ОРОЗАЛИ САЙДИЛКАНОВ: “МЕКТЕПТЕГИ ПЕДАГОГИКАЛЫК КЕҢЕШМЕ КАНДАЙ ӨТҮШҮ КЕРЕК?”
- 07.09.2026
- 0
Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин үзгүлтүксүз өнүктүрмөйүнчө, мектепте сапаттуу билим берүү жөнүндө сөз кылуу кыйын. Билим берүүнүн сапаты биринчи кезекте мугалимдин кесиптик даярдыгына, өз ишине болгон мамилесине, изденүүсүнө, чыгармачылыгына жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон ички муктаждыгына байланыштуу.
Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылындагы Жданов ат. орто мектепке жаңыдан директор болуп дайындалганымда, алдымда турган эң негизги милдеттердин бири – мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, окуучулар менен ата-энелердин мугалимдерге болгон ишенимин бекемдөө эле. 
Бул максатта жума сайын усулдук семинарларды жана окууларды уюштуруп, ар бир мугалимдин сабагына катышып, күндөлүк пландары менен таанышып, усулдук көрсөтмөлөрдү жалпы жамаатка да, айрым мугалимдерге да үзгүлтүксүз берип турдум.
Албетте, айрым мугалимдерден жаңыланууга болгон аракет байкала баштады. Бирок жалпы мугалимдер жамаатында бир чейректин ичинде олуттуу өзгөрүү, окуучуларга сапаттуу билим берүүгө болгон ички умтулуу жана жамааттык жоопкерчилик жетиштүү деңгээлде калыптанган жок. Ошондо мен өзүмө: «Эмне үчүн берип жаткан көрсөтмөлөрүм, уюштуруп жаткан семинарларым жана жүргүзүп жаткан иштерим бардык мугалимдерге бирдей таасир этпей жатат?» – деген суроону бере баштадым. Бул суроого жооп издеп, иш тажрыйбасы 5 жылдан 40 жылга чейинки мугалимдер менен «Сиздин ийгилигиңиздин данакери болгон педагогикалык табылгаңыз» деген темада жекече аңгемелешүүлөрдү өткөрдүм. Бирок мени ойлондурган нерсе – мугалимдердин дээрлик эч кимиси билим берүүдө өзүнүн жеке жолун, педагогикалык табылгасын так айта алган жок. Көпчүлүгү: «Сиздин көрсөтмөлөрүңүздү, окуу-тарбия иштери боюнча орун басардын тапшырмаларын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн талаптарын аткарып жатам», — дегендей жооп беришти.
Ошондо мени төмөнкү суроолор терең ойлондурду:
1) Кантип мен жалпы мугалимдер жамаатында окуучулардын билим сапатын жогорулатууга болгон чыгармачылык жоопкерчиликти жарата алам?
2) Кантип ар бир мугалимге өз максатына жетүүнүн өз жолун табууга шарт түзөм?
3) Кантип мугалимди сырттан башкарылып иштеген аткаруучудан өз алдынча чечим кабыл алган, изденген жана чыгармачыл адиске айланта алам?
Бул суроолорго жооп табуу үчүн көп изденүүгө туура келди. Ал учурда менде В.А. Сухомлинскийдин «Мугалимге жүз насаат», «Балага жүрөгүмдү берем», «Павлыш орто мектеби», «Мектептин жаш директоруна кеңеш» аттуу китептери жана «Народное образование» журналынын айрым сандары гана бар эле. Ошол эмгектерди кайрадан кылдат окуп чыгып, В.А. Сухомлинскийдин мугалимдин кесиптик өнүгүүсүнө байланыштуу айткан ойлорунун бирине өзгөчө көңүл бурдум: Мугалимдин өзүн-өзү мугалим катары таануусу жана өзүнүн ишин өзү баалай билүүсү – анын өнүгүүсүнүн негизги шарты. Мугалимдин өнүгүүсү болбосо, окуучунун өнүгүүсү болбойт. Ошондо мен: «Биринчи кезекте мугалимдерди өзүн-өзү мугалим катары таанууга жана өз ишин өзү баалай билүүгө үйрөтүшүм керек экен», – деген тыянакка келдим. Ошентип, бул маселе мектебибиздин ишиндеги негизги жана чечүүчү багыттардын бирине айланды.
Педагогикалык кеңештин жаңы багыты
Педагогикалык кеңештин күн тартибине «Кантип өзүбүздү-өзүбүз мугалим катары тааныйбыз жана өз ишибизди өзүбүз баалайбыз?» деген маселени коюуну чечтик. Педагогикалык кеңешке эки жума калганда мугалимдерге ыктыярдуу негизде топторго бөлүнүп, төмөнкү темалар боюнча тезистерди даярдоо жана педагогикалык кеңеште топтун лидери аркылуу коргоп берүү сунушталды:
- Мугалим ким?
- Мугалимдин максаты, милдети жана парзы.
- Баланын инсан болуп калыптанышындагы, ата-эне жана коомчулук менен кызматташуудагы мугалимдин ролу жана коомдогу орду.
- Чыныгы мугалим болуш үчүн кандай сапаттар керек?
- Мугалим өзүн кантип мугалим катары тааныйт?
Эки жумадан кийин педагогикалык кеңешмеде «Мугалимдин өзүн өз кесибинде таануусу жана өз ишин өзү баалай билүүсү – анын өнүгүүсүнүн негизги шарты» деген тема күн тартибине киргизилди. Топтордун лидерлери өздөрү даярдаган тезистерин педагогикалык кеңештин талкуусуна сунуш кылышты. Бул жолу жыйын мурдагыдай жетекчи сүйлөп, мугалимдер угуп отурган форматта өткөн жок. Ар бир мугалимдин оюн айтуусуна, суроо берүүсүнө, сунуш киргизүүсүнө жана өз тажрыйбасын бөлүшүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мугалимдер тезистерди толуктап, айрым пикирлерди талкуулап, өздөрүнүн кесиптик ишине башкача көз караш менен карай башташты. Жыйынтыгында биргелешкен чечим кабыл алынып, ар бир мугалим өзүн-өзү мугалим катары таануу жана өз ишин өзү баалоо боюнча жеке эстеткич түзүп, аны күнүмдүк ишинде колдонууга киришти.
Бул иштин эң маанилүү натыйжасы – мугалимдер өз кесибин сырттан коюлган талаптарды аткаруунун жыйындысы катары эмес, өзүнүн инсандык жана кесиптик жоопкерчилигин талап кылган өзгөчө кесип катары карай баштагандыгында болду.
Айрым мугалимдер: Мен киммин? Эмне үчүн мугалим болуп иштеп жатам? Менин негизги максатым эмне? Менин окуучуга, ата-энеге жана коомго карата кандай жоопкерчилигим бар? — деген суроолордун үстүндө олуттуу ойлоно башташты.
Педагогикалык кеңештин чечиминин негизинде ар бир мугалим өзүнүн адистик жана кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүнүн жеке планын түздү. Планда төмөнкү суроолор камтылды:
- Эмнени үйрөнүү зарыл?
- Кайдан жана кандай жол менен үйрөнөм?
- Кимдер менен тажрыйба алмашам жана кимдер менен ой бөлүшөм?
- Үйрөнгөндөрүмдү качан жана кантип иш тажрыйбама киргизем?
- Ишимдеги өзгөрүүлөрдү кандай жол менен баалайм?
- Топтогон тажрыйбамды жана анын натыйжасын кимге, кандай формада сунуштайм?
Мындан тышкары, усулдук кеңеш сунуштаган мугалимдин ишинин сапатын өзүн- өзү баалоо критерийлеринин негизинде ар бир мугалим өз ишине диагностикалык баалоо жүргүзө баштады. Диагностикалык баалоонун жыйынтыгы талданып, мугалим өз ишиндеги ийгиликтерин, көйгөйлөрүн жана алардын келип чыгуу себептерин аныктады. Андан соң кайсы багыттарды өзгөртүү керектигин, өзгөрүүгө кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин, көйгөйдү чечүү үчүн кандай билим, билгичтик, көндүм жана тажрыйба керектигин аныктады.
Ошондой эле «Бул билимди кайдан алам? Кимден үйрөнөм? Ким менен тажрыйба алмашам?» деген суроолорго жооп издей баштады. Мунун негизинде ар бир мугалим өзүнүн өзүн-өзү өнүктүрүү планын түздү. Эң маанилүүсү – бул пландар жетекчи тарабынан таңууланган эмес. Ар бир мугалим өзүнүн муктаждыгына, кызыгуусуна, көйгөйлөрүнө жана кесиптик максатына таянып, планын өз алдынча түздү. Мугалимге ишеним берүү – өнүгүүгө жол ачат Ушул процессте биз бир маанилүү нерсеге дагы бир жолу ынандык: мугалимге ишеним берилген жерде өз алдынчалык, демилгелүүлүк жана чыгармачылык пайда болот.
Мугалимдерге кимдир бирөө милдеттендирип, ар бир кадамын көзөмөлдөп турган жок. Тескерисинче, аларга өз алдынча изденүүгө, тажрыйба жүргүзүүгө, жаңы ыкмаларды колдонууга жана натыйжасын өздөрү баалоого мүмкүнчүлүк берилди. Мунун натыйжасында мугалимдердин өздөрүнө болгон ишеними артты. Ишеним – өз алдынчалыкты, чыгармачылыкты, демилгелүүлүктү жана жоопкерчиликти күчөтүүчү маанилүү фактор экенине көзүбүз жетти. Ар бир мугалим өзүнүн ийгилигине өз жолу менен жетүүгө умтула баштады. Ал өзүнүн кесиптик өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти сезип, натыйжага багытталган жеке чыгармачыл планын аң-сезимдүү аткарууга киришти. Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүүгө, адистик жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, окуткан предметин терең өздөштүрүүгө жана педагогиканын теориясын үйрөнүүгө болгон кызыгуусу күчөдү.
Окуучуга болгон мамиле өзгөрдү. Мугалимдин өзүнө болгон мамилесинин өзгөрүшү анын окуучуга болгон мамилесине да таасир этти. Ар бир окуучунун муктаждыгы, каалоосу, мүмкүнчүлүгү, жөндөмү, шыгы жана таланты ар түрдүү экендиги мугалимдер үчүн жөн гана теориялык түшүнүк болбой, практикалык иштин негизине айлана баштады.
Мугалимдер окуучуну окутуунун объектиси гана эмес, окуу процессинин активдүү субъектиси катары кабылдай башташты. Сабакта бир гана «Мугалим эмнени үйрөтүшү керек?» деген суроо эмес, «Окуучу эмнени үйрөнүшү керек?», «Ал үчүн кандай шарт түзүшүм керек?», «Ар бир окуучунун мүмкүнчүлүгүн кантип ачам?» деген суроолор биринчи орунга чыкты.
Мугалимдер көйгөйдү жетекчинин көрсөтмөсү менен гана эмес, өз алдынча аныктап, анын себептерин изилдеп, чечүү жолдорун издей башташты. Мугалимдердин өз ара кызматташуусу күчөдү. Билүүгө болгон муктаждык пайда болду. Бири-биринен сурап билүү, тажрыйба үйрөнүү, өз ара сабакка катышуу, дүйнөлүк жана ата мекендик педагогдордун эмгектерин окуу кадимки ишке айлана баштады.
Мугалимдерде педагогикалык илимге кызыгуу, өзүнүн ийгилигине өз алдынча жетүүнүн жолун издөө жана кесиптик жактан өсүүгө умтулуу сезими күчөдү. Илимий-усулдук иштин мазмуну өзгөрдү Мектептеги илимий-усулдук иштерди уюштурууда да өзгөрүү болду. Мурда жалпы жамаат үчүн бирдей мазмундагы иш-чараларды өткөрүүгө көбүрөөк басым жасалса, эми ар бир мугалимдин теориялык, усулдук жана руханий муктаждыгы, кызыгуусу жана кесиптик көйгөйлөрү эске алына баштады.
Усулдук иштер топтук жана жекече формада уюштурулду. Мугалимдер өздөрү кызыккан багыт боюнча изденип, тажрыйбасын сынап көрүп, жыйынтыгын талдап, кесиптештери менен бөлүшө башташты.
Мындай иш мугалимдин кесиптик өнүгүүсүн сырттан башкарылган милдет эмес, ички муктаждыкка айланган процесс катары калыптандырууга шарт түздү.
Натыйжа
Бул иштердин натыйжасында мугалимдердин адистик жана кесиптик чеберчилиги жогорулай баштады. Сабактардын жана класстан тышкаркы иштердин максатка багыттуулугу күчөдү. Окуучулардын билимге болгон кызыгуусу, жакшы натыйжага жетүүгө болгон умтулуусу артты. Мектепке жана мугалимдерге окуучулардын жана ата-энелердин ишеними бекемделди. Мугалимдердин кадыр-баркы жана коомдогу бедели жогорулады. Бирок бул жерде эң маанилүү натыйжа – айрым методикалык ыкмалардын өзгөрүшү эмес, мугалимдин кесиптик аң-сезиминин өзгөрүшү болду.
Мугалим өз ишине:
«Мага эмне тапшырылды?» — деген суроо менен гана эмес, «Мен окуучум үчүн эмне кылсам болот?», «Мен эмнени өзгөртүшүм керек?», «Мен муну кантип жакшыраак жасай алам?» — деген суроолор менен карай баштады. Бул тажрыйбадан кандай жыйынтык чыгардым? Бул тажрыйба мага бир нече маанилүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берди. Биринчиден, мугалимде өзүнүн адистик жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууга ички муктаждык жаралмайынча, сырттан берилген көрсөтмөлөр туруктуу өзгөрүүгө алып келбейт. Экинчиден, мугалимге өзүнүн кесиптик өнүгүүсүнүн максатын аныктоого жана өз жолун тандоого мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Үчүнчүдөн, өзүн-өзү баалоо – мугалимдин кесиптик өнүгүүсүнүн маанилүү куралы. Өз ишин объективдүү талдай алган мугалим өзүнүн күчтүү жана алсыз жактарын аныктап, кийинки кадамын туура пландай алат. Төртүнчүдөн, мугалим өзүнүн өнүгүүсүнүн натыйжасын көргөндө, ийгиликтин «даамын татканда», анын кесипке болгон кызыгуусу жана шыктануусу күчөйт. Ал эми ийгиликке болгон шыктануу үзгүлтүксүз өнүгүүгө түрткү берет.
Эң негизгиси – мугалимге ишеним, өз алдынчалык жана чыгармачылык үчүн эркиндик берүү зарыл. Анткени өз алдынча ойлонууга, чечим кабыл алууга жана чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок мугалим окуучуда да өз алдынча ой жүгүртүүнү, демилгелүүлүктү жана чыгармачылыкты толук калыптандыра албайт. Ал эми өз алдынча изденген, эркин ой жүгүрткөн, өз ишине сын көз менен караган жана жоопкерчиликти сезген мугалим окуучуну да ошондой сапаттарга тарбиялай алат.
Ошондо гана мугалим жети өлчөп, бир кескен, ар бир чечимин ойлонуп кабыл алган, татаал кырдаалда көйгөйдү өз алдынча чечкен, чыгармачылык менен иштеген жана өзгөрүп жаткан коомдун талабына жооп бере алган инсанды тарбиялоого жөндөмдүү болот. Демек, билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун башаты – мугалимдин өзүнүн өнүгүүсүндө. Ал эми мугалимдин өнүгүүсүнүн башаты – анын өзүн мугалим катары таануусунда, өз ишин өзү баалай билүүсүндө жана өзүнүн кесиптик өнүгүү жолун аң-сезимдүү тандоосунда. Ошондуктан педагогикалык кеңеш да мугалимге көрсөтмө берүүчү гана орган болбостон, мугалимдин өзүн таануусуна, ой жүгүртүүсүнө, тажрыйба алмашуусуна, чыгармачылык изденүүсүнө жана өзүнүн кесиптик өнүгүү жолун табуусуна шарт түзгөн кесиптик өнүгүү аянтчасына айланышы керек.
Менин түшүнүгүмдө, заманбап педагогикалык кеңештин күчү – мугалимге даяр жооп берүүсүндө эмес, мугалимди өзүнүн жообун табууга жетелөөсүндө. Ал эми мугалим өз жолун тапканда – мектеп өнүгөт, окуучу өнүгөт, билим берүүнүн сапаты жогорулайт.
Белгилүү устат, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалим Орозали Сайдилкановдун бул макаласы Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов менен биргеликте 2025-жылы чыгарган “Өнүгүүнүн өзөгү – мугалим” китебине камтылган. Орозали агайдын бул макаласын фейсбуктан окуганда, казакстандык профессор Нурлан МУНБАЕВ мындай пикир жазыптыр: «…Мугалим өзүнүн инсандык позициясын бекемдеп, кенен ой жүгүртө билгенде гана кесипкөйлүгүн өркүндөт алат. Педагогика илиминде эчак эле негизделсе да, практикада көбүнчө ишке ашырылбай кала берген ушул чындыкты сиз тажрыйба аркылуу далилдеп келген экенсиз…»
Ал чыгармачыл мугалимдин өмүр бою изденүүсүндөгү табылгаларын С.Л.Рубинштейн, А.Н. Леонтьев, В.И. Андреев, Н.В. Кузьмина, Д. Шён, В.А.Сухомлинский сыяктуу үлкөн аалымдардын илимий теориялары, тыянактары, концепциялары менен катар коюптур.
(Казакстандык адистин пикирин толугу менен бул жактан окусаңыз болот:
https://www.facebook.com/share/p/1MZmLtnvku/ )