КАЗАК ОКУМУШТУУЛАРЫ ЖУСУП АБДРАХМАНОВДУН ЭСТЕЛИГИН АЛМАТЫ ЖЕ АСТАНАГА ТУРГУЗУУНУ СУНУШТАШТЫ

  • 19.11.2026

2026-жылдын 17-ноябрында Казакстандын Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы (1927–1933-жж.), мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий конференция болуп өттү. Ага Кыргызстандан барган тарыхчы-окумуштуулар, коомдук жана маданий ишмерлер катышты. КАЗАК ОКУМУШТУУЛАРЫ ЖУСУП АБДРАХМАНОВДУН ЭСТЕЛИГИН АЛМАТЫ ЖЕ АСТАНАГА ТУРГУЗУУНУ СУНУШТАШТЫ

Жыйында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон мамлекеттик ишмердин баскан жолу, ошондой эле 1932-жылы ачарчылык учурунда жүз миңдеген казак качкындарын сактап калуудагы тарыхый эмгеги тууралуу мазмундуу баяндамалар окулду. КАЗАК ОКУМУШТУУЛАРЫ ЖУСУП АБДРАХМАНОВДУН ЭСТЕЛИГИН АЛМАТЫ ЖЕ АСТАНАГА ТУРГУЗУУНУ СУНУШТАШТЫ

Конференциянын жүрүшүндө казакстандык окумуштуулар Жусуп Абдрахмановдун казак калкынын алдындагы баа жеткис эмгегин таанып, эки элдин кылымдарды карыткан бир туугандыгын даңазалоо максатында анын эстелигин Алматы же Астана шаарларынын бирине тургузуу демилгесин Казакстандын жогорку жетекчилигине сунуштап жатышканын маалымдашты. КАЗАК ОКУМУШТУУЛАРЫ ЖУСУП АБДРАХМАНОВДУН ЭСТЕЛИГИН АЛМАТЫ ЖЕ АСТАНАГА ТУРГУЗУУНУ СУНУШТАШТЫ

Иш-чарага катышкан белгилүү кыргыз актёру Азиз Бейшеналиев тарыхый эстутумду сактоонун жана аны кийинки муундарга жеткирүүнүн маанисине токтолду:

«Биз башыбыздан өткөн окуяларды унутпашыбыз керек. Тарыхыбызды сактап калуу жана кийинки муундарга жеткирүү — биздин милдетибиз. Жусуп Абдрахманов эң оор жылдары кыргыздарды жана казактарды коргоп калган. Анын элесин түбөлүккө калтыруу керек. Бул — кыргыздардын да, казактардын да милдети», — деди ал. КАЗАК ОКУМУШТУУЛАРЫ ЖУСУП АБДРАХМАНОВДУН ЭСТЕЛИГИН АЛМАТЫ ЖЕ АСТАНАГА ТУРГУЗУУНУ СУНУШТАШТЫ

Ошондой эле конференциянын алкагында 1930-жылдардагы саясий репрессиялардын тарыхын терең изилдөөгө кошкон салымы үчүн тарых илимдеринин доктору, «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинин директору Болотбек Абдрахмановго Казакстан Көркөм академиясынын атайын диплому жана алтын медалы тапшырылды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү