ОКУУ КИТЕП КӨЙГӨЙҮ: ТҮПКҮ СЕБЕПТЕР ЖАНА ТИКЕЛЕЙ ФАКТЫЛАР
- 24.09.2026
- 0
Окуу китеби жетишпей жатат деген факт бар. Бирок бул көйгөй бүгүн эле пайда болгон жок. Аны чечүү да бир-эки жылда бүтө турган иш эмес. Кыргызстанда окуу китептерин чыгаруу жана мектептерди камсыз кылуу тарыхына көз чаптырсак, азыркы кырдаалдын чындыгын жана жасалып жаткан аракеттердин маанисин жакшыраак түшүнүүгө болот.
Окуу китеби — жөн гана кагазга басылган окуу материалы эмес. Ал мектептеги билим берүүнүн мазмунун аныктаган негизги куралдардын бири. Ошондуктан өлкөнүн билим берүү системасында окуу китептерин үзгүлтүксүз жаңыртып, жетиштүү көлөмдө басып чыгаруу мамлекеттик саясаттын туруктуу багыты болушу керек. Бирок Кыргызстанда бул багыт көп жылдар бою системалуу жолго түшө алган эмес.
1991–2016-жылдар: эскини жамап окуган мезгил
Министрликтин 2026-жылдын сентябрындагы маалыматына ылайык, 1991–2016-жылдары окуу китептерин чыгарууда системалуу саясат болгон эмес. Мектеп китепканаларынын фонддору үзгүлтүксүз жаңыланып турган эмес. Ошондуктан эгемендүүлүк жылдарында да СССР мезгилинен калган окуу китептери кеңири колдонулуп, айрымдары кошумча тираждалып турган.
Бул жерде негизги көйгөй айрым бир китептин сапатында гана эмес, окуу китебин жаратуу, жаңылоо, басып чыгаруу жана мектепке жеткирүүнүн бүтүндөй системасынын жоктугунда болгон.
Башкача айтканда, жыл сайын өлкөнүн бардык мектептерине керектүү көлөмдө жаңы муундагы окуу китептерин даярдап бере турган туруктуу мамлекеттик механизм калыптанган эмес.
2017–2021-жылдар: каражат өп-чап, даярдык начар
2017–2021-жылдары мамлекет окуу китептерине каражат бөлө баштаган. Расмий маалыматка караганда, жыл сайын 120 млн сомдон 159 млн сомго чейинки каражат каралган. Бирок иш жүзүндө өздөштүрүлгөн сумма 34 млн, 87 млн жана 110 млн сомдун айланасында гана болгон.
Мунун бир себеби — тендерлердин үзгүлтүккө учурашы. Жеке компаниялардын көпчүлүгү даяр материалдарды басып чыгарууга даяр болгону менен, жаңы окуу китептерин иштеп чыгуу процессине толук кандуу катышууга даяр эмес болгон. Ошол эле учурда жаңы чыгармачыл авторлорду издөө зарылдыгы да турган. Дал ушул жерде көп жылдар бою топтолгон көйгөйдүн масштабы көрүнөт.
Ал кездеги эсеп боюнча өлкөгө 17,4 миллион нуска окуу китеби керек болгон. 500 сомдон эсептегенде, бул болжол менен 8,7 млрд сом керек болмок. Ал эми жылына 152 млн сомдон гана каражат бөлүнүп турса, ошол көлөмдөгү китепти басып чыгарууга 57 жылдай убакыт талап кылынмак. Демек, муктаждык менен ага жетиштүү болгон каржылык мүмкүнчүлүктүн ортосунда абдан чоң айырма болгон.
Мындай шартта жеке басмаканаларга таянуу да көйгөйдү толук чече алган эмес. Анткени окуу китебин даярдоо кадимки китепти басып чыгаруудан кыйла татаал: автордук эмгек, методикалык иштеп чыгуу, которуу, редакциялоо, экспертиза, апробация жана андан кийинки массалык тираж талап кылынат.
2022–2024-жылдар: жаңы стратегия
Маанилүү бурулуш 2022–2024-жылдары башталган. Бул мезгил мамлекеттик китеп саясаты — окуу китептерин чыгаруунун жаңы стратегиясы катары мүнөздөлөт. Бул жерде укуктук-ченемдик база, механизмдер, кызмат жана институт деген төрт багыт бир системага бириктириле баштаган.
Президенттин 2022-жылдын 18-октябрындагы №352 Жарлыгы менен «Учкун» ААК окуу китептерин басып чыгаруунун бирдиктүү борбору катары аныкталган. Ал эми МинКабдын 2024-жылдын 5-февралындагы №48 токтому менен «Окуу китеби» басма үйү түзүлгөн.

Бул жерде кеп дагы бир басмакана ачылганы жөнүндө эмес. Жаңы системада «Окуу китеби» басма үйүнө окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу, адаптациялоо жана басып чыгарууга даярдоо боюнча жоопкерчилик жүктөлгөн. Окуу-методикалык комплекс бир гана китеп эмес, окуу китеби + жумушчу дептер + мугалим үчүн методикалык колдонмо болуп чыгарылат.
Мындагы маанилүү контекст: мамлекет окуу китебин «басып чыгарылчу товар» катары гана эмес, билим берүү системасынын ажырагыс бөлүгү катары карай баштады.
Туруктуу өсүштүн динамикасы
Жаңы стратегиянын реалдуу көрсөткүчү — каржылоонун динамикасы. Төмөнкү таблицада окуу китептерин басып чыгарууга иш жүзүндө өздөштүрүлгөн каражат көрсөтүлгөн:

Бул сандар бир чындыкты ачык көрсөтөт: окуу китептерин чыгаруу мурдагыдай эпизоддук эмес, ири көлөмдөгү мамлекеттик каржылоону талап кылган өзүнчө маанилүү багытка айланып баратат.
Ошол эле учурда бюджеттен тышкаркы булактардан да кошумча жардам болгон. 2025-жылы Россия Федерациясынан 651 миң нуска, ЮНИСЕФтен 158,7 миң нуска, ал эми 2026-жылы Россия Федерациясынан дагы 671 миң нуска келген.
Каржылоонун өсүшү менен басылып чыккан окуу китептеринин саны да өстү. Расмий маалыматтар басылып чыккан окуу китептеринин саны жылдан жылга өсүү жолунда экенин көрсөтөт.

Бул көрсөткүчтөр акыркы жылдары өндүрүштүн масштабы да олуттуу өзгөргөнүн көрсөтөт. Мындан тышкары, мектептердин окуу китептерине болгон муктаждыгын аныктоо да өзүнчө циклге өткөрүлүүдө. Мектептер табыштамасын берет, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү аларды жалпылап эсептейт, «Окуу китеби» басма үйүнө өткөрөт, андан кийин китептер белгиленген нуска боюнча басылып чыгып, тиешелүү аймактарга жеткирилет. Демек, керектөө мурдагыдай болжол менен эмес, мектептердин реалдуу табыштамаларынын негизинде эсептелген механизми түзүлүүдө.

Сапаттуу окуу китеп — узак жана татаал жол
Бул жерде дагы бир маанилүү чындыкты түшүнүү зарыл: сапаттуу жаңы окуу китебин бир нече жумада же бир-эки айда даярдап коюу мүмкүн эмес. Эгер даяр окуу китеби адаптацияланса, анын ичинде которуу, улуттук мазмунга ылайыкташтыруу, редакциялоо, верстка, дизайн, корректордук иштер, экспертиза, эксперттердин сунуштарын эске алуу, министрликтин коллегиясынын чечими, үлгүлөргө кол коюу жана басмаканага өткөрүү сыяктуу этаптардан өтөт. Мындай учурда эки тилдеги бир окуу-методикалык комплекске 6–8 ай талап кылынат.
Ал эми окуу китеби нөлдөн баштап иштелип чыкса, процесс андан да узак. Авторлорду ачык конкурс аркылуу тандоо, техникалык тапшырма, мурдагы китептердин функционалдык анализи, окуу китеби–жумушчу дептер–мугалимдин колдонмосунан турган ОМКны даярдоо, редакциялоо, дизайн, төрт түрдүү экспертиза, мектептерде апробациялоо жана анын жыйынтыгы боюнча кайра иштеп чыгуу талап кылынат. Мындай комплексти эки тилде даярдоого 1–1,5 жылга чейин убакыт кетет.
Ошондуктан жаңы китептердин сапатына талап жогорулаган сайын, аларды даярдоо мөөнөтү да узарат. Бул — кемчилик эмес, сапаттуу окуу-методикалык материал даярдоонун табигый өзгөчөлүгү.

Маселенин масштабы дагы эле чоң
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен окуу-методикалык комплекстерге болгон муктаждык дагы көбөйүүдө. Расмий эсеп боюнча, 1–12-класстар үчүн 12 предмет боюнча 1 млн 586 676 окуучуга 48,4 миллион нуска окуу-методикалык комплекс керек.
2023–2026-жылдары 10,4 миллион нуска даярдалган. Ал эми 2027–2030-жылдары дагы 38 миллион нуска даярдоо керек. Ага болжол менен 10 млрд сом талап кылынат. Бул сумма 2026-жылдагы баалардын негизинде бир окуу китебинин орточо баасы болжол менен 264 сом болот деген эсепке таянган.
Демек, бүгүнкү күндө китептер жетишсиз болуп жатканы — системада эч нерсе жасалбай жатканынан эмес. Тескерисинче, өтө чоң көлөмдө иш турат жана аны чечүү бир нече жылдык туруктуу ишти талап кылат.
Алдыдагы стратегияда 2027-жылы 4,4 млрд сомго 16,8 млн нуска, 2028-жылы 5,6 млрд сомго 21,2 млн нуска окуу-методикалык комплекс даярдоо каралган. Ошондой эле мамлекеттик басма үйүнүн жана «Учкун» басмаканасынын кубаттуулугун жогорулатуу, жеке басмаканалардан жана чет өлкөлөрдөн даяр окуу китептерин сатып алуу, 11 жылдык мектептин китептерин кайра иштеп чыгуу сыяктуу багыттар белгиленген.
Эрегиш эмоция эмес, эриш-аркак аракет
Кыргызстанда окуу китептери көп жылдар бою жетишсиз болгон. Бул фактыны тануунун кереги жок. Мектептерде китеп жетишпей жатканы ачык айтылып жаткан чындык.
Бирок бүгүнкү абалды баалоодо китеп тартыштыгына жамынып, чыркырап министрге асылып, айыптоо — аткарылган ишти жокко чыгарууга барабар. Кээ бир кызуу кандуу адамдар кеп төркүнүн билбей, түшүнбөй туруп, кээ бирлери эч бир жүйөнү уккусу да келбей, туурадан чыгып акыл айтып, кайдагы эски китептерди таап чыгып көрсөтүп, табасы канган билдирүүлөрдү жасашууда. А чын-чынына келгенде, окуу китеп көйгөйүнүн түпкү себептерин жана аны чечүү үчүн кандай система түзүлүп жатканын да көрүү зарыл.
1991–2016-жылдары системалуу саясат болгон эмес. 2017–2021-жылдары каражат бөлүнө баштаганы менен, аны толук өздөштүрүү жана жетиштүү көлөмдө китеп чыгаруу механизмдери жетишсиз болгон. 2022-жылдан тартып мамлекеттик саясат, каржылоо жана өндүрүш механизмдери күчөтүлүп, 2024-жылы «Окуу китеби» басма үйү түзүлүп, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди даярдоонун мамлекеттик механизми калыптана баштады.
Эми бул системаны үзгүлтүккө учуратпай улантуу маанилүү. Анткени окуу китеби — бир жолку долбоор эмес. Ар бир жаңы муунга жаңы мазмун, жаңы программа, жаңы методика жана жаңы окуу материалдары керек болот. Айрыкча 12 жылдык билим берүүгө өтүү бул муктаждыкты дагы көбөйтөт.
Ошондуктан азыркы учурда эки фактыны параллелдүү көрүү керек: бир жагынан, мектептерде окуу китептеринин жетишсиздиги дагы эле бар; экинчи жагынан, бул көйгөйдү чечүүнүн мамлекеттик системасы акыркы жылдары олуттуу өзгөрүп жатат.
Бул ишке убакыт да, туруктуу каржылоо да керек. 48,4 миллион нускага жакын ОМК даярдоо — масштабдуу улуттук милдет. Аны бир бюджеттик жылда бүтүрүп коюу реалдуу эмес. Ошондуктан коомдук талкуу эрегишүүгө, эмоцияга жана бири-бирин күнөөлөөгө эмес, фактыларга таянууга тийиш.
Окуу китеби — саясий талаштын эмес, баланын билим алуусунун куралы. Китеп жетишпесе — аны чыгарууну тездетүүнүн жолун издөө керек. Сапат маселесине келсек — экспертиза менен апробацияны күчөтүү абзел. Каржы жетишпесе — керектүү көлөмдөгү каражатты пландоо зарыл. Өндүрүштүк кубаттуулук жетишсиз болсо — аны көбөйтүү керек.
Эң негизгиси — көп жылдар бою чечилбей келген көйгөй эми системалуу түрдө чечиле баштаганын көрө билүү. Бул багытты сын көз менен көзөмөлдөө керек. Бирок конструктивдүү сын менен жасалып жаткан ишти жокко чыгаруунун ортосунда чоң айырма бар.
Окуу китептери толук жетиштүү болгон күнгө чейин дагы көп иш жасалат. Бирок ошол күнгө жетүү үчүн азыр башталган системалуу аракетти токтотпой, тескерисинче, колдоо, талап кылуу жана сапатын көзөмөлдөө маанилүү. Анткени сапаттуу окуу китеби — бүгүнкү баланын гана эмес, Кыргызстандын эртеңки билим сапатынын негизи.
Чекиров Кубатбек, “Кут Билим”