НАСААТЧЫ КАРЫЯ

  • 27.01.2022
  • 0

Союз учурунда жумушчу жана дыйкандарды даярдоочу кесиптик окуу жайларына айрыкча көңүл бөлүнүп, алардын материалдык окуу базалары чыңдалып, теориялык билим практика менен айкалыштырылчу. Келечек жумушчу жана дыйкандардын квалификациялуулугун жогорулатуу менен улам жаңыланган инновацияга шайкеш келген билимдүү жаштарды даярдоо милдети биринчи орунга коюлчу. Ар бир айыл чарба, мекеме, ишкана жетекчилери окуу жайлары менен тыгыз байланышып, жаштарды окутууга алдыңкы адистер жиберилчү. Ошондой мыкты устат-окутуучу ардагерлерди ар бир окуу жайынан кездештирүүгө болот. Алардын бири – кесипкөй иш билги адис, өндүрүшчү, педагог, тарбиячы, насаатчы жана коомдук иштерди эли, айылы үчүн 84 жаш курагында да аткарып келаткан – Шамбет Маматов.

Шамбет Маматов 1937-жылы Совет районундагы Биринчи Май айылында туулган. Билими жогорку, зоотехник.

Социалисттик мелдештердин жеңүүчүсү, он биринчи беш жылдыктын ударниги, Кыргыз ССР эл агартуусунун, СССРдин кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн отличниги, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалим, СССРдин кесиптик-техникалык билим берүү мамлекеттик комитетинин, Кыргыз ССР билим берүү министринин Ардак грамоталарынын ээси. 1985-жылы Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин VI съездинин делегаты агайыбыздын сүрөтү Кара-Кулжа райондук мамлекеттик акимчилигинин демилгеси менен «Өмүрү өрнөк адамдар» деген Ардак тактасында илинип турат.

НАСААТЧЫ КАРЫЯ

Ал 1960-1973-жылдары Кара-Кулжа районунун Тельман атындагы колхозунда башкы зоотехник болуп иштеп жүрүп, партиянын жолдомосу менен 1973-1996-жылдары дээрлик 23 жыл мал чарба адистерин даярдап, №29 кесиптик окуу жайында эмгектенген. Персоналдык ардагер, эмгек ветераны учурда ардактуу эс алууда болсо да насаатчы катары окуу жай менен тыгыз байланышып турат. Биз агайга атайын жолугуп, азын-оолак кепке тарттык. Ал согуштан кийинки катаал турмушта өткөн бала чагы, кесиби жана өмүр жолундагы урунттуу окуялар жөнүндө бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди.

– Адегенде эле зоотехник кесипти кантип тандап калганыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

– Биз чабандын балдары элек. Колхоздо чабан болуп иштеп жүргөн атам Маматты согуш башталганда согуш комиссариаты алып кетет. Колхоздун койлорун багаарга адам жок, койлор талаада калды, чабанды бошотуп бериңиздер — деп төрага суранып жатып, алып калат. Ата-энең мал бакса, биз да аларга кол кабыш кылып, малга жакын чоңойдук. Бул мен мектепти аяктагандан кийин зооветеринардык техникумду тандаганыма түрткү берди окшойт. Зооветеринардын дипломун колума алганда ошол кездеги талапка ылайык, партиянын көрсөтмөсү менен Совет районунун Ленин атындагы колхозго башкы зоотехник кызматына кириштим. 1960-жылы Тельман атындагы колхозго башкы зоотехник кызматына которушту. Ал ортодо кесибимди өркүндөтүү максатында Ставрополь крайындагы Эмгек кызыл туу ордендүү кой жана эчки чарбасы боюнча илимий изилдөө институтуна бир жылдык курска окууга барып келдим. Партиянын талабына жараша көргөн камкордугу да катуу эле да. Бардык адистерди кесибине жараша окууларга жиберип, окутуп тураар эле. Ошол алган билимимдин жардамы менен мен койлордун породалык составын бонитровка жолу менен ылгап тандоо, селекциялык иштерди жүргүзүү, койлорду жасалма жол менен уруктандыруунун негизинде чарбада кылчык, жарым кылчык жана жарым уяң жүндүү койлорду жоюп, уяң жүндүү койлорго айландыруу, «Ала-Тоо» тукумундагы уйларды тандап алып, сүт өндүрүү жана ошондой эле жылкы чарбасында «Новокыргызский» жылкылардын тукумдарын жакшыртууга салым коштум деп айта алам. Ал кезде мен иштеген чарбада иш билги жетекчилер көп эле, мен ошондой мыкты жетекчилер менен иштеп, алардан алган иш тажрыйбамдын аркасында, мал чарбасына жетекчилик кылуу жана эл менен иштөө жөндөмдүүлүгүмдү жогорулата алдым.

– Жаштарды кесипке үйрөтүү, окутуу ардактуу иш болгону менен жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү жумуш эмеспи. Ошондой жооптуу ишке сиздей тажрыйбалуу, иш билги адисти бекеринен тартышпаса керек?

– 1973-жылы Совет районунун борборунда №29 кесиптик-техникалык окуу жайы ачылып, ага жогорку билимдүү зоотехникалык билими бар кадрды издеп калышат. Ошол милдетти аркалоого мени ылайык көрүшүп, окуу жайынын директору Сталкин Насыровдун райондук партия комитетинин 1-секретары Кадыракун Базарбаевге жеке кайрылуусунун негизинде, мени окуу жайга мугалимдик кесипке жөнөтүшкөн. Окуу жайда мугалим болуп иштөө мен үчүн бир аз педагогикалык жактан оор болду. Бирок изденип окуу, изденип иштөө менен кыйынчылыктарды жеңе алдым. Атайын кесиптик курстарга барып окуу менен педагогикалык билимимди жогорлатууга жетиштим. Кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик комитетинин төрагасы
Жаманкул Тойгонбаев: «Механизаторлук кадрларды даярдоо боюнча айырыкча көңүл бөлүп, сапаттуу билим берүүдө өзүңөр үлгүлүү болуп, берген билимиңер окуучуларга жугумдуу болгондой иштегиле» — деп көп айтаар эле. Жетекчилик менен кеңешип, бүтүрүүчүлөрдөн эң жакшы окугандарды тандап алып Ташкент, Караганды, Барнаул, Шадринск шаарларынан окутуп, мугалим-устаттардын катарын толуктап, кесипке үйрөтүүнү жолго коё алдык. Директордун теориялык окутуу иштери боюнча орун басары болуп пенсияга чыкканга чейин иштедим. Окуткан сабактарым боюнча мал чарбасынын негиздери, аларды тоюттандыруу, мал чарба фермаларындагы жумуштарды механизациялаштыруу боюнча, экономика жана саясий экономика жагынан усулдук колдонмолорду иштеп чыгып, облустук жана республикалык конкурстарга катышып, баалуу сыйлыктарды да алып турдум. Азыр да кол үзбөй окуу жайдын коллективи жана окуучулары менен тыгыз байланышып турамын.

– Сиз азыр айылда жашайсыз, элет элинин турмушу, коомдук иштерден алыс эмес болсоңуз керек?

– Ооба, айылда жашаган соң, ал жердин турмушуна аралашпай кое албайт экенсиң. 1997-жылы айыл адамдары менен мечит куруу боюнча кеңешип, акимчилик, облустук, дин башкармалыгы менен байланышып, жер бөлдүрүп алдык. Айылда техника жок, жалдап келип, жаштардын күчү менен эски сарайдын кышын жана шиферин сурап, ар бир түтүндөн бирден терек жана 50 сомдон акча чогултуп, мечитти бүтүрдүк. СССР жоюлганда биздин Биринчи Май айылын суу менен тейлеген Көк-Жар каналынан суу келбей токтоп калган. 2010-жылдары район, облустук суу чарба башкармалыгына чейин барып, чече албай убара болдум. Баары эле каражат жок, каналды өзүңөр оңдотуп алгыла деп жооп берип жатышты. Ошол кездеги өкмөт башчылары элдин сууга болгон муктаждыгын туура түшүнүү менен кабыл алышып, 2011-жылдын 30-августундагы буйругу менен каналды өкмөттүн бюджетине алып, элдин сууга болгон муктаждыгы толугу менен чечилди.

Айылыбыздагы 1930-жылы курулган Т.Сатылганов атындагы орто мектеп пайдаланууга жараксыз болуп жаткандыгына байланыштуу, райондун элге билим берүү бөлүмүнө, акимчиликке, Билим берүү жана илим министрлигине, ак үй-көк үй ортосунда үч жыл каттадым. Акырында премьер-министр тиешелүү адамдарга мектептин жаңы курулушу боюнча өзгөчө кырдаалдар, билим берүү, финансы министрликтерине, архитектура курулуш агенттигине көрсөтмөсүн берип, 150 окуучулук орунга ылайыктуу жалпы баасы 60 миллион сомдук мектептин курулушун баштоого убада беришкен, күтүп жатабыз.

– Жакшы экен, өзүңүз жеке демилгелеп баштаган мектеп курулушу ийгиликтүү аякташына тилектешпиз. Шамбет Маматович, маегибиздин соңунда дөөлөттүү карылыктын төрүндө Баатыр эне Кандалат апабыз менен бирге тарбиялап өстүргөн жети уул, төрт кыздын жана небере-чөбөрөлөрүңүздүн сый-урматына бөлөнүп, эл ичинде эсен-соо жүрүшүңүздү каалайбыз! Балдарыңызга врач, мугалим, юрист, котормочу, технолог, экономист, агроном сыяктуу кесиптерди окутупсуз, элге ак кызмат өтөп, сиздердин үмүт-тилегиңиздерди актаган эр-азаматтардан болушсун. Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Маектешкен Эгемберди УСУПОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер