«Окуу китеби» басма үйү» келечекке жол ачат

  • 26.12.2024
  • 0

2024-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Жаңы китеп” мекемесин жана Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борборун бириктирип, жаңы мамлекеттик мекеме – «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесин түзүү тууралуу токтом кабыл алган. Бул кадамдын негизги максаты – улуттук окуу китептеринин сапатын жакшыртуу жана билим берүү мекемелерин зарыл окуу материалдары менен камсыздоо болду. Төмөндө  Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин жыл ичиндеги аткарган иштерин  билүү максатында аталган мекеменин директору Ильяс Сарыбаевге айрым суроолор менен кайрылдык.

-Ильяс Асанбекович, “Окуу китеби” басма үйүнүн” 2024-жылдагы ишмердүүлүгү  кандай болду? Эмне орчундуу иштер аткарылды?

-2024-жылдын ичинде «Окуу китеби» мекемеси окуу китептерин экспертизадан өткөрүп, басууга  даярдоо  иштерин активдүү жүргүздү.  Ошондой эле Маршал Кавендиш басмасынын (Сингапур) окуу-методикалык комплекстеринин мүлк укугун мөөнөтсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алды. Бул билим берүү системасынын туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзүп, окуучулар үчүн сапаттуу окуу китептерине  жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Мындан тышкары, окуу китептерин жаңыртуу жана адаптациялоо процесси толук кандуу жүрүп жатат. ”Окуу китеби” пилоттук түрдө Англис тилинин 1-деңгээлдеги алгачкы 600 нуска окуу китебин адаптациялап, басып чыгарып, аймактардагы мугалимдерге апробацияга жиберди. Бүгүнкү күндө жаңы муундагы   табигый илимдер  жана англис тили боюнча окуу китептерин которуу, редакциялоо  иштери тынымсыз жүрүп жатат.

«Окуу китеби» басма үйү» келечекке жол ачат

— Жаңы окуу китептерин даярдоодо өзгөчө көңүл эмнелерге бурулууда? Канча китеп жазылып бүттү?

— Узап бараткан жылда «Окуу китеби» басма үйү 1–11-класстардын окуучулары үчүн   жетиден ашык окуу китептерин экспертизадан өткөзүп, басууга сунушталды. Аталган китептер заманбап методологияны эске алуу менен кайра жазылды жана тарых, математика, адабият сыяктуу негизги предметтерди камтыды.

— Канчалык окуу китебин чыгарбайлы толук  камсыздоо мүмкүн эмес болууда. Ошондуктан китептердин электрондук версиясы да даярдалса жакшы болмок.

— Туура айтасыз. Учурда «Окуу китеби» басма үйүндө  Маршалл Кавендиш басмасынын 12 жылдык билим берүү системасына ылайык окуу китептеринин электрондук версиялары каралып жатат. Бул өзгөчө алыскы жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү чектелүү аймактар үчүн чоң жардам болот.

— Окуу китебин даярдоодо тийиштүү адистер менен кантип иштешип жатасыздар?

— Тиешелүү адистерди, мугалимдерди даярдоо максатында жыл бою билим берүү көргөзмөлөрү жана семинарлар, форумдар уюштурулду. Аларда мугалимдер менен биргеликте жаңы окуу китептеринин мазмуну талкууланып, көптөгөн пикирлер чогултулду. “Окуу китеби” басма үйү” 12 жылдык программанын алкагында жаңы муундагы окуу китептерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө басып чыгаруу максатында USAID эл аралык уюмунун каржылык колдоосу менен  басма ишине керектүү жогорку квалификациялуу адистерди кыска мөөнөттүү кызматташууга кошумча тартуу  аракетин көрүп жатат. Буйруса, өзүбүздүн жергиликтүү мыкты адистердин жардамы менен сапаттуу, жогорку деңгээлдеги окуу китептерин басып чыгарууга жетишебиз деген ойдомун.

— Эми келечек пландар туурасында кеп кылсак. Кандай жаңы максаттар коюлууда?

— «Окуу китеби» басма үйү»  мектепте окуу материалдарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу  жана сапатын жакшыртуу боюнча ишмердүүлүктү улантат. 2025- жылдын биринчи жарым жылында UNICEF эл аралык уюмунун колдоосу менен Англис тилинин 1 деңгээлинин окуу-методикалык комплекстери басылып чыгат. Мындан тышкары, алты деңгээлден турган англис тилинен окуу-методикалык комплекстери (ОМК) басмага даярдалууда.  Ошондой эле 2025-жылы Маршалл Кавендиш басмасынын 3-9 деңгээлдеги математика жана табият таануу (Sience)  ОМКларын приоритеттүү түрдө которуп, редакциялап, корректурадан өткөрүп, иллюстрациялап,  адаптациялап басууга даярдайбыз.  Жаңы окуу китептери жаңы стандарттарга ылайыктуу ар тараптуу адаптацияланат.   ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоору  аркылуу заманбап жабдууларды, программаларды  сатып алууга каржылык колдоо көрсөтүү боюнча макулдашылып жатат. Бул биздин ишибизге чоң жардам болот.

2024-жылдын 25-декабрында онлайн режиминде Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги жана «Просвещение» АК менен меморандумга кол коюлду. Меморандумдун негизинде окуу китептерин биздин контентке ылайыктап адаптациялап, заманбап жана эл аралык стандарттарга жооп бергендей кылып иштеп чыгуу үчүн авторлорду тартуу пландалууда. Андан тышкары, басмакана окуу материалдарын чыгарууда жана таратууда инновациялык ыкмаларды колдонот. Кыргызстандагы бардык окуучуларды бирдей сапаттуу китептер менен камсыз кылуу биздин милдет.

«Окуу китеби» басма үйү» келечекке жол ачат

— Эң башкы максаттар деп кайсыларга токтолоор элеңиз?

— “Окуу китеби” басма үйү” алдыда өзүнүн негизги максаты катары  12 жылдык билим берүү системасына ылайык заманбап, мыкты, сапаттуу жана жеткиликтүү окуу материалдарын даярдоо, мугалимдердин  жана окуучулардын муктаждыктарын канааттандырууну көздөйт.

Ошондой эле өзүбүздүн мыкты инновациялык методиканы жараткан жергиликтүү авторлор менен тыгыз иштешип, заманбап окуу китептерин түзө алгандай деңгээлге жетишибиз керек. Эксперттик иш-чараларды жандандырып, өркүндөтүп бирдей  системага салышыбыз зарыл. Жаңы окуу китептерин даярдоо жана аларды билим берүү мекемелерине жеткирүү максатында, басма үйү Кыргыз билим берүү академиясы менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда. Өткөрүлгөн семинарлардын жыйынтыгында, окуу материалдарынын мазмуну жана форматы жаңыланганы  турат. «Окуу китеби» басма үйү» мындан ары да билим берүү стандарттарына ылайык заманбап окуу китептерин чыгаруу ишин улантат жана талапка ылайык өркүндөтөт. Бул багытта санарип окуу платформаларын жакшыртуу жана көп тилдүү окуу материалдарын даярдоо сыяктуу жаңы долбоорлор каралууда.

— Сиз жетектеген мекеменин мамлекет тарабынан түзүлүшү ийгиликтин башаты десек болот турбайбы?

— Албетте, аткарыла турган иштер али алдыда. «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин түзүлүшү Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын реформалоо багытында   маанилүү чечимдердин бири десек болот. Мекеме учурдагы көйгөйлөргө карабастан, билим берүү тармагын  өнүктүрүүгө жана жакшыртууга салым кошууда өз аракетин жасай берет.

«Окуу китеби» басма үйү» келечекке жол ачат

М.ТОКТОРОВ,

Бөлүшүү

Комментарийлер