин республика Россиясыз жашай албайт деп ойлочумун. Финляндия менен Эстонияга барып келгенден кийин биздеги балээнин баары Россиядан алынган башкаруу системасында экенине көзүм жетти. Адамдын кадыр-баркы эске алынбаган, тескерисинче, тебеленген система экен. Азыр деле ошонун азабын тартып жатабыз. Эркин болбогон адам өз оюн эркин айта албайт, укугу үчүн күрөшө албайт. Мамлекеттик башкаруу системасы оңолмоюнча, коом менен адам да оңоло албайт экен.

Ошол эле учурда эгер мугалимдер да өз ишине бекем болуп, окуучуларын намыстуу кылып тарбиялашка аракеттенсе, коом тазарып, “жогоркулар” да өтө ашынып кетпей, саал тизгинин тартып калат беле?

– Албетте. Мектептин кире беришине: “Бул менин мектебим”, “Бул акылмандардын, намыстуулардын мектеби” деп жаздырып койгом. Ар бир балага дем бериш керек. “Идея адам баласын эр жүрөк, тайманбас кылат”, —
деп В.А.Сухомлинский айткандай, ак сөз менен иш дал келгенде, балдарыбыз кайраттанат. “Биздин мектептен алган адамгерчиликтин, адилеттиктин күчүн бүтүндөй республикага жайылтасыңар”, — дейм балдарга.

– Ушундай бийик мүдөөгө багыттайт экенсиздер!

– Ооба. Мектепте балдарды улуу максаттарга багыттай турган жагдайларды түзүү керек.

Маектешкен Жолдош Турдубаев, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер