НУРГҮЛ ТАЙЫР КЫЗЫ: “ЖОЛДОШУМДУН ДА МУГАЛИМ БОЛГОНУНА СЫЙМЫКТАНАМ”

  • 18.01.2023
  • 0

НУРГҮЛ ТАЙЫР КЫЗЫ: “ЖОЛДОШУМДУН ДА МУГАЛИМ БОЛГОНУНА СЫЙМЫКТАНАМ”

Жыл жаңырып, Жаңы жылдан баарыбыз жакшы тилек кылып турган кезде Оштогу «Олимп» мектеп-гимназиясынын кыргыз тили мугалими Тайыр кызы Нургүл өзүнүн Фейсбук баракчасына: “Жаңы жылда жаңы үйгө киребиз! Жолдошум экөөбүз иштеп жүрүп эки жылда үй алдык. Демек, достор, Кыргызстанда деле иштеп үй-жай алсак болот экен. Бул үйдү алышыбызга биздин сабактарыбызга катышкан ар бир мугалимдин салымы бар. Буюрса, жакшылыктарда, тойлордо биздин куттуу үйүбүздө жолугуу насип болсун…”, — деп жазды. Чынында мындай сонун жаңылык ар бир кыргызстандыкты, өзгөчө мугалимдерди кубантпай койгон жок, баарыбыз бул үй-бүлө менен кошо сүйүндүк.  Нургүлдүн жолдошу Нарматалиев Мирлан да информатика сабагынын мугалими. Оштогу Алишер Навои мектебинде иштейт. Экөө бирдей активист, санарип мугалим, өз кесибин сүйүп тандаган агартуучулардан. Жубайлардын төрт баласы бар, анын экөө эгиздер. Ушундай кубанычтуу кабардан кийин бул мугалим үй-бүлө менен байланышып,  ийгиликтин сырын билүү үчүн сөзгө тарттык.  

НУРГҮЛ ТАЙЫР КЫЗЫ: “ЖОЛДОШУМДУН ДА МУГАЛИМ БОЛГОНУНА СЫЙМЫКТАНАМ”

  • Нургүл, конушуңар жайлуу болсун. Бирок алгач сөздү мугалимдердин бир түтүн булатышындагы артыкчылыктардан баштасак.
  • Рахмат! Мен өзүмдү сыймыктануу менен мугалимдин кызымын деп жүрчүмүн, жолдошум да мугалимдин баласы экен. Анан экөөбүз да мугалим болуп калдык. Айрыкча, менин кыргыз тилчи, жолдошумдун информатика мугалими болгону жашообузда көп кыйынчылыктарды жеңишибизге, көп ийгиликтерге жетишибизге өбөлгө болду. Эгерде окуучуларга бир платформага тапшырма даярдаш керек болсо, бирибиз тамак жасап, бирибиз тапшырмаларды электрондук түрдө даярдап, бири-бирибиздин слайддарыбызды токтоп калган жерден улантып жасай беребиз. Эң негизгиси мен аны кыргыз тилчи, ал менин информатик кылып тарбиялады. Анан бала тарбиялоодо да көз карашыбыз бирдей. Балдарыбызга ар кандай китептерди көп сатып беребиз, бала тарбиялоодогу педагогдук ыкмаларды колдонобуз, жолдошум балдарга көп убактысын бөлөт. Ар кандай маселеде жай отуруп кеңешкенге аракеттенебиз. Анан мугалим болгон үчүнбү билбейм, экөөбүздүн тең көңүлүбүз назик, экөөбүз тең бири-бирибизден  жалаң гана позитивдүү нерселерди көп күтөбүз.  Жашоодо кеңешип чечебиз, мен кээде мугалим кыздар чыгармачылык менен, эргүү менен иштеш үчүн сөзсүз мугалим балага турмушка чыгышы керек окшойт деп ойлоп калам.

НУРГҮЛ ТАЙЫР КЫЗЫ: “ЖОЛДОШУМДУН ДА МУГАЛИМ БОЛГОНУНА СЫЙМЫКТАНАМ”

  • Кандай мугалим ата-эне, окуучу, кесиптештер деги эле коом алдында “Мыкты мугалим” боло алат?
  • Негизинен ар бир мугалимдин өз кол жазмасы болушу керек деп ойлойм. Мыкты мугалим болдум деп сыйлык алуу башка маселе, коом күткөн мугалим болгон башка маселе. Азыр биз 21-кылымдын окуучуларын окутуп жатабыз. Кээде 20-19-кылымдын мугалимдери сабак берип жүрөт десем кесиптештерим капа болот. Негизинен азыркы балдар эмнени күтүп жатса, ошону берүүгө милдеттүүбүз. Маселен, билим берүүдө мугалим көзү, кулагы, мурду, тили, колу менен кошо иштөөсү керек. Эң негизгиси жаңы чыгып жаткан медиакаражаттар жашообузду жеңилдеткени менен, бир четинен балдардын эс тутумун, түшүнүү жөндөмдүүлүгүн, ойлонуусун жеп жатат. Бул жаатта билим берүүдөгү айрым ыкмаларды, ашыкча материалдарды алып таштап, балдардын жан дүйнөсүн ойготуучу, жашоого даярдоочу, реалдуулукка дал келген, базар экономикасына туруштук бере алган, мектептеги билими менен да жашоодо жашап кете алгыдай кылып системаны өзгөртүүбүз керек. Себеби китеп 20-кылым, өзүбүз 21-кылымда жашап жатабыз. Акыры билим – бул жашоону жеңилдетүүчү процесс болушу керек да. Мен көбүнчө сабактарымды оюн менен баштап, оюн менен тема түшүндүрүп, оюн менен аяктайм. Кыскасы, ойноп жатып эле теманы түшүндүрөм. Мурдагыдай лекцияңды уккан окуучулар жок, ага болбой мени угасың деп таңуулагандан улам окуучу менен мугалимдин ортосунда келишпестик келип жатат. Коом күткөн “Мыкты мугалим” болуунун жолу, мугалимдерди жыл сайын окутуп, билим берип, методикаларды заман талабына жараша үйрөтүп турушу керек. Анан ар бир мугалим Нурлан Кармышаков деген агайым айткандай, дарыгер оорулуунун кайсы жери ооруп келсе күрөшкөндөй, мугалим да окуучунун  кайсы жерден кыйналып жатканын байкап,  ошол жерден көмөк көрсөтүш керек. Ал үчүн мугалимдин жашоосу, эс алуусу, окуганга акчасы, убактысы болушу керек.

НУРГҮЛ ТАЙЫР КЫЗЫ: “ЖОЛДОШУМДУН ДА МУГАЛИМ БОЛГОНУНА СЫЙМЫКТАНАМ”

  • Эң сонун! Ушул жерден дагы бир суроо? Мугалимге туура убакытты, жакшы жашоону, өз билимин өркүндөтүүгө ким шарт түзүп бериши керек деген суроону бергим келип турат?
  • Жакшы суроо бердиңиз. Мен эч качан мамлекет деп айткым келбейт. Туура, мен да мурда ушинтип айтчумун. Бирок азыр мамлекеттен эч нерсе күтпөйм, тескерисинче, мамлекетке жардам берип жатам деп ойлойм. Бардык мугалимдерди жардам күтпөөгө чакырам. Биздин мамлекеттин башынан канча окуялар өттү, кайра канча чыгымдар менен бутка туруп жатабыз. Мен мамлекеттин кайра-кайра оор сыноолорго туш болушунун бир эле себеби бул биз деп айтат элем. Анткени биз татыктуу тарбия, турмушуна зарыл болгон параллелдүү билимдерди бере албай жатабыз. Себеби кайсы мамлекетти жок кылгың келсе, ошол мамлекеттин мугалимине, билим берүү системасына көңүл бурбай койсоң, ал мамлекеттин билимсиз өскөн балдары өз мамлекетин өздөрү жок кылат деген сөз бекеринен эмес.  Черчиль айткандай: “Пессимист ар бир мүмкүнчүлүктөн кыйынчылык көрөт, оптимист ар бир кыйынчылыктан мүмкүнчүлүк көрөт”.

НУРГҮЛ ТАЙЫР КЫЗЫ: “ЖОЛДОШУМДУН ДА МУГАЛИМ БОЛГОНУНА СЫЙМЫКТАНАМ”

  • Жакында силердин үй-бүлө ак өргөөлүү болду. Фейсбук баракчаңарга кубанычыңар менен тең бөлүшүп, бир топ мугалимдерге дем берип койдуңар. Сыр болбосо ийгиликтин ачкычын ачып берсең, анткени ал азыр бардык мугалимдерге пайдалуу болуп турат.
  • Биз башында мамлекеттик ипотекага жазылып, такыр эле ала албай койдук. Анан Ош шаарына келип катталып, ал жакка да кезекке турдук. Шаардан да акыркы тизмеде болуп калдык. Бизге чейинкилер эле абдан көп экен, ал жактан да кезек тийбеди. Акыры кайын атам баштапкы төлөмүн төлөп берип, “Достук групп” деген курулуш компания менен келишим түзүп, бир жарым жылга ипотекалык жол менен жеке тараптан алдык. Жакында эле кутулуп бүтүп, үйдүн ачкычын алдык. Жакшылыктар көп болсун деп ниет кылып турган чагыбыз. Үйдү кантип алдык? Жолдошум экөөбүз тең мамлекеттик мектепте иштейбиз, экөөбүздүн тапкан акчабыз батирден, балдарыбыздын мектептеги, бала бакчадагы төлөмдөрүнөн, кийим-кечесинен, тамак-ашыбыздан ашпайт. Анан биз кошумча иштеп баштадык. Жолдошум да онлайн, мен да онлайн жана офлайн мугалимдерге сабак бердик, китептерим чыкты, аларды саттым, окуучуларды жекече олимпиада, ЖРТга даярдадык. Ошентип эле үйдүн акчасын төлөп алдык. Көрсө “Бийик тоого чыкканда дагы чыга элек бийик тоолордун бар экенин көрөт экенсиң”, жашоого умтулат экенсиң, жогоруда айткандай, ар бир мугалимдин өз кол жазмасы эле болсо мугалимдер деле кошумча билимин сатып,  кошумча каражат таап, Кыргызстанда деле үй алса боло тургандыгын  айткым келет. Биз билим сатканда жана сатып алганда, билим ачык бизнеске айланганда өнүгөбүз деп ойлойм.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер