ӨНДҮРҮШТҮШТҮК ПРАКТИКА САНАРИПТИК ДООРГО КАДАМ ТАШТАДЫ

  • 20.11.2026

№ 98 кесиптик лицейинин окуучулары иштеп чыккан платформа кесиптик билим берүү менен эмгек рыногунун ортосундагы байланышты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

ӨНДҮРҮШТҮШТҮК ПРАКТИКА САНАРИПТИК ДООРГО КАДАМ ТАШТАДЫ

№ 98 Кесиптик байланыш жана маалыматтык технологиялар лицейинин директору Чинара Мелисбековна билдиргендей, лицейдин окуучулары өндүрүштүк практиканы уюштурууну, башкарууну жана көзөмөлдөөнү санариптештирүүгө багытталган PRAKTIKA.KG бирдиктүү электрондук платформасын иштеп чыгышты.

ӨНДҮРҮШТҮШТҮК ПРАКТИКА САНАРИПТИК ДООРГО КАДАМ ТАШТАДЫ

Бүгүнкү күндө билим берүү системасынын алдында турган негизги милдеттердин бири – заманбап эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, теориялык билими менен катар практикалык көндүмдөрү калыптанган адистерди даярдоо. Айрыкча кесиптик-техникалык билим берүүдө өндүрүштүк практиканын орду өзгөчө. Анткени окуучу тандаган кесибинин сырын аудиторияда гана эмес, түздөн-түз өндүрүштө, ишканаларда өздөштүрөт. Бирок ушул маанилүү процессти уюштуруу жана башкаруу бүгүнкү күнгө чейин көп учурда кагаз документтерине, кол менен жүргүзүлгөн эсеп-кысапка жана үзгүлтүксүз көзөмөлгө таянып келген.

Мына ушул маселеге технологиялык чечим сунуштаган демилге Бишкек шаарындагы № 98 Кесиптик байланыш жана маалыматтык технологиялар лицейинде көтөрүлдү. Долбоор окуучулардын демилгеси менен башталып, өндүрүштүк окутуу устаттары Вопольский Виктор Владимирович, Алиев Зауалмакан, Сомятов Александр Викторович, улук устат жана өнөктөштөрдүн колдоосу, кеңештери жана көзөмөлү астында ишке ашырылууда.

Бул долбоорду окуучулардын IT жаатындагы кезектеги иштелмеси катары гана кароого болбойт. Анын өзгөчөлүгү – кесиптик билим берүү системасындагы практикалык көйгөйлөргө комплекстүү санариптик чечим сунуштагандыгында.

Кагаз документтеринен бирдиктүү санариптик системага

Өндүрүштүк практиканы уюштуруу окуучуларды ишканаларга бөлүштүрүү, келишимдерди түзүү, практика мөөнөттөрүн аныктоо, катышуусун текшерүү, күндөлүктөрүн жүргүзүү жана жыйынтыктоочу отчетторду даярдоо сыяктуу бир топ иштерди камтыйт. Бул процесстер окуу жайдын администрациясынан, өндүрүштүк окутуу устаттарынан жана иш берүүчүлөрдөн көп убакытты талап кылат.

PRAKTIKA.KG платформасы ушул иштерди бирдиктүү электрондук мейкиндикте жүргүзүүгө багытталган. Ал билим берүү уюмдарын, окуучуларды, өндүрүштүк окутуу устаттарын, иш берүүчүлөрдү жана мамлекеттик органдарды бир системага бириктирет.

Платформанын жардамы менен иш берүүчүлөр кайсы кесиптик лицейде, кайсы адистик боюнча жана кайсы мезгилде окуучулар өндүрүштүк практикага чыгарын көрө алышат. Мисалы, ишканага ашпозчу же ширетүүчү адистиги боюнча практиканттар керек болсо, тиешелүү окуу жай менен түз байланышып, келишим түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Бул механизм окуу жайлар менен ишканалардын кызматташтыгын жеңилдетип, кадрларга болгон реалдуу муктаждык менен кесиптик билим берүүнүн ортосундагы байланышты бекемдейт.

QR-код жана GPS: практиканын ачык-айкындуулугу

Платформанын маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – QR-код жана GPS геолокация аркылуу окуучулардын практикага катышуусун белгилөө. Бул окуучунун практика өтүүчү жайга келгенин электрондук түрдө каттоого жана катышуу боюнча маалыматтардын тактыгын жогорулатууга жардам берет.

ӨНДҮРҮШТҮШТҮК ПРАКТИКА САНАРИПТИК ДООРГО КАДАМ ТАШТАДЫ

Мындан тышкары, окуучулар электрондук күндөлүк жүргүзүп, аткарган жумуштарын, өздөштүргөн көндүмдөрүн жана иштеген сааттарын белгилеп турушат. Өндүрүштүк окутуу устаттары жана улук устаттар катышууну, күндөлүктөрдү, аткарылган иштерди көзөмөлдөп, тематикалык пландарды түзүп, жыйынтыктоочу бааларды коюшат. Иш берүүчүлөр болсо практиканттардын иш тартибин жана кесиптик жөндөмдөрүн баалап, мүнөздөмө бере алышат.

Натыйжада өндүрүштүк окутуу устаттарынын кагаз иштерине жана отчет даярдоого кеткен убактысы кыскарып, окуучулардын практикалык даярдыгынын сапатына көбүрөөк көңүл бурууга шарт түзүлөт.

Республикалык деңгээлдеги мониторинг жана талдоо

PRAKTIKA.KG платформасынын мааниси окуу жайлардын ички ишмердүүлүгү менен гана чектелбейт. Ал толук кандуу ишке кирсе, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине өлкө боюнча кесиптик лицейлерде жана колледждерде өндүрүштүк практиканын уюштурулушун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Министрлик кайсы облуста, райондо жана кайсы адистиктер боюнча окуучулар даярдалып жатканын, алардын канчасы мамлекеттик жана жеке менчик ишканаларда практикадан өтүп жатканын, кайсы ишканалар менен кызматташтык түзүлгөнүн талдай алат.

Мындай маалыматтардын негизинде аймактар боюнча салыштырма анализ жүргүзүп, эмгек рыногундагы кесиптерге болгон суроо-талапты жана иш берүүчүлөр менен кызматташуунун деңгээлин баалоого шарт түзүлөт.

Ошондой эле окуу жайлардын администрациясы топтор, ишканалар, аймактар, окуучулардын катышуусу жана жетишүүсү боюнча статистикалык маалыматтарды ала алат. Отчеттор, ведомосттор, электрондук күндөлүктөр жана мүнөздөмөлөр автоматтык түрдө түзүлүп, Word, Excel жана PDF форматтарында жүктөп алууга болот.

Демек, платформа өндүрүштүк практиканы башкаруу менен катар кесиптик билим берүүнү эмгек рыногунун реалдуу муктаждыгына ылайыкташтыруучу маалыматтык инструмент болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Окуучулардын демилгеси – билим берүүдөгү жаңы мүмкүнчүлүк

Долбоордун өзгөчө көңүл бурууга арзый турган жагы – анын окуучулардын демилгеси менен жаралгандыгы. IT багытында билим алып жаткан жаштар теориялык билимин реалдуу көйгөйдү чечүүгө жумшап, кесиптик билим берүү системасына пайдалуу санариптик продукт сунуштап жатышат.

Бул тажрыйба окуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүдө практикага багытталган окутуунун маанисин дагы бир жолу көрсөтөт. Ошондой эле устаттардын ролу да өзгөчө: алар окуучулардын демилгесин колдоп, идеяны иш жүзүндөгү долбоорго айлантууга багыт берип жатышат.

PRAKTIKA.KG платформасынын бет ачарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Элвира Сурабалдиева жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлү Бакыт Кенешбекович катышты.

ӨНДҮРҮШТҮШТҮК ПРАКТИКА САНАРИПТИК ДООРГО КАДАМ ТАШТАДЫ

Жолугушууда долбоордун авторлору платформанын иштөө механизмин, мүмкүнчүлүктөрүн жана кесиптик билим берүү системасы үчүн маанисин тааныштырышты. Коноктор анын жаңычылдыгына, окуу жайлар менен иш берүүчүлөрдүн байланышын чыңдоодогу жана өндүрүштүк практиканы республикалык деңгээлде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө кызыгуу билдиришти.

Иш-чаранын алкагында депутат Элвира Сурабалдиева менен окуучулардын ачык баарлашуусу да болду. Жаштар билим алуу, кесип тандоо, коомдук турмуш жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу суроолорун берип, маанилүү жоопторду алышты. Мындай жолугушуулар окуучулардын демилгесин колдоого жана өз күчүнө болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.

Пилоттук сыноо – республикалык масштабга карай кадам

Азыркы учурда PRAKTIKA.KG платформасын бир нече кесиптик лицейде жана окуу жайда пилоттук негизде сынактан өткөрүү пландалууда. Апробация учурунда системанын иштөө механизми, техникалык туруктуулугу жана натыйжалуулугу текшерилип, колдонуучулардын сунуштары эске алынат.

Платформаны республика боюнча жайылтууда маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу, аймактардагы интернет мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу жана окуу жайлардын кызматкерлерин системаны колдонууга үйрөтүү маанилүү.

Сыноонун жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, платформаны өлкөдөгү башка кесиптик лицейлерде жана колледждерде колдонууга киргизүү сунушталат.

Санариптештирүү – сапаттуу билим берүүнүн куралы

Билим берүүнү санариптештирүүнүн чыныгы натыйжасы электрондук документтердин көбөйүшү менен эмес, билим берүү процессиндеги конкреттүү көйгөйлөрдүн чечилиши менен өлчөнүүгө тийиш.

Ушул өңүттөн алганда, PRAKTIKA.KG платформасы кесиптик билим берүү тармагындагы маанилүү демилгелердин бири. Ал өндүрүштүк практиканы ачык-айкын уюштурууга, ашыкча кагаз иштерин кыскартууга, иш берүүчүлөр менен окуу жайлардын кызматташтыгын бекемдөөгө жана мамлекеттик деңгээлде мониторинг жүргүзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

№ 98 Кесиптик байланыш жана маалыматтык технологиялар лицейинин окуучулары сунуштаган бул долбоор бүгүнкү жаштар технологиянын жөн гана колдонуучусу болбостон, коомдогу реалдуу көйгөйлөрдү чечкен санариптик чечимдердин автору боло аларын көрсөтүп турат.

PRAKTIKA.KG – жаштардын билими, устаттардын тажрыйбасы жана заманбап технологиялар айкалышканда кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган практикалык демилге.

Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү