АЛИНАНЫН КРЕАТИВ САБАКТАРЫ ЖАНА ЭКО-ЭКСПЕРИМЕНТТЕРИ

  • 17.03.2026
  • 0

Бишкектеги №25 мектептин химия жана биология мугалими Алина Алимжанова — мектепти да, жогорку окуу жайды да артыкчылык менен аяктаган жаш, изденүүчү педагог. Ал беш жылдан бери заманбап ыкмадагы практикалык сабактары менен жетишкен ийгиликтерине шыктанып, азыркы учурда «Мыкты мугалим» конкурсуна катышууда. 

АЛИНАНЫН КРЕАТИВ САБАКТАРЫ ЖАНА ЭКО-ЭКСПЕРИМЕНТТЕРИ

Жаш мугалим Түп айылындагы Карымшаков атындагы мектепти окуп жүргөндө эле химия жана биология сабактарына өзгөчө кызыгып, олимпиадаларда дайыма алдыңкы орундарды ээлеп жүргөн. Жаратылышка жана жаныбарларга болгон сүйүүсү улам күчөп, келечекте ушул багытта өнүгүүнү максат кылат. Кошумча маалыматтарды издеп окуп, билимин тереңдетүүгө тынымсыз аракеттенген.

Бул эмгеги акталып, ЖРТдан жогорку балл алып, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине бюджеттик негизде окууга кабыл алынган.

— Мугалимдик кесипке сүйүүмдү жараткан Гүлмира Эдигеевна аттуу окутуучум болду. Ал креативдүү, билимин чет өлкөлөрдө жогорулатып жүргөн, немис тилинде эркин сүйлөгөн педагог эле. Окуу жайга ДНКны аныктаган лаборатория ачкан. Сабактары кызыктуу жана ар тараптуу болчу. Көптөгөн долбоорлорду жазып, студенттерге түшүнбөгөн темаларды кайра-кайра сабыр менен түшүндүрүп берчү. Ошондо мен: «Эгер мугалим болсом, дал ушундай мугалим болом» деп өзүмө сөз берген элем. Азыр да аны менен байланышта болуп, кеңештерин алып турам, — дейт Алина.

АЛИНАНЫН КРЕАТИВ САБАКТАРЫ ЖАНА ЭКО-ЭКСПЕРИМЕНТТЕРИ

Жаш мугалимдин эмгек жолу 2020-жылы Бишкектеги №25 мектептен башталган. Беш жылдан бери ал окуучуларга кызыктуу сабактарды өткөрүп келет. Салттуу сабак берүү менен чектелбей, өзгөчө ыкмаларды колдонууга аракет кылат. Ар кандай курстарга катышып, санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүп, активдүү колдонууда. Кесиптештерине насаатчы болууга да жетишип калды.

Алина немис тилин да жогорку деңгээлде билет. Ал бир жыл Европада стажировкадан өтүп, тилдик көндүмдөрүн өркүндөтүп келген. Тил билүү — анын сабак өтүүдөгү дагы бир маанилүү куралы.

АЛИНАНЫН КРЕАТИВ САБАКТАРЫ ЖАНА ЭКО-ЭКСПЕРИМЕНТТЕРИ

Практикалык сабактар балдарга жугумдуу

«Ар бир бала гений болуп төрөлөт, анын таланты кайсы тармакта болсо, ошону өнүктүрүү керек» деген педагог Василий Сухомлинскийдин сөзүн туу тутат. Ошондуктан ал ар бир окуучунун жөндөмүн аныктап, ошол жөндөмдү билим алууда инструмент катары колдонууга багыт берет. Мындай ыкма окуучулардын сабакка кызыгуусун арттырып, билимди жеңил өздөштүрүүгө жардам берет.

Жаш адистин мындай практикалары жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Маселен, 11-класстын окуучулары «Кыргызстандын глобалдык көйгөйлөрү» темасында илимий изилдөө жүргүзүп, өлкөдө пластик калдыктарын кайра иштеткен завод жок экенин аныкташкан. Ошондой эле пластик идиштер табиятта узак убакытка чейин жок болбой турганын изилдеп чыгышкан. Натыйжада алар казеин жана крахмалдан жасалган альтернативдүү материал сунуштап, бул долбоор райондук сынакта биринчи орунду ээледи.

АЛИНАНЫН КРЕАТИВ САБАКТАРЫ ЖАНА ЭКО-ЭКСПЕРИМЕНТТЕРИ

Сабак учурунда да окуучулардын өз алдынча эксперимент жасоосуна мүмкүнчүлүк берет. Тил билген окуучуларга долбоорлорун ошол тилде коргоого, ал эми башка жөндөмдөрүн сабакта колдонууга шарт түзөт.

«Эко жашыл мектеп» долбоорунун алкагында мектепке күнөскана орнотулуп, анда микрожашылчалар өстүрүлүүдө. Окуучулар өсүмдүктөрдү өздөрү тандап, аларды багууга кызыгуу менен киришет. Бул жерде балдар тажрыйба топтоо менен катар жаратылышка туура мамиле кылууну да үйрөнүшөт. Натыйжада, биология сабагына кызыккан окуучулардын саны көбөйгөн.

Окуучулар өз алдынча изилдөө жүргүзүп, энциклопедияларды окуп, кошумча билим алып, олимпиадаларда да алдыңкы орундарды ээлеп келишет.

АЛИНАНЫН КРЕАТИВ САБАКТАРЫ ЖАНА ЭКО-ЭКСПЕРИМЕНТТЕРИ

Замандан калбаган мугалим

Алина билим берүү тармагына жаңы идеяларды киргизүүгө дайыма аракет кылат. Мисалы, өткөн жылы жазган долбоорунун негизинде Тайвандын фонду мектепти илимий изилдөөлөр үчүн микроскоптор менен камсыздады.

Жаш мугалим заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүү менен бирге учурда билим берүү платформаларын иштеп чыгууга да кызыгууда. Ал бул багытта билим алып, келечекте биология сабагы үчүн атайын платформаларды түзүүнү пландаштырууда. Анткени кызыктуу жана заманбап сабак окуучуларга “вау” эффектин тартуулайт деп эсептейт.

— Мугалимге мүнөт сайын жаңы идеялар келип турат. Аларды ишке ашыруу үчүн ар тармактан билим алып туруш керек. Азыркы муун — санарип доорунун балдары. Кээде алар менден да көп нерсени билишет. Ошондуктан сабакты 3D жана 4D моделдер, симуляциялар, интерактивдүү панелдик такталар аркылуу өткөрүү маанилүү. Эгер окуучу алган билимин өз колу менен жасап көрсө, анда билим толук өздөштүрүлөт. Мисалы, окуучулар тиштин же сөөктүн моделин жасап келишет. STEM сабактары окуучунун компетенттүүлүгүн жогорулатууга чоң жардам берет, — дейт ал.

АЛИНАНЫН КРЕАТИВ САБАКТАРЫ ЖАНА ЭКО-ЭКСПЕРИМЕНТТЕРИ

Мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы — чоң колдоо

Алинанын айтымында, азыркы Z муунга сабак берүү үчүн мугалим өзү да заманбап ойлонгон педагог болушу керек.

— Азыркы балдар кичинекейинен эле келечекте ким болорун билишет. Көпчүлүгү кирешеси жогору кесиптерди тандашат. Ошондуктан мугалим аларга туура мамиле жасап, сабакка кызыктыра билиши керек. Балким, мени көрүп мугалим болууну каалаган окуучулар да чыгат. Келечекте менин окуучуларымдын арасынан мыкты адистер, белгилүү инсандар чыгарына ишенем. Балдар менен менталдык байланыш да абдан маанилүү. Азыркы учурда урушпай эле, туура мамиле аркылуу авторитетти көтөрүүгө болот, — дейт мугалим.

Ал ошондой эле мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы педагогдор үчүн чоң колдоо жана мотивация болуп жатканын белгилейт. Бул жакшы курстардан билим алууга, чет өлкөлөрдө тажрыйба топтоого жана ар кандай долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Жаш мугалим мындан ары да изденип, билим берүү тармагына жаңы идеяларды киргизүүнү максат кылууда.

— Беш жыл ичинде билим берүү тармагына аздыр-көптүр салым коштум деп ойлойм. Келечекте андан да креативдүү сабактарды өтүп, чет өлкөлөрдөн тажрыйба топтоп, аны Кыргызстанда колдонсом деген максатым бар, — дейт Алина.

 

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер