ОН ЭКИ ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ STEM ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ИЙРИМДЕР

  • 25.06.2026
  • 0

Баткен облустук жалпы билим берүү жатак-мектеби өлкөдөгү 53 инновациялык мектептин бири болуп саналат. Мектепте окуучулардын кызыгуусун, чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар ийримдер ийгиликтүү иш алып барууда. Алардын катарында «Илим, техника», «Шахмат», «Жаш долбоорчу» жана «Маалыматтык сабаттуулук» ийримдери бар.

Ийримдер мектептин техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана кадрдык курамына жараша уюштурулуп, окуучулардын сабактан тышкаркы убактысын туура пайдаланууга, талантын ачууга жана кесиптик багыт берүүгө өбөлгө түзөт.

Мындай багыттагы ийримдер 12 жылдык билим берүү системасында өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Анткени 12 жылдык билим берүү окуучулардын теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, алардын сынчыл ой жүгүртүү, чыгармачылык, санариптик жана инженердик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле окуучуларды келечектеги кесиптерге даярдоодо STEM, IT жана долбоордук окутуу багыттары маанилүү орунду ээлейт.

ОН ЭКИ ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ STEM ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ИЙРИМДЕР

«Илим, техника» ийрими инженердик-техникалык багытта иш алып барып, окуучулардын теориялык билимдерин практикада колдонууга, чыгармачылык жана инженердик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган билим берүүчү чөйрө болуп саналат. Ийрим STEM билим берүү багытын камтыйт. Программа жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык түзүлүп, «Алтын түйүн» инженердик академиясы менен биргеликте жүргүзүлөт. Окуучулар жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү — робототехника жана конструкциялык сабактарга катышышат.

Ийримде окуучулар Lego жана Arduino платформаларынын негизинде роботторду кураштырып, сенсорлор менен иштөөнү жана программалоону үйрөнүшөт. Ошондой эле 3D-принтер аркылуу ар түрдүү моделдерди иштеп чыгышат. Электр чынжырларын түзүү, күн жана шамал энергиясы сыяктуу альтернативдүү энергия булактарын изилдөө багыттары да жакшы жолго коюлган. Жыл сайын ийримдин окуучулары техникалык жана ойлоп табуучулук боюнча уюштурулган сынактарга катышып, облустук жана республикалык деңгээлде байгелүү орундарды ээлеп келишет.

ОН ЭКИ ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ STEM ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ИЙРИМДЕР

Ал эми «Жаш долбоорчу» жана «Шахмат» ийримдери окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, сынчыл жана чыгармачыл ойлоосун өнүктүрүүгө багытталган. Бул ийримдерде балдар көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүүнүн жолдорун изилдөөгө, гипотеза түзүүгө жана команда менен иштөөгө үйрөнүшөт.

Ийримдердин алкагында окуучулар мектептеги жана коомдогу айрым көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган чакан долбоорлорду иштеп чыгышат. Мисалы, жоголгон буюмдар үчүн кутучаларды уюштуруу, парник түзүү, мектептин айланасын тазалоо сыяктуу пайдалуу долбоорлор даярдалып, ишке ашырылган. Ошондой эле окуучулар ар түрдүү макеттерди жасоону өздөштүрүшөт.

Мектебибизде окуучулардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган «Маалыматтык сабаттуулук» ийрими да иштейт. Анын негизги максаттары — компьютердик сабаттуулукту жогорулатуу, интернетти коопсуз пайдаланууга үйрөтүү, программалар менен иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана IT тармагына кызыгууну арттыруу.

Окуучулар HTML тили аркылуу веб-сайт түзүүнүн негиздерин өздөштүрүшөт. Мындан тышкары, BSD Education платформасы аркылуу программалоо жана технологиялык долбоорлор боюнча билим алышат. Платформа веб-сайттарды, оюндарды жана мобилдик тиркемелерди түзүүнү, ошондой эле STEM долбоорлорун иштеп чыгууну үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

ОН ЭКИ ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ STEM ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ИЙРИМДЕР

Ийримдердин ишмердүүлүгү окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жана билим сапатынын жогорулашына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

Бүгүнкү күндө окуучунун ийгилиги бир гана сабактагы жетишкендиктер менен чектелбейт. Заманбап билим берүү чыгармачылык ой жүгүртүүнү, инженердик жана санариптик көндүмдөрдү, команда менен иштөө жөндөмүн талап кылат. Мындай сапаттарды калыптандырууда мектептеги STEM жана чыгармачылык ийримдер өзгөчө маанилүү роль ойнойт.

Биздин окуучулардын илимий долбоорлордо, интеллектуалдык сынактарда, робототехника боюнча мелдештерде жана Жалпы республикалык тестирлөөдө жетишкен жогорку көрсөткүчтөрү дал ушул системалуу иштин натыйжасы болуп саналат.

Мисалга алсак, быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдөн эки бүтүрүүчүбүз «Алтын сертификатка» татыды. Айтсак, Акматова Сезимай 239 упай, Муратова Айзирек 230 упайга ээ болуп, республика боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирин көрсөтө алышты. Бул биз үчүн чоң сыймык.

12 жылдык билим берүү системасынын негизги артыкчылыктарынын бири — окуучуларды келечектеги кесипке эрте багыттап, алардын жөндөмдөрүн мектеп курагынан тартып өнүктүрүү. Ошондуктан STEM, IT, долбоордук окутуу жана чыгармачылык багыттагы ийримдер келечекте дагы кеңейтилет. Биздин максат — ар бир окуучуга өзүнүн мүмкүнчүлүгүн ачууга шарт түзүп, аларды заман талабына жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү жана инновациялык ой жүгүрткөн жаштар катары тарбиялоо.

Жыйынтыктап айтканда, мектептеги ийримдер окуучулардын чыгармачылык, инженердик, санариптик жана логикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү менен бирге алардын келечектеги кесип тандоосуна багыт берет. Мындай практикага негизделген окутуу 12 жылдык билим берүүнүн негизги максаттарына толук жооп берет. Анткени заманбап билим берүү системасы окуучуларды жөн гана теориялык билим менен камсыз кылбастан, турмушта колдоно ала турган көндүмдөрдү калыптандырууга, өз алдынча ой жүгүртүүгө жана инновациялык чөйрөдө иштөөгө даярдоону көздөйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер