НАСАДАН ЫСЫК-КӨЛГӨ: «АКЫЛМАНДЫН» ЛАБОРАТОРИЯСЫ ЖАШ ИЛИМПОЗДОРДУН БОРБОРУНА АЙЛАНДЫ

  • 08.07.2026
  • 0

Ысык-Көлдүн жээгинде толкундардын үнү менен жарыша жаңы илимий ачылыштардын, тайманбас идеялардын деми сезилип турат. Быйылкы жай Чолпон-Ата шаарында жөн гана эс алуу маалы эмес, аймактагы ири илимий бурулуштун башаты катары тарыхта калчудай. Жакында эле мында, президенттик «Акылман» мамлекеттик лицейинин базасында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн Эл аралык илимий-билим берүү лагери (SCO Young Scientists Camp 2026) расмий ачылды.

НАСАДАН ЫСЫК-КӨЛГӨ: «АКЫЛМАНДЫН» ЛАБОРАТОРИЯСЫ ЖАШ ИЛИМПОЗДОРДУН БОРБОРУНА АЙЛАНДЫ

Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган бул ири долбоор Кытай, Россия, Индия, Иран, Казакстан, Пакистан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь жана Кыргызстандан чогулган 100дөн ашык эң таланттуу, зээнди өспүрүмдөрдүн (16–19 жаш) жана дүйнөлүк деңгээлдеги академиктердин башын бириктирди.

Бул жөн гана кезектеги расмий жыйын эмес. Бул — келечекте аймактын илимий элитасын түзө турган жаш акылдардын алгачкы чоң кадамы.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов жана Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Жээнбаев катышты. Лагердин алдында коноктор жаш изилдөөчүлөргө арналган символикалык панноо өз каалоо-тилектерин жазып калтырышты. Бул кол тамгалар эл аралык илимий байланыштарды чыңдоого болгон өзгөчө ишенимдин белгиси сыяктуу угулду.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев өз сөзүндө бүгүнкү күндүн катаал талабын таасын белгиледи:

«Бүгүнкү күндө мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жаратылыш байлыктары менен эмес, биринчи кезекте адам капиталынын сапаты, билим деңгээли, инновациялык мүмкүнчүлүгү жана илимий потенциалы менен аныкталат».

Ал эми Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов бул долбоордун өлкө үчүн мааниси зор экенине токтолду:

«Илимдин чек арасы болбойт. Мындай ири долбоордун өлкөбүздө өтүп жатышы — биз үчүн маанилүү тарыхый окуя. Максатыбыз — жаш окумуштууларды бир аянтчага топтоп, алардын илимий кызматташтыгын кеңейтүүгө жана жаңы демилгелерди колдоого реалдуу мүмкүнчүлүк түзүү».

«Акылман» лицейинин заманбап лабораториялык базасы конокторду суктандырбай койгон жок. Дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген бул аянтчада лагердин катышуучулары эки жума бою жалаң гана англис тилинде сүйлөп, биргелешкен изилдөөлөрүн жүргүзүшөт. Программа абдан каныккан: жаш таланттар аралаш топторго бөлүнүп, илимий сессияларга, практикалык воркшопторго жана тимбилдингдерге катышууда.

Инновациялык изилдөөлөр негизги беш актуалдуу багытты камтыйт:

  • Биомедицина (Biomedicine)
  • Экологиялык химия (Environmental Chemistry)
  • Кайра жаралуучу энергетика (Renewable Energy)
  • Суу робототехникасы (Aquatic Robotics)
  • Астроинформатика (Astroinformatics)

Бул биргелешкен иштердин жыйынтыгында курулай убакыт өткөрүү эмес, чыныгы илимий продукт жаралат: ШКУ өлкөлөрүнүн жаш илимпоздорунун авторлугунда 14 илимий макала даярдалып, жарык көрмөкчү.

Бул лагердин өзгөчөлүгү — теория менен практиканын айкалышында. Мында дүйнөнүн алдыңкы илимий борборлорунда ийгилик жараткан мекендештерибиз жаштарга насаатчылык кылууда.

НАСАДАН ЫСЫК-КӨЛГӨ: «АКЫЛМАНДЫН» ЛАБОРАТОРИЯСЫ ЖАШ ИЛИМПОЗДОРДУН БОРБОРУНА АЙЛАНДЫ

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева долбоордун маңызын мындайча ачыктады:

«Бул иш-чаранын башкы мааниси — окуучулардын ортосундагы илимий пикир алмашуу чөйрөсүн түзүү. Алар илим менен технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүндө далилдеп көрүшөт. Кыргызстандан чыккан биздин жигердүү окумуштууларыбыз, тагыраагы, Беркли жана Хьюстон сыяктуу чет элдик ири илимий борборлордо иштеген, чоң даражалуу атактуу илимпоздорубуз келип, жаштарга жол көрсөтүп жатышат. Табигый ресурстар түгөнүп жаткан шартта, илимий потенциалды туура пайдалануу өтө маанилүү».

Ошондой насаатчылардын бири — АКШдагы Сам Хьюстон мамлекеттик университетинин долбоорлоо инженериясынын профессору Улан Дакеев. Ал «Джон Дир», «Катерпиллар» жана НАСА (NASA) долбоорлорунда иштеген зор тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн атайын келген.

НАСАДАН ЫСЫК-КӨЛГӨ: «АКЫЛМАНДЫН» ЛАБОРАТОРИЯСЫ ЖАШ ИЛИМПОЗДОРДУН БОРБОРУНА АЙЛАНДЫ

«Кечээтен бери лабораторияны куруп жатабыз. Студенттер менен алгачкы таанышууну, коопсуздук эрежелерин өттүк. Эртеңден баштап шамал турбинасынын калакчаларын долбоорлоого киришебиз. Алар аэродинамиканы жакшыртуучу атайын урчуктары бар калакчаларды моделдеп, алардын кичирейтилген макетин жасашат. Акырында, иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмүн атайын куралдар менен өлчөп, эсептеп чыгышат», — дейт профессор Дакеев толкундануу менен.

Лагердин негизги кыймылдаткыч күчү — көздөрүнөн от жанган өспүрүмдөр. Алардын бири — Бишкек шаарындагы №24 мектептин 10-классынын окуучусу Айканыш Муратбекова. Ал суу астындагы робототехника багытын тандап алган.

«Бул багытка Крымдагы „Артек“ лагерине барып, суу астындагы кайыктардын музейин көргөндөн кийин ашык болгом. Өзүм негизи STEM багыттарына, өзгөчө математика, физика жана химияга кызыгам. Бул долбоор тууралуу Инстаграмдан көрүп, дароо документ тапшырдым. Эссемди абдан жакшы жазгандыктан, өтөрүмө ишенгем. Бул жерде өз тажрыйбам менен бөлүшүп, ар кайсы өлкөдөн келген балдар менен достошуу мен үчүн чоң бакыт», — дейт Айканыш.

Аналитиктердин баамында, бул иш-чара жөн гана жайкы лагерь эмес. Бул — аймактык геосаясий жана илимий-технологиялык интеграциянын маанилүү куралы.

НАСАДАН ЫСЫК-КӨЛГӨ: «АКЫЛМАНДЫН» ЛАБОРАТОРИЯСЫ ЖАШ ИЛИМПОЗДОРДУН БОРБОРУНА АЙЛАНДЫ

Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде ташталган бул кадамдар жакын арада өз жемишин берери шексиз. Бүгүн суу астындагы роботту жасап, шамалдан энергия алууну эсептеп жаткан өспүрүм — эртең дүйнөнү өзгөртө турган улуу окумуштуу. Ал эми «Акылман» лицейинин лабораториялары ошол улуу жолдун алгачкы жана эң маанилүү башаты болуп калмакчы.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер