НОВАТОР МУГАЛИМ НУРДАН ЭШИМКАНОВ: “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКСИЗ”

  • 18.04.2022
  • 0

СOVID-19 вирусунан улам болгон күтүүсүз пандемия билим берүү тармагына чоң сыноо алып келди.  Мугалимдер сабак берүүнү улантуу чараларын издеп, ар түрдүү ыкмаларды колдонушту. Ысык-Көлдөгү  Тамчы мектеп-гимназиясынын директору жана математика мугалими Нурдан Эшимканов пандемия учурунда өткөрүлгөн “Санарип педагогика” республикалык сынагын жеңип алды. Ал пандемия убагындагы кыйынчылыктар жана сынактагы жеңиши тууралуу кенен айтып берди.

— Карантин биз үчүн өтө күтүүсүз жагдай болгондуктан, ушул кырдаалдан өзүмдү жана окуучуларымды кантип уюштуруп чыгып кете алам деп катуу ойлонуп-толгонгон элем. Биз, мугалимдер, башыбызга түшкөн мындай көрүнүшкө таптакыр даяр эмес  болчубуз. Окуучулар менен жандуу маек куруусуз, пикир алмашуусуз, талкуулоосуз кантип эффективдүү сабакка жетише алмак элек деген маселе менин оюман кетпей туруп алды. Ал убакта ватсап менен телеграмды гана колдончу элек. Ошондуктан, мындан ары кантип иштейбиз, сабакты аралыктан жеткиликтүү кылыш үчүн кандай ыкмаларды колдонобуз деп издендим. Мурда видеоконференциялардын платформаларын көрүп жүргөндүктөн, алгачкы жеке аракетимди санариптик платформаларды окуп-үйрөнүүдөн баштагам”.

 -“Санарип педагогика” республикалык сынагындагы жеңишиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

— Республикалык сынактын шарты боюнча, Билим берүү жана илим министрлиги видеосабактарды мазмунуна, логикалуу жана таасирдүү жасалышына, анын актуалдуулугуна, сүрөттөрдү, анимацияны, инфографиканы,  схемаларды жана башка ушул сыяктуулардын колдонулушуна карата баа беришерин жарыялаган. Ошондой эле, сынактын катышуучуларына окуучулар менен болгон кайтарым байланыштын механизмдери да милдеттендирилген.

2020-жылдын май айында өткөн “Санариптик педагогика” сынагынын шарты боюнча, ал жакка алты видеосабагымды жибергем. Баарын тең изденүү менен даярдаганымдан улам, бул сабактар мага чоң тажрыйбаны, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана билим берүү усулунун жаңы каалгаларын ачып берди десем болот. Дегеле, мугалимдердин мүмкүнчүлүктөрү чексиз экенин ушул сынак дагы да далилдеди. Алты сабакты алты башка багытта даярдай алганым — өзүмө чоң чакырык болду! Бул нерседен ийгиликтүү өткөнүм чоң мотивацияны, шыкты тартуулады.

Видеосабактарды кандайча жасоо керектиги боюнча алгач түшүнүгүм жок болсо да, өз алдымча издене баштадым. Бир айлык мөөнөтүм бар эле. Анын он күндөйү программаны тандоого кеткен. Убакыттын көбү сабактын мазмунун, берүү ыкмасын жана форматын табууга, түзүүгө жумшалды. Талаптагыдай видеосабактарды буга чейин жасап көрбөгөндүктөн, тиешелүү адистерден суроолорума жооп алып, улам изденип, билбегенимди улам үйрөнүп баштаган элем.

Артка кылчайып көрүп, албетте ал видеосабактарымды азыр сын көз менен карайм. Тагыраак айтканда, кийинкилерин жасаганда эми видеонун дизайнына, өң-түстөрүнө, шрифттерине көңүл буруп калдым. Негизи, сынакка катышкан алты сабак техникалык жасалышы жагынан аксаса да, маани-мазмуну, форматы жагынан сынактын талаптарына жооп берген. Жеңишке жетишкенинин себеби ошондонбу деп ойлойм.

НОВАТОР МУГАЛИМ НУРДАН ЭШИМКАНОВ: “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН  МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКСИЗ”

Мугалимдик кесиптин ысык-суугун чогуу тартышкан кесиптештери да, мезгилдин тизгинин бирге кармашкан жетекчилери да Нурдан Эшимкановду мыкты педагог катары баалап келишет. Ал эми анын видеосабактары окуучулардын гана эмес, ата-энелердин да кызыгууларын жараткан.

Зинагүл СУЛАЙМАНОВА, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, башкы адис:

— Мен Нурдан Эшимкановду окуучу кезинен бери билем. Мыкты окуган окуучулардын бири эле. Мен да математик болгондуктан, кийин ал мектепке жаңы келип иштей баштаганында сабак берүү ыкмасын көрүп, өтө баалагам.  Республикалык “Санарип педагогика” сынагына жолдомо алыш үчүн, алгач Ысык-Көл райондук Билим берүү бөлүмүно видеосабактарын жиберишкен. Райондон тандалган беш мугалим  облустук деңгээлдеги сынакка жиберилген.  Алардын ичинен эң мыктысы Нурдан Эшимкановдун сабагы деп бааланып, андан соң ал республикалык сынакка жолдомо алган. Нурдандын сабактарынын өзгөчөлүгү элдик педагогиканы жакшы колдоно билгендигинде. Мисалы, оймо-чиймелердин географиялык маанилерин түшүндүргөн сабактары болгон. Ал өзүнүн предметин жакшы билет, сабагын жеңил жана жеткиликтүү кылып түшүндүп берет.

Назира СООДОКЕЕВА, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук борборунун усулчусу:

— 2020-жылы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган “Санариптик педагогика” сынагынын жобосуна ылайык, Нурдан Кырманбековичтин видеосабактары бардык талаптарга жооп берген. Видеосабактары КРнын Билим берүү стандартына жана предметтик стандарттардын негизинде түзүлгөн. Хронометраж боюнча 25 минутадан ашкан эмес; өлчөмү Full HD (1920×1080); формат mp4 деген талаптар так коюлган. Анын видеосабактары бири-бирине окшош эмес. Ар кандай программалар менен жасалган. Мугалимдин видеосабактарындагы үн коштоосу уккулуктуу, жагымдуу, көрүп жаткан адамды тажатпай, абдан кызыктуу даярдалган.

Аида АКАТОВА, Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясынын мүдүрүнүн окуу-тарбия иштери боюнча орун басары:

— Нурдан Кырманбекович сынакка катышкан видеосабактарындагы мисалдарына биздин айылдын жашоо-турмушун чагылдырганы балдар үчүн таасирлүү болду. Айылыбыз Ысык-Көл көлүнүн жээгинде жайгашкандыктан, бизде жайкысын көп коттедждер, ашканалар иштейт. Агай сабактарынын бирине мына ошол мезгилди камтып, эс алуучулар үчүн курула турган боз үйдүн аянты канча болуш керек, берилген аянтка боз үйдөн канчоо батат деген маселени бергенде, окуучуларга бул кадимкидей чоң кызыгууну жаратты. Алар бул сабакта боз үйдүн айланасынын радиусун табыш үчүн дилгирленип иштешти.

Биздин мектептин математик, физик, информатик мугалимдери 2021-жылдын февраль айында Каракол шаарына барып, облустук деңгээлдеги жогорулатуу курсуна катышканбыз.  Ошондо онлайн сабактарынын жыйынтыгы боюнча семинар өтүп, тажрыйба бөлүшүү жагынан алганда облустун ар тарабынан келген математиктердин көбү агайдын ошол видеосабагын мактап, видеосабактардан  пайдалуу тажрыйба алдык деп айтышкан.

Нурдан Кырманбекович күчтүү математик. Ал мектептин программасы менен гана чектелбей, дайыма изденүү менен иштегени бизге үлгү. Ишине, ар бир маселеге так жүрөт. Жоопкерчиликтүү мамиле жасайт. Андан көп кеңеш сурайбыз.

Чолпон ТЕМИРАЛИЕВА, Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясынын физика мугалими:

— Мен физик мугалими болгондуктан, экөөбүздүн  усулдук бирикмебиз бир. Мектепте өткөн иш-чараларда, ачык сабактарда, декадаларда физик, математик, информатиктер чогуу болгонубуздан улам, анын сабактары дайыма өзгөчө өтөрүн билем. Биз анын мурдагы мугалими болсок да, анын өткөргөн ачык сабактарынан, сабакка байланышкан иш-чараларынан көп нерсени үйрөндүк. Окуучуларга жөн сабак өткондө да берилип, ачык сабак өткөндөй өтөт. Ошондой эле, конференциялык сабактарды, долбоордук сабактарды жана оюн сабактарын өткөрүп турат.

Ал биздин мектепке келгенден тарта, окуучулардын математикага болгон кызыгуулары артты. Мунун башкы себеби, математика сабагын турмуш менен байланыштырганында. Мисалы, үйүңөргө боз үй же бассейн салгыңар келсе, канча кум, канча цемент кетерин эсептеп келгиле деп, балдардын көңүлүн кызыктуу эсептөөнүн ыкмасына бурат. Окуучулары дайыма облустук олимпиадаларда алдыңкы орундарга чыгып жүрүшөт.

Физикада да математика колдонулгандыктан, кээде Нурдан Кырманбековичтен  жардам сурайм. Сабагымдын ушул темасын өзүңүздүн жөнөкөй тилиңиз менен окуучуларыма түшүндүрүп бересизби деп. Анткени анын түшүндүрүү ыкмасы таптакыр башкача. Ал жеткиликтүү тил менен, башкача бир мисалдар менен майдалап айтат. Адатта математиканы оор сабак деп айтышат. Бирок, “мугалим оор нерсени жөнөкөй кылуучу адам” деп өзү айткандай, Нурдан Кырманбекович математиканы жеңил үйрөнсө боло турганын өз ыкмасы менен далилдей алган.

НОВАТОР МУГАЛИМ НУРДАН ЭШИМКАНОВ: “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН  МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКСИЗ”

 

Жылдыз АБДЫКАСЫМОВА, ата-энелердин өкүлү:

— Тамчы мектеп-гимназиясында  менин уулум жана кызым окуйт. Аралыктан окуу учурунда Нурдан Кырманбековичтин мугалимдер арасындагы республикалык конкурстан жеңүүчү болуп чыкканын угуп, ата-энелер да абдан  сыймыктандык. Конкурстан утушка ээ болгон видеосабактарына макал-лакаптардан, жомоктордогу сөздөрдөн кошуп, аларды анан сүрөттөр, көркөм чагылдыруулар менен коштоптур. Анын сабак берүүдөгү түшүндүрүү ыкмасы жеке өзүнө гана тиешелүү өзгөчө бир башкача ыкма. Сабакка байланыштуу келтирилген мисалдары да кадыресе эле турмуш-тиричиликке байланышкан көрүнүштөрдөн, тарыхтагы белгилүү нерселерден же фольклордук чыгармалардан алынат.

Менин уулум кичине кезинен бери математиканы Нурдан Кырманбековичтен окуп, азыр бул сабактан жакшы окуйт.Биз ата-эне катары Нурдан мырзанын сабактарына катышкан учурларыбыз болот. Баа бергенибиз, сабак башталгандан бүткөнгө чейин орундугуна отурбай, досканын жанында гана туруп, эсептерди жөнөкөй, жалпак тил менен майдалап жеткирет. Ал өзүнүн предметине да, окуучуларына да өтө кылдат, аяр мамиле жасайт. Түшүндүрүп жатканда класстагы окуучулардын ар бирин карап, айтылган сөздү көңүл буруп угуп жатабы деп байкап турат. Биз ата-энелер аны сабак берүү ыкмасы үчүн гана баалабастан, анын адамдык сапаттарын, балдар менен иштешүүдөгү токтоо мүнөзүн, тартипти кармай алганын жана мектептин мүдүрү катары жетекчилик кызматты жакшы алып кетип жатканын да өзгөчө баалайбыз.

Тилек БЕЛЕКОВ, 10 -“А” класстын окуучусу:

— Нурдан агай 20 мүнөт бою ыр аркылуу берген видеосабагында «Айлана» жана «Тегерек» темаларын абдан сонун түшүндүрүп берди.  Мага бул сабак өзгөчө жаккан. Видеону көргөн ар бир кишиге андагы уйкашкан ыр саптары теманы жеткиликтүү кылып берет деп ойлойм.

Ал эми “Процент» темасын кеңири түшүндүрүп берген видеосабагында «Эгемен Кыргызстан» өлкөсүн мисал келтирип түшүндүргөнү мага өзгөчө таасир берди. Келечекте чындыгында эле ошондой өлкө болорубузга ишенем.

Үнсүз сабак видеосабагы. Мында мага жакканы — эки өзгөрмөсү бар сызыктуу теңдемени жөн гана эсеп катары экранга чагылдырып койбостон, чыныгы жашоодо болгондой сюжет аркылуу чагылдырып, кандай чыгаруу керектигин өз ыкмасы менен үйрөтүп берди.  Дагы бир видеосабагында темаларды жалгыз өзү түшүндүрбөстөн, “Арипов Санарип” аттуу көмөкчү каарманды колдонгон. Каарман аркылуу бергени теманы жеткиликтүү гана кылбастан, тасма көргөндөй кызыктуу болуп, окуучулар ал сабакты өтө дилгирленип уктук.

Нурида РЫМБЕКОВА, 10-“А” класстын окуучусу:

— Нурдан агай “Айлананын узундугу, тегеректин аянты” деген видеосабагын ыр саптары аркылуу түшүндүрүп бергени  таасир калтырды. Ыр саптары дайыма эле уккан кишиге түшүнүктүү боло бербейт деп ойлойм. Бирок агайдын ыр менен айткан сабагы тескерисинче бизге таасирлүү жана түшүнүктүү болду. Ыр аркылуу биз айлананын узундугунун жана тегеректин аянттарынын формулаларын, ал формулалардын келип чыгыш тарыхын жана айлана менен тегеректин аянттарын чыгарууну үйрөндүк.

Карантин учурунда онлайн окуп жүрүп, башка ыкмаларга караганда ушундай видеосабактар окуучуларга жеткиликтүү жана кызыктуу болорун түшүндүк. Онлайн учурунда бизге жаккан дагы бир нерсе, эгер салттуу окууда биз тапшырманы мындай эле оозеки түрүндө айтып берсек, карантин убагында тапшырмаларды видео түрүндө өзүбүз жасап аткаргандыгыбыз  болду. Мындай ыкма менен иштөөдө сабакты тереңирээк билип, видеонун өзүн жасоо да көңүлүбүзгө жагымдуу болду. Бизге жакты.

Н.Эшимканов 5 жашында мектеп босогосун аттап, 16 жашында университеттин 1-курсуна кирген. Анын мугалимдик эмгек жолу 18 жашында, Бишкектеги №18 орто мектебинен башталган. 2013-жылы ал туулуп өскөн Тамчы айылына келип, өзү окуган мектепте иштеп калган. 

Ата-энелердин жана жаштардын демилгеси, колдоосу менен, 2020-жылдын октябрь айында Нурдан Эшимканов Тамчы айылынын мектеп-гимназиясынын мүдүрлүк кызматына келген. Азыр ал 34 жашта.

Салтанат КЫДЫРМАЕВА

 

Бөлүшүү

Комментарийлер