НУКУРА МУГАЛИМДЕР АЛДЫГА ЧЫКТЫ

  • 05.10.2022
  • 0

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. “Жылдын мыкты мугалими – 2022” сынагында 1-орунга Ош шаарындагы №52 Кыргыз-Түрк достугу мектеп-лицейинин математика мугалими Нурсултан Акылбек уулу чыгып, ноутбук, телевизор менен сыйланса, экинчи орунду камсыздаган Бишкек шаарындагы №68 ОТКнын информатика мугалими Гүлзат Мукамбетовага ноутбук жана көп функциялуу принтер тапшырылды. Ал эми 3-орунга чыккан Жалал-Абад  шаарындагы №5 мектеп-гимназиянын химия мугалими Максат Абиловго ноутбук тапшырылды. Калган катышуучулар грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

НУКУРА МУГАЛИМДЕР АЛДЫГА ЧЫКТЫ

Кимдер күч сынашты?

Быйылкы республикалык сынакка буга чейинки баскычтардан ийгиликтүү өткөн тогуз мугалим  катышты. Алар: Ноокат районундагы Р.Хужемов мектебинин информатика мугалими Максатбек Маккамбаев, Жалал-Абад шаарындагы N5 мектебинин химия мугалими Максат Абилов, Тоң районундагы Алтымышбаев атындагы мектептин биология мугалими Кундуз Бердибекова, Ош шаарындагы N52 мектеп-лицейдин математика мугалими Нурсултан уулу Акылбек, Бишкек шаарындагы N68 ОТКнын  информатика мугалими Гүлзат Мукамбетова, Кемин районундагы А.Казакбаев атындагы тарых мугалими Дильназ Айталиева, Кадамжай районундагы Өрүкзар мектебинин физика/математика мугалими Арзыкан Үрүстөм кызы, Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Нурзат Шыгаева жана Бакай-Ата районундагы Э.Капалов атындагы мектептин тарых мугалими Алмакан Алтынбек кызы.

НУКУРА МУГАЛИМДЕР АЛДЫГА ЧЫКТЫ

Өзүн-өзү өнүктүргөн мыкты мугалим

Нурсултан Акылбек уулу республикалык сынактын биринчи эле турунда заманбап мугалим экенин тастыктай алды. Турган турпаты, кийген кийими, сүйлөгөн кеби чыныгы мугалим экенин көрсөтүп турду. Анан калса ал ар бир кадамын ыраттуу мерчемдеп, так иштээрин байкадык. Анын презентациясын көргөндө эле 1-орунга чыгат деген божомолум дал келди.

НУКУРА МУГАЛИМДЕР АЛДЫГА ЧЫКТЫ

Нурсултан мугалимдик кесипти тандап алганда эле анын түмөн түйшүгү бар экенин сезип, ар күнкү сабагына дыкат даярдануу менен бирге өзүн-өзү өнүктүрүүнү кошо пландаштырып алган. «Канткенде окуучу сабак окугусу келет, канткенде окуучу сабактарды өзү кызыгып окуйт?»  деген суроолорго дайыма жооп издейт.

НУКУРА МУГАЛИМДЕР АЛДЫГА ЧЫКТЫ

— Мугалим сабакта психологиялык жагымдуу жагдай жарата алса, окулуп жаткан материалдын баланын турмушу менен байланышын сездире алса жана окуучунун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен тапшырмаларды пландаштыруу аркылуу баланын дараметин ача алса, аны окууга шыктандыра алса гана билим алуу окуучу үчүн кызыктуу болот тура. Албетте, бул көп эмгекти талап кылат. Сабактын натыйжалуулугу мугалимдин тандап алган окутуу методдоруна жана сабактагы иш-аракеттерди уюштуруу формаларына байланыштуу эмеспи. Мен өз тажрыйбамда инсанга багыттап окутуу, сынчыл ойлоону өнүктүрүү, проблемалуу окутуу, дифференциациялап окутуу, STEM-билим берүү ж.б. окутуу технологияларын колдонуп келем.  Мындан тышкары, натыйжалуу сабакка жетишүү үчүн окуучулардын деңгээлин эске алуу менен тапшырмаларды түзүп алам. Окуу китебиндеги тапшырмалар менен бирге өтүлө турган материалды баланын жашоосу  менен байланыштыра турган тапшырмаларды издейм. Теманы түшүндүрүп алгандан кийин репродуктивдүү, продуктивдүү жана окуучуларды чыгармачыл ойлоого багыттай турган тапшырмаларды колдоном. Математика сабагында этнопедагогиканы камтыганга аракет кылам. Бул үчүн улуттук баалуулуктардагы математикалык түшүнүктөрдү таптырам, тапшырмаларды колдоном. Мисалы, улуттук музыкалык аспабыбыз болгон комузга тиешелүү кандай математикалык түшүнүктөр бар экенин окуучуларым комузду кармап көрүп айтып бере алышат, — дейт жеңүүчү.

НУКУРА МУГАЛИМДЕР АЛДЫГА ЧЫКТЫ

Нурсултан Акылбек уулу сабакта Kahoot платформасы, ZipGrade тиркемелери аркылуу окуучулардын тапшырмаларын текшерип, анан гана баалайт.

Окуучунун ийгилиги — мугалимдин ишинин натыйжасы. Окуучулары шаардык, республикалык олимпиадаларда, ошондой эле онлайн сынактарда байгелүү орундарга жетишип келе жатат.

НУКУРА МУГАЛИМДЕР АЛДЫГА ЧЫКТЫ

“Математикалык баш катырмалар” китебинде жалаң сабагында пайдаланылган тапшырмалар топтолгон. Ал эми  “Кызыктуу математика” деген китеби  учурда  басмага даярдалып турат. Баса, ал Ош шаардык «Жылдын мыкты мугалими — 2022» сынагында  дагы I орунду ээлеп, Daewoo Matiz III автоунаа менен сыйланган.

— Акылбек уулу Нурсултан — жаш болгонуна карабай, өтө жигердүү мугалим. Ал өзүнүн даремети, чыгармачылыгы менен белгилүү. Математика илиминен сырткары “Билерман ордо” таланттуу балдардын клубун жетектеп келет. Өзгөчөлүгү – балдарды бир гана предметке таңуулабай, башка предметтер менен байланыштырып, ар бир баланын өзүнүн дареметин, талантын өстүрөм деген жакшы усулу бар. Жаңы стандартты, STEMди дагы жакшы өздөштүрө алган адис, — дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Кутман Камчиев.

Мугалимдик кесибине сыймыктанган, өз кесибин ардактап барктай билген насаатчы

Республикалык сынакта экинчи орунду камсыздаган Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын информатика мугалими Гүлзат Муканбетова аталган мектепте 2003-жылдан бери эмгектенет. Ал  окуучуларга сапаттуу, мазмундуу билим берүүдө чыгармачылык менен иш жүргүзгөн алдыңкы  педагог экенин сынакта далилдеди.

НУКУРА МУГАЛИМДЕР АЛДЫГА ЧЫКТЫ

Сынактын бардык турунда ал өзүнүн кесибин сүйгөн, сабактын эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн алдыга койгон максатын ишке ашырууда окутуунун активдүү  формаларын  колдонуу менен билим сапатын жогорулатуунун үстүндө иштеген мугалим экенин көрсөттү.

НУКУРА МУГАЛИМДЕР АЛДЫГА ЧЫКТЫ

Гүлзат алдыңкы методикалык ыкмаларды, педагогикалык технологияларды терең ойлонуштуруп, өз орду менен иш тажрыйбасында пайдалануусу ийгиликтерди берип келет. Өз билимин өркүндөтүүдө талыкпай эмгектенүүсү менен окутуунун ыкмалары: оюн, маалымат-компьютердик, ден соолукту сактоо, структуралык-логикалык, тренингдик, интеграцияланган, СОЖ, мультимедиалык окутуунун, долбоордук окутуу технологияларын жана сынчыл ой-жүгүртүүнүн стратегияларын колдонууну терең өздөштүрө алганын сынактын 2-турунда, т.а. окуучулар менен иштегенде көрсөтө алды.

Гүлзат Муканбетова «Робот техникасы» боюнча мектеп ичиндеги проекттик иштерге да окуучуларын катыштыруу менен   өз салымын кошуп келет. Окуучулары шаарда 2020-2021; 2021-2022-окуу жылдарында долбоордук иш боюнча 1-орунду алуу менен, республикада 2021-2022-окуу жылында «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу долбоордук иштердин кароо-сынагынан  «Информатика сабагындагы экзамен алуу системасы» деген темадагы долбоордук иш менен даярдаган окуучусу катышып, республикалык, эл аралык деңгээлдеги «Алтын дипломдун» ээси болду. Ошондой эле райондук, шаардык олимпиадаларга окуучулары катышып, байгелүү орундарды камсыз кылышат.

Гүлзат окуучулардын сүйгөн кеңешчиси жана тарбиячысы. Үй-бүлөдө ал мээримдүү эне, сүйүктүү жар.

Мээнети күч, сыймыгы зор агай

3-орунду багындырган Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын химия мугалими Максат Абилов сынакта мыкты устат экенин тастыктады. Сынактын экинчи турунда, т.а. 40 мүнөттүк ачык сабактан кийин №69 ОТКнын окуучулары ага ыраазычылык билдирип, алардын мектебине мугалим болуп келүүсүн өтүнүштү. Бул деген анын чыныгы кесипкөй, нукура мугалим экенинен кабар берди. Ошол жерде отурган калыстар тобу буга күбө.

НУКУРА МУГАЛИМДЕР АЛДЫГА ЧЫКТЫ

Максат Абилов предметин теориялык жактан да, практикалык жактан да жакшы билээрин, анын сабагы пландаштырылып, ойлонулуп, так уюштурулгандыгы жана жаңы ыкмаларды колдонуп, бир бүтүндүккө айланып, кызыктуу  өтүлгөндүгү менен дагы башкалардан айырмаланды.

Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын методикалык кабинетинин башчысы Гүлнара Ишатованын айтымында, Максат химия сабагын салттуу эмес, стандарттык эксперимент, интерактивдүү усулдар менен өтөт.

— Ал иштеген алты жылдын ичинде шаардык олимпиададан он окуучу алдыңкы орундарды ээлеп, бир окуучу облустук олимпиадада экинчи орунга ээ болгон. Абилов Максат бир гана сабак өтүү менен чектелбестен, класс жетекчилик милдетти да берилүү менен аткарат. Окуучуларына талапты коё билүүсү, ар бир баланын психологиясына карап тарбия берүүсү, ата-энелер менен болгон тыгыз байланышы анын окуучуларынын арасындагы кадыр-баркын арттырып келет. Педагогикалык жамаатта өз билгендерин башка мугалимдер менен бөлүшүп, ачык сабактарды өтүп, мектеп ичиндеги коомдук иштерге жигердүү катышат, — деди методист.

НУКУРА МУГАЛИМДЕР АЛДЫГА ЧЫКТЫ

Максаттын айтуусунда,    мугалим катары анын миссиясы — жаш инсандын жан дүйнөсүн татаал жана албуут келген дүйнөнүн агымына даярдоо.

НУКУРА МУГАЛИМДЕР АЛДЫГА ЧЫКТЫ

— Азыркы балдар сырткы чөйрөдөгү ар түрдүү таасирлерди түз кабыл алат. Пайдалуу же пайдасыз деп жыйынтык чыгарууга алардын чыпкасы (фильтри) жок. Сырткы чөйрөдөгү таасирлердин агымын призмадан өткөргөндөй таза жана тунук кылып билим берип, тарбиялап өстүрүү мугалимдин милдети. Акылман Сократ айткандай: «Бардык кесиптер адамдын өзүнөн берилет, үчөө гана Кудайдан, алар: педагог, сот, врач». Бул акылмандын сөзү менин педагогикалык философиямдын жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталат. Педагогика деген сөз өзү эле «баланы жетелеп жүрөм, тарбиялайм» деп которулат эмеспи. «Окуучу үчүн мектептеги эң негизги кубулуш, эң негизги окулуучу предмет, эң негизги көрсөтүлүүчү үлгү болуп МУГАЛИМ эсептелинет» деп немис педагогу Фридриг Дистервегдин айтканы талашсыз чындык, — деди жеңүүчү.

Мугалимдик кесиптин маанилүүлүгү, милдети жана жоопкерчилиги акыркы жылдары жогорулай баштады. Максаттын пикиринде, мурдагыдан да көбүрөөк эмгек кылып, коом жана өлкө талап кылган инсандарды тарбиялап чыгаруу шарт экенин унутпоо зарыл.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер