ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН ЭСКИ ЖАНА ЖАҢЫ КӨЙГӨЙЛӨРҮ

  • 12.09.2023
  • 0

Жаңы окуу жылынын башталышы окуу китептеринин жетишсиздигине байланышкан талаш-тартыштар менен коштолду. Соцтармактарда ата-энелер балдарына китептер жетпей, мектептерде жок китептер базарларда жең алды сатылып жатканына нааразы болуп, Билим берүү жана илим министрлигине, КР Министрлер Кабинетинин башчысына, КР Президентинин наамына чейин кайрылып, китеп тартыштыгын тез арада чечип берүүсүн өтүнүштү. Биз ошол айрым пикирлердин негизинде окуу китептеринин жаңы жана эски көйгөйлөрүн иликтедик.

Балдарын мектепке күндө ташыган, башка ата-энелер, мугалимдер менен пикир алышкан ата катары айрым бир байкоолору жөнүндө Бишкек шаарынын тургуну Ибраим Нуракун уулу төмөнкүдөй пикирин билдирген:

“Мектепте китептер жаңы, толук болгондо эле балдарыбыз билимдүү болуп кетпейт. Себеби биздин китептердин ички мазмуну аябай эскирди. Азыркы замандын талабына жооп бербейт. Мисалы, мындан 30-40 жыл мурдагыдай эле балдарыбыз Жилин-Костылиндин Кавказда туткунга түшүп калганын окуп жүрөт. Балдарыбыздын ар бир китебин ачсаң, кадимкидей СССР жыттанат. Эркин мамлекеттин, Кыргыз мамлекетинин, тарыхынын духу жок китептерде. Сунуш: китептердин толук ички мазмунун жаңыртуу керек”.

Туура пикир. Жаңы китептерди басып чыгаруу менен маселе чечилбейт. Министрликтин адистери да ар бир китептин мазмунун беш жылда бир жолу базистик окуу планына ылайык жаңылап туруу керектигин белгилешет.

Ибраим Нуракун уулу өзүнүн маалыматында “…Билим берүү десе эле, быйыл 43 мектеп салдык деп мактанганды токтотууга учур келди. Ичинде нормалдуу мугалими, программасы, китеби, акылдуу доскасы жок 43 мектеп, биздин балдарыбыздын билимине билим кошо албайт. Анын үстүнө элдин акчасына, биздин салыктардан чогулган акчага мектеп салып коюу анча деле кыйын иш эмес. Биз билимдин сапатынын жогорулашын талап кылышыбыз керек” – дейт.

Автордун бул оюна кошулбай коюуга болбойт. Туура, жаңы мектептин имаратын куруп алып эле, баары сонун болуп калды деп көкүрөк кага албайбыз. Бирок эсибизде болсо, мектеп жетишсиздигинен класстарда 40-50дөн окуучулар тыгылып олтуруп, мектепте заманбап шарттын жоктугунан окуунун сапаты төмөндөп кетпеди беле? Андыктан жаңы мектеп имараты, кошумча имараттары курулуп жаткан фактыны да мактанганга татыктуу окуя катары баалап, кубаналы, колдойлу, бөлүшөлү. Биз мурда деле салык төлөп, бирок бир жылда бир да жаңы мектеп курулушуна жетпей келгенибизди эстен чыгарбашыбыз керек.

Анын колдоого арзырлык дагы бир сунушу — билимге инвесторлорду, жеке бизнести тартуу боюнча. “Мамлекет жеке менчик мектеп ачкандарды кош колдоп колдошу керек, керек болсо, гранттарды бериши керек. Жеке менчик мектептер канчалык көп болсо, билимдин сапаты ошончо жогорулайт. Себеби, изденүү, атаандашуу күчөйт. Мамлекеттик мектептерге балдарды тыгылыштырбай, колунда бар ата-энелер балдарын жеке менчик мектепке бере баштайт. Жеке менчикте окуган бир бала мамлекеттик бюджетти он эселеп үнөмдөөгө жол ачат. Мектептин имаратын куруп койгон реформа эмес”.

Бул жерден автордун жазгандарына кошулбай коюуга аргаң жок. Реформаны мектептин имаратын куруп, балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, анан гана андан ары уланта алабыз. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жана илим жөнүндөгү” жаңы мыйзамында жеке менчик билим берүү мекемелерин ачууга жол ачылып, мурдагыдай бюрократтык тоскоолдуктар жоюлган. Каалоочулар мындан ары толгон токой документ чогултпай эле, өрт өчүрүү, санитардык-гигиеналык нормаларын сактоо боюнч нускамаларды тастыктоонун негизинде, министрликке билдирме жөнөтүп, мыйзам чегиндеги билим берүү мекеме-уюмдарынын бардык түрлөрүн ача алат.

Ибраим Нуракун уулунун баарынан кош колдоп колдой турган сунушу — балдарыбызды нукура кыргыз кылып чоңойто турган мектеп программасынын зарылдыгы. Биздин борбордо окуган балдарыбыз деле, элет жеринде билим алган балдарыбыз деле Американы, Европаны эңсешет. Ырас эле арыдан-бери англис тилин үйрөнүп, чет өлкөлөргө окууга, эч болбоду дегенде иштөөгө кетсек деп эңсеген балдар чоңоюп келатканына күбөбүз…

“…Биз балдарыбыздын келечегин, акыл-эсин, жүрөгүн бүт бөтөн элдерге байлап, таңуулап берип жатабыз. Кыргыз тилин билбей туруп, англисче, орусча окуган ар бир бала биз үчүн бир кыргызды жоготууга тете.

Сунуш: мамлекеттик мектептерде да, жеке менчик мектептерде да кыргыз класстарынын деңгээлин жогорулатуу зарыл. Ата-энелер балдарын кыргыз класска берүүнү каалагыдай кылуу керек. Ушул багытта тез арада иш жүргүзбөсө, кыргыз мамлекети жакынкы келечекте өнүкпөйт. Биздин билимдүү балдарыбыз англис, орус тилдеринде билим алган соң, башка өлкөлөрдүн экономикасына гана иштеп, кызмат кылып калышат. Биз ушинтип караңгы бойдон, ар бир үч жыл сайын революциядан башыбыз чыкпаган экинчи Афганистан же Суданга айланабыз. Ансыз деле бир бөлүгүбүз ошолордун чапанын кийип калдык” – деп жазат Ибраим Нуракун уулу.

Менчик басмаканалардын кемчилиги эмнеде?

Кыргыз билим берүү академиясынын улук илимий кызматкери, кыргыз тили, адабияты бөлүмүнүн башчысы Сулайман Рысбаев китеп көйгөйүнүн жаралышына окуу китептеринин жеке менчик басмаканаларда көзөмөлсүз басылып чыгышы негизги себеп болууда деп эсептейт.

“Менчик басмаканалардын кемчилиги — илимий редакторлордун, корректордун жоктугунда. Алар авторлор менен иштебейт, себеби гонорар төлөгүлөрү келбей, китептерин жашыруун басып чыгарышат. Китеп басып чыгаруу боюнча атайын адистердин жоктугу, болгон адистердин полиграфиялык билиминин төмөндүгү – китептердин сапатына терс таасирин тийгизет. Полиграфиялык атайын билими жоктугунан окуу китебинин сүрөттөрүн, шрифтерин туура эмес жасалгалап коюшат”.

Ырас, окурмандар кээ бир тарыхый инсандардын сүрөттөрү алмашып басылып кеткендиги боюнча көп эле нааразы болуп келгенине биз да күбөбүз. Менин эсимде, белгилүү окумуштуу Санжарбек Данияровдун кызы Асель Даниярова кайсы бир басылмада алгачкы агартуучу Базаркул Данияровдун сүрөтүнүн ордуна башка адамдын сүрөтү жарыяланып калганы боюнча нааразычылык билдирип, министрликке кат жазган эле. Мындай шалаакылык көп эле орун алып келди. Айрыкча, окуу китептериндеги одоно грамматикалык каталар окуучулардын билимине терс таасирин тийгизип, мугалимдин, жалпы эле билим берүүнүн аброюна шек келтиргени чындык.

Алиппенин автору “…Андан да чоң маселе – бул жеке менчик типографиялар китептин түп нускасын албастан, сканерлеп сапатсыз басып чыгарып жаткандыгында. Анткени алар китептин сапатын эмес, акча табууну гана көздөгөнү жашыруун эмес. Эгерде менчик басмаканалар ушундай кемчиликтерди жойсо, министрлик менен биргелешип иштешсе, аларды мамлекет ички инвесторлор катары пайдаланса, китеп басуудагы кыйынчылыктарды жоюуга болмок деп ойлойм” — дейт Сулайман Рысбаев.

Мындан ары окуу китептери боюнча баш-аламандыктар жоюлат деп ишенгибиз келет. Себеби КР Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №352 “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын “Учкун” ачык акционердик коому даярдайт. Ал үчүн атайын жаңы техникалык каражаттар алынган.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер