ҮНДӨШТҮК МЫЙЗАМЫ ЖАНА ДИАЛЕКТИЗМДЕР
- 23.09.2026
- 0
Соңку жылдары диалектилик сөздөрдү соцтармактарда эле эмес, расмий жыйындарда дагы колдонгондор көбөйдү. Мындай сөздөр чыгарма жазгандардын текстинде да кыйла кеңири көп кездеше баштады. Атүгүл адабий тил түшүнүгүн жерип, тилдин өнүгүшүн чектейт деп эсептеген жогорку билимдүү замандаштар да бар. Бул маселе боюнча дагы түркүн көз караштар айтылып турганы жакшы, албетте. Бирок негизги принциптерди тактап алуу зарыл.
Манасчы Сагымбайдан нанүштө
Тилчилер диалектилик деп адабий лексикага кошпой келген сөздөрдүн көбү Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк асаба” романында пайдаланылган:
“– Коркпоң, коркпоң, уул! Эр атаң учуп кетти. Ону табгач амалдап өлтүрдү. Ол баштаган кошуундар кол башчысы жок туру… «Уа, эл, жериңде тыныч олтурсаң, сен муңайбайсың, токсуң” деген баба. Биз жерде тыныч олтурган бейпил журт эдик… Кошуунду баштаган, кыңырды баккан сенин эр атаң эди”.
Дагы бир кызык – Сагымбай Орозбаковдун “Манасында” түштүк диалектине таандык сөздөр көп: азел (асел, бал), баранда (канаттуу, сыйыр (уй), жуда (аябай, абдан), назыр (курмандык, түлөө) дүрүйө (эки жагына тең саймасы даана көрүнгөн жоолук), сарпай (сый кийим, кийит), барбана (калканч, коргоочу), баар (жаз), нанүштө (таңкы тамак). Грамматикалык диалектизмдин белгилери да байкалат:
«Бай Жакып айтты түшүнү,
Байбиче билди ушуну.
Кондурат экен кудайым
Башыңа дөөлөт кушуну”.
Сагымбай Орозбаков – оозеки адабияттын эң үлкөн өкүлдөрүнүн бири. Эл кыдырып манас айтканда түштүккө да көп барган. Сөз өнөрүнүн эзелки сырларын мыкты өздөштүргөн кеменгер биздин тилдин байлыгын мүмкүн болушунча толук колдонууга аракеттенген экен.
Эки залкар эмне үчүн тил табышпай калган?
Кыргыздын жазма адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири Касым Тыныстанов менен улуу манасчы Сагымбайдын мамилеси жакшы болбой калганы өкүнүчтүү. Таланттуу аалым кыргыз тилинин эң башкы өзгөчөлүгүн – үндөштүк (сингармонизм) мыйзамын ырааттуу сактап, толугу менен системалаштырууну көздөгөндүктөн, Сагымбайдын айтуусундагы диалектизмдерди жактырган эмес окшойт.
Башка тилдерге салыштырмалуу биздин тилде сингармонизм эң толук сакталганында Касым Тыныстановдун салымы чоң. Бирок «нанүштө» дегендей тыбыштары жарым-жартылай гана үндөшкөн сөздөрдү да кыргыз жазма лексикасына камтуу зарыл экен. Жок дегенде канча бир пайызга чейин жол берип, ошондо да эч болбосо бир-эки муундун чегиндеги тыбыштарды үндөштүрүү керек.
Сагымбайдын “Манасынан” алынган жогорудагы мисалдардан дагы диалектилик сөздөр эч өзгөрүүсүз берилбей, үндөштүк мыйзамынын таалабына ыңгайлаштырылганын көрөбүз: азел (түштүк диалектиндеги айтылышы – әсәл), баранда (пәрәндә), жуда (жүдә), назыр (нәзир) дүрүйө (дүрүйә), баар (бәhәр), нанүштө (нәништә). Бул абдан туура мамиле – биринчиден, жергиликтүү калктын сөздөрүн четке какпай, эң уккулуктуу, мааниси кылдат туюнтулгандарын адабий лексикага кошууга жол ачылат; экинчиден, үндөштүк мыйзамынын талаптарына азыраак болсо да ылайык келтирилгенден кийин бул сөздөрдү ошол аймакта жашагандар өздөрү деле опоңой түшүнөт.
Жер-жерлерде андай эмес мындай айткыла деп дайыма адабий тилде сүйлөөнү элден талап кыла албайбыз – мектептеги сабактан жана ар башка аймактардын өкүлдөрү катышкан расмий жыйындан башка учурларда мунун кереги да жок. Анткени диалектизмдер улуттук тилдин лексикасын ичкериден байытуу булагы болуп саналат. Кайсы бир түшүнүктү кылдат туюндуруу үчүн адабий лексиканын чегинде ылайыктуу сөз табылбай калганда, биринчи кезекте диалектизмдерден издеп көрүш керек. Бул жактан да табылбай, сөз жасоонун морфологиялык ыкмалары менен да ойдогудай эквивалент иштелип чыкпаган учурда гана чет тилдерден келген сөздөрдү үндөштүк мыйзамына мүмкүн болушунча шайкеш келтирип алуу кажет: область – облус, минута – мүнөт, митинг — митиң, Мюнхен – Мүнхен, директор – деректир ж.б..
Жээмбай Мукамбаевдин баа жеткис мурасы
Үлкөн лексикограф Жээмбай Мукамбаевдин “Диалектологиялык сөздүгүнүн” 1-тому 1972-жылы жарык көрүп, толугу менен чыкпай токтоп кала берген. Тилчилер мындай эмгектин баркына жетип, сөз менен иштегендер – жазуучу, акындар, окумуштуулар, публицисттер жана башкалар бул казынаны сарамжалдуу пайдалана бергенде, адабий тилибиздин өнүгүшүнө кыйла чоң өбөлгө түзүлмөк.
Сөздүктүн киришүү бөлүгүндөгү бул келкини окуп көрөлү:
“Кээде дублет – варианттарды семантикалык дифференция аркылуу бир түгөйүнө бир маани, экинчи түгөйүнө башка маани берип, экөөнү тең бөлөк-бөлөк сөз катары колдонгон учурларыбыз бар. Мисалы: дебе “холм», төбө “макушка”; улоо (жүк жүктөй турган же мине турган мал); унаа (ат араба, мингич мал); … озур “тынчтык”, үзүр “жыргал” ж.б. Ушул үлгүгө салып, кээде лексикалык дублеттердин кай бирлери бирине бир маани, экинчисине дагы башка бир маани берип, адабий тилге сиңирүүгө да болор эле. Мисалы, адабий тилде кол менен буттун салааларынын учундагы сөөкчөнү “тырмак”, анын учуна чыгып, кийин алынып салына турганын да “тырмак” дейбиз. Ал эми диалектилерде биринчи учурда “тырмак”, экинчи учурда “тырнак” делет. Эмне үчүн мына ушул маанилик дифференциянын үлгүсүн колдонууга болбойт? Же орусча “варежки”, “перчатки” деген эки башка атоону “мээлей” деп алып жүрөбүз. Эмне үчүн бул сөздөрдү диалектилердин эсебинен биринчи учурда “кол кап”, экинчи учурда “мээлей” деп атоого болбосун? … Ушул аспекттен караганда тил маданияты боюнча иш жүргүзүүчүлөр үчүн да сөздүктүн көмөгү чоң болмокчу, аларга бай материал бермекчи”.
Кумдан кымкап издегендей ар бир сөздүн айтылышына, маанисине кызыгып, ар кайсы аймактардагы кыргыздардын тилин терең изилдеген илимпоздун бул эмгегинде диалектизмдерге тиешелүү эң орчундуу жоболор илимий жана практикалык жактан бекемдеп берилген. Диалектизмдердин фонетикалык, морфологиялык, лексикалык, семантикалык жана фразеологиялык түркүмдөрүн изилдеп, толгон токой мисалдарын келтирген бул эмгекти тилдик туюму, эстетикалык табити бар ар бир кыргыз жыргап окуй алат деп ойлойм. Андагы 32 000дей сөздүн ар бирин кызылдай алтынга бергис. Бул таберикти улуттун рухий жашоосуна өзгөчө азык берген булак катары барктай билишибиз керек!
Жээмбай Мукамбаевдин “Диалектологиялык сөздүгү” 2009-жылы толугу менен басылып чыккан. Бул үчүн УИА Ч. Айтматов ат. Тил жана адабият институтунун кызматкерлерине, каржылык жана техникалык колдоо көрсөткөн Гирне америка университетине, Басмага даярдаган жана жалпы редакциясын жасаган проф. Кадыралы Коңкобаевге миң алкыш айтсак жарашат. Бирок бул өзгөчө баалуу китеп дагы эле калайык калкка жете элек – тиражы чектелүү, ар бир нускасынын өздүк наркына жараша баасы да кымбат.
“Эл сөздүк”, жаңы технологиялар жана тил сабагы
Элдин эзелтен багып-карап, өнүктүрүп келген байлыгын кайра бүгүнкү элге мүмкүн болушунча кеңири жеткирүү зарыл. Кантип?
Диалектологиялык сөздүктү интернеттеги түшүндүрмө, кыргызча-орусча, орусча-кыргызча, орфографиялык жана башка сөздүктөр камтылган “Эл сөздүккө” кошуу зарыл.
Айтмакчы, ушул тиркемени колдонуу мүмкүнчүлүгүн көпчүлүк дагы эле билбейт, ошондуктан ар кайсы сөздөрдүн туура жазылышын, маанисин, орус тилине (-нен) которулушун ж.б. журналист, котормочу, редактор, мугалимдерден сурай беришет. Мунун эң жөнөкөй жолу – Гуглдун издөө сабына тийиштүү сөздү жазуу. Биринчи тамгалары, мууну жазылганда эле ошого жакын сөздөр тизилип чыга баштайт. Алардын ичинен керектүүсүн басып, “мааниси” же “орусчасы” (“кыргызчасы”) деп улап жазсаңыз, “Эл сөздүктөгү” сөздүктөрдүн биринде эле бар болсо, дароо шилтемеси пайда болот. Бир сөз канча сөздүктөн табылса, баары катары менен көрүнөт.
Калың томдорду барактап отурбай, издеген сөзүңүздүн түшүндүрмөсүн, котормосун же туура жазылышын алаканга баткан телефондон эле өтө тез таап аласыз.
Диалектологиялык сөздүктү да бул тиркемеге кошуп, техникалык жабдылышын күчөтсө (мис., сөздөрдүн айтылышын үн түрүндө да коштосо), бир нече маселени чечүүгө өбөлгө түзүлөт:
Аймактар аралык мамилени жакшыртуу (бузукулардын бөлүп-жаруучу, кастыкты козутуучу аракеттерин чектеп, тыйып, мындай жосундарды уюштуруучуларга каршы таасирдүү чара көрүү).
Диалектизмдерден эң уккулуктуу, элестүү, мааниге канык мисалдарды тандап алып, улуттук тилдин лексикасын алардын эсебинен жаңы синонимдер менен толуктоо.
Омонимдерди азайтуу, буга чейин түзүлгөн сөздүктөрдү өркүндөтүү. Бул тууралуу Жээмбай Мукамбаев өзү да жазган: “Бул сөздүк башка типтеги сөздүктөрдү, алсак, түшүндүрмөлүү сөздүктү; котормолуу сөздүктү, фразеологиялык сөздүктү, этимологиялык сөздүктү, омоним жана синонимдер сөздүгүн түзгөндө, текстологиялык иштерди жүргүзгөндө да белгилүү даражада пайдасы тиймекчи”.
Грамматикалык (мисалы, этиштик башкаруу, сын атоочтор/аныктоочтор, уйкаштык, ар кайсы сөз түркүмдөр боюнча ж.б.), уңгулаш, тематикалык ж.б. сөздүктөрдү, чоң жазуучу, акындардын сөздүктөрүн иштеп чыгып, дайыма толуктап туруу.
Кыргыз тил, адабият сабагынын мазмунун окуучулар/студенттер/бардык каалоочулар үчүн кызыктуу, таасирдүү, пайдалуу кылуу. Бул предметтен окуткан мугалимдерге өзгөчө кам көрүү.
“Өнөр алды – кызыл тил” деп жеке адамдын да, бүтүндөй элдин, улуттун да жан дүйнөсүндө Сөз өнөрү өзөктүү мааниге ээ экенин байыркы кыргыз эң жакшы билген. Бүгүнкү күндө да ушул чындыкты канчалык толук, терең аңдап биле алсак, рухий дареметибизди ачып, өнүктүрүүгө ошончолук жакшы бекем өбөлгө түзүлөт. Андыктан кыргыз тил жана адабият биздин мектептеги эң башкы сабактар болууга тийиш. Буларды мыкты окутуу боюнча идеялар менен алдыңкы мугалимдердин тажрыйбасын бириктирип, жалпы республикага жайылтуу зарыл. (Бул темага келеркиде кененирээк токтолом.)
(Макала атайын “Кут Билим” гезити үчүн, социалдык буюртма алкагында жазылды.)
Жолдош Турдубаев