ОКУУ МЕНЕН ӨНДҮРҮШ АЙКАЛЫШКАНДА: БЕЛОВОДСКИДЕГИ ЛИЦЕЙДИН ҮЛГҮЛҮҮ ТАЖРЫЙБАСЫ

  • 19.11.2026

 Кесиптик билим берүү мекемеси өзүн-өзү камсыздай алабы? Беловодское айылындагы №28 лицейдин тажрыйбасы буга «ооба» деп жооп берет. Окуу жайдын карамагындагы 1 гектар жерден жыйналган 19 тоннадан ашык түшүм окуучуларды тамак-аш менен камсыздоого да, имаратты оңдоп-түзөөгө да жетип жатат.

Өндүрүшкө көңүл бурган жетекчилик

«Биз колдо болгон жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланып, окуу жайдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү башкы максат кылып койгонбуз», — дейт №28 кесиптик лицейдин директору Аскар Масылов.

ОКУУ МЕНЕН ӨНДҮРҮШ АЙКАЛЫШКАНДА: БЕЛОВОДСКИДЕГИ ЛИЦЕЙДИН ҮЛГҮЛҮҮ ТАЖРЫЙБАСЫ

Анын айтымында, бүгүнкү күндө лицейде 471 окуучу билим алат. Окуу процессинен сырткары алардын социалдык шарттарын жакшыртуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо үчүн чарбалык иштерге өзгөчө басым жасалууда.

Ал эми күнөсканадагы иштер тууралуу бул багытка жооптуу кызматкер Санжыбек Тесекпаев буларды айтып берди:»Үч жылдык программанын негизинде иштеп жатабыз. Быйыл күнөсканадан жакшы натыйжа алып, түшүмдү кышка сактоого даярдадык. Кудай буюрса, эмки жылы эрте эгүү аркылуу жылына эки жолу түшүм алууну, ошондой эле укроп жана башка эрте бышуучу жашылчаларды өстүрүүнү пландап жатабыз».

ОКУУ МЕНЕН ӨНДҮРҮШ АЙКАЛЫШКАНДА: БЕЛОВОДСКИДЕГИ ЛИЦЕЙДИН ҮЛГҮЛҮҮ ТАЖРЫЙБАСЫ

Азырынча петуния, хризантема, бархат, роза, ромашка жана герман астрасы сыяктуу кооздук гүлдөрү лицейдин имаратынын жанындагы ачык аянтта өстүрүлөт. Алар сыртка сатылбай, окуу жайдын өз аймагын көрктөндүрүү үчүн пайдаланылат. Күзүндө гүлдөрдүн уруктары чогултулуп, кийинки жазда кайра себүүгө даярдалат. Мындай ыкма үрөн сатып алууга кеткен чыгымды үнөмдөөгө жана гүл өстүрүү иштерин жыл сайын улантууга шарт түзөт.

ОКУУ МЕНЕН ӨНДҮРҮШ АЙКАЛЫШКАНДА: БЕЛОВОДСКИДЕГИ ЛИЦЕЙДИН ҮЛГҮЛҮҮ ТАЖРЫЙБАСЫ

Сегиз гектардын бири — киреше булагы

Беловодское айылындагы №28 кесиптик лицейдин жалпы аянты 8 гектарды түзөт. Анын 1 гектары толугу менен айыл чарба иштерине бөлүнүп, картошка, помидор, капуста, пияз, кызылча жана малина өстүрүлөт. Быйыл жалпы 19 тонна 200 килограмм  түшүм жыйналды.

Түшүмдү сатуудан түшкөн 300 миң сом акча  окуу жайдын өзүнө жумшалган. Тактап айтканда, лицейдин аймагына бастырма (навес) курулуп, эски эшиктер жаңыланып, оңдоо иштерине керектүү боёк жана башка курулуш материалдары сатып алынды.

Жердин түшүмү — окуучулардын ырыскысы

Лицейдеги чарбачылыктын дагы бир маанилүү багыты — окуучуларды тамак-аш менен камсыздоого көмөк көрсөтүү. Жыйналган жашылча-жемиштердин бир бөлүгү билим алуучуларга күнүнө бир маал берилүүчү ысык тамакты даярдоого пайдаланылат. Бул азык-түлүк сатып алууга кеткен чыгымдын бир бөлүгүн үнөмдөөгө жана окуу жайдын өз мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

ОКУУ МЕНЕН ӨНДҮРҮШ АЙКАЛЫШКАНДА: БЕЛОВОДСКИДЕГИ ЛИЦЕЙДИН ҮЛГҮЛҮҮ ТАЖРЫЙБАСЫ

Чарбаны өнүктүрүүгө багытталган кадамдар

№28 кесиптик лицейдин тажрыйбасы билим берүү мекемелери колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу өзүнүн айрым каржылык жана чарбалык муктаждыктарын чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөтүп турат. Алдыда өндүрүшкө кеткен чыгымдарды жана таза кирешени так эсепке алуу, сугат системасын жана өсүмдүктөрдү өстүрүү технологияларын өркүндөтүү сыяктуу милдеттер турат. Ошондой эле гүл өстүрүү багытын келечекте коммерциялык деңгээлге чыгаруу да каралууда. Бул иштер ишке ашса, лицейдин өндүрүштүк жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңеймекчи.

Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү