ОКУУЧУНУН КЕЛЕЧЕГИНЕ ИШЕНИМ АРТАЛЫ!
- 15.04.2025
- 0
Мугалимдик – бул жөн гана кесип эмес, бул ар бир окуучунун жүрөгүндө из калтыруучу улуу өнөр. Биздин бир эле сөзүбүз, ишенимибиз, мээримибиз баланын келечегин аныкташы мүмкүн. Бүгүн мен сиздер менен окуучумдун жана анын ата-энесинин мага жолдогон каты менен бөлүшкүм келди. Бул каттар ар бир тарбиячыны терең ойлонтот жана биздин ишибиздин канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу эске салат деген ойдомун.
Ата-эненин каты
Кызым 4-классты аяктап, гимназияга өткөндө жаңы класс жетекчиси менен таанышты.
Ата-энелерге агай тууралуу маалымат камтылган шилтеме жиберилген экен, бирок мен ага көңүл бурбаптырмын.
Ошентип, жаңы окуу жылы башталды. Биринчи чейректе кызымдын баалары орточо болду. Бирок бир күнү ал: «Апа, агайым мага ишенет экен, менден үмүт кылат экен!» – деп кубанып келди. Ошол күндөн тартып, ал мугалиминин ишенимин актоо үчүн тынымсыз аракет кыла баштады. Сабактарын так, тыкан даярдап, үй иштерине да үлгүрүп жатты.
Акыркы чейректе бардык сабагынан «5» деген баа алды. Баалар негизги нерсе эмес, бирок ошол агайдын ишеними кызымдын аракетине дем берип, чоң өзгөрүү жасаганын түшүндүм. Бул агай окуучуларды китеп окууга, маданияттуу сүйлөөгө, билимдин зарылдыгын түшүнүүгө үйрөттү. Ата-энелерге да балдарына ишенүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү. Бирок, тилекке каршы, ал агай президенттик «Акылман» лицейине тандоо сынагынан өтүп кетти. Кызымдын көз жашын, көңүлүнүн чөгүшүн көрүп, биз үй-бүлөбүз менен аны колдоп: «Агайың сени унутпайт, ал сага ишенет!»– деп дем берип турдук. Кызым азыр 6-класста жана мурдагыдай эле аракетчил, тырышчаак бойдон калды.
Агайдын ишеними, колдоосу анын тагдырын өзгөрттү. Бирок мен өз мугалимдеримди эстегенде, көңүлүм сынып кетти…
Биздин мугалимдер окуучуларды кээде катуу жемелеп, көңүлүн чөктүрүшчү. Биздин класста 33 окуучу бар эле, бирок бирөөбүз да мугалимдерден эч качан дем, ишеним уга алган эмеспиз. Анын ордуна «Силер адам болбойсуңар!», «Келечекте баарыңар мигрант болосуңар!», «Москвага барганда бармагыңды тиштеп каласың!» – деген сөздөр менен чоңойдук. Балким, ошол убакта биз жетиле элек, жоопкерчиликти түшүнө элек болчубуз. Бирок мугалимдин сөзү, анын ишеними бизди башка жолго сала алмак. Натыйжада, көпчүлүгүбүз эч кандай максатсыз уядан учуп кеттик. Арадан 17 жыл өттү, бирок ошол мектепте азыр да өзгөрүү байкалбайт. 9-класста окуган окуучулардын ата-энелери «Бүтүп эле кетебиз» деп коюшат. Көпчүлүк билимге болгон ишенимин жоготкон…
Азирет агай кызым үчүн асмандан түшкөндөй болду. Эгерде ошол кезде бизге да ушундай мугалим туш болгондо, биздин класстан да мекенге кызмат кылган дарыгерлер, илимпоздор, академиктер чыкмак беле…
Мугалимдин үнү:
Урматтуу кесиптештер! Биздин ар бир сөзүбүз окуучубуздун келечегин калыптайт. Биздин ишеними жок, дем бербеген мамилебиз алардын үмүтүн өчүрүшү мүмкүн. Бирок, биз аларга ишенип, канат байлатсак, алар бийиктикке учушат! Ар бир мугалим бул каттан өзүнө сабак алып, өзүнүн ишин кайрадан баалап көрсө дейм. Анткени биздин колубузда бүтүндөй бир муундун тагдыры бар.
Мугалимдин жүрөгүнөн:
Мугалим – бул жөн гана кесип эмес, бул өмүр бою билим-тарбия берип, келечек муунду калыптандыруучу улуу өнөр. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө унутулгус из калтырган, жашообузду өзгөрткөн мугалим бар. Биз, мугалимдер, балдарга жарык чачкан чырак болууга аракет кылабыз, аларга ишенип, шыктандырып, жол көрсөтөбүз. Бирок ошол эле учурда, окуучуларыбыз да бизге дем берип, күч-кубат берип, биздин эмгегибиздин баалуулугун эскертип турушат. Бүгүн мен сиздер менен өзүмдүн окуучумдан алган катты бөлүшкүм келет. Бул кат – мугалим үчүн эң баалуу сыйлык.
Окуучумдун каты
Саламатсызбы, ардактуу асыл мугалимим! Сиз жөн гана окутуучу эмес, тарбия берүүчү, биздин дүйнө таанымыбызды, аң-сезимибизди өнүктүрүп, өркүндөтүүчү инсан болдуңуз.
Келечекке карай туура жол тандоону үйрөттүңүз. Кээде билип, кээде билбей
жолубуздан адашканда, караңгыда жарык берген шам чырак сыяктуу жол көрсөтүп,
кайра туура жолго салууга аракет кылдыңыз. Биз сиздин биз үчүн кылган чоң мээнетиңизди билебиз жана аны эч качан унутпайбыз. Сиз бизге билимдин гана эмес, чыныгы адамдык сапаттардын, эмгекчилдиктин, адилеттиктин, боорукерликтин маанисин түшүндүрдүңүз. Сиздин колдооңуз жана ишенимиңиз бизди шыктандырып, алдыга умтулууга түрткү берди. Сиз биз үчүн жөн гана мугалим эмес, экинчи ата-энебиздей болуп калдыңыз.
Адам канчалык бийикке чыкпасын, ар дайым анын устаты, билим берген адамы андан жогору турат. Сиз биздин жүрөгүбүздүн төрүндөсүз. “Мугалим” деген жөнөкөй эле сөз болгону менен, өзүнө канчалаган түйшүктүү мээнетти камтыйт. Окуучуларын өз баласындай көрүп, канчалаган түндөрүн уйкусуз өткөргөн инсан – бул сизсиз!
Сизге арчадай жаштыкты, абадай тазалыкты, суудай тунуктукту, сүттөй актыкты каалайбыз. Эч качан жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин! Түйшүктүү ишиңизди ийгиликтер коштоп жүрсүн. Биз сиз менен сыймыктанабыз!
Арадан нечен жыл өтсө да, ар бирибиздин жүрөгүбүздө “А” тамгасын тааныткан биринчи мугалимибиз ата-энебиздей ардактуу орунда сакталып калат. Аалам сырын ачкан алгачкы мугалимдин ысымы эч качан унутулбайт.
Мугалим – бул чырак түндү жарыткан,
Өз милдетин аткарууга ашыккан.
Нечендеген окуучуга талыкпай,
Билим берип бул дүйнөнү тааныткан.
Сиздин окуучуңуз, Нуриза
Мугалимдин үнү:
Ушундай катты окуганда, мугалим үчүн мындан өткөн чоң сыймык, мындан өткөн зор кубаныч жок экенин дагы бир жолу сезесиң. Окуучунун ар бир ийгилиги – мугалимдин ийгилиги. Биз берген билимибиз, жүрөгүбүздөн бөлүшкөн мээримибиз, окуучуларыбызда жашап, алардын жаркын келечегине өз салымыбызды кошуп жатканыбыз – бул
эң чоң бакыт!
Урматтуу кесиптештер! Биздин ар бир сөзүбүз, ар бир аракетибиз окуучулардын келечегин аныктайт. Аларга ишенип, канат бүтүрүп, бийиктикке учуруп жиберүү – бул биздин милдетибиз. Ар бирибиз ушул каттан улам өз миссиябызды унутпай, ишибизге берилүү менен, сүйүү менен мамиле кылсак экен!
Азирет ЗАИДОВ,
Билим берүүнүн мыктысы, жылдын мыкты тарых мугалими
Комментарийлер