ОРДУ ТОЛГУС ЖОГОТУУ. АТАКТУУ ПЕДАГОГ АЛМАЗБЕК ТОКТОМАМЕТОВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

  • 16.11.2026

Кыргызстандын билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. 2026-жылдын 16-ноябрында атактуу окумуштуу-педагог, КР Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору  Токтомаметов Алмазбек Даткабекович дүйнөдөн кайтты.

ОРДУ ТОЛГУС ЖОГОТУУ. АТАКТУУ ПЕДАГОГ АЛМАЗБЕК ТОКТОМАМЕТОВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

Алмазбек Даткабекович 1963-жылдын 22-мартында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайку өрөөнүнүн Көк-Арт айылында жарык дүйнөгө келген.

1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, эмгек жолун кыргыз тили жана адабияты мугалими катары баштаган. Анын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү 1987-жылдан тартып Кыргыз билим берүү институтунда уланып, илимий кызматкерден жетектөөчү илимий кызматкерге чейинки жолду басып өткөн.

1995-жылы «Кыргыз башталгыч мектеби үчүн “Адабий окуу” окуу китептеринин дидактикалык негиздери» аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон. Кийин юриспруденция багытында да магистрдик билим алган. Ал ар кайсы жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда, Кыргыз билим берүү академиясында, эл аралык долбоорлордо жооптуу кызматтарды аркалап, билим берүү тармагындагы илимий, уюштуруучулук жана башкаруучулук ишмердүүлүгүн ийгиликтүү айкалыштырган. Кыргыз билим берүү академиясынын лаборатория башчысы, вице-президенти жана президенти кызматтарында эмгектенген.

2021-жылдын февраль айынан тартып Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун башкы директору катары эмгектенип, педагогикалык кадрлардын кесиптик өнүгүүсүнө, квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүүгө жана билим берүү тармагындагы усулдук иштерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган.

Алмазбек Даткабековичтин илимий мурасынын негизги багыттарын башталгыч билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, окуу китептерин түзүүнүн дидактикалык негиздери, окуучулардын окуу көндүмдөрүн калыптандыруу жана педагогикалык технологияларды өнүктүрүү маселелери түзгөн. Ал авторлоштору менен биргеликте 2, 3 жана 4-класстар үчүн «Адабий окуу» окуу китептерин даярдап, бул эмгектер республикабыздын мектептеринде көп жылдар бою колдонулган. Ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке даярдоого багытталган «Кызыктуу ынтымак тамгалар» дидактикалык комплексин жана «Наристе» программасын иштеп чыгууга катышкан.

Мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттарын, окуу программаларын, окуу-методикалык колдонмолорду даярдоого салым кошкон. Анын калемине 70тен ашык улуттук, эл аралык илимий жана методикалык эмгектер таандык.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдардын долбоорлорунун алкагында педагогикалык адабияттарды кыргыз тилине которуп, редакторлук иштерди жүргүзгөн. Билим берүү, жер укугу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу багыттарында да олуттуу илимий-практикалык иштерди аткарган. Ал эл аралык долбоорлордун эксперти, тренери жана кеңешчиси катары кызматташып, республика боюнча мугалимдердин жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кесиптик өнүгүүсүнө багытталган окууларды, семинарларды жана тренингдерди өткөргөн. Эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышып, улуттук билим берүү системасынын тажрыйбасын жайылтууга жана илимий байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошкон.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги мамлекет жана коомчулук тарабынан жогору бааланып, «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси ыйгарылган.

Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун “Тоголок Молдо” атындагы сыйлыгынын лауреаты.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө “Эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамына 2024-жылдын декабрь айында ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын “КЫРГЫЗ ТИЛИ” төш белгисинин ээси.

Алмазбек Даткабековичтин өмүр жолу – илимге берилгендиктин, кесиптик жоопкерчиликтин жана эл агартууга ак кызмат кылуунун үлгүсү. Ал өзүнүн терең билими, бай тажрыйбасы, уюштуруучулук жөндөмү жана педагогикалык ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен кесиптештеринин урмат-сыйына ээ болгон. Анын жаркын элеси, илимий эмгектери, педагогикалык мурасы жана билим берүү тармагына сиңирген эмгеги шакирттеринин, кесиптештеринин жана аны таанып-билген замандаштарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

КР Агартуу министрлиги,  Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту Токтомаметов Алмазбек Даткабековичтин үй-бүлөсүнө, жакындарына, туугандарына жана жалпы кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Бөлүшүү